Белгилүү журналист, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотов агабыз кезектеги макаласын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.
Аталбаган ат — сүйүнбөгөн кут
Интернет, айрыкча социалдык тармактар келгени адамдардын алака-катышы, салттуу эрежелер абдан катуу сыноого туш болууда. Колуна телефон тийген кокуйдун баары оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып атканы бир тең болсо, калп менен чынды айырмалай албай калган коомчулуктун дендароо абалы көнүмүш эле болуп калды. Интернет каражаттары көркөм өнөрдү элге жеткирүүнүн ыкмаларына да таасир этип, айрыкча бул ырчылардын, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн жашоосун өзгөрттү. Бир эсе алар өзүн таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк алса, башка бир жагынан каалаган учурда угуп ала турган ырлар бетме-бет отуруп уккан ырларга муктаждыкты азайтып, өнөр ээси менен аудиториянын ортосундагы аралыкты алыстатууда.
Бирок ушул процесстерден улам баарынан көп жабыр тартып жаткан бүтүндөй бир тармак бар. Ал – автордук укук тармагы.
Кыргызда “атын атаса куту сүйүнөт” деген кеп бар. Мунун мааниси кайсы бир жакшы ишти ким кылган болсо сөзсүз анын аты аталышы зарыл экенин туюнтат. Чыгарманын эле эмес, эл үчүн бүтүрүлгөн иштин да каарманы ким экенин кыргыздар төкпөй-чачпай кийинки муунга айта келген. Ушул принцип көп кылымдар бою жазуусу жок калган элдин шартында канчалык мүмкүн болсо, ошончолук мыкты сакталганы үчүн чыгармалары унутта калган илгерки Токчоронун Токтогулунан тартып жакынкы Карамолдо, Ыбырай, Жеңижок, Барпы сыяктуу кыл чокуларга чейин аты-жөнү элдин эсинде сакталып, даңазаланып, татыктуу баасын алып келди.
Совет мезгилин көп жагдайлары үчүн сындаса болор, бирок автордук укук жана чектеш укуктар ал кезде азыркыдан алда канча жакшы сакталганын моюнга алууга туура келет. Андагы медианын салтына үңүлсөк ошол кездеги аткаруучулар адегенде сөзү менен обонунун авторун атап, андан кийин өзүн жарыялап туруп ырдаганын көрөбүз. Радионун, теленин алтын фондуна кирген чыгармалардын дээрлик баарында ушул эреже сакталган. Мисал катары керемет обондорду жараткан Жеңишбек Шамшиевдин жазылып калган ырларын уксак, “сөзү — Илгиз Гилязетдиновдуку. Обону — Жеңишбек Шамшиевдики. Аткаруучу — автор” деп жарыялап жаткан болот. Бул – чыныгы маданият, нукура нарктуулук. Эгерде аткаруучу жарыялабаса бул милдетти аны жарыкка чыгарган медиа каражаттары аткарган.
Азыр эми YouTube келгени абдан көп ырчылар, күүчүлөр аткарган ырларын, черткен күүлөрүн Интернетке жүктөп, клип тарттырып, бирок же текстин жазган акындын, же обонун жазган композитордун атын жазбай эле өзү чыгарып алгансып элден мактоо угуп жатканын көрөбүз. Өзүнөн башка эч кимдин аты-жөнү жок. Бирок ал обон, ага жазылган сөз аныкы эмес да! Демек, бул УУРУЛУК.
Азыркынын тили менен айтканда, плагиат.
Албетте, аткаруучунун чеберчилигин эч ким талашпайт. Бирок обондуу ыр, клип, ырдап тартылган видео, аудио – ушунун баары ТУУНДУ чыгармалар. Башкача айтканда алар текстке жана обонго негизделип гана пайда болот. Ырдын тексти, обону – НЕГИЗГИ, ТҮПКҮЛҮКТҮҮ чыгарма. Анткени алар болмоюнча аткарыла турган предметтин өзү болбойт. Обончу ошондой керемет обон чыгарбаса, акын ойго салган сөзүн жазбаса аткаруучулар эмнени аткарат эле? Демек, түп нускадагы чыгарманын жолу улуу, аткаруучунун, клип тартуучунун жолу кичүү.
Автордук укук жана чектеш укуктар системасында булардын баарынын автору ачык аталышы талап кылынат. Мисалы, обондуу ыр боюнча клип тартыла турган болсо биринчи иретте текстинин, обонунун авторлору, анан барып аткаруучу, эгер шөкөттөп иштеп чыккан киши болсо шөкөттөөчү ж. б. баары аталууга тийиш. Цивилизациялуу мамлекеттерде булардын бири эле аталбай калса миллиондогон доого жыгылган учурлар бар. Бизде, тилекке каршы, андай прецеденттер жетишсиз.
Эсеби маселен, эгер кайсы бир клип тартылса ушунун баары анын түбүнө эмес, РЕКВИЗИТТИН ӨЗҮНДӨ жазылышы керек. Анткени башка жакка көчүрүп барса астындагы жазуу кошо көчпөйт.
Музыкалык туунду чыгармалардагы (клиптердеги, видео жазмалардагы) плагиат эмнеси менен зыяндуу?
Биринчиден, бул түп нускадагы чыгармалардын (обон, текст) авторлорунун бара-бара атын өчүрүүгө багытталган аракеттердин башы болот. Алардын укуктарын түздөн-түз бузат, эмгенин талаага кетирет, зоболосун башка бирөөлөргө, ошол эле аткаруучулардын таман астына басып берет. Көзү тирүү авторлор өз атын койдуруп алышар. Ошондо да клип тарткандардын уяты ойгонсо. Болбосо калыс сөзүңдү айтсаң талап кетчү иттери толтура.
Тээ студент кезде “Жамгыр калсын эсимде” деген керемет ырдын текстин да, обонун да өзү жазган акын Бактыгүл Көкөтаеванын ушул чыгармасына тартылган клиптердин реквизиттеринде өзүнүн аты жок. Биринде гана астында жазылган. Реквизиттин өзүндө жазылбаса чыгарма ага таандык экенин ким билет? Азыр аны билген, талаш чыкса далилдеп бере турган биз барбыз. Биз бул дүйнөдөн кеткендечи?
“Эл чыгарма кимдики экенин ансыз деле билет” дечүлөр чыгат. Бул же атайын уурулукту актоо, же түркөйлүк. Көп жыл мурун бир орус кыз менин ырымды баштан аяк окуп чыкты. Уккан элдин баары, 99% автору ошол кыз экен деп түшүнүп алды. Авторун бир ооз айтып койбоптур. Өзүнө кайрылсам дайын жок. Бул маңдайыңарда тирүү чекчейип отурган мага кылган мамилеси. Эчак арабыздан кеткендерчи?
Эми ойлоп көргүлө. Убакыт бир ордунда турбайт да. Совет мезгилинде сүт кайдан чыгарын талашып, бири “дүкөндөн” десе экинчиси “макоо, ал деген заводдон чыгат” деп отурган окуучулар тууралуу анекдот чыккан. Анын сыңарындай арадан 200-300 жыл өткөн соң “Мөлмөлүмдү” бири Мирбек Атабековдуку, башкасы Мирбек Иманбековдуку экен деп отурса эмне кылабыз? Ырчылардын аты баткан жерге эмне үчүн бир ооз БАРПЫ деген сөз батпайт? Эмне үчүн анын керемет обонун чыгарган Токтосун Тыныбековду бир ооз жазып койбойсуңар? Кичине бир Кудайды карасаңар болбойбу…
Экинчиден, бул жалпы көрүүчүлөргө жалган маалымат берип, алардын башын адаштырат, маданият жаатындагы билимин төмөндөтөт. Обону үчүн да, тексти үчүн да аткаруучуну мактаган, обончу менен аткаруучунун, акын менен аткаруучунун айырмасын түшүнбөгөн түркөй коомдун түптөлүшүнө ого бетер салым кошот. Ансыз деле Гоголь менен Гегелди ажырата албагандар көп болуп турганда бул коомчулуктун жалпы сабаты үчүн өтө зыян. Маданиятка, нарк-насилге, автордук укукка каршы жасалган диверсия.
Үчүнчүдөн, ушунун баары өсүп келаткан жаштарга тескери үлгү көрсөтөт. Ансыз деле мамлекеттен жеген акчасына мечит сала коюп мактоо уккан чоңдор толуп кетти. Ак менен каранын айырмасы билинбей баратат. Мындай ыргак менен жүрүп отурсак плагиат ого бетер күчөп, эч ким эч нерсе жазгысы келбей калат.
Мен бул маселени чечүүнүн бир жолун көрүп турам. Билесиңер, Орусия жакынкы жылдары чет өлкөдөн каржыланган тараптардын чыгарган контентинин биринчи бетине “Чет элдик агент чыгарган” деген жазууну жабыштырчу болгон. Бизде болсо саясий эмес, укук маселеси тууралуу кеп болуп атат. Кыргызпатент атайын комиссия түзүп, анын чыгарган чечимине ылайык автордук укуктар бузулган видеолордун баарынын так бетине ПЛАГИАТ деген жазуу баскыдай мүмкүнчүлүк бериш керек. Же плагиат катары андай видеолорду каналдардан алып таштоо мүмкүнчүлүгүн караштырсын. Же такыр эле техникалык мүмкүнчүлүгү жок болсо ошондой плагиат клиптердин (обонунун жана текстинин автору жазылбаган) тизмесин үч ай сайын чыгарып, аны Интернетке жарыялап турсун. Ансыз деле “Интеллектуалдык менчик” аттуу расмий бюллетень жылына бир нече жолу чыгат. Чындап келсе бул анын түздөн-түз милдети.
Мындай ишке сөзсүз эле авторлордун арызы негиз болбошу керек. Анткени жогоруда айтылгандай, көзү өтүп кеткен авторлордун аты аталбай калган учурлар деле жетиштүү, анын үстүнө жаман-жакшы көрүнгүсү келбеген авторлор толтура. Бул иш авторлордун арызы болсо да, болбосо да жасалышы керек. Мамлекет ошонусу менен мамлекет.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
Адамгерчилик жагынан да, мыйзам жагынан да туура эмес…
Жыргалбек агабыздын жазганы ачуу чындык. Акындар чыгарган ырлардын аталышын өзгөртүп алганга адамгерчилик жагынан да, мыйзам жагынан да туура эмес. Мындайда элге таанымал ырчыларыбызда жоопкерчилик көбүрөөк болот, алар өздөрүнүн эмгегин кандай баалашса, ыр жараткан да, обон жараткан да адамдарга ошондой сый-урмат кылышы керек. Бүгүн ырдын аталышын өзгөртүшсө, сөзүн ким жазганын тактабай, чаташтырып сөзү, обонун бир кишиники кылып жатышса, жогорудагы макалада Жыргалбек агам жазгандай, эртең ырдын сөзүн да, обонун да Мирбек Атабековго таандык кылып ырдап чыккандай болбойт дегенге кепилдик жок. Мына, бир эле мисалды келтирели, Мирбек Атабеков азыркыга чейин залкар акыныбыз Байдылда Сарногоевдин “Жаштарга” аттуу ырын «Жаштык кез» деп өзгөртүп алып, авторун атабай ырдап жүрөт. Мирбек Атабеков, Асанкалый Керимбаев деп Ютубга коюп алган. Ошондо сөзүн жазган өзү болуп калабы?..
«Жаштарга» обон салган Асанкалый Керимбаев
Байдылда Сарногоевдин “Жаштарга” ырына обондуу “обондорун өзүнөн ашыра эч ким мукам ырдап бере албаган” Кыргыз эл артисти, тубаса лирик-обончу, кайталангыс мукам үндүү аткаруучу Асанкалый Керимбаев чыгарып, элге алгач аккордеону менен өзү ырдап алып чыккан.
Мында, бул ырды Ютубуна Сейтек Абдылдаев жайгаштырган экен. Бирок «Жаштарга» Асанкалый Керимбаев деп турат. Мурунку-кийинки аткаруучулар да бул ырды сөзүн да Асанкалый Керимбаевге таандык кылып аткарып келишет. Азыр эринбей Ютубду ачсаңыздар, бул ыр кимдин репертуарында бар болсо, аталышы “Жаштык кез”, сөзү, обону Асанкалый Керимбаевдики деп жазылып турган видеолорду көрөсүздөр.
Ырчыларга үлгү болуп кеткен — Малик Аликеев
Былтыр (2022-жылы) Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт «Алакан»(alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын уюштурганбыз. Ошондо мыкты ырчы Малик Аликеев агабыз эстафетага катышып, ырдын авторлорун атап, ырдап берген. Ошондо Жыргалбек агабыз «обончунун, автордун атын атагандын өзү да чоң маданият» деп Малик агабызга ыраазы болуп, комментарий калтырган. Малик агабызга биз дагы ыраазыбыз, анткени ал дайыма ар бир ырын ырдаарда авторун атап, ал ырдын тарыхын айтып, анан ырдачу. Устаты Эстебес Турсуналиевди да оозунан түшүрчү эмес. Ушундай мыкты сапаттары менен азыркы ырчыларга үлгү болуп кетти деп ойлойбуз.