Эсен болуп, эстей жүр!
Бүгүн, 10-апрель мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиев (1933-2004) жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак экен. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын башында маркумдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Жарлыктын максаты — Кыргызстандын экономикалык, социалдык, маданий калыптануусуна зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана 2023-жылы 90 жылдыгын белгилөө.
Абсамат Масалиевичтин өмүрлүк жары Хайрыхан (Козубаева) эже да өзүндөй жөнөкөй, таза, бийик адам болгон. Жолдошунун ишине кийлигишкен эмес. Саясатка такыр аралашкан жок. 4 баласына (эки уул, эки кыз) тарбия берип, тынч үйүндө отурган үлгүлүү айым болгон. Уулу Исхак Масалиев белгилүү адам, ал азыр да Жогорку Кеңеште депутат. Исхак агабыз 2004-жылы атасынан ажыраса, 2017-жылдын 17-апрелинде (78 жашында дүйнө салган) апасынан ажыраган.
2006-жылдын 10-апрелинде Хайрыхан эжеге куран окутуп барып, маек курдум эле… Андагы маекти кайталап берип турубуз.
АРХИВден…
Хайрыхан КОЗУБАЕВА: «Адамдагы жакшы сапаттын баары менин абышкамда бар болчу»
— Эже, 10-апрель жолдошуңуздун туулган күнү эмес беле. Чоңдордон кимдер келип, куран окутуп кетишти?
— Кызматтагы адамдын ишин жакшы түшүнгөндүктөн, эч кимди чакырган жокмун. Анын үстүнө шаарда чакырмайынча бирөөнүн үйүнө кирбеген менталитетибиз калыптанып калган да. Айтылбагандан кийин, эч кимге таарынычыбыз деле жок. Бир гана Адахан Мадумаров эстеп телефон чалды, ага абдан ыраазымын. Абышкамдын жоро-жолдоштору, туугандары келип, бата кылып кетишти.
— «Тартуулаган белегим бирде жакса, бирде жакпай калат» деп кайсы бир маегибизде учкай айтып өттү эле. Туулган күндөрдө бири-бириңиздерге кандай белектерди тартуулоочу элеңиздер?
— Абышкам өмүр бою жооптуу кызматта жүргөндүктөн ылайыгы келип калган жерде кийим-кече алып бере берчү. Жаш кездеги абышкамдын белектерине кылчайсам, Ленинградга барганда мага 52-размердеги пальто ала келиптир. Сонун болгону менен абдан эле чоң келип калды. Бир кезде түктүү териден тигилген туфли мода болуп кеткен. Абышкам Москвага барганда ала келиптир. Такасы өтө эле бийик болгондуктан, ал да кийилбей калды. Ошондон кийин: «Сенин размериңди билбейт экем, экинчи эч нерсе албайм» деп майрамдарда, туулган күнүмдө акчалай берип жүрдү. Көлдө жашап жүргөнүбүздө, Бишкектен Караколго чейин корзина гүл көтөрүп барды. Бирөө жарым белек кылган го деп сурасам, «Ой, байбиче, сенин туулган күнүң да…» дейт. Ушундай алтын киши эле да. Жумушта ачуусу келсе келгендир, анысын сыртка таштап, үйгө жаркылдап кирчү. Үйдө жакшы жар, жакшы ата болчу…
— Кандай жагдайда, каерден таанышып калдыңыздар эле?
— Жек-жаат болуп кеткендиктенби, айтор, ата-энелерибиз кудалап коюшкан экен. Студент кезинде мени бир барып көрдү. Арыкчырай, кара-торусунан келген, чап жаак, жылдыздуу, оң жактагы ээгинде калы бар жигит экен. Менин да дал ошондой калым бар. Биздин учурда бардык нерсе кат менен эле чечилчү. «Башың бошпу? Сүйлөшкөн жигитиң барбы же жокпу?» деген суроо менен мага кат келди. Жок деген жооп алгандан кийин, жуучу жибериптир. Кудайдын буйругу экен, 1957-жылы баш коштук.
— Ошондо канча жашыңызда келин болуп атасыз?
— 19 жашымда Кызыл-Кыяга келин болуп бардым. Абышкам менден 6 жаш улуу болчу. Атын атаганым менен көзү өтөр өткөнчө «сиз» деп кайрылдым. Төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу. Кайненем жакшы киши эле. Мени кызындай кабыл алган, сырдашчубуз. Мындай мамилебизди байкаган абышкам абдан ыраазы болуп калаар эле. Энем 85 жашка келип калганда, катуу ооруп, эки жылдай төшөккө жатып калды. Акыркы сапарга чейин жанында болуп, батасын алдым. Апамдын ак батасы тийип, ак жолтой келиндүү болдум. Балдардын улуусу Исхак уулубуз ары ыймандуу, ары адамгерчиликтүү, ары маданияттуу келинге туш кылды. «Айланайын, учур келгенде сен да кайнене болосуң, өзүңдөй келинге туш бол» деп аны дайыма алкап олтурам.
— «Табитиме жараша жамак жсап берет» деп абышкаңыздын сизди мактаган сөзү бар эле. Күндө түрлүү тамак жасап берчү белеңиз?
— Кайненемдин айтуусу боюнча, абышкам кичинесинде эле жарытылуу тамак иччү эмес экен. Жадагалса бет алдында шак ийилип, самсалап бышып турган жүзүмдүн бирөөсүн да үзүп жечү эмес экен. Бала кезинен ашказаны ошого көнүп калганданбы, айтор кийин деле ашыкча тамак жечү эмес. Палоо деп заказ кылганы менен жарым тарелка, жумуртка дегени менен эки тоголоктон ашык жечү эмес. Бир жолу атасы түштүнөп жатканда Исхак үйгө келип, атасынын тарелкасындагы тамакты көрүп: «Апа, эмне мынча тамакты үнөмдөп, атама аз тамак жасап бересиз?» деп таарынды. «Болгон жегени ошол» десем, ишенбейт. «Көп эле тамак жеңизчи, атама аз тамак бересиз» деп мени балаңыз жемелеп кетти» десем, тимеле жыргап калды. Ошондон кийин балдары келген сайын: «Апаңар тамак аяп, бербей жатат» деп тамашалап калчу. Негизи режим кармачу. Ак сөөк адам болчу. Кайда болсо да эртең мененкисин көнүгүү (тренажерный велосипеди бар болчу. Ал балкондо турат) жасоону унутчу эмес. Сөзсүз түрдө жарым саат убактысын спортко бөлчү.
— Сүйгөн учкул сөзү жана туу туткан принциби кайсы эле?
— Бардык эле учкул сөздөрдү жактырчу. «Акыйкаттык өмүрдөн да кымбат! Жоголсун куйтулук! Жашасын адамгерчилик!» деген урааны бар эле… Турмушта: «Ак эмгек менен жашоо, интернационалист жана өз элиңдин патриоту бол. Трайбализмге каршы күрөшүү. Менин улутум да, уруум да кыргыз» деген сөздү туу тутчу. Кетээр күнү да эки саат мурун: «Байбиче, эч качан бирөөнүн көңүлүн оорутпаш керек. Кечиримдүү болуу абзел» деп айткан, жарыктык… Адамдагы жакшы сапаттын баары менин абышкамда бар болчу. Кайсы кызматта иштебесин мен деп көкүрөк каккан жок, байлык чогулткан жок, тескери баскан жок. Таза жашап, таза кеткендиги үчүн эл алдында менин да жүзүм жарык. Мен бу кишиден эч кынтык таба албагандыктан, орусча айтканда, «идеальный муж» болду деп сыйктануу менен айта алам.
— Жандүйнөсүн сизден башка эч ким билбейт эмеспи…
— Ак эмгеги менен тарыхта таза бойдон жазылып калган абышкам бат эле унутула турган киши эмес. Абышкамдан ажырап, аза күтүп отурганыма эки жыл болуп калыптыр. Азыркы учурда куран окуткан жерге эле барбасам, той-топурга барууга али эрте деп эстептейм. Анын үстүнө ата-бабадан калган каада-салттын мыйзамдарына да туура келбейт деп ойлойм.
— Каада-салтка мамилеси кандай эле?
— Атеисттик көз карашта болгону менен айрым салтка баш ийчү. А чындыгына келгенде чоң кайнатам чоң молдо болгон экен. Биздин (мен беш бир туугандын улуусумун) атабыз да чоң молдо болгондуктан, бала кезден эле куран окуганды үйрөнгөм. Мектеп жашына чейин намазга да жыгылган жайым бар.
— Бала кезде келечектеги кесибиңиз жөнүндө кылданчу белеңиз?
— Бактылуу балалыгым Кара-Суу районунда өттү. Биздин көчөдө орус, өзбек, татар, балкар жана башка улуттун өкүлдөрү жашачу. Бир үй кыргыз гана бар элек. Биздин айылда кыргыз мектеп жок болгондуктан өзбекче окуганбыз. Азыр деле кыргыз мектеп жок. «Келечекте доктур болом» деген таттуу кыялда жүргөндө татар, балкар кыздары тигүүчү жайда тикмечи болуп штешчү. Анан аларды ээрчип барып жүрүп бара-бара тигүүчүлүккө кызыгуум артты..
-Тигүү цехинде иштеп жүргөнүңүздө Кыргызстан КП БКнын биринчи секретарынын жары экениңизди билгендердин сизге карата мамилеси кандай эле?
— Алардын катарында бой көтөрбөй, жөнөкөй жүргөндүктөн көбү билишчү эмес. Кокусунан билип калышкандар ар кандай өтүнүч менен кайрылганда: «Башынан эле биз бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз» деп чечишип алгандыктан калыстыктан тайбайбыз. Ошондуктан колуман эч нерсе келбейт. Эгер көйнөк, костюмга заказ берсеңер тигип берейин…» деп койчумун. Бирок менин жообумду кимиси кандай кабыл алганын чынында учурунда биле алганым жок. Ушул жерден Көлдө болгон бир окуя эсиме түштү. Анда абышкам партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-секретары эле. Ошондо мен алдыңкы тигүүчүлөрдүн тизмесине кошулуп калыпмын. Биздин салтанатка Абсамат Масалиевичти да чакырып калышты. «Экөөбүз тең барганыбыз уят эмеспи» деп абышкамдын уялганын айтпа. «Ал жерге сиз кызматыңызга байланыштуу жумуш менен баратасыз, мен өзүмдүн жумушум менен баратам. Анын эмнесинен уяласыз?» деп атып, араңдан зорго барууга көндүргөм.
— Уул-кыздарыңыздар атасынын кызматын кандай кабылдашты эле?
— Биз балдарды маңдайыбызга олтургузуп алып, аларга өзгөчө тарбия берели деп аракет кылган эмеспиз. Баланын өзүнүн дээринен, жаратылышынан болсо керек. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, баары тең жеринен эстүү, зээндүү, намыстуу болуп өсүштү. Мисалы, атабыз Кыргызстандын 1-секретары болуп турганда, мамлекеттен үй-бүлөнү тейлөөгө атайын машина бөлүнүп берилген. Ошол машинаны гараждан бир да балабыз бир да жолу баланча жумушума барып келейин деп чакырган жок. Мен өзүм да бейчеки пайдаланган жокмун. Дачадан шаарга, шаардан дачага катташ үчүн гана бир-эки жылча пайдаландык. Бир күнү атабыз: «Байбиче, кел, үй-бүлөнү тейлеген мамлекетик машинадан баш тарталы. Буга кандай дейсиң?» деп маселени кабыргасынан койду. Мен абышкамдын айтканына каршы чыкчу эмесмин, колдодум. Кызмат абалынан пайдаланып калайын деген кыпындай да арам ою жок болчу. Чоңдор жанталашып машина алып жатканда менин абышкам ийненин сыныгын да алганга дити барбады. Биринчи жана акыркы жолу «Волга» машинасын алды, аны да Москвадагы Жогорку Советтен алган. Анын мындай мамлекеттик ишке карата акактай адамдык бийик ынсабын, ыйманын бардык эл биле берчү эмес…
Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда льготниктердин арасына Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевди да кошуп, бир жылда бир жолу акысыз дарылана турган Өкмөттөн путевка бере турган чечим чыгарылган. Бирок буйрук болбосо айла жок экен, аны акысыз пайдаланганга үлгүрбөй калды…
— Жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп эл-жерге сиңген эмгеги үчүн Абсамат Масалиевич өкмөттөн өз энчине эмне бөлдүрүп алды эле?
— Ичип-жегенди жаман көргөн ал киши өкмөттөн бир да сотых жер алган жок. Ал эми дачанын жерин Исхак Аламедин районундагы ички иштер кызматында иштеп турганда алган. «Апа, ВДНХнын артынан участок берет экен, эмне кылайын? Ал жактан жалаң байлар алып жатыптыр» деп менден кеңеш сураганда: «Балам, байлардын арасына кирбей эле кой, мындай эле жерден жер ал!» десем, Исхак сүйүнүп: «Атама айталыбы?» деди. «Айтпай эле кой, ал киши каршы болот» деген. Ошондо өмүрүбүздө биринчи жолу атабызга билгизбей, жашыруун иш жасаганбыз. Кызмат шартыбызга байланыштуу биз Москвага, Исхак Ошко кетип, көп жыл бою ал жер бош жатты. Кийин Бишкекке көчүп келгенибизде абышкам баш болуп, туугандарга чейин маңдайыбыздан тер төгүп, иштеп, кагыраган таштак жерди үлпүлдөгөн огородго айлантып, дача салганбыз. Андан бери 16 жыл өтүптүр. Өз колу менен салган дачасын абышкам ушунчалык жакшы көрөр эле. Кызматтан кичине эле колу бошой калса: «Байбиче, дачага баралычы» деп эңсеп турчу. Барганда эле жашылча-жемишти сугарып чыкчу. Өмүрүнүн акыркы учурун да ошо жерде өткөрбөдүбү… Алгачкы өзү олтургузган мөмө-жемиштерин даамын татып калды..
— Абсамат Масалиевич кызматтан түшүп калганда кандай абалда болду эле? Сиздерчи?..
— Атабыз 47 жыл бардык кызматтын жогорку тепкичинде жүрдү. Ошондуктан, кызмат бүгүн бар, эртең жок экенин биз терең, туура түшүнчүбүз. Барга көөп, жокко чөккөн жокпуз. Эл катары эле базарга барып, тамак-аш, кийим-кече алчубуз, автобуста жүрчүбүз. Ал эми 1991-жылы демократия жаңы келип баштаганда кызмат колдон чыгып кетти. Ага биз чөгүп, кайгырган жокпуз. Уул-кыздарыбыз жадырап-жайнап эле жогорку билимдүү болуп, өз кесиптери менен иштеп, турмушта да өз ордуларын таап кетишти. Окуу жайды да өздөрү тандап, ийгиликтүү аяктап, кесиби менен иштешти. Улуу кызыбыз Айсалкын мектеп уясынан учаарга аз калганда: «Кызым, кыздарга тамак-аш технологиясы ылайыктуу. Ошого барбайсыңбы?» деп тамашалап койсом, «Апабыз этти жакшы көргөндүктөн мени ошол жакка бар деп жатат. Ал жакка кирип, апама эт уурдап келмек белем» деп бизди күлдүргөн эле. Мединстутка тапшырып доктуп болуп чыкты. Айсалкындан кийин – Исхак, анан Муса, кенже кызыбыз Айчүрөк. «Метрополдун» кожоюуну Айчүрөк, гендиректор Муса. Күйөө балабыз Эркин көзү тирүү кезинде пакистандыктар менен чогуу ошол имаратты сатып алып, кайра куруп чыгышкан. Жарымы Эркиндики, жарымы пакистандыктардыкы. Кокустан кырсык болуп кетип, Эркиндин артында чиедей үч кызы калды. Кыздары менен Айчүрөк үйдө. Карындашына жардам кылып, агасы Муса ошол жерде иштеп жатат… үчөөнүкү тең үчтөн кыз. Бир гана Исхакта бир эркек бала, эки кыз. Айсулуу, Нурсулуу аттуу эгиз неберелерим бар. Экөө тең турмушка чыгышты.
— Абсамат Масалиевич саясатчылардан Исхак Раззаковду жактырчу турбайбы… Улуу инсандын ысымы уулуңуздун аты коюлганын укканыбыз бар…
— Исхак Раззаков Кыргызстанды сагынганда Москвадан он жылда бир келип турчу экен. 1960-жылы Ошко барыптыр. Ошо кезде жаңы төрөлгөн ымыркайдын баарынын аты улуу инсандын атынан коюла баштаган. Ошол жылы биздин уул да төрөлүп, биз да Исхак деп ысымын ыйгарганбыз.
1970-жылы абышкам Таш-Көмүр шаардык комитетинин биринчи сектетары болуп иштеп турганда, Исхак Раззаков 60 жашка толгон. Барам деп Москвадан телефон чалганда, абышкам Токтогулдан келип тосуп, Таш-Көмүргө алып барган. Ал мезгилде кафе, ресторан деген жок болгондуктан, биздин үйдөн тостук. Дасторкондо олтурсак, он жаштагы улуубуздан «Атың ким?» деп сурап калды, Исхак десе деле кайра кайталап сурады. «1960-жыл төрөлгөн, аты Исхак» деди абышкам. Өтө кыраакы киши болчу, өзүнүн атынан коюлганын сезди окшойт, Исхактын маңдайынан сылап койду. Ошол жолугушуу акыркы болсо керек, кийин көрүшкөн жокпуз…
КПСС жоюлуп кеткенде абышкам бир жылдай үйдө олтуруп калды. Ошондо Исхак Раззаков менен чогуу иштеген таржымалын сурамжылап, издеп жүрүп, залкар инсан жөнүндө китеп жазып чыгарды. Абышкам көзү өтөрдөн эки—үч ай мурун да: «Исхак Раззаковду түш көрдүм. Ал бир нерселерди айтты, бирок мен аны эстей албай калдым» деп түшүн мага айтып калды. «Залкар киши унутулуп баратканда, аны эскерип китеп жазып, элдин эсине салып койдуңуз, ошого арбагы ыраазы болуп жатса керек» дедим. Алла Талаамдан буйрук болсо айла жок экен, тобо кылдым, «Ала-Арча» көрүстөнүндө Исхак Раззаковдун жанынан жай алат деп ким ойлоптур?..
Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
«Бишкек таймс», 2006-жыл
P.S. Жакында ата-баланын архивдеги маегин окуй аласыздар!