20 жылдан кийин Бишкекке келген артисттерге Акылбек Жапаров барып, гүл тапшырды…

20 жылдан кийин Бишкекке келген артисттерге Акылбек Жапаров барып, гүл тапшырды…

Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда калдык…

Даңазасы аалам жарчу Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры чыгармачылык сапар менен Бишкекке зарыккан 20 жылдан (!) кийин конок болуп кетти.

Тарыхый эки драма, дүйнөлүк классикадан эки чыгарма, бир социалдык жана элге жакында эле тартууланган жаңы драма деп руханий “базарлыкты” мол артына келишкен экен, 24-25-26-апрель деп белгиленген үч күндүк гастролдо Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында элге күнүнө эки спектаклден тартуулашты.

Мугалим, акын Рахат Аманова эжебиз жазгандай, «Ош драма театрынын таланттуу артисттери сахнадагы чебер оюндарын көрсөтүп, мактоого татыды». Кыскасы, алардын талантын көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда калдык…

50 жылдык тарыхы бар легендарлуу театр…

Маалымат үчүн айтсак, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы түптөлгөн 50 жылдык тарыхы бар легендарлуу театр. Театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы 1997-жылы берилген. Бир кезде күрдөөлдүү сонун учурларды баштан кечирип, соңку жылдарда каржылык каатчылыктан иши солгундай түшкөн театр азыр акырындап калыбына келүүдө дешет. Театрдын аман-эсен Ошко жетип, сапар баянын: “Кыйынчылыктарга карабай, 60тай театр ишмерибизди алып, ар бир спектаклге ылайык сахна кийимдерин, сахна жасалгаларын жүктөнө бардык. Гастроль күндөрү ар бир спектаклге көрүүчүлөр агылып келишти, узакка созулган кол чабуулар, овация менен кабыл алып жатышты. Артисттерибиздин кучагы гүлгө толду” деп жазгандарын окуп, “театр жаңы доордун оош-кыйыштарына, маданий кризиске туруштук берип, өжөрлүк жана талыкпаган изденүү менен жылдан-жылга беделин бекемдөөдө” деген тастыктоолоруна ишендик…

Эми алардын чыгармачылык сапарына биздин чабыттообуз мындай…

Чыгармачыл сапардын 1-күнү…

Линара Бакыбаева
Линара Бакыбаева

Театр сапарынын бет ачары болгон “Бакыт учурган үш” спектакли жаш драматург Линара Бакыбаеванын тырмак алды чыгармасы экен. Бул драмада кайгылуу оор тема — 7-апрель окуясы, куралдуу кагылыш, башаламандыктар, көп үй-бүлө бактысын кемиткен кайгы-муң, ый, өксүк көркөм ракурста талдоого алынган. Айтмакчы, Линаранын бул драмасы 2020-жылы республикалык драматургдар сынагында биринчи орунду жеңип алган.

Бул күнкү кечки спектакль, театр сахналаштырган классикалык 2 чыгарманын бири «Эзоп» — бразилиялык драматург, прозачы Гильерме ди Оливейра Фигейредо 71 жыл илгери жазган “Түлкү жана жүзүм” пьесасынын негизинде жаралган эмгек.

Топураган каармандары деле жок бул спектакль эзилген кул болуп, эркиндик алган байыркы грек ойчулу, акын, тамсилчи Эзоптун жашоосу, аны курчаган адамдардын жүздөрү жөнүндө. Бул спектакль дээрлик бардык дүйнө театрларынын репертуарында кызыгуу жаратып, тынымсыз коюлуп келет. Айырма – кайсы театр көркөм кандай чечмелеп, кандай алып чыгалат деген чеберчиликте. Бул багыттагы даярдыгын Ош улуттук драма театры эң мыкты көрсөттү! Айтмакчы, театр ушул спектакли менен «Эргүү» улуттук театр сыйлыгын ушул жылы 4 номинация (!) боюнча жеңип алганы бар

«Таланттуу деп тегин жерден айтып жаткан жокмун»

Белгилүү драматург, театр жана кино режиссер Жаныш Кулмамбетов чыгармалары сахналаштырылган эки жаш драматург тууралуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды:
— Ушул күндөрү борбор калаада Ош улуттук С. Ибраимов атындагы кыргыз драма театрынын юбилейик чыгармачылык отчету өтүп жатат. Театр Бишкектик көрүүчүлөрдүн назарына 6 спектакль тартуулады. Алтоонун ичинен экөөнүн авторлору — алгачкы драмалык чыгармаларын жаратышкан жаңы муундагы таланттуу драматург кыздарыбыз Линара Бакыбаева менен Айжамал Масылбекова. Таланттуу деп тегин жерден айтып жаткан жокмун. Линара Бакыбаеванын «Бакыт учурган үш» драмасы 2020-жылдын башында өткөн драматургдардын республикалык конкурсунда биринчи орунду жеңип алган. Таалайкүл (Айжамал) Масылбекованын «Кулан» драмасы быйылкы Улуттук «Эргүү» театр сыйлыгын уткан. Кыргыз драматургиясынын тарыхында биринчи эле драмалары менен мындай ийгиликке жетишкен драматургдар сейрек көрүнүш. Демек, эки авторубуз кыргыз драматургиясынын келечегинен бизди өтө үмүттөндүрүшөт.
Таланттуу драматург кыздарыбыздын чыгармачылык тушоосун кескен Ош улуттук С. Ибраимов атындагы кыргыз драма театрына терең ыраазычылык. Бул жаңы муундагы драматургдарга камкордук көрүүнүн реалдуу фактысы.
Линара, Таалайкүл, а силердин чыгармачылык сапарыңар байсалдуу болсун!

Линара БАКЫБАЕВА: «…Бир адамдын жүрөгүнөн түнөк табуу бул…»

Линара айым «Фейсбуктагы» баракчасына мындай билдирүү калтырды:
Эки сап ыр жазылабы же романбы, анын максаты — бир адамдын жүрөгүнөн түнөк табуу. Дагы бир тарабы бул чыгармада элимдин тагдыры, турмушу — жашынбай катылган, илепсиз белгиленген…! Ошол себептен жүрөккө жакын кабыл алынды.
Жаныш  Кулмамбетов – драматург, театр таануучу жана театр сынчысы, котормочу, журналист, театр жана кино режиссеру, публицист устатыма, койгон режиссер маданияттын мыктысы Назгүл Мырзаканова, КРдин эмгек сиңирген актёр режиссёр Талант Апыев, сүрөтчүсү КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Тилекматов, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору Керимбек Калыкулов, Ош драма театрынын таланттуу актёр, актрисаларына терең ыраазычылык билдиремин!
Таланттуу эжекелерим Зинакан Пасаңова, Ырыс Оморкулова, Айгүл Тоголокова, Атыргул Касымбаева жалпы мени колдоп келген көрүүчүлөргө рахмат, ыраазычылык билдиремин!

Чыгармачыл сапардын 2-күнү…

Кийинки күндүн “репертуарында” Алайдан чыккан драматург, жазуучу, сценарист Суранчы Жетимишовдун калемине таандык “Амансыңбы, апаке!” социалдык драмасы жана жаш драматург Айжамал Масылбекованын “Кулан” тарыхый драмасы болду.

“Амансыңбы, апаке!” — эгемендиктеги чечилгис көйгөй миграция, мигранттар, улуттук нарк-насил, оош-кыйыш замандагы баалуулуктар, адам болуунун кыйындыгы, адашуунун азабы, Эне жана анын улуулугу улуу-кичүү актерлордун аткаруусунда мыкты чагылдырылган.

Кечки спектакль катары тартууланган “Кулан” тарыхый драмасы жаш драматург Айжамал Масылбекованын да тун чыгармасы экен. Ал драмада айтылуу Ормон хандын акылдуу кызы Куландын сарыбагыш-бугу урууларынын ынтымагы үчүн бугу уруусунун мыктысы Боромбай бийдин уулуна турмушка чыгып, келин болгон жериндеги бактылуу да, бактысыз да турмушу баяндалат. Ушул баяндын тегерегинде көрүүчүлөр көчмөн элдин араздашууну жайгарган каада-салтын, нарк-насилин, жазылбаган турмуш мыйзамдарын, сөз кадырын, сөз баасын, кыскасы, тарыхый көчмөн мезгилге саякат жасай алышты.

Айтмакчы, бул күнү бир катар министрлер, ЖК депутаттары менен Өкмөт башчы Акылбек Жапаров да келип, театр артисттери Күкүн Шатмановага жана Айбек Исабаевге өкмөттүн Ыраазычылык баракчасын тапшырса, эл өкүлдөрү спектакль режиссеру Назгүл Мырзакановага жана театр артисттери Надира Сарыкова, Айпери Кулбаева, Арстан Эргешовго Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын ала келишкен. Бул жерден белгилей кетчү маалымат: Айжамал Масылбекова ушул чыгармасы менен ушул жылдагы “Эргʏʏ” улуттук театр сыйлыгынын «Эң мыкты улуттук пьеса» номинациясы боюнча жеңүүчүсү аталган.

Чыгармачыл сапардын 3-күнү…

Соңку күнү сахнага айтылуу Чеховдун үй-бүлө куруунун күңгөй-тескейи 3 эле каармандын — болочок күйөө бала, болочок колукту, болочок кайынатанын сепке берилчү жер кимдики, кимдин тайганы күлүк деген “талаш-тартыш маеги” таасирдүү, күлкүлүү ачылган көөнөрбөс “Сунуш” спектакли жана XVIII кылымда чыккан журт мыктысы, кушчу уруусунан чыгып, уруунун эмес улуттун намысын коргогон Кубат бийдин элеси, баскан жолу баяндалган “Кубат бий” тарыхый драмасы коюлду. “Кубат бий” тарыхый инсандарга, тарыхый учурларга көп кайрылган драматург, жазуучу, сценарист Суранчы Жетимишовдун салмактуу чыгармаларынын бири…

Бул кечки спектакль алдында театрдын чыгармачыл жамааты, жыйынтыктоочу күн деп концерттик программаны тартуулашты…

Анан соңку спектаклди коюп сапарын карыткан театрдын бир катар артисттерине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгисин тагып, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун “маданий иш-чара борбор шаарыбыздын 145 жылдык мааракесине тушташ келди” деп атайын ыроологон Ыраазычылык каты, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиевдин Ардак грамотасы да өз ээлерин тапты…

Белгилей кетсек, “Сунуш” спектаклиндеги кызын күйөөгө узатмакчы болгон көпөс Чубуковдун ролу үчүн актер Бакыт Мойдунов «Эргүү» улуттук театралдык сыйлыгында «Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу» номинациясы боюнча мыкты аталган.

Ошентип…

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жетекчиси Керимбек Калыкулов:3 күндүк гастролго түрдүү жанрдагы 6 чоң спектаклди алып баруу жана ага катышуучу 60тай адам менен узак жол сапар тартып келүү, албетте, оңой болгон жок. Бирок биздин эмгегибиз акталды деп ойлойм. Бизди ар тараптан колдоого алгандарга терең ыраазычылык билдиребиз!” – деп ыраазычылык сөзүн айтыптыр…

А биз ашуу ашып, канча бир жүктү артып, 60тай чыгармачыл адам ынтымактуу бир чыгармачыл жамаат болуп борбор калаабызга керемет руханий азык таштап кеткендерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз…

Бар болуңуздар, акча табууну эмес, руханий агартуучулукту артынган улуу өнөр ээлери! Биз сиздерди дагы да күтөбүз!

Тарыхтан азыноолак сөз…

Бул кыска баян кыйырда кыргыз башында болгон Кубат бий тууралуу… Тарыхый булактарга, элдик санжыра-баяндарга таянсак, Кубат бий болжол менен 1710-1770-жылдары жашаган. Кубат бийдин атасы Калча жуңгар жапырыгында сүрүлгөн кушчу-мундуз кыргыздарынын Анжиянга жайгашкандарынын башчысы, таасири күч адамдарынан болгон. Уулу Кубат жаш кезинен тың чыгып, эл намысын коргогон намыскөйлүгү, акылы, калыстыгы менен кадыр-баркка эрте ээ болот. 18 жашында сол урууларынын курултайында атасынын ордуна бий шайланып, анжияндык кыргыздардын жалпы башчысы болуп калат.

Бий болору менен өз алдынча аскер курап, жоокердик өнөрдү өркүндөтөт. Анткени ал убакта бир жагынан калмактар кысым көрсөтсө, экинчи жагынан Кокон ордосу кооптонто баштайт. Сөзү орундуу, өзү өрттөй жанган чечкиндүү Кубат бий Кокон ордосу менен да, Букар эмири менен да, Кашкар бийлиги менен да тил табышып, Фергана кыргыздарынын жайыт, чек ара сындуу көйгөйлүү маселелерин калыс чечип берип турат. 1740-жылдары кыргыз уруулары мекендеген Кашкар, Үч-Турпанды башкарган жунгар хандыгы Ташкен бийлигин басып алыш үчүн аскер жөнөтөт. Ал аскерлер Ташкенди курчоого алып, Кокондун чет-жакасындагы элдерге кордук көрсөтүп, тоноп жашоо бербей башташат. Ошондо эр жүрөк Кубат бий аскер курап, калмактар менен салгылашып жеңишке жетишет да, мыкты кол башчы катары таанылат. Бул согуштан кийин Кокон ордосунун бийи Эрдана Кубат бий менен келишим түзүп, өз коопсуздугун бекемдейт. Бирок Гиссардын беги Мухаммед Эмин-бий айла-амалга салып алардын ортосуна от жагат. Айлакер бектин көксөгөнү ишке ашып, шериктештер бири-биринен кол үзүп, эки тарапка кетишет. Эрдана менен мамилени үзгөн Кубат бий өз алдынча эл улугу, чыгааны катары ак тоолук кожолор тарабында Кашкардагы саясий окуяларга катышат. Ал тургай убактылуу Кашкарга аким да болот. Кубат бийдин кушчуларды дале болсо бийлеп тургандыгы тууралуу акыркы маалыматтар 1785-ж. таандык. Кубат бий XVIII к. экинчи жарымындагы кыргыз уруу жолбашчыларынын эң атактуусу, мыктысынын мыктысы, көптү билген көрөгөчү, акылманы, кадырманы катары коңшу элдерге абдан таанымал болот. Ал кушчу уруусунан тышкары Анжиян-Аксы тараптагы бөлөк урууларга да баш-көз болуп, жалпы кыргыз калкы, келечеги үчүн кам көрөт. Кубат бий Кокон, Бухара, Кашкар акимдеринин эч кимисине баш ийбей, алар менен тең ата өз элине өз бетинче сурак жүргүзчү, коңшу өлкөлөр менен каалагандай достошуп, каалагандай касташчу. Анын эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын, курчтугун адилет баалаган өкүмдарлар ага «Бахадур-бий» ысымын ыйгарышкан. Тарыхый булактарда айтылгандай, Кубат бий «кыргыздын падышасы» аталып, «өз алдынча башкаруучу катары жеке пайдасы үчүн тигил же бул башкаруучу менен каалагандай достошуп же ажырашып турган». Бирок, 2 жылдан кийин кытай тыңчыларынын тымызын аракети менен ички келишпестиктер пайда болуп, Кубат хан аргасыз Кашкардан кайра Фергана өрөөнүнө кетет. Анын кетиши менен Шинжаң аймагы Цин империясынын карамагына өтөт. Кокон ордосунда да ордо иштерин чечүүдө Кубат бийдин орду өтө жогору болгондуктан, бир кездерде Кубат бийдин жардамы менен өз бийлигин чыңдап алган ордо башчы Эрдана бий Кубат бийди атаандаш көрүп көзүн тазалоону чечет да, алдоо жолу менен акыры өлтүртөт. Кубат бийдин набыт болгонун уккан карындашы Аксуусар мындай деп кошкондугу эл оозунда айтылып калган делет:

«Кубат бий өлдү, кут өлдү,
Кушчу, мундуз журт өлдү.
Саруу, кытай дагы өлдү,
Атпай кыргыз журту өлдү.
Түндө чыкчу ай өлдү,
Күндүз чыкчу күн өлдү»

Кыргыз элинин эркиндиги үчүн, жерибиздин бүтүндүгү үчүн жанын аябаган Кубат бийдин өлүмү чынында эле жалпы кыргыз журту үчүн өтө оор жоготуу болгон. Ортодо кылымдар агып, Кубат бийдин тарыхый даңазасы унутта калып, кийин кызыгып иликтегендер чыгып, Кытайдагы кызылсуулук боордошторубуздан түздөн-түз урпактарын таап жазгандар бар экен. Айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын энесин Кубат бийдин урпагы; Кубат бийдин туусу, мөөрүн сактап жүргөн адамдар бар деген маалыматтар да кезигет… Балким дагы да толукталар…

Кийинкиде Ормон хандын кызы Кулан сулуу тууралуу айтар кебибиз бар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.