Китеп жазылууда…
«Адамды эки нерсе картайтпайт: бири жакшы — мүнөз, экинчиси — жакшы сөз» деп улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын айткандай, жакшы сөз сени картайтпайт экен.
Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулунан (1970-2020) ажырагандан бери жакшы адамдар өзүн да, сөзүн да, эмгегин да эскерип, экинчи өмүрүн узартып келе жатышат… 3 жыл 4 ай 17 күндөн бери моралдык колдоо көрсөтүп, жакшы сөзүн айтып келаткандарга, алтын убактысын бөлүп эскерүү жазып, эл.почтага (saalnaz@list.ru) жөнөтүп жаткандарга терең ыраазычылык билдирем! Сиздердей жакшы адамдар турганда жолдошум унутулбайт жана аты эч качан өчпөйт! Бар болуңуздар!
Жолдошумдун бала кезинен бери жазган кол жазмалары, макалалары, эсселери, аңгемелери, котормолору, эскерүүлөрү, прозалары, интервьюлары, бүтпөй калган чыгармалары китепке даярдалууда… Китептеги эскерүүлөрдү да четинен сайтка бере баштадык. Буга чейин 13-июндагы туулган күнүнө карата бир тобун бердик. Бүгүн болсо мугалим курсташы Жылдыз Турпанованын эскерүүсүн беребиз.
Назира СААЛИЕВА
«Гезитте көп киши эмгектени менен ар бир макалага Эрнистин колу тийгени байкалып калчу…»
Эрнисти эскерип жазганым менен андай асыл адамга татыктуу, таасирдүү сөздөрдү таба аламбы деп түйшөлүп атып, акыры жаздым. Эскерүү жазуу ушунча азап экенин билбептирмин. Дегеле биз сыйлаган, урматтаган курсташыбыз Эрнис АСЕК уулу (Эшимканов) тууралуу эскерүү жазып калам деп эч ойлогон эмесмин.
Алгачкы жолугушуу, абитуриент кез эсиме түштү. Кыргыз мамлекеттик университетке кыргыз адабиятынан экзамен тапшырып жүргөндө Эрнисти көргөм. Бири-бирибизди тааныбагандыктан аудиторияда сүйлөшпөй тынч отурабыз. Кийинки катарда отурган эки жигит бири-бирин тамашалап, каткырып күлүшөт. «Даярдыктары жакшы окшойт, күлкүлөрү чыгып калыптыр» деп ойлоп, аларды карап койдум. Анын бири Эрнис Эшимканов экенин кийин билдим.
Ошентип окууга өтүп, студент болдук. Агезде айыл чарба жумуштарына чыкчубуз. Ошол жерден Эрнис менен биздин бөлмөнүн кыздары таанышып калдык. «Баягы күлкүчү досуң эмне болду?» деп сурасак, ал окууга өтпөй калганын айтты.
Эрнис өзү тамашакөй болгону менен антип деле күлкүсү таш жарган адам эмес экен. Аз сүйлөп, көп окуган жигит экен. Дайыма колунан китеп, дептер, калем сап түшчү эмес. Жаза берчү, жаза берчү,.. абдан майда, тизип жазчу.
Биздин студент кез жашоо кыйналган, кайра куруу учурга (90-жылдарга) туш келген. Ага деле кайыл болчубуз, себеби, негизги максатыбыз — билим алуу эле.
Кыргыз филологиясынын 3-кабатындагы расписаниенин каршысындагы дубалда дубал гезиттер илинип турар эле. «Дубал гезит чыгаргыла!» деп эч ким деле кыйначу эмес. Ар бир курс жарышкансып гезит чыгарчу. Биздин курстан да Эрнис баш болгон чыгармачыл жаштар дубал гезит чыгарып, уктабай чыгышар эле. Дубал гезитте өз-өзүнчө рубрикалар бар болчу. Мен чыгармачылыктан алыс элем. Ошентсе да, гезит чыгарып жатканда барып калсаң, Эрнис ар бирибиздин пикирибизди билгенге кызыгып: «Эмне деп атап койсок?» деп сурачу. Биз ойлонгончо өзүнүн жообу даяр болчу. “Таппасаң сыйпалап кал, ушинтип эле атап коелу” деп күлүп, аталышын кооздоп жазып кирет. «Өзү эле табылып калды» деп сен таап бергендей сүйүнчү. Эрнистин ошол почерки кийин агасы негиздеген «Асаба» гезитинен билинип турчу. Гезитте көп киши эмгектенсе да, ар бир макалага Эрнистин колу тийгени байкалып калчу.
«Асабанын» кожоюну Мелис (Эшимканов) байкесинин кызы Жылдызды абдан жакшы көрчү. Анын айткандарын көп кеп кылар эле. «Биздин үйдүн Чындыгы» (минтип байкеси атаган десе керек эле) деп койчу. Жылдызды окууга, кээде жатаканага да жетелеп келчү. Карындашын абдан жакшы карачу, эринбей чачын тарап, бантигин байлап берчү. Кичинекей кыздын айткандары дүйнөнү таануунун чындыгы экенин айтар эле.
Агасы менен сыймыктанганы Эрнистин ар бир сөзүнөн байкалып турчу. Байкесинин жазган ырларын, аңгемесин бизге окуп берчү. Кандай жазылганын баалап, биздин кандай кабыл алганыбызды билгиси келчиби, айтор, окуп берер эле. Атасын да көп эскерчү…
Эрнис бир караганда эч ким менен сүйлөшпөгөн адамдай көрүнгөнү менен абдан ачык, шайыр адам болчу. Өзүн түйшөлткөн, ойлонткон нерселерди айтып, кимде кандай ой бар билгенге, түшүнгөнгө аракет кылып изденер эле. Эс тутумунда чоң-чоң чыгармалар катылып жаткандай сезилип турчу. Көп нерсе билүүгө ашыкчу, билчү, ой жүгүртүүсү, көз карашы түптөлгөн студент эле. Бирок «мен көп билем» деп мактанып, кыйынсынчу эмес.
Сагын Акматбекованын ырларын жактырганын айтчу, окуп берчү, жаңычылдыгын, ар бир сабын табылга сымал баалачу… Атактуу акын-жазуучулардын, даанышмандардын учкул ойлорун мисал келтирер эле. «Эмне үчүн антип айтты экен? деп суроо берсек, аны эринбей айтып, түшүндүрүп берчү. Биз болсо, «Баланча китептен окусаң түшүнөсүң» деп коймокпуз да…
Эрнис маңыздуу сүйлөчү, өзүнө-өзү сынчы болчу. Туура эмес кылганын, катасын ачык айтчу. Ушундай жакшы сапаттары менен бизге үлгү болду. Бирөө жарым менен урушканын дегеле көргөн жокмун. Анын эрудициясына таңгалчумун, эс тутуму мыкты болчу. Эки тилде эркин ой жүгүртчү. Орусча жазган мыкты ой жүгүртүүлөрүн уккам, окугам. Кыргызча жазгандары да тапкычтык, байкагычтык менен жазылчу, эки тилде (кыргыз, орус) бирдей жазчу. Дагы бир жакшы сапаты сыр сактаганды билчү. Жакын адамына да айтчу эмес. Ойлору оргуштап турган Эрнисти баарыбыз жакшы көрчүбүз, сыйлачубуз. Анын таппаганы жок эле. Ырды да эки тилде жазчу, бирок аны жарыялачу эмес. «Жаңы ыр окуп берчи» деп биз аны тажатчубуз… Мен билген Эрнис ушундай болчу.
Университетти бүткөнү Эрнисти эки-үч жолу гана көрдүм. Жөө көп басчу, ошондо көчөдөн кезигип калчумун. Биринчисинде 2019-жылы «Көк-Жар» конушунан кезиктирдим. Ошол жакта жубайы Назира менен жашап жатканын айтып, жанында турган жары менен жаркылдап тааныштырды эле… Ошондон көп өтпөй, кийинки жылы (2020-жылдын 29-январында) «Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Асек уулу өтүп кетти» деген суук кабарды угуп, абдан жаман болдум. «Жакшынакай эле эмес беле. Эмне болуп кетти экен?» деп ойлоп жүргөндө, жубайы Назиранын эскерүүсүн окуп калдым. Анын жазгандарынан Эрнисти аябай сыйлаганын, сүйгөнүн, күйгөнүн байкадым… Бир жылдан кийин, 2021-жылы эскерүү кечесин өткөрдү.
«Каалга» аттуу ыр жыйнагын чыгарды. Китептин чыкканы жакшы болуптур, Эрнистин айрым ырларына обон чыгып жатат. Кубанып жатабыз. Дагы далай обондор чыгат деп ойлойм!
«Каалга» ыр китебиндеги бардык ыры жагат. Ошентсе да, «Очок» аттуу ырын жарыялап коюну туура көрдүм.
ОЧОК
91ге чыкты кылым, карыды.
19дан ашкан жаңы кезегим.
Очок күйөт бир алоолоп, бир пастап,
Жалган дүйнө калап жатат тезегин.
Чакырдым мен меймандарды алыстан,
Келди баары кылым ашып, жыл минип,
Манас келди кырк чоросун ээрчитип,
Бакай келди салам берип, ийилип.
Басе жүрөт байыркыдан кеп баштап,
Обон созот Ду Фу камыш түбүндө.
Данте келет Вергилийди кучактап,
Икаясын жазат Кафка үйүмдө.
Достоевский Чокан менен сүйлөшүп,
Чехов болсо көз айнегин кармалайт.
Омар Хаям тостун айтып тасмалда,
Саади, Руми меймандарды аралайт.
Эл көп абдан, кумурскадай кайнаган,
Даанышмандар бүт баарысы эң ыйык.
Рафаэль да, Пикассо да, Сальвадор
Мас болушуп, уктап жатат шылкыйып.
Мурдун чүйрүп турат Гитлер тигинде,
А Чынгызхан курчутууда кылычын.
Карап турам меймандарды тек гана
Ишенбестен, бирок мунун баары чын.
Кожожаш да, Шукшин, Пушкин — баары бар,
«Аккан сууну» айтып жатат Жеңижок.
Будда күлөт, Христос жүрөт жылмайып,
Жүрөт Шекспир бул дүйнөдө теңи жок.
Айтып бүтпөйм бүт баарысын таптакыр,
Чакырамын баарыңарды конокко.
Кош келиңиз, адамзатым, тартынбай,
Боюң ташта бу ажайып жомокко.
91ге чыкты кылым, карыды.
19дан ашкан жаңы кезегим.
Очок күйөт бир алоолоп, бир пастап,
Жалган дүйнө калап жатат тезегин.
1991 («Каалга» китебинен)
Жылдыз ТУРПАНОВА
АРХИВден…
«Эрнис байкем «Баягы Асабаны» чыгарганда, атам тирилгендей эле болду»
Жогоруда Эрнистин курсташы Жылдыз жазгандай, Эрнис Америкадагы карындашы Жылдызды жакшы көрчү. Телефондон анда-санда сүйлөшүп калчу. «Кыргызстанга келсе сени менен тааныштырам, сага аябай жагат. Жакшы кыз, бирок, аябай ишенчээк. Ошондуктан ага кимдин ким экенин айтып коюшум керек болууда. Анткени ал айрым адамдардын эки жүздүү, куу экендигин билбейт да, өзгөчө бир адам бар, ошону аябай жакшы көрөт. Ал болсо эл алдында башка, көшөгө артында таптакыр башка адам да» деп калчу. Тилекке каршы, экөөбүздү тааныштырууга да, ага айта турган сөзүн айтууга да жетишпей калды…
Жолдошум агасынын аманатын аткарып, 2013-жылы «Баягы Асаба» гезитин чыгарып, 1-саныбыздын 1-бетине «Атабыздын «Асабасы» көтөрүлдү» деп Адам менен Миэлланын сүрөтүн чыгарган.
Анан чет өлкөдөн жазып тура турган атайын кабарчылардын ар бири менен сүйлөшүп, аларды да ишке алды. Ошондо Бостон шаарында жашап, эмгектенип жаткан Мелис байкенин тун кызы Жылдызды да «Асабанын» АКШдагы атайын кабарчысы кылган. «Алгач өзүңдү тааныштырып жаз!» дегенде, ал жазып берген. Аягын: «Эрнис байкем «Баягы Асабаны» чыгарганда аябай сүйүндүк. Атам тирилгендей эле болду. Жумушубуз аябай көп, мурункудай каралашкан атабыз жок. Анан «Асабага» атайын кабарчы болгонум менен, убакыттын тардыгына байланыштуу ойдогудай маалымат бере албай келем«,-деп бүтүргөн эле.
Елена КАТУНЦЕВА: «Эрнис Асек уулун «просто» сүйөм»
АКШдагы атайын кабарчыдан дагы бир кыз бар болчу. Ал Елена Катунцева, алгач «Асаба» гезитинде иштеп, кийин Америкага кетиптир. Фармингтон шаарында жашап жаткан Елена айым мындай деп жазган эле:
— Америкага келгенче «Асаба» гезитинде (1996-1998-жылдары) кыргыздын мыкты журналисттери менен иштештим. Мен гезитти жасалгалачумун. Мелис Эшимканов байкемдин каза болгонун угуп алып, бир күн кечке керебетте ыйлап жаттым. Кандай мыкты адам эле! Азыркы баш редактор Эрнис Асек уулун «просто» сүйөм да. «Асабага» ийгилик каалайм!
**
Жолдошумдун кол жазмасында агасы, карындашы, «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеген журналисттер тууралуу жазганы көп экен. Ал китепке кирди. Кол жазмаларынын арасында 19 жашында (1989-жылы) Жылдызга арнап жазганы бар экен, карындашы 5 жашка толгондо жазса керек. Анда эмесе, ал алдыңыздарда!
Записки от скуки
Жоогазын, Чөндөлөй жана Көпөлөк
Карындашым Жылдызга (5 жаш)
Чөндөлөй ийинден баш кылтыйтты. Кара-Ташты карады. Боорунда өскөн Жоогазынга карады. Өткүндүн тамчылары гүлдүн бүрүндө мөлт этет. “Саламатсыңбы, Жоогазын!” деди Чөндөлөй. Ийинден денеси чыкты, “Саламатсыңбы, Чөндөлөй!” деди Жоогазын. “Нурлуу Күнүң менен!” деди кайра. “Сенин да Нурлуу Күнүң менен!” деди Чөндөлөй. “Өткүн өттүбү?” деди кайра. “Сары-Кырга кетти”. “Сары-Кырдагы жоогазындарга кетти”. “Салам айттым”. Нурлуу Күн көздөрүн жүлжүйттү. “Салам айтты” деди Нурлуу Күн. Өткүндүн тамчылары менен бири-бирине чачкылап ойношуп, кылтыйган чөптөр кыткылыкташты. “Биз дагы салам айттык”. “Биз дагы салам айттык” дешти тунук үндөр жабышарып. Чөндөлөй Асманды карады. Асман Чөндөлөйгө көзүн кысты. “Нурлуу Күнүң менен!”. Асман үнсүз жылмайды. Дагы да көзүн кысты. Чөндөлөйдүн ууртунда сүйүнүч уялайт. Жүзүнөн сүйүнүч нурун төгөт. Көздөрүнөн сүйүнүч учат. Кайрадан Жоогазынга карады. Гүлдүн назик денеси чыйрала түштү. Алыстан дүбүрттөр угулду. “Келатышат!” “Келатышат!” дешти чөптөр. Бири-бирин кучактап, баштарын жерге катышты. Жоогазын Кара-Ташка далдаланды. Дүбүрттөр угулду, жакындан угулду. Чөндөлөй мойнун созуп, эч нерсе көрө албады. “Кир! Ийинге кир, Чөндөлөй!” деди Жоогазын шыбырап. “Сени да өлтүрүшөт, кирип кет!”. Чөндөлөй эне-атасын, бир туугандарын жоктоду. “Кир дейм!” Жоогазындын чый-пыйы чыкты. Чөптөр тымтырс. Асман тымтырс. Аалам тымтырс. Дүбүрттөр гана угулат. Дүбүрттөр гана жакындайт. Чөндөлөй молтолоңдогон бойдон ийине кирип кетти. Мурункусундай аңкуштабады. Башка суурларга кабар кылбады. Тегеректеги суурлардан тирүү калган жалгыз өзү экенин ойлоду. Бул оюу караңгы ийиндей эле. Коркунучтуу эле.
“Тарс! Тарс! Тарс!”
Чөндөлөй ийнинде бүрүштү. “Дүбүрт угасыңарбы, шыбырт угасыңарбы, эки жакка алайбай түз ийинге киргиле. Эч токтобогула. Сак болгула, сергек болгула!” дешчү эне-атасы. Үч бир тууганы бул сөзүн угушпады. Ийинден алыстап кетишти. Чөндөлөй баарынан кичине, баарынан коркок болгондуктан алар менен барбады. Ал эми калдалактаган Көпөлөк улам алыстап, бир туугандарын азгырып кетип барат. Анан эле: “Тарс! Тарс! Тарс!”. Кара-Таштын боорундагы Жоогазын көздөрүн жумду. Энеси зарлады. Атасы сыздады. Чөндөлөйдүн уйкусу келбей, калдалактаган Ак Көпөлөк менен молтолоңдогон бир туугандары көз алдынан кетпейт. Таңга жуук атасы ийиндин оозунан бир нерсеге кармалды. Сол колун арсайган нерсе тиштеп турганын көрдү. Энеси гана: “Капкан эле капкан” деп чаңырып жатты. “Капкан” деген сөздү эң биринчи угушу эле. Бул сөздү “Тарс” деген үнгө окшоштурду. Энеси бооруна кысып, үч күн бою сыртка чыгышпады. Курсактары ачты. Караңгыда энеси тамак аш издеп кетти. Ошол бойдон кайрылып келген жок. Чөндөлөй жалгыз калды. Караңгы ийинде таптакыр жалгыз калды…
“Кетиштиби?” деди Чөндөлөй. “Кетишти”. “Кетишти”. “Сары-Кырга кетишти”. Чурулдашты чөптөр. Негедир Кара-Таштын боорундагы Жоогазын көрүнбөдү. Чөндөлөй элейди. Чөптөр күнөөлүү баш шылкыйтышты. “Жоогазын” деди акырын. Чөптөр тымтырс. Асман тымтырс. Аалам тымтырс. “Жоогазын кана?” кыйкырды Чөндөлөй. Дуңкуйган Кара-Таштын көзүнөн ысык жаш кылгырды. Нурлуу Күн булутка жашынды. Чөндөлөйдүн көздөрү тунарып, болгон аалам ийниндей караңгы боло түштү, коркунучтуу боло түштү…
Калдалактаган Ак Көпөлөк улам өйдөлөп, улам ылдыйлап, Сары-Кыр тарапка учуп барат. Чөндөлөй молтолоңдоп артынан жетпей келет, бир күлөт, бир ыйлайт, көпөлөктүн артынан калбай. Жашыл чөптөр моюндарын созуп, Кара-Таш кайгылуу карап, Көк Асман болсо бейкапар күлүмсүрөп, Ак Көпөлөк менен Чөндөлөйдүн оюн сыяктуу, тамаша сыяктуу, жомок сыяктуу жарышын карап турат. Нурлуу Күн булуттан чыкпайт, уялгансыйт…
Чөндөлөй селейип Жоогазын өсүп турган жерди Кара-Таштын ошол чекитин карап тура берди. Чөндөлөй жалгыз калды. Караңгы ааламда таптакыр жалгыз калды…
Эрнис АСЕК уулу (1989-жыл)
P.S. Эскерүүлөр алгач жолдошум өзү “Алакан” деп атап, негиздеп, мага эстеликке калтырып кеткен сайтыбызга жарыяланып, кийин Эрнис АСЕК уулу китебинен орун алмакчы.