Эрнис АСЕК уулу: «Курманжан датканын атасынын ролун аткарган актер жакты… мыкты аткарган»

Эрнис АСЕК уулу: «Курманжан датканын атасынын ролун аткарган актер жакты… мыкты аткарган»

Эсен болуп, эстей жүр!

Журналист, акын, котормочу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) түбөлүк уйкуга кеткенине 3 жыл 4 ай 18 күн болду. Ошондон бери моралдык колдоо көрсөтүп, жакшы сөзүн айтып, күч-кубат берип келаткандарга, алтын убактысын бөлүп, эскерүү жазып эл.почтага (saalnaz@list.ru) жөнөтүп жаткандарга терең ыраазычылык билдирем! Сиздердей жакшы адамдар турганда жолдошумдун аты эч качан өчпөйт! Бар болуңуздар!

Жолдошумдун бала кезинен бери жазган кол жазмалары, макалалары, эсселери, аңгемелери, котормолору, эскерүүлөрү, прозалары, интервьюлары, бүтпөй калган чыгармалары китепке даярдалууда… Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атап, негиздеп кеткен сайтыбызга жарыяланып, кийин Эрнис АСЕК уулу китебинен орун алмакчы.

Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов атындагы сыйлыктардын жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү актер Руслан Курманалиевди жолдошум аябай жакшы көрчү. Эмгегин баалачу, «мыкты актер» дечү… Русланга жолукканда эскерүүсүн жаздырып алдым эле. Ал алдыңыздарда…

«Эрнис тирγγ болгондо дγйнөлγк котормочулардын катарына кошулмак»

Эрнистин көзү өткөндөн бери ар бир сөзүн эстеп, айткан сөзүнүн тереңинде философия жаткандыгын айтып келебиз. Кайран дос, жалган дүйнөнү таштап, чын дүйнөгө узап кеткенине 3 жылдан ашып кетиптир. Эрниске Жараткан карылык бербеди. Өтө жаш кетти… Ал аз жана мазмундуу жашады. Чыгармачылыкта бири-бирибизди жакындан түшүнгөн, турмушта сырдаш достордон элек. Артында арманда кылып калган жакындарынын жана жакындан тааныгандардын жүрөгүндө ысымы түбөлүккө сакталат.

Эрнис бул турмушта башкача жашаган, башкача ой жүгүрткөн жигит болчу. Эсимде, бир жолу туулган күнүмдө: «Дагы бир жылга карый түшкөнүңө көңүл айтам, дос!” деп тамаша иретинде куттуктоо жөнөттү эле… Анын куттуктаганы да бир башкача болчу. Туулган күнүн белгилегенди жаман көрчү. Мен дагы туулган күндү белгилегенди жактыра бербейм. (Күлүп) Ушул жагыбыздан, деги эле бир нерселерди жактырбаган жагынан окшоштук көп экенин эми байкадым.

Эрнис экөөбүз көп жолуктук, чыгармачылык боюнча көп нерсе сүйлөштүк. “Руслан, жүр, тоого кеттик, бир жума жашап келебиз. Жаныбызга ширенке, туз, суу гана алабыз. Эгерде аптага чыдабасак, анда үч күн жашап келе беребиз” деп жаратылышка көп чакырып жүрдү. Тилекке каршы, такыр убакыт болбой, тоого бара албай жүрдүм. Бир жума тоодо жанында жүрсөм, досумдан көп нерсе угуп, жаздырып калмак экем деп азыр бармак тиштеп отурам. Ушундай бир пенде экенбиз да, өткөнгө өкүнүп…

Эрнис экөөбүз тээ студент кезде эле таанышканбыз. Таанышканда эле эски тааныштай сүйлөшүп кеткенбиз. Азыр ойлосом экөөбүздү чыгармачылык жакындатыптыр. Анын билбегени жок болчу, ошондо эле дүйнөлүк адабиятты казып окуган, окуганын бизге айтып берген, илимге суугарылган билимдүү, куулук-шумдугу, жасалмалуугу жок жөнөкөй жигит эле. Эч өзгөргөн жок, жаш кезинде кандай болсо. так ошондой ак, таза кетти. Сценарий жазууга кызыкчу. Кийин, 2018-жылы “ Үңкүр” деген чыгармага сценарий жазып жатканын айтып, “Башкы ролду сен аткарсаң деген тилегим бар” деди эле. Аттиӊ, ал тилегине жетпей кетти.

2020-жылдын 29-январында каза болгонун балдызы (сенин сиңдиң) Салимадан угуп, аябай жаман болгом… “Жездеме куран окутуп жатабыз” деп Салима ресторандын дарегин жазды да. Мындай жаман кабар мага өтө катуу, оор тийди. Себеби, Эрнисти эрте кетет деп эч ойлогон эмесмин. Бирок, 2019-жылы, жаңы жылдын алдында келинчегим Гүлгаакыга: “Эрнистердин дайыны чыкпай кетти го. Назирага чалып билип койчу, кандай жүрүшөт болду экен? Жолугалы деп айтчы. Эгер келе алышпаса, биз баралы, Эрнистин ден соолугун сурап коелу” деп эмнегедир бир нерсе сезгендей тынчсыздангам. Гүлгаакы сага чалса, “Баары жакшы. Жакында жакшы кабарыбыз бар” деген турбайсыңбы. Көрсө, “Каалга” атту ыр китебин чыгарып, поэзия кечесин өткөрмөк турбайсыңарбы. Аттиң, ал койгон датасына да жетпей кетип калды… Аманат болуп калды деп 2021-жылдын 25-апрелинде эскерүү кечесин өткөрдүң.

Агасы негиздеген “Асаба” гезитинен Эрнистин жазгандарын окуп калчумун. “Каалга” деген рубрикасы бар эле. Ар кимдин каалгасын жазчу. Мага жазгандары жакчу. Дүйнөлүк акын-жазуучулардын ырын, чыгармаларын которуп берип жүрдү. Анын турмушка болгон көз карашы таптакыр башкача болчу. Ырды да ошондой бир башкача стилде жазчу, философиясы терең, маанилүү. Ошол ырларынын китепке айланганына кубандык, чынында, анда да “Каалга” деген аталышта чыкты. “Каалгадагы” ырларынын баары жагат. 2021-жылдагы эскерүүдө “Периштең” деген ырын тандап алып, аны көркөм окуп бердим. Бул ыры жүрөк титиретет. Аркы дүйнөдөгү өзүнүн, бу жактагы аялынын (сенин) абалыңды берип жатпайбы… Эрнис бул жашоодо аркы дүйнөнү да көрө билсе керек деп ойлоп кетем…

“Периштең” ырын жазган үн жаздыруучу бала: “Өтө күчтүү саптар экен. Ырды кыйын жазчу экен ээ” деген. Ушундай жөнөкөй бала жактыргандан кийин, демек, мыкты ыр.

Эрнисте касиет өтө күчтүү болчу. Ал сүйлөшүп отурган адамдардын ар биринин мүнөзүн билип койчу… Анан дагы жөө жүргөндү жактырчу. Каерде жолукпайлы, ошол жакка жөө келчү. Болбосо алдында машина, колунда акча деле бар болчу. “Дордой” жакта жашаган эжесинин үйүнө жөө кетип калчу. Көрсө, ойчулдар жөө жүрүп эле чыгарма жаратып коет турат. Мыкты акын, мыкты котормочу эмес беле. 9 китеп которуп кеткен деп жатасың. Анын бири — Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы. Башка окурмандардай эле мен да чыгышын чыдамсыздык менен кγтγп жатам, окуйун деп. Муну деле жөн которбосо керек, кандайдыр бир Кудайдан белги болдубу деп ойлойм.

Буга чейинки котормосу — «Кун Фы Зы» китебин окуганбыз. Анын бет ачаарына сен чакырып, келинчегим экөөбүз барбадык беле… Демөөрчү болгон «Ыйман» фондунун андагы жетекчиси, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков сүйлөдү эле го, «Улуу адам ушундай скромный болот экен, котормочу, журналист агабыз Эрнис Асек уулу бул жакка отурбай койду» деп залда эл арасында отурса да ордунан тургузуп тааныштырды эле го…

(Күлүп) Эрнис жок го деп отурсак, эл арасында отурган турбайбы. Ал ошондой адам эмес беле, мен төш какчу эмес, атак-даңк, сыйлык, наамга жулкунбаган бийик адам болгон. Болбосо анын атагы «Асабада» эле чыккан. «Асаба», «Агымда» редактор болуп жγрдγ. Жапжаш кезинде эле (25 жашында) редактор болуп жатпайбы… Кафканын чыгармаларын баштап, дγйнөлγк жазуучулардын чыгармаларын которуп гезитке берип турчу…

Кийин агасынын аманатын аткарып «Баягы Асаба» гезитин чыгарды. Кудум эле «Асаба»,  бардык рубрикасы бар. Кубанып, баягыдай эле «кимдер иштеп жатат болду экен?» деп редакциялык жамаатына чейин окуп чыктык. Башкы редактор деген бакшы деп жазылып калыптыр. Мен чалып айткам сага, эсиңдеби? Кызым Касиет (Русланова) Томскиде студент болчу, кызыбызды редакцияңарга ээрчитип барганбыз. Эрнис кафеге чакырып, кечинде чогуу болгонбуз. Ошондо «бакшы редакторду» айтсам, «Руслан, ал туура эле, мен бакшымын да, билесиң» деп күлдүрдү эле го… Тамашөкөй эмес беле! Ошентип кызыбызды «Асабанын» Орусиянын Томск шаарындагы атайын кабарчысы кылып, Касиет гезитиңерге жазып жүрдү.

Ал гезиттен да Эрнистин мыкты котормолорун окуп жγрдγк. «Кудайлардын шаарын издеп…» деген Эрнст Мулдашевдин котормосун, Кун Фы Зыны да сандан санга берди эле… Мыкты которгон. Эрнис тирγγ болгондо дγйнөлγк котормочулардын катарына кошулмак. Артына өлбөс эмгек калтырып кетти. 9 китеп которуп кеткенин сенден уктум, Назира, анда дагы мыкты жазуучулардын чыгармаларын которуп кетиптир. Ушуларга Мелис байкеге окшогон азамат демөөрчγ чыгып калаар. Назира, сен жаныңдан артык көргөн жолдошуңдун артында калган опол тоодой эмгегин чыгарууга далалат жасап, чуркап жγрөсγң . Кудай колдоп, бекем ден соолукта бол!

Эски кудуктагы элес… Бамбук таяктын баяны…

Русландын эскерүүсү көп нерсени эске салды. Бир жолу «Дордой» жакта жашаган (Кирпичныйдан) Нурила кайын эжемдикине жөө барып, жөө келгенбиз. Анда биз Жал кичирайонунда жашачубуз. Жай айы эле. Так ушундай күн ысык болчу… Экөөбүз аябай суусап, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын алдындагы эски кудукту эстеп, ошол жерден суу ичүүгө кайрылдык. Бири-бирибизге бышып берип, мупмуздак сууну ичип, бети-колубузду жуудук… «Илгери ушундай кудуктан илгич менен чакалап казанга суу ташып, ысытып, керме-керме кир жуучу элек. Дегеле агезде сууну үнөмдөчүбүз…» деп жаш кезимди эстеп калсам, Эрнис: «Айтпа! Азыркы келиндер жалкоо болуп калбадыбы, кир жуугуч жууп койгон кирди да жайгандан эринишет. Сени да ошондой жалкоо келин болуп калбасын деп атайын кир жуугуч алып бербей жүрөм» десе, экөөбүз тең каткырып…

«Бул театрдын артындагы артисттердин үйүндө Русландар жашайт. Далай келип, Гүлгаакынын тамагын далай ичтик го… Бир кабагым-кашым дебей, жаркылдап тосуп алчу… Аларга кайрыла кетпейлиби…» деп калды Эрнис. Сунушун кубануу менен кабыл алып, кайрылдык. Кудай жалгап, экөө тең үйүндө экен. Таңгалып эле калышты.

Дасторкондо отурганда Руслан: «Эрнис, ырас келбедиңби. Мен сенден «Курманжан датка» тасмасы тууралуу оюңду сурайын деп жүргөм. Кинону көрдүң да э, сага кандай таасир калтырды?» деп сурап калды. Эрнис жөн турбай: «Мага тасмадагы Курманжан датканын атасы Маматбайдын ролун аткарган актёр жакты. Чалдын ролун мыкты аткарыптыр, тимеле калтырап-титирейт…» деп атпайбы…баарыбыз каткырып калдык. Анткени аны Руслан аткарган да. «Чын эле Руслан мыкты аткарыпсың» деп кино тууралуу оюн айтпай койду.

«Эрнис илгертен эле жөө басчу. Ал учурда Эрнистин колунда баары бар болчу: үстүндө үйү, алдында машина, колунда акча, эл суктанып окуган «Асаба» гезити… Ошентсе да, жөө жүрчү. (Күлүп) Анда биз: «Кандай адам троллейбуска түшөт болду экен?» деп жүргөн кез эле да….

«Экөөбүзгө бир проездной бар болчу. (күлүп) Мен Руслан жөө жүрбөсүн деп аяп берсем, бул болсо жумушунда бирөөнү аяп берип койчу да. Ушунчалык боорукер, жароокер күйөөм бар. Эрнис экөө бу жагынан окшош, берешен жагы… Эрнисти ээрчип, бир далай жерди жөө басып чарчадыңбы?» деп калды Гүлгаакы. «Сатылган Жуманазаровдой кылып Назираны спортко даярдап жатам, аз күндө жөө күлүк болот» деп калды Эрнис тамашалап… кайрадан кыраан-каткырык…

Анан Руслан: «Кыргыз драма театрында спектакль болот. Жүргүлө, кире кеткиле!» деп калды. Бардык. Эрнис кайын эжемдин эшигинин алдында жыйылып турган бамбук таяктардан тандап алган таягын театрга кошо ала кирди, элдин баарын каратып… «Машинага эле таштап койчу» деп Руслан айтса да, болбой койгон. Узун кылып аны алдына кучактап отурду… Спектаклден чыккандан кийин Руслан машинасы менен үйгө жеткирип коеюн десе да баш тартып койду. Жөө кеттик… Баратканда группалашы Гүлгаакыны аябай мактады, «Университетте жакшы окуган. Мыкты жар, мыкты эне болду. Чыгармачыл адамды колдобосо, ал жок болуп кетет. Мына, Русланды Руслан кылган Гүлгаакы. Артыңда тылың бекем болбосо болбойт!» деди. Бул ачуу чындык! Гүлгаакы жолдошу эле эмес, чыгармачыл адамдын баарын колдон келсе колдогон айым экен. Эрнистин эскерүүсүнө группалаш, курсташтарын чогултуп алып келди. Келбей калгандарына «Каалга» китебинен 12 даана сатып алып, Москвага чейин жөнөттү. Ал эми Руслан убактысы жок болгонуна карабай, чуркап келип, башыма баш кошуп, кеп-кеңешин берип турду…

Ал эми эски кудукта суу ичип жаткан Эрнисимдин элеси, бамбук таягы менен зарядка жасаганы көз алдымда калды. Ал таягы (буюм-тайымы, китептери) дагы деле бар, мени менен кошо жашап жатат. Бурчта ээсин күтүп тургандай…

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

КОНФУЦИЙДИН КЫРГЫЗЧА ОКУУСУ

(Котормочудан баш сөз)

 Жолду издеген табат. Бирдики миңге, миңдики түмөнгө

(Кыргыз накылы)

Кун фу зы жөнүндө эмнелер гана айтылбады, эмнелер гана жазылбады. Байыркы кытайдын ойчулу, Кун-зы Окуусун түзгөн даанышман биздин доорго чейин V-VI кылымдарда жашаган. Кун фу зынын Окуусу жыйырманчы кылымдын башына чейин (!) кылкылдаган Кытайдын идеологиясы болуп келди. Мамлекеттик башкаруунун Жол-Жобосун калыпка салган дал ушул Кун устат болгон. Адамтаануудан ааламтаанууга чыйыр салган бул инсанга таазим эткенден башка арга жок. Канчалаган кылымдардан бери кызыл-чеке талашка түшүрүп, дүйнөнү дүңгүрөтүп келаткан даанышмандын айткан-дегендерин ар ким алына жараша кыргызчалап келет. Айрым накыл кептери басма сөз беттеринен көрүнүп калганы болбосо, өзүнчө бир китеп болуп кыргызча чыкканын көрө элекмин. Эми Конфуцийдин осуяттарын толук кыргызчалаганга чамабыз чак болуп туру. Биз болгону келечек муунга «жем таштадык» деп туралы.

Бул китепте Кун фу зынын мамлекеттик башкарууну түптөөгө, Адамгерчилик (человеколюбие) деген түшүнүктүн туу чокусуна чыгууга, мамлекеттик этиканы, Каада-салт, Үрп-адат, Нарк-насилди туу тутууга, Жол (Дао) табууга багытталган «Люнь Юй» («Насыяты менен осуяттары») деп аталган китебин эркин кыргызчалап олтурабыз. Кун фу зынын айткандарына, андагы каармандарга, түк эч нерсеге түшүндүрмө бергенибиз жок. Жаңылып калбайлы деп чочуладык. Анткени Кун фу зыны которуу өтө кыйынга турду. Дегеним, кыргыз тилинде бардык философиялык түшүнүктөр күнүмдүк тиричилигибиз менен жуурулушуп турганы менен, Советтик империянын кесепети тийип, кыргызча философиялык терминдер калыптанбаганына күбө болдук. Ошондуктан жеке котормочунун түшүнүгүнө байланып кыргызчаланды. А билимгөй окурман өзү ыкка салып алаар, изилдеп алаар. Бир аз гана мисал келтире кетели. «Благородный муж», «мудрец» деген түшүнүктөрдү бала кезимде чоң апам көп колдонгон «Ак ээк» деген сөз менен бердик. Ал эми «Дао» деген кеңири түшүнүктү орустар «путь» деп которуп, түшүндүрмөсү менен берип жүрүшөт. Кыргызча ал «Жол», «Жол-Жобо», «Жол-Жосун» деген сөздөрдү бириктирген эле сөз экен. Биз негизинен «Дао» түшүнүгүнө карата «Жол-Жосун» деген сөздү колдондук. Анан эң орчундуу дагы бир «Дэ» түшүнүгүн орустар «добродетель» «изги», «изгилик» деп берип жүрүшөт. А кыргыз түшүнүгүндө ал «дээр» деп эле которулат экен. «Болмуш», «Жазмыш», «Сый» ушул сыяктуу жана башка философиялык, улуу, терең түшүнүктөрдү да орду менен колдонгонго аракеттендик. Кыскасы, Кун Фу зынын аалам кулачына батпаган эмгегинин кичинекей бир бөлүгүн гана Окурман сотуна коюп жатабыз.

Эрнис АСЕК уулу, 2016-жыл

P.S. Кун Фы Зы котормо китебинин бет ачаарын «Ыйман» фонду да тасмага тартты эле. Кийин, Эрнистин эскерүүсүнүн алдында сурасам, архивден издеп таппай коюшкан. Ал тасмада Чубак ажынын, Эрнистин да сүйлөгөнү бар эле… «Ыйман» фонду каапырдын китебин чыгарды деп» Нуржигит Кадырбековду соцалдык тармактарга жамандап жазышканда, ага точканы Чубак ажы койгон. «Бул китепте Конфуцийдин насааттары, осуяттары гана которулган. Окуп, анан пикир жазгыла, урматтуу бир тууганым!» деп тасмадан сүйлөгөн. Келе албай калыптыр…

«Кыргыз тилинде которгон автор» деп Нуржигит болбой эле эл алдына Эрнисти чакырганда, кыпкызыл болуп чыкты эле… Бирок, мыкты сүйлөгөн болчу. Телефонго тартып алгам. Жолдо келатканда көрсөтсөм, дароо өчүртүп салган эле..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.