Алтынбек Максүтов: «Моргенштернди Бишкекке келтирбөө аракети көрүлүп жатат»

Алтынбек Максүтов: «Моргенштернди Бишкекке келтирбөө аракети көрүлүп жатат»

23-24-июнда Бишкекте Alga Fest музыка фестивалы өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик артисттер катышат. Концерттин биринчи күнүндө орусиялык рэпер Моргенштерн ырдай турганы көрсөтүлгөн. Муну уккан мекендештер социалдык тармактарда кызуу талкуулап, Маданият министрлигине «келбесин!» деген талапты да коюшкан.

Министрлик Моргенштернди музыка фестивалына катыштырбоо аракети болуп жатканын билдирген. Тагырагы, 16-июнда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов мындай деген: “Моргенштерн боюнча иш алып барып жатабыз. Тапшырма бердик. Имараттын (концерт боло турган) жетекчиси менен да сүйлөштүк. Бул боюнча биздин да пикир сиздикиндей эле. Анткени Моргенштернге Орусияда кылмыш иши козголгон экен”.

Эске сала кетсек, депутат Алишер Козуев рэпер Моргенштерндин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдирип, Маданият министрлигин чара көрүүгө чакырган.

Келбей жатып ызы-чууну жаратып жаткан Алишер Моргенштерндин Ютуб каналында 12 миллионго жакын катталуучу бар. Ал Украинадагы согушту ачык сындаган. Аны Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агент” тизмесине киргизген.

Маалымат үчүн…

“Alga Fest” деген эки күндүк иш-чарага катышуучулардан кулакка таанышы Мирбек Атабеков эле болбосо, калгандары Bakr, Say Mo, Dequine, Akha, Captown, 7Gen, Aikhan, Второй Ка, Yamadzhi & Feydzhi, Секретный гость, Andro, Jax, Hiro, Freeman, Adam, Sam Cosmo, Kyrsquare, Uli деген укмуш “ысымдуу” ырчылар. Уюштуруучулар айтымында, баары “топовый” — алдыңкы заманбап аткаруучулар. Фестиваль өтө турган Бишкек Арена шаардык муз аянтчасындагы сахна да бир башкача даярдашыптыр: 360 градуста – башыңды бар тарапка буруп көргүдөй мейкиндикти ээлейт экен. Билет баасы да жөн акча эмес – 2800дөн 6500 сомго чейин…

Эми кеп буларда эмес. Башта белгилегендей, фестивалдын биринчи күнүнүн коногу, Орусия инагент атаган рэпер Моргенштернди фестивалга келтирбей койгонубуз айрым ички-сырткы ММКнын негизги жаңылыктарына кирип, алтүгүл геосаясий абал таразасына салынып, ал жээк-бул жээк болуп ар кыл талданып жатат…

Маселен, «Эркин Европа радиосу/Азаттык радиосу” медиакорпорациясы түзгөн Настоящее время” маалымат булагы В Бишкеке отменили выступление российского рэпера Моргенштерна на фестивале Alga Festдеп жаңылык кылып жазып, «Силовики оказали определенное влияние». “Почему в кыргызстане отменяют концерты российских музыкантов с антивоенной позициейдеп политолог Аида Алымбаевадан маек да уюштуруп жиберишкен. www.gazeta.ru булагы болсо, парламентке келген маданият министри Алтынбек Максүтовго: «Социалдык тармактарда жаштарга терс таасир тийгизген артист же кандай дейбиз… Моргенштерн келери айтылып жатат. Элди бузат. Чара көрүңүздөр«, — деп маселе койгон депутат Алишер Козуевдин сөзүн Максүтовдун сөзү кылып берип коюшкан.

Айтмакчы, “Максатыбыз чет жактан артисттер келип, маданияттын концерттик багытын өнүктүрүү болчу” деген уюштуруучулар Моргенштерндин келбей калышынан чоң чыгашага учурашкан имиш. Бирок өздөрү тууралуу берген маалыматтарда уюштуруучулар мындай долбоорлордон укмуш эле акча табышат. Сөз «Качелифест» деген жоопкерчилиги чектелген коом тууралуу болууда. Анын юридикалык каттоодогу негиздөөчүсү жана жетекчиси — Улугбек уулу Ажымухамед. Бул ысымды хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы тууралуу жаңылыктардан уксак керек…

Анткен менен, айтарыбыз, уюштуруучулар чакырчу ырчыларды «биздин сегментке ылайык-ылайык эмес» деп талдап жатканда, «Өз жолумду тандадым, мен деградантмын» атаган, көрүүчүсүн да, угарманын да сыйлабаган, «в музыке нет никакой ценности» деп «музыкалык нигилизмди» туу туткан, ырында да, сахнадагы жүрүм-турумунда да адеби жок, «гениймин» деп «нарциссизм» оорусу күч Моргенштерндей ырчылардан алыс эле болушса… Бул жерде геосаясатты чапчыган маселе деле жок…

Андан да азыркы айрым «алдыңкы заманбап ырчылардын», өзгөчө рэперлердин примитивдүү, маанисиз «трэктеринин» жаштардын мээсине уюп калышы — алардын жактыруусу же тандоосу деле эмес. Ал боюнча сөзмө-сөз «кулак курту» деп которулган earworm деген илимий изилдөөлөр да бар. Ал мээнин ыкшоолугу, жалкоолугу менен байланыштуу экен. Бул боюнча өзүнчө баяндап беребиз…

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.