Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Кыргыз мамлекетин курууда Абдыганы Эркебаевдин салымы абдан чоң»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Кыргыз мамлекетин курууда Абдыганы Эркебаевдин салымы абдан чоң»
70-күз
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, «Манас» орденинин ээси Абдыганы Эркебаев 70 жашта. 70-күздү тоскон агабыз Ош облусуна караштуу Чон-Алай районундагы Кара-Тейит айылында 1953-жылы 1-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Үй-бүлөлүү. Өмүрлүк жубайы — Бурул Жаналиева. Бир кыз (Гүлайым), эки уулдун (Азат, Аскарбек) ата-энеси. Жубайы тууралуу мындай деп айтканы бар (2007-жыл 18-октябрь): «1970-жылы жайында абитуриент кезибизде таанышканбыз. 6 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш кошконбуз. Бирок, эл катары той өткөрө алган жокмун. Ошондогу шартымды түшүнгөн келинчегиме ыраазы болом. Ижарада жашап, нан сатып алганга тыйын таппай калган күндөр болгон. Ошол кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, мени менен бирге жүрдү. «Адабияттын ак тактары» аттуу китебиме «Эң кыйын күндөрдө ушу эмгектин жаралышына күбө болгон, мени колдогон жарыма» деп атайы арноо жазып коеюн деген ниетим бар болчу. Бирок, бизде ар түркүн психология бар эмеспи, кайра тартынып койдум. Кудай буюрса, дагы ошондой китеп жазып, арначу күн келээр…»
Абдыганы агабызды 70 жаш юбилейи жана сыйлыгы менен куттуктайбыз! 

ТЕКЕБАЕВ: «Абдыганы Эркебаевдин өмүр баяны эле өзүнчө эрдиктин тарыхы«

1-сентябрдан бери Абдыганы Эркебаевди 70 жаш юбилейин куттуктагандар болууда… Алардын бири Кыргызстандын Германиядагы элчиси —  Өмүрбек Текебаев. «Биздин замандын каарматы» аталышта «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
1-сентябрь Абдыганы Аке Эркебаевдын туулган күнү. Быйыл ал 70 жашка толду. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Президенттин указы менен 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Абдыганы Акени юбилейи, мамлекеттик жогорку сыйлыгы менен куттуктайм. Абдыганы Аке урмат-сыйга татыктуу адам.
Бүгүн мындан эки жыл мурун Абдыганы Эркебаев жөнүндө айткан сөздөрүмдү кайрадан көңүлүңүздөргө сунуш кылам.
Ар бир элдин өз тарыхы, алар сыймыктана ала турган тарыхый окуялары жана тарыхый инсандары бар. Өз тарыхы менен сыймыктанбаган, тарыхын жериген элдин келечеги жок. Алар башка элдин бир бөлүгүнө айланып кетет. Ошондуктан, биз өзүбүздүн тарыхыбызды, тарыхый окуяларыбызды, тарыхый инсан, каармандарыбызды жакшы билишибиз керек. Билип гана тим болбой, барктап, даңктап жүрүшүбүз керек.
Тилекке каршы, биз жаңы тарыхыбызды барктаганды үйрөнө элекпиз. Жаңы тарыхыбыздын каармандарын даңктаганга көнө элекпиз. Баарын “жаман” деп четке кагабыз. Баарын сындайбыз. Жакшыны аныктоодо Дэн Сяопин айткандай «жаманынан жакшысы көп» деген формула чен бирдиги болуш керек.
Мен бүгүн Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын тосуп жатып, үзөңгүлөш жүргөн, сөзүн уккан, жасаган иштерин көргөн замандаш каармандар жөнүндө айткым келет. Алардын бири Эркебаев Абдыганы Эркебаевич .

Абдыганы Эркебаевдин Советтер Союзунун убагындагы өмүр баяны эле өзүнчө эрдиктин тарыхы. Бул адамдын баскан жолу жаштарга үлгү болуп, аларды алдыга көздөй ийгиликтерге шыктандыра турган тарых.
Абдыганы Эркебаев бала кезинде томолой жетим калып, балдар үйүндө чоңойгон. Университеттен билим алып, Москвадан аспирантураны бүткөн. Москвада аспирантурада окуп жүргөндө “Кыргыз жазма адабияты 1924-жылдын 7-ноябрында “Эркин Тоо” гезитинин биринчи саны чыккан күндөн башталат” деген официалдуу, коммунисттик тарыхтын версиясына каршы чыккан. Ал “Кыргыз жазма адабияты Октябрь революциясына чейин эле болгон” деген далилдүү иликтөө материалдарын байма-бай чыгарып турган.
Эркебаевдин көз карашы, ой жүгүртүүсүнүн кайратын мен бир эле сөз менен баса белгилегим келет. Ошол учурда 1979-жылы Москвада анын уулу төрөлөт. Уулуна ал өзү үчүн ыйык, бийик, маанилүү болгон ой-толгоолорун, ниет-тилектерин камтыган ысымды – Азат деп коет. Кайра куруу убагында 1988-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун директорлугуна Компартиянын (бийликтин) официалдуу талапкерлерине альтернатива чыгып, шайлоодон утуп алат. Альтернативалык шайлоолорго катышып, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болот. Ошол жылдары Кыргызстанда улуттук кайра жаралуу толкуну күч ала баштаган кез. Эркебаев өмүр таржымалы, дүйнөгө болгон көз карашы, принциптери боюнча бул процесстерден четте калышы мүмкүн эмес эле.
Демократиялык өнүгүүлөрдү, Кыргызстандын суверендүүлүгүн кеңейтүүнү максат кылган Жогорку Кеңештин 350 депутатынын ичинен 114ү “Кыргызстандын демократиялык жаңылануусу” деген депутаттык топ түзүп, Эркебаев ошол топтун мүчөсү, анын тең төрагасы болгон. Бул депутаттык топ Кыргызстандагы демократиялык прогресcивдүү күчтөрдүн авангарды, Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоо, мамлекетти түзүүдөгү алгачкы иш-аракет, демилгелерде локомотив болду.
Кыргыз мамлекетин курууда Эркебаевдин салымы абдан чоң. 1991-жылкы реформаларда сөз эркиндигин камсыз кылуу, анын негизинде саясий конкуренцияны, ой-пикирдин эркиндигин камсыз кылуу ошол кездеги демократиялык күчтөрдүн негизги багыттарынын бири эле. Эркебаев Кыргызстанын басма сөз жана маалымат министри болду. 1992-жылы вице-премьер-министр, 1993-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын кызматын аркалады.
1995-жылы жаңы Конституциянын негизинде Кыргызстанда биринчи жолу туруктуу профессионалдык парламент пайда болду. Эркебаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы, 2000-жылдан кийин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төргасы болуп, Кыргызстанда парламент институтунун калыптанышына чоң салым кошту.
Ушул жогорудагы кызматтарды ээлеп жүргөндө дагы Абдыганы Эркебаев өзүнүн көз караштарын президенткеби, өкмөткөбү, эл алдындабы, ачык айтып, “калыс адам” деген репутацияга ээ болгонго жетишти. Бакиевдик бийликтин үй-бүлөлүк режимине дагы каршы өз ой-пикирлерин тайманбай айтып жүрдү. 2010-жылы апрель революциясында түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болду.
2010-жылы Түштүктө улут аралык кагылышуу болуп, ошол конфликттин келип чыгуу себептерин, кесепеттерин жана кандай жыйынтык чыгарыш керек экендигин аныктоого Улуттук комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына Абдыганы Эркебаев дайындалды.
2012-жылдан баштап Улуттук илимдер академиясынын президенти болду. 2017-жылы андан өз ыктыяры менен кетип, 2019-жылдын май айынан тарта Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп азырга чейин иштеп келе жатат.
Эркебаевдин өмүр жолуна саресеп салсак, бул инсан соңку тарыхта 1990-1995-жылдары Кыргыз мамлекетинин калыптанышында эбегейсиз роль ойногон. 1995-2005-жылдары туруктуу парламент институтунун калыптанышына чоң салым кошкон инсан. Бүгүнкү күнгө чейин коомдук-саясий процесстердин активдүү катышуучусу.
Абдыганы Эркебаевди жаштарга үлгү болчу, эл сыймыктана ала турган биздин замандын каарманы деп ишенимдүү айта алам.
 Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.