Сыйлык боюнча ачуу чындыкты айткан Элмира Ажыканова

Сыйлык боюнча ачуу чындыкты айткан Элмира Ажыканова

» КТРде каныбызды, жаныбызды сарптап жүрүп, чач агарып улгайдык»

Сыйлык боюнча белгилүү радиожурналист, акын, жазуучу Элмира Ажыканова ачуу чындыкты жазыптыр. Эжебиз бүгүн (6-сентябрда) «Фейсбуктагы» баракчасына төмөдөгүдөй пост калтырды: 
— Бир таанышым көчөдөн жолугуп, учурашып туруп калдык.
— Не жаңылык? – дейт.
— Жаңылык деле жок, баарысы баягыдай эле, — дедим.
— Баса, сени сыйлык алгандардын тизмесинен карадым, жок экенсиң, – дейт.
— Ооба, — дедим да, сөздү башкага бурдум. Антпесем азыр көп сөз сүйлөгөнү турат. Эмне айтарын да билем.
Ооба, сыйлык! Сыйлык ошончолук эле керектүү “оокатпы?” Мамлекеттен наам сыйлык албай эле жашаса болобу? Албетте болот. Айрымдар айтып жүргөндөй, ал бакыт да, байлык да, ден соолук да болуп бербейт. “Эңсеп, суусап жүргөндөргө күлчүмүн, Эгин эккен дыйкан өндүү жүрчүмүн” дегендей, мен деле сыйлыкка жутунгандарды жактырчу эмесмин. Бирок сенден аз иштегендер, тийип-качып иштегендер, таянган “тоосу” барлар, жарым беттик өмүр баянын тыңдап жаза албагандар, эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албагандар, бирөөнүн жазып бергенин эжелеп эптеп окугандар “Эмгек сиңирген ишмер” болуп чыга келгенде ойлонуп калат экенсиң. Тээ жыйырма жыл мурда 2-3 ыр ырдап, кийин дайынсыз кеткендер бир күнү “Эмгек синирген…” болгондо арданып, намыстанат экенсиң.
Эми алардын көбү кантип алганын билип эле турам. Алардагы жөндөм менде жок болсо кантейин?! Көрүнгөн эшикти түртүп сурана албайм, чоңдорума кошомат кыла албайм (кылып көргөн эмесмин), сыйлык берчү комиссиянын бир дагы кишисин тааныбайм. Анан эң жаман жерим – чындыкты бетке айтып жек көрүнөм. Ошондой кишиге да сыйлык берчү беле? Андай кишинин сыйлыкка деп топтогон документтери бирде жоголуп кетет, бирде кайсы бир кагаздардын арасында унутуп калат. «Акча берсең, аласың» деп кеңеш айткандар да болду. Мен андай пастыкка эч качан бара албайм.
Кыскасы, мен сыйлык албаганыма өкүнбөйм, болгону калыстыктын жоктугуна бир аз капа болом. Бир аз “обидно!”
Баса, КТРде иштегениме 30 жыл толуптур. Кайран гана КТР, кимдердин гана жаштыгын, өмүрүн түгөткөн жоксуң, көп тагдырдар сени менен жуурулушуп, сенин күркүрөгөн тегирмен-бараңда чарк айланып өтүп кетти. Бирине оомат берсең, бирине оору бердиң. Бирин эркелетсең, бирин желкеледиң. Мен да ошолордун биримин. Каныбызды, жаныбызды сарптап жүрүп, ушул жерде чач агарып улгайдык.
КТРде не күнөө? Калыстыгы жок жетекчилерден гана ирээнжип калдым.
Сыйлык албаганым менен эл алдында жүзүм жарык, уяла турган эч нерсем жок.

Ак эмгек, адал иш эске алынаар…

Эске сала кетсек, 31-август — Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жарлыкта мамлекеттин социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн сыйлана турганы жазылган.
Жарлыктын негизинде бир топ адамдар сыйлык, наам алышкан. Алардын арасында татыктуулары саналуу гана, татыксыздары көп. Татыксыздар сыйлыкты кантип алганы  — жогоруда Элмира эжебиз жазгандай, белгилүү эле да. Көрүнгөн эшикти каккылап сурангандар… тааныш-билиштер…
А чынында Элмира эжебиз сыйлыкка татыктуу болчу. Эмне дейбиз, эжебиздин эмгеги эске алынып, сыйлык, наам алып калган күн да алыс эместир!
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.