Нурланбек ШАКИЕВ: «Конституциялык соттун судьяларын кызматтан кетишин талап кылам!»

Нурланбек ШАКИЕВ: «Конституциялык соттун судьяларын кызматтан кетишин талап кылам!»

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев «матроним» маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды.

Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында билдирип, Конституциялык соттун чечими туура эмес болгонун айтты. «Бул кыргыз элине, улутка чоң сокку болду. Биздин өлкөдө мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Ушул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы, судьялары токтоосуз кызматтан кетиши керек. Келечекке балта чапкан осол иш болбошу керек эле. Бул абдан жат көрүнүш. Конституциялык соттун толук курамы кызматтан кетишин талап кылам!»,- деди Шакиев.

Эске сала кетсек, Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен «атасынын аты» деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Аталган орган бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

Бул чечимден кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына «Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям«, — деп жазган.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштаган. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.

Коомчулук дагы мындай чечимге каршы чыккан. Алар «кыргызда мындай болгон эмес!» деп социалдык тармактарга жазып, пикирлерин билдиришкен.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.