Бишкекке Кара-Кулжадан китеп талкууга келген окуучу кыз. Ал акындарга эмнени айтты?

Бишкекке Кара-Кулжадан китеп талкууга келген окуучу кыз. Ал акындарга эмнени айтты?

Кезектеги китеп талкуу…

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы №1 шаардык китепканада «Элдик китепкана» клубунун кезектеги китеп талкуусу болуп өттү. Бул тууралуу акын Айгүл Тоголокова билдирип, төмөндөгүдөй маалымат берди:

— Китеп талкуу Кыргыз эл акыны Асан Жакшылык Нур агайдын эки томдук «Учкул сөздөр» жыйнагына арналды. Талкууга «Умай эне» тобунун мүчөлөрү: Жумадин Кадыров, Бүбүсара-Аруужан Калыкова, Кайыргүл Надырбекова, Динара Бейшеналиева, Нургүл Качканакова, Мыскал Дыныстанова, «Манас эл биримдиги» уюмунун мүчөлөрү Гүлсүнбүбү Соорбекова, Нурбүбү Асекова жана Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылындагы Сагындык атындагы мектебинин 11-классынын окуучусу Чынтурган кызы Нурмира агасы Тазабек Абакиров менен катышты.

Талкууда философиялык, таалим-тарбиялык, санжыралык, кыргыз элинин улуулугун даңазалаган, кыска жана курч ой-пикирлер айтылды жана Кыргыз эл акынынын эки томдук жыйнагынын маани-маңызы, мазмуну өтө бай, көп кырдуу экендиги баса белгиленди.

Чынтурган кызы Нурмира: «Учкул сөздөр» китебине таасирлендим»

Аягында кичинекей конок Нурмира кызыбыздын билимге болгон кызыгуусу, поэзияга болгон сүйүүсүнө жогору баа берилди. Ак бата алган Нурмира толкунданып, буларды айтты:

— Менин бул талкууга келип калганымдын себеби, Тоголокова Айгүл эженин ар бир ырын күтүү менен сүйүп окуйм. Эженин ырларын көркөм окуп,  видеого тартып, Интернетке жүктөп турам. Чыгармачылыгы мени өзгөчө кызыктырат. Эже менен байланышып, жарык көргөн китептерин алууга атайы келгем. Ыр жыйнактары менен кошо Асан Жакшылык Нур агайдын ак батасын алып, өзүмдү аябай бактылуу сезип турам. Агайдын «Учкул сөздөр» китеби мени аябай таасирлентти, суктандым. Ушул китепти мектептин окуу программасына киргизип койсо, тарбиялык мааниси жогоруламак.
Ошондой эле ушул талкууга катышканыма кубанычтамын. Ушундай талкуулар алыскы жерлерде да болуп турса жакшы болмок.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.