Ушуну менен Ленин районундагы шайлоого чекит коюлушу керек! Себеби…

Ушуну менен Ленин районундагы шайлоого чекит коюлушу керек! Себеби…

Ошентип кечээ, 10-сентябрда шайлоо болуп өттү. Тагырагы, Бишкек шаарындагы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо боюнча добуш берүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка таянсак, шайлоого 20 миң 169 адам катышып, добуш берген. 51 автоматтык эсептөөчү үкөктүн жыйынтыктары БШКга келип түшкөн. Алардын алдын ала маалыматы боюнча 26,14% (5273) добуш менен Кубанычбек Самаков алдыда, 2-орунда Русланбек Тагаев (18,99%), 3-орунда (13,04 %) добуш менен Аскар Алмаз уулу келатат.

Ушуну менен Ленин районундагы шайлоого чекит коюлушу керек! Себеби, эки жолу мамлекеттик бюджеттен канча деген акча кетти. Ойлонолу! «Жыгылган күрөшкө тойбойт» болбойлу, туугандар! Кайра-кайра шайлоо өткөрө бергендин кажети жок. Эл деле шайлоодон тажады.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн. Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округда кайра шайлоо быйыл 28-майда өткөн. 16-июнда Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, мыйзам бузуулар болгонун баса белгилешкен. Буга шайлоодо 35,86 % добуш менен 1-орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана 2-орундагы Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

Жогоруда аталган округдан Жаныбек Абиров депутат болгон. Ал быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.