«Эркин-Тоо» гезитинин журналисти, акын Афина Бакированын Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Муратбек Бегалиев менен болгон маегин сунуштайбыз.
“Айтматов жүрөгү сүйгөн кишиге жылуу сөзүн айткысы келсе керек…”
— Кыргызстандагы алгачкы жана жалгыз улуттук консерваториянын ачылганына быйыл 30 жыл толуптур. Даталуу күндү белгилегенге кандай максат-тилектериңиздер бар?
— Отуз жылдыгыбызды быйыл белгилейли деген тилегибиз бар эле, бирок мамлекеттик деңгээлдеги мааракелик иш-чаралардын тизмесине кирбей калганына байланыштуу кийинки жылга жылып кетти. Буюрса, тизмеге киргенден кийин, келээрки жылдын жаз айларында кеңири алкакта өткөрөлү деген ниетибиз бар. Андан сырткары, отуз жылдыкка карата чоң жаңылыгыбызды, кубанычыбызды бөлүшөйүн деп турам. Өкмөттүн жардамы менен дүйнөдөгү эң алдыңкы, эң күчтүү “Стейнвей” деген роялды алып төбөбүз көккө жетип турган учурубуз. Кыргызстанда мындай аспап буга чейин жок болчу. Бул аспапты билгендер биздин аларыбызга ишенген жок. Анткени, “Стейнвейдин” баасы 1,2 миллион еврого чейин жетет. Бул америкалыктардын ойлоп чыгарган аспабы. Биз бир нече жылдан бери алар менен таанышып, келишим түзүп жүргөнбүз. Биздин өкмөтүбүз профессионал өнөрпоздорду баалап, каражат бөлүп бергенине абдан ыраазы болдум.
— Биздеги алгачкы улуттук консерваторияны ачуу идеясы сизге кандайча келип калды? Сиз ал кезде болгону 38 гана жашта болгон экенсиз. Кыйынчылыктар да болгондур дегендей…
— Париж консерваториясы дүйнөдөгү абдан чоң маданий очоктордун бири. Дүйнөнүн төрт тарабынан сүрөтчүлөр, композиторлор ж.б. чыгармачыл адамдар келишет. Улуу композиторлорду да такшалмадан (стажировка) көрдүм. Мен кыйын дегендин баары менен бирге билим аласың, алардан артта калбаш үчүн аракет кыласың дегендей… Далай чыгармаларым жазылып, ноталарым чыгып, кыялым алда кайда учуп жүргөн учурумда Советтер Союзу кулай баштаган экен. Күн сайын теледен Кыргызстанды көрсөтүп баштады. Баягы, ак элечек кийген сөөлөттүү энелер көчөдө калама, лимонад сатып отуруп калыптыр. Көзүмө жаш келип, “мен бул жакта бал муздак жеп, классикалык музыка угуп жыргап жүрсөм, кыргыз элим кыйын күндү башынан кечирип жаткан тура. Кой, жок дегенде бир жагынан жардам берейин” деп ойлодум. “Меридиан” деген уюм мага Америкага барганга жол ачып берип жаткан. Андан убактылуу баш тартып, баарына кайыл болуп Мекениме келсем, жаңы бийлик пайда болуптур.
Чет жактан куржунга сала келген баалуу документтеримди чогултуп, туңгуч президент Аскар Акаевичке кирдим. “Профессионалдуу музыканы өстүрүш үчүн консерватория ачышыбыз керек. Ал эми аны өлтүрүп алыш беш эле мүнөттүк иш” деген ойлорумду айтсам, “абдан жакшы оюңуз бар экен, муну сөзсүз жүзөгө ашыруу керек” деди. Ал дагы билимдүү, музыканы абдан жакшы көргөн адам эмес беле.
Бир жарым жылдай талаш-тартыш болуп, айрымдар бул максатыбызга тоскоол болгонго аракет да кылып көрүштү. “Эмне үчүн ушул жакта жүрүп биз ачпайбыз дагы, бир жаш бала келип чоң ишти баштай калат?” деп кызгангандар болду.
Бирок профессионал музыкага күйгөн Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакуновага окшогон инсандар тегерегимде дем берип, колдоп турушту. Анткени, консерватория түбөлүктүү. Ар бир мамлекеттин классикалык музыкасы асмандап турса, элдик музыкасы жоголбойт, өчпөйт. Казынадагы элдик ырлардын жашоосун улап, өмүрүн узартыш үчүн профессионал музыканттар керек. Элдик музыкаларыбызды симфонияга салып, нотага түшүрүп келечекке сакташыбыз керек. Профессионал ырчыларды, музыканттарды бир гана консерватория тарбиялап чыгара алат. Консерваториядан окуп билим албаган артист, музыкант чоң сахналарга, дүйнөлүк сахналарга чыга албайт. Бул ачуу чындык. Улуттук Консерватория ачылгандан бери кыргыздын профессионалдуу музыкасы жакшы жолго коюлду. Жаңы ачылган учурунда укмуштуудай түйшөлткөн ойлор келип, бушайман болор элем. Улуу төкмөлөрүбүз, манасчыларыбыз, улуу композиторлорубуз бул жалгандан өтүп кетип жатканда ар биринде: “ыя кокуй, эми мындан ары эмне болот? Төкмө акындык, манасчылык токтолобу?” деп санааркадым. Уркаш ага дүйнөдөн кайтканда манасчылык өнөрдөгү акыркы могикандардын бири ушул эле деп кейидим. Миңжылкыев кеткенде “ырчыларыбыз эми кантет” деп ойлодум. Бирок, уучубуз кур эмес экен. Түптүү, таланттуу элдин көрөңгөсү жоголбойт экен. Бүгүнкү күнү кай жакты караба, өсүп келе жаткан төкмө акын балдар-кыздар чыкты. Кыргыз улуттук “Манас” театры ачылды. Консерватория жаңы түзүлгөндө жалгыз дирижёр Асанкан Жумакматов эле. Бир күнү ал кишиге “аксакал, он чакты дирижёр даярдап бербейсизби. Атайын кафедра ачып берейин” дедим. Агабыз каршылык көрсөткөн жок. Бакыт Тилегенов, Рахат Осмоналиев, Нурманбет Полотов өңдүү мыкты дирижёрлорду тарбиялап чыгарды. Далай бүтүрүүчүлөрүбүз дүйнөнүн чар тарабына учуп кетти. Жумакматов дүйнөдөн өтсө дагы аркасында ал үйрөткөн өнөрдүн жакшы-жакшы ээлери калды. Орусча айтканда “цепное дыхание” деп коёт музыканы. Чынжыр сыяктуу бир-бирине байланышып, эстафетаны бул муундан тигил муунга берип кете берет.
— Азыр сиздерде канча студент билим алууда?
— Бизде болгону 500дөн ашыгыраак бала окуйт, анын баары бюджеттик негизде билим алат. Кыргыздын атын сактап кала турган түркүктөр ушулар. Казак-өзбек туугандар бизге келип окуганды самайт. Бирок биз аларды кабыл албайбыз. Окутуу системасы бюджеттик негизде экенин шылтоолоп, өзүбүздүн элибиз үчүн кызмат кылгыбыз келет. Биздин окуу жайдын дагы бир чоң артыкчылыгын баса белгилеп айтып өтөйүн. Дүйнөдөгү бардык консерваториялар “Болон системасы” деген системаны кабыл алган. Москва консерваториясы менен биз, эки гана консерватория ал системага кирген жокпуз. Анткени, мага теорияны мыкты билген студент эмес, Америкада дагы нотаны алдына койсо, аспапка жан киргизип, укмуштуудай ойноп ийген студент керек. Ошентип, келечектеги музыка ээлеринин алдында биздин жүзүбүз жарык. Мына, жакында Кытайда бүткүл дүйнөлүк музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун чогулушуна барабыз, буюрса. Ошондой жан дүйнөнүн майрамдарында “Силер эң мыкты жолду тандагансыңар” деп башка ректорлор колубузду кысып куттукташат. Музыка деген бир өзгөчө байлык. Адамдын ички дүйнөсүн тазарткан, бийиктеткен да музыка. Буга котормочунун кереги жок, баары түшүнөт.Бизде илгерки советтер союзунун көрөңгөсүнөн калган мугалимдер да бар. Жаштарга орун жок, улгайып калган, качанкы адамдар иштеп жүрүшөт деп калат го. Бирок, музыка дүйнөсүндө музыканттын жашы канчалык улуу болсо, ал ошончолук кадырлуу болот. Мугалим болуу үчүн дагы өзүнчө талант керек. Эң сонун ырдаган, сахнада элди таң калдырган ырчы мугалимдикке жарабай калышы мүмкүн. Ал эми сахнага бир да чыкпай, ички дүйнөсүндөгү талантын, билимин балдарга жеткире билген ырчыдан күчтүү мугалим чыгышы мүмкүн. “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” дегендей, сынчы да болуп бүтөт экенсиң. Канчалаган балдарды тарбиялап, канчалаган мугалимдерди электен өткөрүп жүрүп, Толубай сынчы болгону калдык. Азыр биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн чар тарабында жашап, иштеп, сахналарга чыгып жүрүшөт.
— Агай, айтсаңыз, композиторлук бактылуу тагдырды кандайча тандап калдыңыз эле?
— Артка кылчайып көз чаптырсам Москва консерваториясын кечээ эле бүткөндөймүн… Мен музыкалык мектепке окуйм деп шаарга качып келгем. Анткени, чоңойгон сайын музыкага ышкым арта баштады. Досум Жылдызбек: “чоңойгондо учкуч болом дагы, асманда самолётто баратып ырдайм” дечү. Ал аккордеон чертчү. А мен “бул кыргыздын аспабы эмес” деп аккордеонду жактырбай, “кыргыздын аспабы ушу” деп комуз, ооз комуз черткенди үйрөнгөм. Андан сырткары, мандолина, гитарада дагы ойночумун. Ал кезде теле, радиону эл жаңыдан колдоно баштаган кез болчу. Радиодон Бахтын, Бетховендин, Чайковскийдин чыгармалары жаңырганда таң калып, “атаң гөрү-ү, эмне деген гана музыкалар!” деп тамшанып, берилүү менен угар элем. Музыка менен бирге эле композиторлордун өмүр-тагдыры жөнүндө баяндар дагы берилчү. Андагы “увертюра”, “каприччио” деген сөздөр кулагыма бир башкача сонун угулчу. Бул эфирлер радиодон берилери менен баса калып угуп жүрүп, симфония, увертюра деген эмне экенин айырмалап билип да калдым. Композитор деген ким экенин билчү эмесмин, түшүнгөндөн кийин “чоңойгондо композитор болом” деп айта баштадым. Обончу обон гана жазат. Ал эми обонду шөкөттөп, кооздогон, музыканын философу, жазуучусу – композитор болот экен. Ошентип жүргөндө досум экөөбүз шаарга кетели десек, анын ата-энеси макул болуп, менин ата-энем улуксат бербей койду. Мен шаарга окуганга абдан ынтызар болуп жүргөнүмдү, мени качырганга анын жардамы керек экенин чоң апама айттым. Чоң апам мени түшүнүп маасысына салып жүргөн акчаларынан берди. Бир күнү качып чыктым. Ал кезде Миң-Куштан Фрунзеге бир эле автобус каттачу. Эптеп түшүп алсам дегенде эки көзүм төрт болду. Чоң апам мен автобуска түшкөнчө карап туруп, автобус ордунан жылганда атам-апамды чакырып “Кокуй, бала кетти! Анын качканына мен жардамдаштым. Тыйынын бердим, бирок жаш бала чоң шаарга жалгыз барса эмне күндү көрөт? Бириң аркасынан жетип барып, жайгаштырып келгиле” дейт. Анан аркаман агам машине менен кууп келип, автобуска эптеп түштү. Калаага келсек, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке 28 жашында директор болуп Топчубек Тургуналиев аксакал жетектеп аткан экен. Ошол кишиге жалдырап, ыйлап атып мектепке өтүп, сегизинчи класска отурдум.
— Москвадагы даңазалуу П.Чайковский атындагы консерваториядан билим алган экенсиз?
— Музыкалык мектепте төрт жыл окуган соң Москвага жолдомо алдым. Ал кезде Москвадан мамлекетке адамдын саны боюнча лимит берилчү. Көрсө жолдомону башка окуучуга берип, лимит мага жетпей калган үчүн жолдомонун көчүрмөсү менен мени жиберип ийишиптир. Берки бала го сөз жок өтөт, бул дагы багынан көрсөн десе керек. Мен төрт экзаменден өтүп, бешинчисине келгенде экзаменге уруксат берген жок: “силерде министрлик ката кетирип коюптур, лимит жок экен сага. Эмки жылы кел” дешти. Мени мугалимдер кийинки экзамендерге катуу даярдады. Тапшыра турган убакта мен Институтту эмес, Консерваторияны тандадым. Аны бүтөрүм менен Францияга чоң сынак болуп, ал жакка дагы жолум ачылып өтүп кеттим. Парижде 8 ай, Германиянын Кёльн шаарында эки жыл билим алдым. Күн-түн дебей жаздым, жазган музыкаларым оркестрлерде ойнолуп жатты. Кызыгы, жаш композиторлордун чыгармаларын дароо эле кабыл ала беришпегени менен, менин музыкаларым абдан жолдуу болду.
— Эми кеп кезегин жубайыңыз КР эмгек сиңирген артисти Зенона Слензак-Бегалиевага бурсакпы деген оюм бар, агай. Кыргыздын бир кызыл жүздүү кызына буйрубай калганыңызга таң калам…
-Москвадагы окуу жайда билим алып жүргөндө пианинодо окуган кыргыз кыз бар эле. Кыргыздар бири-бирибиз менен жылуу мамиледе элек. Анда алдыңкы деген айлыктар 70 сом болсо, менин бир эле алган гонорарым 7000 сом болчу. Зенона ошол пианиночу кыз менен бир бөлмөдө жашачу экен, анда тааный элек кезим. Бир күнү мени “мык кагып берип койчу” деди кошунам. Алардыкына баратып шымым бир учтуу нерсеге илинип, тартып ийсем айрылып кетти. Бир колум менен шымымды кармап, бир колум менен мыкты кагып жатсам: “Абдан таң калыштууу жигит экен. Кыргызсызбы? А эмнеге бизди түз карабай жатасыз” деди берки бөлмөлөш кызы. “Жөн эле… мен уялган деле жокмун” дедим. Кыргыз кыз:“Муратик, киного барып келбейлиби” деди. Үчөөбүз кечинде киного кирдик. Кинодон чыккандан кийин кыздар бири-бири менен сүйлөшүп жатышат: “ачка болуп кеттим, бөлмөдө бир нерсе барбы жегенге?” деди бири. Анда экинчиси: “Эч нерсе жок” деди. Ал кезде Москва боюнча аэропорттогу ресторан гана түнкүсүн иштечү. Узак жол жүрүш керек эле. А мен акчалуу музыкантмын. Селкилерди ресторанга алып барып, тамак ичирип, курсагын тойгуздум. Эртеси күнү:“Эми, биз сени Чоң театрга чакырабыз” дешти. Ошентип ээрчишип, далай бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Айткандай эле өзүңдүн далай кыргыз кыздар мага турмушка чыгам деп келишти. Бирок, бири жоош, бири бейбаш, бири чуулгандуу болуп көңүлүмө төп келгени жолукпады. Анан албетте, өзүңдүн жүрөгүңө жаккан адам менен баарлашасың. Албетте, тагдырдын буйругу деген бар экенине, чын экенине ынанасың.
— Сизди улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов “Муратбек — музыканын генийи” деп айткан дешет?
— Анык гений Айтматов өзү. Мен өзүмдү гениймин деп эсептебейм. Балким көңүл улаппы же көп жылдык байланыштын таасиринен улам айтылдыбы, билбейм. Жүрөгү сүйгөн кишиге жылуу сөзүн айткысы келсе керек. “Кандай аял тууду экен, Муратбектей уулду? Ыя, Мурат, сенин апаңды бир көрсөм болот эле” деп тамашалап калчу. Кийин апамды көрүп “атаңыз менен жолукпай калдым, апаңыз мыкты киши экен, сиз ушу адамдарды тарткан турбайсызбы” дегени эсимде.
— Улуу жазуучу менен турмуштун кандай кырдаалында таанышып, жакшы алакаңыздар качан башталды эле?
— Албетте, Чыкемдин чыгармаларын бала кезимде көп окуп, алгачкы тааныштыгым ошондо башталган. “Чыңгыз чыкты чыңырып, Чыгыштын баарын кыдырып” дегендей, жазуучу Чыңгыз дагы бүтүндөй жер шарын селт эттире чаңырып чыкканда, ар бир чыгармасын окуганга жанталаша шашчу элек. Андан сырткары “Миң бир түндөн” тартып оголе көп жазуучулардын чыгармаларын жан куржунума салдым.
Өзү менен Москванын алдындагы Барвиха деген шаарчадан Төлөмүш Океев тааныштырган эле: “Кожожаш” тасмасын тартканы жатам, сен композитор болуп бер деп алып барган. Мен ал кезде консерваториянын студенти болчумун. Түштөнгөнү барсак, залды карап эле “Ой, Чыкем отурган турбайбы” деди. Мен кол сунуп саламдашкандын ордуна кыргызды көргөнүмө кубанып кетип, түз эле кучакташтым. “Бул жакта билим алып аткан турбайсыңбы, азамат “ деп жылуу сөзүн айтканы менен тереңден таанышкан жокпуз ал жолу. Ортодон убакыт өтүп, окуумду аяктап Кыргызстанда жүрөт элем.
Бир күнү Турдакун Усубалиев чакыртканынан барсам ал киши: “Эмне үчүн чакырганымды билдиңби?” деп блокнотун көргөздү. Менин фамилиямды ар жолу укканда ар башкача кылып 12 жолу жазып алыптыр. Кетээримде: “бул жакка киргендин баары бир нерсе сурачу эле. Сизге эмне керек, тартынбай ачык айта бериңиз” деди. “Концертимди берейин деген ниетим бар эле. Жакшы болсо жакшы деңиздер. Жаман өтүп калса унчукпай эле коюңуздар, жашыруун бойдон калсын!” десем: “О-ой, бул жигит кызык. Шаарда үйүм жок, үй-жайга жардам берип коёсузбу” дейт го десем…” деп башын чайкап күлдү. Ошол замат эле “жаш композитордун концертин өткөргүлө” деп тапшырма берди. Турдакун Усубалиевич өзү Москвада болуп, концертиме катыша алган жок. Ошентип эң алгачкы концертим Фрунзеде өтүп жатканда турмушумда чоң окуя болуп кетти. Концерттин аягында Асанкан Жумакматов мени сахнага чакырды. Ал учурда жарык көзгө, бетке түз тийип залдагы жыкжыйма эл көрүнчү эмес. Жүгүнүп атсам Жумакматов мага күбүрөгөндөй болот, улам “Чыкем, Чыкем…” деп коёт. Карасам бир 7-8 жаштардагы кичинекей татынакай кыз гүл сунуп, аркасында Чыңгыз Төрөкуловичтин жүзү көрүндү. Көрсө, Чыңгыз ага кызы Ширинди көтөрүп алып мага гүл бердирип жатыптыр. Бир тал гүлү дагы укмуш экен, башы чоң келип, күн тийгендей болуп турат экен. Аны чуркап барып ала койдум. Ал кезде мен дагы аябай эмоционалдуу элем, сахнадан жазуучунун жанына секирип түшүп, кучакташып көрүштүм. Келгенине абдан ыраазы болдум. Анткени, концертке чакыруу берген эмес элем. Өзү жарнамадан угуп калып, үй-бүлөсү менен келиптир. Ширинди көтөргөн бойдон элди жарым саатка жакын кол чаптырып турду.
— Жүз а балким миң жылда бир жаралган калемгерден кандай баалуу нерселерди ала алдыңыз?
— Ошол күндүн эртеси эле үйүнө чакырды. “Кел, чай ичели, иним. Сенин келечегиң жарык экен. Мындан ары жакшы мамиледе болуп жүрөлү. Музыкаң бизге аябай жакты. Мен далай жолу чет өлкөдө жүргөндө уккан элем, сен жөнүндө. Муке, эми сага ак батамы берейин” деп батасын берди. Андан кийин өмүрүнүн акырына чейин кадырлаштык. Нечен кымбат күндөрдү өткөрдүк. Мен Москвадан окуумду бүтүп келип, увертюрамы жазып аткам, ошону бүтүрө коеюн деп композиторлор союзуна барсам Москвада Переделкино деген чыгармачыл адамдардын эс алуу жайына барып жазып кел деди. Келинчегим экөөбүз барып жаңы эле орун алып атсак Чыңгыз Төрөкулович өтүп баратат. Жанында далдайган жан сакчылары бар. Ал учурда Горбачевдун кеңешчиси эмес беле. “Ой, сен кайдан? Муратбексиңби?” деди. Биз турган үйлөр чоң короодо экен, анын ичинде эки-үч дача бар. Эң чоңу Чыкемдики, эң кичинекейи меники. Ал жерде бир жарым жылдай кошуна болуп турдук. Ата-баладай болуп эки үй-бүлө үч маал чогуу тамактанабыз. Кечкисин жетелешип алып Переделкинону кыдырабыз. Кышкысын чокой, ичиктерди кийип алып сырдашканча басабыз. Күндүзү жумушка кетет ал киши. Мен олтурам пианинону даңкылдатып… Терезебиз тиктешип турат.
Түнкүсүн Чыкемдин чоң терезеси балбылдап жарык чачат. Чыкемдин иш бөлмөсү экинчи, менин иш бөлмөм биринчи кабатта. Ал киши чыгармасын жазып отуруп чарчаганда терезени ачат дагы, эки колун желкесине алып керилет. Анан мага кол булгайт. Мен терезени ачам да “кеттикпи-ии?” деп ишаарат кылам. Ал “коё тур” дегендей кылып колун кайчылаштырат же “бери кел” дегендей жаңсайт. Үйдөн кофе же айран ичип алып кезектеги сейилге акырын чыгабыз. Жолдо бейит-шаарча бар. Өтүп баратканда токтой калып: “Мурат, кол менен көрсөтпөйт мазарды, бирок бул жерде кимдер жатат билесиңби? Анна Ахматова, Пастернактар ушул жерде” дегени эсимде. Кийин мени Евтушенко, Вознесенскийлер менен тааныштырды. Ал улуу акындар дагы күнү бүткөндө ошол көрүстөнгө жатышты. Улуу жазуучу чыгармачылыгында кандай бийик болсо, турмушунда дагы кең пейил, берешен жан эле. Өзү ичимдикке жок болчу. Бирок менин кызыл колбаса менен пивону сүйөрүмдү байкап алыптыр. Бир күнү аркасынан дүкөнгө барсам кымбатын, сапаттуусун бер деп сурап жатат дагы, мага эле чактап эмес, үйүп-жыйып алып жатат. Советтер Союзунун элчиси кезинде он күнгө келсем, кетиргиси келбей бир айга алып калса болобу. Чоң банктардын ичинде өтүүчү, музыка дүйнөсүнүн дөө-шаалары катышкан жабык концерттерге алып барып жүрдү.
— Залкар жазуучунун өмүрүнүн соңку мезилдери эсиңизде барбы?
— Акаевдин учурунда министрлик кызматты аткарып калдым. Ошол мезгилде эң биринчи сыйлыкты Швецария мага жибериптир. Мен “Чыңгыз Төрөкулович алмайынча мен албаймын” дедим. Ошентип биринчи сыйлык Чыкеме ыйгарылды. Дүйнөдөн кайтар кезинде “уулум Элдардын өкүл атасы сенсиң” деп өкүл ата койду бизди. Азыр өкүл уул-кызыбызга улуулук акылыбызды айтып турабыз. Ал киши каза болгондо Төлөгөн Касымбеков экөөбүздү таңкы саат жетиге радио маекке чакырышты. Ошондо Төкөм: “Бүт дүйнөдөгү чыгармачыл адамдардын баары биригип туруп, бир убакытта өкүрсөк Кудайга жетет беле үнүбүз?! Улуу адам кетти, тоо кулады!”деди. Мына, улуулуктун белгиси.
Маектешкен Афина БАКИРОВА