Жаналы НУРМАНБЕТОВ: «Топ жарар Топчукеден айрылдык…»

Жаналы НУРМАНБЕТОВ: «Топ жарар Топчукеден айрылдык…»

Бишкекте “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын биринчи президенти, саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Манас Улуттук Академиясы билдирди.

Эсен болуп, эстей жүр!

ТОП ЖАРАР ТОПЧУКЕДЕН АЙРЫЛДЫК…

Журналист Жаналы НУРМАНБЕТОВ «Фейсбуктагы» баракчасына маркум тууралуу төмөндөгүдөй эскерүү жазды:

… Дилинде таасын оюу бар, тилинде курч сөзү бар топ жарар, каражаак Топчукем бул дүйнөдөн өтүптүр. Кудайым бейишинен берсин…
Он күн мурда эле «Novotel» мейманканасында Виктор Козодойдун «Эренек» китебинин презентациясында көрдүм эле…
…Топчуке менен качан, кантип таанышканым жана анын соңку кыргыз тарыхындагы орду жөнүндө эки жыл мурда кыскача экспромт макала жаздым эле…
Кайталап берип жатканым – бейитиңиңизге койчу гүлдестем болсун…
———————————
Топчу кулак тору атым
Тору атым эмес – канатым!
Топ жыйынга келгенде
Топ жарып турчу – адатың…
Кайчы кулак кара атым
Кара атым эмес – канатым!
Калың элге келгенде
Какылдап турчу – адатың
…деп элдик ырдын стили менен «Топчукеме арноомду» айтып салам берип кирип барсам, «какылдап!» дегениң жакты деп адатынча карсылдап бир күлдү дейсиң!…
… 1975-жылдар. Аксы райгезитте иштечүмүн. Дем алыштын бир күнүндө райкомдо дежур элем. Приемныйда эл жок, экинчи кабаттан сыртка көз чаптырып тургам. Сур «Волга» келип токтоду. Турпаты каратист сымал бирөө шыпылдай басып кирип келди.
–Топчубек Тургуналиев,- деп өзүн тааныштырып, Роба Насыровнаны сурады. Ал эжеке кабинетинде болчу, райкомдун экинчи секретары Абдысаматова.
Фрунзеден – ЦКдан бирөө келет, мага кийирип кой деген болчу. Бул «бала» ЦКдан келген кишиге окшобой турат, күмөн санап, түз байланыш телефондон эжеден тактап сурасам, кабинетинен өзү чыгып келип тосуп алды. Кетээринде машинасына чейин узатып коюп кайра келатканда:
–Топчукени тааныбайт белең, опера балеттин директору, философ,- деп коюп кабинетине кирип кетти.
Жакын адамындай узатканына караганда тааныш окшойт деп калгам. Топчукем Москвадан окуганын кийин билдим. Роба Насыровна да МГУнун философиясын бүткөн «железная леди» кыз болчу…
… Компартиянын идеологиясын бекем тутунган, ЦКда иштеп такшалган Топчуке кийин Горбачевдук кайра куруу дегендин шарданында демократиялык агымга ык коюп, жаңыча көз караштагы жаштардын башында жүрүп, «Ашар», «КДК» деген кыймылдардын, «ЭрК» партиясынын мотору, дирижеру болуп, Топчуке деген ат эл оозунан түшпөй турган мезгилде Жогорку Кеңештин бир палатасына депутаттыкка кандидаттыгын коюп калды.
… 1995-жылдын чыкыроон январы. Бул жолку шайлоого Эл жазуучу Төлөгөн Касымбеков да катышып жаткан. Сары-Челек мамлекеттик коругундагылар менен жолугушка баратканбыз (мен шайлоо штабында элем). Калың карда кууш күрөлгөн Аркыттын жолунда алдыбыздан бир джип машина чыга калып, таталама жерде жол кезегин күтүп калдык.
Рулда Топчуке экен, Төкөнү көрө калып түшө калды. Ал да кандидат, шайлоо үгүтү менен жүрүптүр. Экөө кыйла сүйлөшүп турушту. Төкөгө парламенттик шайлоо системасынын ал кезде эч ким түшүнө элек жаңы моделдери жөнүндө айтып берип жатты…
«Можаритардык», «пропорциялык», «можаритардык-пропорциялык» деген политологиянын жаңы терминдерин, алардын ар биринин маңызы жөнүндө биринчи жолу ушу кишинин оозунан уккам. Мындайды чынында Төкө өзү деле жакшы түшүнө элегин мойнуна алып, Топчукенин «лекциясына» чык ыкластан ыраазылыгын айткан эле.
(Топчукенин саясий карьерасындагы тагдырын чечкен олуттуу бир учурга кыйыр күбө болгонум бар, аны өзүнө гана айтып беришим керек эле)
… Топчуке быйыл майда 80 жашка толот. Мурдагы курчтугунан кайта элек, дагы деле болсо узакка чабылчу буудандай ыргыштап турган убагы, карылыкка моюн сунар эмес. Ушу тапта «Манас» жана Чынгыз Айтматов Улуттук Академиясынын президенти. Соңку кыргыз демократиясынын баштоочуларынын аксакалы, демократия багытын карманган кийинки бүтүндөй эки муундун идеялык жолбашчысы, корифейи катары өлкөнүн коомдук-саясий турмушунан четтеп калган жок.
Топчукенин оратордук чеберчилигинин мисалдары окуу жайларында окутулса деген ой (окутулуп жаткандыр). Мисалы, оратор Ленин аудиторияны үч-төрт мүнөттө тартып алган болсо, Топчубек Тургуналиев деген каражаак сөз баштаары менен эле элдин көңүлүн өзүнө буруп кетер өзгөчө касиети бар чечен персона. Бир убактарда анын «Акаай-йев кетсин!» деген ураанынын өзүндө эле канча мобилизациялык дем, канча энергетикалык заряд жатчу эле!…
Жаналы НУРМАНБЕТОВ
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.