ВИДЕО — «Күйөө сатылган тойго» Аалы менен Султан келип… Казак куудулу Кабатовдун сыйлыгы тапшырылып…

ВИДЕО — «Күйөө сатылган тойго» Аалы менен Султан келип… Казак куудулу Кабатовдун сыйлыгы тапшырылып…

«Күйөөсүн саткан» аял…

«Семетейчи Сейдана”, “Жамийла”, “Кызыл жоолук делбирим”, “Текшерүүчү”, «Күйөө сатам» спектаклдери менен Бишкекке келген Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын чыгармачылык сапар жумалыгы кечээ (13-ноябрда) аяктады. Чыгармачыл жамаат Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү драматург Жеңишкүл Өзүбекованын «Күйөө сатам» спектаклин концерттик программа менен айкалыштырып жыйынтыкташты…

Соңку спектаклде башкы ролду Маданияттын мыкты кызматкери Тумар Олжобаев ойноду. Сюжет боюнча башкы каарманды турмушуна нааразы аялы үйүнөн кууп чыгып, ал аз келгенсип ачуусу менен шаардык бай кызга сатып жиберет. Бай кыздын ролун Тумар Олжобаевдин турмуштагы жубайы, маданияттын мыкты кызматкери Анара Алчынбекова ийине жеткире аткарды. Жубайлар «Жамила» спектаклинде да башкы каарманды  мыкты ойношту…

Спектаклдин аягы той менен аяктап, «тойдун» башын театрдын фольклордук ансамбли ачып, андан кийин төкмө акын Аалы Туткучев төктү…

Анан ырчы Султан Садыралиев жандуу үн менен ырдап, элди кошо ырдатты…

Эдил Байсаловдун эмоциясы…

Аягында сахнага КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов чыгып, театрдын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктап сөз сүйлөштγ.

«Маараке сиздер үчүн чоң ийгиликтердин башталышы болсун» деген Эдил Байсалов залда жазуучу Роза Айтматова, Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова отурганына, залдын толгонуна кубанып, театрдын фольклордук ансамбли кыргыз күүлөрүн Филармония ансамблинен кем калышпай ойногонун баса белгилеп, эргүү алган эмоциясы менен толкуп кыйла сөздγ сγйлөдγ.

Ал эми министр бул маданий сапар анын чарбачылыгындагы иш болгондуктан, артисттердин гастролго чыгуусуна жакшы шарттар түзүлөрγн, бир жума чарчабай, чаалыкпай өнөр тартуулаган театр жамаатына ыраазычылыгын айтып, театрдын мурдагы директору КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубан Эстебесовдун кызматтан түшүп калганына таарыныч кылбай, талыкпай дале театрда иштеп жатканына ыраазы болуп, Ардак громатасын тапшырды.

Казакстандан келген кат…

Андан соң Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасынын орун басары, чыгармачыл адамдар дегенде тикесинен тик туруп салымын кошкон, иш-чараларга кол кабыш кылган Жылдызбек Абдраимов Алмагүл Алсеитовага «Талас облусунун ардактуу атуулу» деген наамды тапшырып, казак куудулу Турсынбек Кабатовдун ыраазылык катын окуп, төш белгисин театрдын азыркы жетекчиси Акылбек Алыбаевге тапшырды.

Келинге жоолук… Жүгүнүү…

«Күйөө сатам» спектаклинин автору Жеңишгүл Өзүбековага сөз берилгенде, салт кармаган эжебиз: «Амансыңарбы, кыргыз элим, калдайган кайын журтум!» деп жүгүнүп, «Капар Медетбеков» деп атынан атабай, «кайын агамдын атынан коюлган театрдын 15 жылдыгы менен куттуктайм» деп жүрөктү жылытты.

Спектаклди турмуштан алып жазганын, ага жан киргизип берген театрдын артисттерине ыраазычылык билдирди.

Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова эжебиз сахнага чыгып атайын ала келген жоолугун салып, чекесинен өптү. Андан кийин Дарика эже менен КРнын аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков Чыңгыз Айтматов атындагы төш белгини театрдын мурдагы директору Кубан Эстебесовго тапшырышты.

Ападан ак бата…

Жагымдуу бул кечени тартуулаган театр атын алып жүргөн Капар Медетбековдун байбичеси Калемкаш апа да келиптир. Апабыз сахнага чыгып, театрдын 15 жылдыгы менен куттуктап, «Арактан алыс болгула! Бир жерде отура бербей чет өлкөгө да чыккыла!» деп ак батасын берди…

Ошентип, чыгармачылык сапарын “Семетейчи Сейдана” спектакли менен баштап, жагымдуу маанай менен жыйынтыктаган театр Таласты карай сапар алып, кыйла чыгармачылык дем-күч, эргүү, идея, ойлорду жүктөй кеткенинен күмөнүм жок…

«Адам өлсө, сөзү калат артында, Жакшы атагы жашай берет калкында»

деп Жусуп Баласагын айткандай, таланттуулардын өздөрү өтсө да, сөздөрү, таланты, даңкы, даңазасы айтылып, аттары жашай берерине дайыма ынанып келем. Дегеним, бүгүнкү күндө өздөрү жок, бирок жүрөктөрдө жашап жаткан мыктылар — аталган театрдын ачылышына чоң салым кошкон акын, искусство таануучу, театр сынчысы, котормочу, драматург Сарман Асанбеков менен КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаевдин ысымдары аталганы кубантты… Экөө тең керемет бир адамдар эле…

Театрдын жаш таржымалы…

К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын курулушу Талас шаарында 2008-жылы башталып, ортодо каржылык жетишсиздиктин айынан создуктурулуп жатып, 2017-жылы ачылган. Туруктуу чыгармачыл топ Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин (азыркы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети) жана Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнөн тγзγлгөн. Республикалык, эл аралык театр фестивалдарынын жана сынактардын катышуучусу жана дипломанты.

Театрдын алгачкы сезону «Арыба, Ак кеме», «Үмүттүн турналары» (Ч. Айтматов, режиссер Э. Бекболиев, Ш. Мендебаиров) спектаклдери менен ачылса, азыр репертуары кыйла бай:

«Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (Б. Жакиев, режиссёр А. Абдыкалыков),

«Назик жүрөк азабы» (В. Сологуб, режиссёр С. Сазаев),

«Периштенин махабаты» (Т. Мухамадризо, режиссёр, И. Жунусов),

«Телибай тентек» (Б. Калчаева, режиссёр И. Жунусов),

«Коркок жоокер» (В. Якуб, режиссёр И. Жунусов),

«Чокчолой баатыр» (К. Ажымүдүнов, режиссёр М. Касаболотова),

«Аялдардын шаң кече» (Хакимзада Ниязи, режиссёр О. Хожагули),

«Күйөө сатам» (Ж. Өзүбекова, режиссёр Ш. Мендебаиров), «Алтын апельсин» (М. Варфоломеев, режиссөр И. Жунусов),

«Апендинин беш катыны» (И. Содиков, режиссёр И. Жунусов, К. Сатыбалдиева), «Алтын Куш» (элдик жомок, режиссёр И. Жунусов) ж. б.

Театрда А.Алсейитова, Р. Сарымсакова, Р.Орозова, А. Бекболотов, Т. Олжобаев, А. Абакирова, Н. Эржанов, Ү. Нааматова ж. б. артисттер эмгектенишет. Артисттер жана кызматкерлер үчүн Көк-Ой айылында жатаканасы бар. Имаратын куруу иши 2008-жылы башталып, 2017-жылы колдонууга берилген театрга СССРдин эл артисти Капар Медетбековдун ысымы 2011-жылы ыйгарылган…

Назира СААЛИЕВА

P.S. 44 жылдан бери сахнада ар кыл ролдорду жаратып келаткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алмагүл Алсеитова менен болгон маек жакында…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.