РЕДАКЦИЯДАН: Жыл сайын жакшы үмүт менен Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөбүз… ак дасторконго отурабыз, каалоо-тилек айтабыз. Мына, кечээ Жылан жылын узатып, Жылкы жылын жакшы тосуп алдык. Ар бирибиз ак жолтой жыл болсун деп тилек кылдык. Кабыл болсун!
***
Атактуу композитор, жазуучу, бир топ сыйлыктын ээси, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» китебиндеги «Балкитеп» (гороскоп) бөлүгүндөгү Жылан жылын берип коюуну туура көрдүк.
ЖЫЛКЫ ЖЫЛЫ (чынчыл адам)

Жылкы келишимдүү, көрктүү жаныбар. Жалын эле айтса узун кеп! Ал театр, концерт, жыйын, кыскасы, эл жыйылган жерлерди жакшы көрөт. Көңүл улап сүйлөгөндү билет. Шайыр, бажылдап көп сүйлөйт, өң-түстүү, а тургай белгилүү болуп кетиши да мүмкүн. Маданияттын кайсы бир тармагында ийгиликтүү иштей алат. Топураган элди жакшы башкарат. Себеби, алардын оюн айта электе эле сезип, алдын алып турат. Анын кара жумушка да жөндөмү бар. Маданиятынан эпчилдиги ашып түшөт. Өзүнө-өзү анча ишенбейт. Ошого карабай ишенимдүү жүрөт.
Жылкынын каны суюк. Анын жолдон чыкмагы иттен арзан. Бир жолу оюн салат да, далай, нерседен ажырайт. Анын даргазап кезин бир көргөн адам ага өмүр бою ишенбейт. Себеби, ал байлатма жиндиликке чейин барышы мүмкүн. Жакшыраак жашагысы келсе, ушул адаттарын ташташы керек. Кемчилиги такыясына батпайт.
Сыртынан алаңгазар көрүнгөнү менен, Жылкы өзүмчүл. Өз жолундагыларды кабагым-кашым дебей эле тебелеп кете берет. Андайда аны абийир да кыйнабайт. Себеби керт башынын кызыкчылыгы баарынан өйдө турат. Ал башка бирөөлөрдүн ишине аралашкан күндө дагы дайыма өз арбайын гана согот. Табияттан өтө эле көз каранды эмес жаралган, эч кандай кеңешти укпайт да, башына эмне келсе, ошону жасай берет. Ал жаштайынан үй-бүлөдөн кетип, өзүнчө оокат кылганы дурус.
Өзү деле ошону жасайт. Себеби үй-бүлөнүн ташпишин көтөрө албайт.
Ал үй-жай күткөн кезде өзүн үйдүн ээси деп сезет. «Бардыгы менин тегерегимде парвана болуп турушу керек, анткени мен болбосом булардын оокаты өтпейт» деп ойлойт.
Качан болсо өз көйгөйүн тартып жүргөнү менен, анын жасаган иштеринин убайын бардыгы көрөт. Тилекке каршы, кандай ишти баштаса дагы, ал андан заматта тажап чыга келет. Бирок, бир аз убакыт өткөн соң кайра баштайт. Жалгыздык менен байланышпаган кандай кесип болсо дагы, анын колунан келет. Ал дайыма аны мактап, жактап тургандардын курчоосунда жүргөндγ жактырат.
Өз сүйгенүнүн алдында алсыз неме. Сγйγγнγн дартынан баарынан кечип кетиши мүмкүн. Ашык болгон Жылкыга чак түш караңгы экенин көрүп эле жүргөндүрсүз. Ошонун азабынан көбүнчө жолу болбойт. Эгер бул жагдайда өзүн башкара алса, анда Жылкы чоң бакыттын ээси болор эле.
Өмүрүнүн биринчи жана экинчи бөлүгү бейпай болот. Жаш кезинде үй-бүлөсүн таштап кетиши мүмкүн жана анын кесепети тийбей койбойт. Өмүрүнүн үчүнчү бөлүгү тынч болот. Жылкы жөнүндө сөз кылганда, жалындуу жылкы тууралуу айтпай кетүүгө болбойт. Ал алтымыш жылда барып бир туулат.
а) Барс, Ит, Кой.
б) Улуу, Жылаан, Мечин, Тоок, Кара кийик.
в) Чычкан.
Тγгөлбай КАЗАКОВ (“Эсимде”. 2011-жыл)

