Журналисттер жагымдуу, жакшы жаңылыктарды жазышсын!

Журналисттер жагымдуу, жакшы жаңылыктарды жазышсын!

Жалаӊ «Ж»

Ошентип Жылан жылын узатып, Жылкы жылын тосуп алдык. Талас облусунун Талас районундагы Арал айылынын тургуну Жакшылык уулу Мирлан кыргыз элин 2026-жылдын кирип келиши менен жалаӊ «Ж» тамга менен куттуктады.

Жакшылыктар жаасын жамгырдай

Жакшысыздарбы, жергебиздеги жашоочулар,
Жакындарын жарышта жандоочулар.
Жумуштарын жактырып жасагандар,
Жол жүрүп жүргөн жана жолоочулар.

Жаңырган жылкы жылда,
Жазылсынчы жакшылык,

жаңырып жандүйнөдөгү жарпыбыз.

Жалаң жакшы жышаандар жарышсын,
Жакшы жаңылык жергебизде жаңырсын.
Жетекчилер журт жагдайын жакшылап,
Журналисттер жагымдуу жаңылыктарды жазышсын.

Жакшылыктар жумалап жаасын жамгырдай,
Жаш жолборстор жаатташканын жеңсин жазгырбай.
Жылаажындай жеткинчектин жаңырыгы жаңырып,
Желегибиз желбиресин жалбырттап.

Жалаӊ «Ждан» жакшылыктарды жылоологон жөпжөнөкөй жигит Жакшылык уулу Мирлан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.