Эсен болуп, эстей жүр!
Журналист, котормочу, публицист «Даңк» медалынын ээси, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, кыргыз-тажик (эки элдин ортосундагы данакер) жазуучу Мирзохалим Каримов бүгүн (26-январда) түбөлүк уйкуга кетти.
Маркум агабыз үч жылдан бери оору менен алышып, абалы начарлап кеткенин, шарты жок темир павильондо жашап жатканын, жакында эле бөйрөгүн тезирээк алмаштыруу үчүн жардам керектигин «Азаттык» жазып чыккан.
«Азаттыктын» журналисти, акын Максат Жангазиев менен Мирлан Алтымыш уулу элден чогулган каражатты (97.800 сомду) агабыздын колуна тапшырышканын, бата бергенин жазышкан. Айыгат деген үмүттө элек… тилекке каршы, андай болбоду,.. акка моюн сунду… Бүгүн акыркы сапарга узатылып, сөөгү Токмокто жерге берилди.
Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады (некролог)
Кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу, публицист жана журналист Мирзохалим Каримов 72 жаш курагында узак оорудан улам каза болду.
«Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү Мирзохалим Каримов 1952-жылы Тажик Республикасынын Жерге-Тал районуна караштуу Бүтөө-Көл айылында жарык дүйнөгө келген.
1969-жылы кыргыз орто мектебин аяктап, 1971-1973-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1973-жылы Жерге-Тал райондук керек-жарак коомунда айдоочу болуп баштаган.
1978-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы аяктаган.
1984-жылга чейин Жерге-Тал районундагы тажик жана кыргыз тилдеринде чыгуучу райондук «Коммунист» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.
“Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”), андан кийин Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын “Эл жарчысы” гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, Иран Ислам Республикасынын Эл аралык “Альхудо” басмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө котормочу, “Азаттык” радиосунда штаттан тышкаркы кабарчы, “Жаңы кылым” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.
М.Каримовдун “Чыныгы сүйүү” деп аталган алгачкы аңгемеси 1978-жылы “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланган.
Студент кезинде эле анын аңгемелери, очерктери, өзбек, тажик тилдеринен которгон адабий эмгектери республикалык гезиттерде, “Ала-Too” ж.б. журналдарда жарыяланып турган.
1983-жылы “Мажүрүм тал” аттуу аңгемелер жыйнагы “Мектеп” басмасы тарабынан басылып чыккан. “Кыя жолдор”, “Жер жылдызы”, “Каратегин”, “Тажикстандык кыргыздар”, “Зындан”, “Алтын көпүрө”, “Кыз күйүтү” аттуу аңгеме, повесть, публицистикалык китептери жарык көргөн.
М.Каримов «Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери» деп аталган котормо китебин түздөн-түз тажик тилинен которгон.
Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” драмасын өзбек тилине, кыргыз-тажик акыны А.Абдуразаковдун “Өмүр өтсүн сени деп” ырлар жыйнагын “Апендинин жоруктары”, Хадис. Мухаммад пайгамбардын осуяттары, С.Давлатов “Мен жана акча”, Фазлиддин Мухаммадиев “Биздин Чыңгыз” китептерин которгон.
Омар Хаямдын рубаилерин кыргыз, орус, өзбек, тажик, англис, фарсы тилдеринде түзгөн. “Ата-бабалар табериги” кыргыздын үрп-адат, каада-салт, адеп-ахлак, ырым-жырым жана жөрөлгөлөр жыйнагын түзгөн. Тажикстандык кыргыздар: Диалектологиялык түшүндүрмө сөздүк, оозеки чыгармалар, макал-лакаптар, очерктер, маектер.
2005-жылы мыкты аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү, 2006-жылы мыкты аңгемелер жыйнагы үчүн 1-даражадагы Диплом, “Азаттык медиа” мекемеси уюштурган “Мен билген Айтматов” сынагына катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланган.
Кыргыз адабиятына кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланып, 2017-жылы “Даңк” медалы ыйгарылган.
Жазуучу, котормочу, публицист жана журналист Мирзохалим Каримовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз.
А.А. Максүтов, Т.М. Ажымалиев, Ч. Эсенгул уулу, А.А. Аскарова, М.Т. Тагаев, Н.Ө. Калыбеков, А.Ж. Жакшылыков, Т.С. Самудинов, К.Ж. Жусупов, Ө.Д. Даникеев, С.Ж. Жетимишов, А.Р. Рыскулов, К.Ж. Жусубалиев, М.А. Ааматов, Ш.Д. Дүйшеев, К.А. Ашымбаев, Т.М. Мамеев, М.А. Абакиров, К.Б. Бакиров, А.Ө. Өмүрканов, Н.А. Алымбеков, М.М. Мамазаирова, Т.З. Закирова, С.А. Акматбекова, Т.Т. Казаков, Ж.О. Кулмамбетов, С.Г. Суслова, ж.б.
«Кыз күйүтү»…
Тагдырдын татаал сыноосунан өткөн Салянова
ушундай аталыш менен 2022-жылдын 18-февралында биздин редакцияга Мирхозалим агабыздан кат келип түшкөн. Катты ачып окусак, агабыз андагы парламенттик шайлоого ат салышып жаткан, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Аида Салянованы колдогонун жана «Кыз күйүтү» аттуу китеби Аида айымга арналганын жазыптыр. Эки жыл мурунку кат толугу менен төмөндө:
— Мындан он жылдай илгери Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорлук өтө жооптуу кызматка дайындалганга чейин Аида Салянованы көргөн да, тааныган да эмес элем. Тамыры тереңдеп кеткен коррупцияга каршы күрөшүп, бир боор элине ак дилден кызмат кылууга дарамети жете турганын Башкы прокурорлук кызматка киришкен алгачкы күндөрүнөн баштап жүргүзгөн маанилүү иш-чараларынан, ар кандай жыйындарда сүйлөгөн чечкиндүү сөздөрүнөн, кабыл алган чечимдеринен даана сезгенмин. Ошондон азыркы күнгө чейин жүрөгүндө жалы, жандүйнөсүндө ыйманы бар турбайбы бул кызыбыздын деп, ичимден кубанып да, сыймыктанып да келем.
Тилекке каршы, арадан бир нече жыл өткөндөн кийин анын башына абдан оор, кайгылуу күндөр түштү. Бирок, ак менен каранын ортосунда тутанган оттун жалыны аны жалмап кете албады. Себеби, анын акыйкаттыгы, ички дүйнөсүнүн тазалыгы буга жол бере алган жок деп, азыркыга дейре ошого ишенип да, аны аяп да келатам. Анын ушундай кыйын абалга туш келгенине эң оболу адилетсиздик деген дүйнө бузар илдетти каргап алам. Анткени, дал мына ошол адилетсиздик аны наристесин да аябай темир тор артына чейин киргизип, ал аз келгенсип бир тууган инисинин өмүрүн да кыйды. Айтор, тамырында акыйкаттын каны жүгүргөн кыздын бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан агызды бул адилетсиздик. Өтө катаал жазаларга кириптер кылды, бул атың өчкүр адилетсиздик. Ошондой болсо да, ички дүйнөсүндө кымындай кири, кара ниети жок инсан ушундай оор күндөрдө да башын бийик көтөрүп жүргөнүн көрдүм. Сынган жок ал. Тагдыр буйругу менен бешенеге жазылган мындай катаал сыноолордо ушундай инсандар гана сынбайт жана башын өйдө көтөрүп жүрө алат экен.
Аида Салянованын башкы прокурорлук кызматты аркалап жүргөн жылдардагы тайманбастыгы көптөгөн кыргызстандыктардын дилине адилеттүүлүктүн чырагын жандырган. Ошолордун бир катары мен дагы андан көптү үмүттөнгөнмүн. Кыла берсе «Кыз күйүтү» деп аталган жаңы китебимди жүрөгүндө жалы бар ошол инсанга арнаганмын. Китептин титулдук барагына «Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулукту көзөмөлдөөгө, коррупцияга каршы күрөшкө тайманбай бетме-бет барган Аида Саляновага арнадым» деп чоң тамгалар менен жазып койдум. Мурда көрбөгөн, тааныш эмес жазуучу китебин арнап чыгарганына анын төбөсү көккө жетиптир. Бетачар аземи тарых музейинде өткөрүлгөндө ыраазычылык катты жана чоң пейзаж сүрөттү мага берип жибериптир. Ушул китеп аркылуу коррупция деген аты бар кооптуу ажыдаар менен алышып жүргөн патриот кызыбыздын көңүлүн көтөрүп койгонума мен деле кубанганмын ошондо.
Тагдырдын шаттык жолунда адилетсиздиктин далай азаптарын баштан өткөргөн Аида Салянова Бишкек шаарынын Свердлов районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгонун угуп, а эгер ал депутат болуп шайланып калса, элге сөзсүз түрдө ак кызмат кылат деп кубандым ичимден. Ички дүйнөсү таза, эч качан бой көтөрбөгөн, жүргөн-турганы жөпжөнөкөй ушул инсанга шайлоочулары жабыла добуш беришсе, өлкөнүн парламенти үчүн да, жакшы жашоону ондогон жылдардан бери зар болуп күтүп жүргөн жалпы эл үчүн да пайда болорун калыс инсан катары ишенимдүү айта алам.
Мирзохалим КАРИМОВ,
2022-жыл, 18-февраль
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.