Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры». Которгон Бахтияр Шаматов

Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры». Которгон Бахтияр Шаматов

Шолохов жана Шаматов…

Бүгүн биз орус жазуучусу, журналист, киносценарист Михаил Шолоховдун (1905-1984) кыргыз тилине которулган  «Судьба человека» аӊгемесин окурмандарга сунуштамакчыбыз. Кыстырма катары айталы дегенибиз, чыгарма өзү да, анын негизинде тартылган тасма да, кийинки жаштарды билбейм, союзду көргөн-билгенге жакшы тааныш. Көркөм тасмасы айтылуу режиссер, актер Сергей Бондарчук режиссердук саамалыгы болгон экен (кийин ал Шолоховдун «Алар Мекен үчүн күрөшкөн» жана «Тынч Донун» да тарткан). Башкы каармандын ролун да өзү аткарган. Эми ошол Улуу ата мекендик согуштун сыноо-кайгысын болушунча тарткан, аялы, кыздарын душман бомбасы, уулун душман огу жок кылган, кийин Ваня аттуу кичинекей жетим баланы атаңмын деп калп айтып багып алган орус жоокери Андрей Соколовдун татаал тагдыры кыргызчага которулуп отурат.  

М.Шолоховдун «Адам тагдыры» аӊгемесин журналист, котормочу Шаматов Бахтияр байкебиз мыкты которуптур. Агабыз тууралуу азырынча учкай тааныштыра туралы:  учурдагы иши — казакстандык “КАЗ Минералз Бозумчак” тоо-кен компаниясында котормочу болуп эмгектенет. Бир кезде жакшы окулган гезиттердин бири “Бишкек таймсда” чогуу иштегенбиз. Орус, кыргыз тилинде бирдей жакшы жазган агабыз гезитке да мыкты котормолорду берип турчу. Эки тилде эле жазбастан, эки тилде тең мыкты которот. «Бишкек таймс» гезитинин негиздөөчүсү, журналист, акын, устатыбыз Нуралы Капаровдун чыгармаларын («Следы на снегу» ) былтыр орус тилине которду. Ага чейин “Көчмөн Жаратман” (Таабалды Эгембердиев жөнүндө эскерүүлөр) китебинин түзүүчүсү болду. Жек Лондондун “Мартин Иден” романын, Михаил Булгаковдун «Собачье сердце» повестин кыргыз тилинде сүйлөттү. Бул эми биз билгендер, а билбегенибиз канча… Бүгүн сиздерге сунуштап отурган котормону да билип калып сурап алдык. Эми сайт барагына чактап бөлүп-бөлүп берели дедик, а сиздер, сандан-санга дегендей, калтырбай окуп туруӊуздар… 

Назира СААЛИЕВА

Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры»

(КПССтин 1903-жылдан бери мүчөсү Евгения Григорьевна Левицкаяга арналат)

Жогорку Донго согуштан кийинки алгачкы жаз болуп көрбөгөндөй эрте да, күрдөөлдүү да келди. Марттын этегинде эле Приазовье жактан жылуу шамал согуп кирген, эки –үч күн өтпөй Дондун сол жээгиндеги кум таптаза такырайып, талаадагы калың кар астында калган коо-колоттор көөп чыкты, муз бетин чарт сындыра тээп атылып чыккан талаа дайрачалары туш-тушка оюн сала жайыла тарамданып, жолдор такыр эле адам өткүс болуп калды. Жол жүрүп болбогон кабагы бүркөк ушундай ала-шалбырт маалда мага Букановская станицасына барууга туура келди. Аралык деле анчалык эмес эле – көп болсо алтымыш чакырым чыгаар, — бирок ошонун өзүн басып өтүү оңойго турган жок. Жанымдагы шеригим экөөбүз күн чыга электе эле жолго чыкканбыз. Каамыттын кайышын чирене тарткан семиз кош ат оор арабаны араңдан зорго сүйрөп баратты. Күпчөгүнө чейин кар менен муз аралаш нымдуу кумга баткан дөңгөлөктөр араң эле айланат, ошентип бир саат өтүп-өтпөй аттардын капталынан, сандарынан, куюшкандын ичке кайыштарынын астынан самындын ак көбүктөрү куюла баштады да, эртең мененки таза аба аттын тери менен жабдыктар чылпылдата майланган ысык кара майдын жытына толуп чыкты.

Аттар жүрө албай калган жерлерден биз улам арабадан түшө калып, жөө басып жаттык. Эриген суу кар таман астында шалпылдап, баскан да кыйын эле, бирок жол четинде хрусталдай күнгө чагылышкан муз дагы эле кете элек экен, басканга оңой болобу деп ал жакка чыксак, ого бетер тайгаланып баса алчудай эмеспиз. Ошентип алпурушуп отуруп алты саат дегенде жолдун тең жарымын – отуз чакырымды араң өттүк да, Еланка дайрасы аркылуу өтө турган өтмөккө жеттик.

Моховск хуторуна тушташ, анчалык чоң эмес, кургакчыл ысык жайда кээ бир жерлери кургап да калчу, саздак, чети кайыңдуу чакан дайра бир чакырымдай жерге жайылып агып аткан экен. Андан үч адамды гана араң көтөргөн эски, түбү жалпак кайык менен гана өтүүгө болоор эле. Аттарды коё бердик. Тиги өйүздөгү колхоздун сарайында бизди өткөн кышта калып кеткен эскилиги жеткен «виллис» күтүп турган эле. Шоопур экөөбүз абайлап, чалдыбары чыккан кайыкчага отурдук. Шеригим болсо буюмдар менен жээкте калды. Жээктен ары жылаарыбыз менен эле түбү чириген кайыктын улам бир жеринен суу фонтан сыяктуу атылып чыга баштады. Бирок эптеп аркы жээке жетип алгычакты ойрону чыккан кайыктын тешиктерин колго урунган бирдемелер менен жамаачылап, сууну улам сузуп салып жүрүп отурдук. Бир саттан кийин эптеп атып Еланканын аркы өйүзүнө чыктык. Шоопур хутордон машинесин айдап кайыкка жакын келди да, калакты кармап туруп мындай деди:

— Эгерде мобу каргыш тийгир дагара сууга чөгүп кетпесе, — эки сааттарга чамалап келип калабыз, андан эрте күтпөгүлө.

Хутор тээ четте жайылып жатты, причалдын жанында болсо тирүү жан жок, ээн жактардагы кеч күздө же жаздын башталышында боло турган кулак мурун кескен жымжырттык өкүм сүрүп турду. Суудан нымдын шабадасы уруп, чириген кайыңдын жыты келип турду, ал эми ойноктогон желаргы тумандын көгүлжүм түтүнүнө төнгөн алыскы талаалардан жаңы эле кардан бошонгон жердин билинер-билинбес аңкыган эрте жытын жеткирип жатты.

Жакын эле жердеги кум жээкте чырпыктан согулган тосмо кулап жаткан экен. Мен ага көчүк бастым да, чылым чекмекке колумду чолок тонумдун оң чөнтөгүнө салдым, бирок кара басып, «Беломордун» кутусу чылгый суу болуп калыптыр. Суудан өтүп баратканда толкун жарымы сууга батып бараткан кайыктын кырынан аша чаап бел кырчоого чейин киргил сууга жайпап кетип жатты эле. Анда оюма чылым келиптир дейсиңби, кайык чөгүп кетпесин деп жанталашып, калакты таштай салып, улам суу сузуп атпадымбы, эми байкабай кетирген жаңылыштыгыма кайгырып, чөк түшө отуруп алып чөнтөгүмөн суу болуп калган кутуну алып чыктым да, саргара түшкөн ным папиросторду чырпыктын үстүнө бирден жая баштадым.

Чак түш болду. Күн тимеле май айындагыдай ачуу тийип турду. Мен папиросторум кургай түшөөр деп үмүт кылып жаттым. Күн кайнап чыккандыктан, жолго аскердик пакталуу күрмөмдү калың шымы менен кийип чыкканыма өкүнүп да калдым. Бул кыштан кийинки алгачкы табы жылуу күн эле. Чырпык үстүндө кулак мурун кескен тынчтыкты тыңшай, башымдагы эски аскердик тумакты чечип, күчөнө калак шилеп келгенден кийинки суу болгон чачымды кургата, мунарыктаган көк бетиндеги чокмороктошуп каалгый сүзүп өтүп жаткан апакай булуттарды карап коюп жалгыз отурган өзүнчө сонун эле.

Көп өтпөй хутордун четки үйлөрүнүн биринен жолго чыккан эркек киши көзүмө чалдыкты. Турпатына караганда – беш-алты жаштагы кичинекей балакайды колунан жетелеп алыптыр. Алар өтмөктү көздөй жай илкип баратышты, бирок машинеге тушташ жакындап теңеле түшкөндө мен жакка бурула басышты. Нооча бойлуу, бир аз бүкүрөйө баскан эркек киши күңгүрөгөн жоон үнү менен амандашты:

— Салам, тууган!

— Салам, – дедим мен анын сунган шадылуу колун сыга кармай.

Эркек балакайга эңкейди да:

— Байкең менен учураш, балам. Ал деле сенин атакеңдей шоопур окшойт. Бирок биз экөөбүз жүк тарткан машинеде жүрсөк, ал болсо мобул кичинекей машинечени тебет экен.

Асмандай көпкөк көздөрү менен тигиле, ууртунан жылмайган балакай тартынбастан мага тыпыйган муздак колун сунду, анысы тимеле үшүп кызарып кетиптир. Мен баланын колун жеңил кыса сурадым:

— Эмне мынча колуң муздак, абышка? Күн ысып турса, сенин үшүп атканың кандай?

Бөбөктай наристенин ичти жылыткан баёолугу менен менин тиземе жабыша түштү да, таңгала апакай кирпиктерин өйдө көтөрдү.

— Менин эмнем абышка болуп турат, байке? Мен кичикий баламын, таптакыр үшүгөн да жокмун, колумдун муздактыгы – анткени кар томолотуп ойногон элем.

Ийнинен бөксөрөөк буюм мүшөгүн чече өх деп менин жаныма отурган атасы кобурап калды:

— Бул жол шерик менин шорума жаралган экен. Аны менен жүрүп менин да эсим оомой болду. Кадамыңды кененирек таштасаң, бул таптакыр эле тыпылдап калат, анан буга карап басып көр. Бир кадам коёр жерди үч ирет адымдайм, айтор, экөөбүз ат менен ташбакадай эки башка басык менен келатабыз. Анүстүнө мындан көз албай карап турууга туура келет. Бир аз бери болсоң эле чалчык сууну кечип кеткени, же музду оозуна сала коюп, момспосуйдай соруп атканы. Жо, мындай жүргүнчү менен жөө саякаттаган эркек кишинин иши эмес экен. Ал унчукпай калып, анан сурады:

— Сен тууган, кыязы, чоңдоруңду күтүп атат окшойсуң?

Мен ага шоопур эмесмин деп айткым келген жок, ошондуктан:

— Күтүп турууга туура келет, — дедим.

— Тиги тараптан келишет ко?

— Ооба.

— Кайык жакын ортодо келбес бекен, билбейсиңби?

— Эки сааттардан кийин келип калышы керек.

— Али көп турбайбы. Мейли, келгенче эс алып отура турабыз, шаша турган жөнүбүз деле жок. Өтүп баратып эле карасам, өзүмдүн шоопур тууганым отурган тура, кой, аманчылык сурашып, бирден чылым чегели деп эле сага кайрылып калдым. Жалгыз өзүң чылым чеккиң да, өлгүң да келбейт. Бопорос чеккениңе караганда, бай окшойсуң. Нымдап алган турбайсыңбы? Билесиң да тууган, ным тамеки сыркоологон аттай, эч нерсеге жарабайт. Келе, андан көрө менин күчтүү чылымымдан тарталы.

Ал жайкы шымынын чөнтөгүнөн өңү өчкөн кызыл жибекке түтөкчө кылып оролгон чылым калтасын алып чыгып жайды, мен ошол замат анын бурчундагы «Кымбаттуу жоокерге Лебедянск орто мектебинин 6-классынын окуучусунан» деген жазууга көзүм түштү.

Экөөбүз тимеле тилди ачыштырган күчтүү чылымдан улам соруп коюп, көпкө унчукпай отурдук. Мен андан бул балакайды ээрчитип алып кайда баратат, күндүн ырайы моминтип турганда аны мынчалык алыс жолго кубалаган кайсы муктаждык болду экен деп сурайын деп турганда, өзү озунуп сурап калды:

— Сен анан согуш бүткөнчө машине айдап жүрдүңбү?

— Ооба, ошентсе да болот.

— Фронттобу?

— Ооба.

— Мен да ал жакта, тууган, көрбөгөндү көрүп, азабына кокомо чейин тойгом.

Ал шадылуу колдорун тизесине коюп, бүкүрөйө отурду. Мен аны капталынан карап туруп өзүмчө жаман болуп кеттим… Сиз кудум күл сепкендей, айтып болгус муң менен кайгыга толгон, пенде дит багып карай алгыс тунарган нурсуз көздөрдү көрдүңүз беле? Мага кокустан жолуккан жолоочу шеригимдин көздөрү ушундай эле.

Куурайдын бир чырпыгын сындырып алып, ал бир мүнөтчө унчукпай кум бетине кандайдыр бир ойго келбеген бирдемелерди чийгилеп отурду да, анан сөзгө кирди:

— Кээде түнү бою кирпик какпай чыгасың, караңгы боштукка тигиле карап жатып: «Эх, жашоо, кайсы күнөөм үчүн сен мени ушунчалык майып кылдың? Кайсы айыбым үчүн мынчалык мертинттиң?» деген ойго кетесиң. Көөдөй караңгы түндөн да, жаркырап тийген күндөн да жооп ала албайсың… Жооп жок, ага жетпей да калат окшойм! – Анан күтүлбөгөн жерден уулчасын мээримдүү түртмөлөй минтти: — Барагой, алтыным, суунун жээгинде ойной тур, чоң суу келген жерде балдарга эрмек болоор бирдеме дайыма табылат. Бирок кара, бутуңду суу кылба!

Биз жана унчукпай тамеки тартып отурганда эле мен акырын атасы менен баласын дыкаттап карап, мага түшүнүксүз көрүнгөн бир жагдайга абдан таң калгам. Баланын кийими жупуну, бирок таза эле: кийгени кең этеги узун, эчкинин терисинен тигилген күрмө, бутундагы тыпыйган өтүгү да ичинен жүн байпак менен батчудай кылып тигилген экен, тытылып калган курткасынын жеңинин чебер колдон чыккан тигишинен аялдын камкордугу, эненин эптүү колу байкалып турду. Атасы болсо таптакыр башкача көрүнөт: бир нече жеринен күйгөн жүн купайкесинин тытык жерлерин эптеп-септеп орой тигип коюптур, эскилиги жеткен шымынын жыртыктарынан жамаачылары эркектин колу менен арыдан бери чоң-чоң адырайта кабылганы көрүнүп турат; бутуна болсо дээрлик жапжаңы солдат өтүк кийип алыптыр, жүндөн токулган бышык байпагын күбө жеп салганына караганда, аларга аялдын колу дегеле тийген эместей…

Мунун баарын көздөн сыдырып отуруп, мен: «бул же жесир, же аялы менен чыгышпаган неме болсо керек» деп ойлогонмун.

Ошентип ал уулун көзү менен карай узатып, күңкүл жөтөлдү да, кайрадан сөзгө кирди, мен болсо дитимди коё тыңшап калдым.

— Менин жашоом деле башында элдикиндей эле болчу. Өзүм Воронеж губерниясынан болом, миң тогуз жүзүнчү жылы туулганмын. Граждандык согушта Кызыл Армияда, Киквидзенин дивизиясында болдум. Ачкачылыктын арааны күчөп турган жыйырма экинчи жылы болсо Кубань тарапка ооп кеттим, кулактарга жалданып эшектей иштедим, ошончүн гана аман калдым окшойт. Үйдө калган атам, энем карындашым үчөө ачкадан өлүштү. Коколой башым гана калды. Тууган атмайдан да тирүү жан калган эмес, жылан сыйпагандай, эч жерде мага боор тартаар бирөө жок. Анан бир жылдан кийин Кубандан кайтып келдим да, тамды сатып жиберип, Воронежке кеттим. Адегенде жыгач усталардын артелинде иштеп жүрдүм, андан заводко өттүм, слесардын ишин үйрөндүм. Көп өтпөй үйлөндүм. Аялым балдар үйүндө тарбияланган экен. Жетим да. Бирок бактыма жакшы кыз туш келген экен! Шаңкылдаган шайыр, акылдуу, жароокерлигин, тил алчаак элпектигин айтпа, иши кылса, менин теңим эмес эле. Азап тозоктун баарына кенедей кезинен эле жедеп бышып, мүнөзү да ошого жараша калыптанып калса керек. Четтен туруп карасаң – тамшана турган деле өң келбети жок, бирок мен ага четтен эмес, тике карачумун да. Ошондуктан мага бул дүйнөдө андан ашкан сулуу, андан ашкан сүйкүмдүү аялзаты жок эле, болбойт дагы!

Кээде жумуштан өлө чарчап, же сиркең суу көтөрбөй жиниң кайнап келесиң. Опурулуп бир тийсең да башка аялдарчылап ажылдап беттен алып бир ооз орой сөз айтпайт. Демейдегидей эле мээримин чача тосуп алат да, сени отургузаарга жер таппайт, кенедей тамак болсо да эң даамдуу жери сага тийсин деп турат. Аны карап туруп эле жүрөгүң жибишет, анан кучактап туруп: «Кечир мени, кымбатуу Иринка, мен сени жок жерден капа кылдым. Түшүнсөң, менин жумушум бүгүн ойдогудай болбой калды» дейм. Ошентип кайра эле табышып, камыр-жумур болуп кетебиз, жан-дүйнөм да тынч ала түшөт. Сен тууганым, билесиңби, мунун жумуш иштеген адам үчүн канчалык маанилүү экенин? Эртеси болсо уйпаланган бойдон ыргып турам да заводко жөнөйм, ишенесиңби, кандай ишти кармабайын, тимеле майын чыгарам! Алганың акылдуу болсо деген ушу турбайбы.

(Уландысы бар)

Бахтияр ШАМАТОВ

Аманат… «Алакан»…

Жогорку кепти улай айта кетели дегенибиз, «Жаштык жарчысы», «Ленинчил жаш”, «Асаба»,  “Агым”, «Баягы Асаба» гезиттеринде эмгектенген журналист, котормочу, акын жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) айтылуу агасы Мелис Эшимкановдун (1962-2011) аманатын аткарып, «Баягы Асаба» гезитин чыгарып, «Алакан» сайтын негиздеген. «Алакан» аталышта бир топ нерселерди (сайт, радио, телевидение, театр ж.б) ачалы деген ниеттери болгонун айтып, агасынын ошол аманаттарын аткарууга далалат жасады. Тилекке каршы, жетишпей калды.

Бир аманаты кылып — адабият, маданият, искусство, социалдык, саясий, экономикалык, эл аралык абалды чагылдырсак, архивдеги мыкты инсандардын маегин, эскерүүлөрүн жана агартуучуларды кепке тартып, мыкты котормолорду берип турсак деген тилек менен ушул сайтты (2017-жылы) ачты эле… 

Ага-ини өмүрүнүн кырчындай кездерин журналистикага арнап, эгемендүүлүктүн эпкининде эне тилибиздин, адабият, маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, турмуш барактарында өчпөс из калтырып кетишти. Эми алардын эмгегин, чыгармачылык жигерин, тилегин, аманатын ишке ашыруу артында калган биздин милдет дедик. Чамабызга жараша сайтыбызга котормолорду берип, аракет кылып келатабыз. Мындан ары да мыкты котормолор, аңгеме, эсселер болсо, авторлордун уруксаты менен сайтыбызга чыгарып туруу ниетибиз бар, буйруса… 

Назира СААЛИЕВА

P.S. Бахтияр агабыздын Эрнис АСЕК уулунун «Каалгасы» тууралуу эскерүүсүн сайттан окуй аласыздар. Жолдошум тууралуу эскерүүлөр редакцияга келүүдө. Жакында окуй аласыздар! 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.