«Сетунь» станок сериалы: Чакан өндүрүштөгүлөргө, мекенчил, эмгекчил инсандарга кулак кагыш! (3 ВИДЕО)

«Сетунь» станок сериалы: Чакан өндүрүштөгүлөргө, мекенчил, эмгекчил инсандарга кулак кагыш! (3 ВИДЕО)

«Сетунь» сериалынан…

Биз, 30-январдан бери азыркы ийгиликтүү ишканалардын башында заводдор үчүн завод болгон «Сетунь» тууралуу какшап айтып келатабыз. Себеби, бул заводдо “конструктордук бюро” болгон жана күчтүү адистер эмгектенишип, уникалдуу өндүрүш машиналарын чогултуп, тетиктерди чыгарышкан. СССР учурунда космос кораблдерине чейин тетиктер чыккан. Казакстандын 70 пайыз суу чыгарган ишканалары суу куйган бөтөлкөлөрүн чыгарган калыптарга буйрутманы дал ушул кыргыз өндүрүшүнөн жасатышкан. Мына, ушундай стратегиялык багыттагы заводду коомдук жана өнөр жай ишмери, жеке ишкер Замирбек Парманкулов өзүнүн, бир туугандарынын каражаты менен болжол менен 98-жылдары банктан (мамлекеттен) сатып алып, бир топ жыл ийгиликтүү иштеткен. Анан эле кайдагы бир уюшкан топ келип, мыйзамсыз иштерди жасап, заводду басып алып, талап, тоноп, сатып, талкалашкан…

Замирбек мырзанын айтымында, Союз кулап, менчиктештирүү башталганда, бир канча завод, фабрикаларды чиновниктер ээлеп калып, тетик, темирлерине чейин сатып жок кылып жатышканда, ал өндүрүш тармагындагы (ар кандай керектүү станокторду чыгарган) «Сетунь» заводун сактап калган. Анын алдыга койгон максаты пайда табуу эмес, аны иштетип, тажрыйбасы менен бөлүшүп, кийинки муунга өткөрүп берүү болгон.

Буга чейин эле бизнес кылган Замирбек мырза жаштайынан эле зарыл темирлерди чогулта берип, 19 жашымда завод, фабрика, өнөр жай тармагын иштетсем деген тилеги болуптур. Тилекке каршы, аны ишке ашырбай, «рейдерский захват» кылган уюшкан топ менен кармашкысы келбей, адекваттуу кадамга барып, жок дегенде технологияны сактап калып, чакан өндүрүштөргө арналган машиналарды чыгара берүүнү үзбөй иштетип кетиш керектигин баса белгилеп, зарыл станок сериалын тааныштырууну баштаган. Бүгүнкүсүндө буларды айтты:

Буга чейин Замирбек мырза өнөр жай тармагына кызыккан жаштарды чакырып, алар менен тажрыйбасы менен бөлүшүүгө да даярдыгын айткан:

Келечек муунду технологияны алып калууга үндөгөн:

Жеке ишкер Замирбек Парманкуловдун жакындарынын айтымында, учурда өндүрүш мекемесинде электроэнергия үзгүлтүккө учурагандыктан жана башка жагдайларга байланыштуу станоктун иштөө механизмин кол менен көрсөтүп, оозеки айтып берүүгө туура келүүдө…

Келечекте күчтүү конструкторлорду даярдоого, өндүрүш технологиясын сактап калууга чакырык таштаган жеке ишкер Замирбек Парманкуловго үн кошолу, кыргыз элим! Колдон келсе, кайдыгер карабай, өзүбүздүн өндүрүштү колдойлу!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.