Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры». Которгон Бахтияр Шаматов

Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры». Которгон Бахтияр Шаматов

Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры» 

(КПССтин 1903-жылдан бери мүчөсү Евгения Григорьевна Левицкаяга арналат)

(Уландысы)

Туткунда көргөн кордугумду эстеш оор, айтып берген андан бетер оор, тууган. Тиякта, Германияда жүрүп көргөн адам чыдагыс азапты, ал жакта кыйналып каза болгон дос-жолдошторумду эстегенде жүрөгүм көкүрөктө эмес, кекиртегимде уруп киргенсийт, дем алалбай кетем…

Эки жыл туткунда жүргөн мезгилде мени кайда гана айдап барышпады! Бул мезгил ичинде Германиянын жарымын айланып чыктым: Саксонияда болдум, ал жактагы силикат заводунда иштедим, Рур областындагы шахтада да иштеп көмүр ташыдым, Баварияда болсо белим үзүлгөнчө жер каздым, Тюрингде да болдум, иши кылып, немис жеринин кыбык-кычыгынан өйдө кыдырып чыктым. Ал жакта жаратылыш ар кандай болгону менен биздин тууганды уруп сабаганы, атканы бүт эле окшош эле. Бизди кудай урган карамүртөздөр сабашкандай, малды да эзели антип сабабайт бизде. Муштум менен да урушту, буттары менен да тепсешти, резиңке таяктар, колдоруна тийген темир менен да сабашты, мынтыктын кундагы менен… башка жыгачты айтпай эле коёюн. Сенин орус болгонуң үчүн, жарык ааламды көрүп турганың үчүн, андан тышкары, ал шүмшүктөргө иштегениң үчүн сабашчу. Башкача карап койдуң, минтип баспадың, минтип бурулбайсың деп деле сабай беришчү. Иши кылып акыры өлтүрүш үчүн, өз канына тумчугуп, келтектен уугуп өлсүн деп жанча беришчү. Кыязы, баарыбызды өрттөгөнгө Германияда мештер да жетишпесе керек да. Берген тамагы да бүт эле жерде бирдей: жүз элүү грамм теңи таарынды кошулган эрзац-нан менен чөптөн кайнатылган шылдыраган суюк бирдеме. Ысык сууну бир жерде берсе, бир жерде берчү эмес. Анын баарын эмнеге айтып отурам, өзүң көр: согушка чейин салмагым сексен алты кил болсо, күзгө барып, элүү килге жетпеген салмагым калды. Сөөгүм менен эле терим калган, ошол сөөктү көтөрүп жүргөнгө да шай келбей калган. Тигилерге эмне, өлөсүңбү каласыңбы иши жок, жумушту жаса, жасаганда да жүк тарткан ат кыла албаган жумушту келе деп турушчу.

Cентябрдын башында бизди, жүз кырк эки советтик туткун аскерди, Кюстрин шаарынын жанындагы лагерден Дрезден анчалык алыс эмес жердеги Б-14 лагерине которушту. Ошол мезгилде аталган лагерде эки миңге жакын биздикилер бар экен. Элдин баары таш талкалаган жерде иштеп, немистин ташын кол менен кесип, кол менен майдалап талкалап, айтор, иштин баары колго жасалат экен. Адам башына берилген күнүмдүк норма төрт куб метр, адам деп коем, эптеген кыбыраган жаны калган пенделер десем туура болоор. Анан баары ушунда башталды: эки айдан кийин жүз кырк адамдан болгону элүү жетибиз калдык. Бул кандайча дээрсиң тууган. Шумдук бекен? Бул жакта өлгөндөрдү көөмп үлгүрө албай жатсаң, бир жагынан немистер Сталинградды ээлептир, эми андан ары Сибирди көздөй кетип баратышыптыр деген имиштер лагерди аралап жүрөт. Кайгыдан кайгы басып, көзүңдү жерден ала албайсың, чоочун болсо да ушул немистин жеринде өлгүң келип кетет. Лагердеги сакчыларга болсо жыргал, күн сайын дарылдап ырдап, шапар тээп атышканы, сүйүнүп жатышат да.

Бир күну жумуштан кечинде баракка келдик. Күн бою жамгыр төккөндүктөн, үстүбүздөгү жыртык кийимдерибиз чылпылдап, өтмө катар суу; суук шамалдан иттей титиреп тоңгонбуз, тимеле тишибиз тишибизге тийбейт. Кургана турган, жылына турган жер кайда, анүстүнө өлөөрчө ачкабыз. Бирок кечкисин бизге тамак берчү эмес.

Мен үстүмдөгү тамтыгы чыккан кийимди керебетке ыргыттым да: «Буларга го төрт кубдан иш керек экен, бизге болсо бир эле куб көзүбүздөн чыккыча жетет», -дедим. Болгону ошенттим, бирок өзүздүн эле арабыздан кайсы бир карасанатай менин кейигенден айткандарымды төкпөй-чачпай лагердин комендатына жеткирип барыптыр.

Лагердин коменданты бизде, алардын тили менен айтканда, лагерфюрери Мюллер деген немис эле. Пакене бойлуу, чымыр, тостойгон көзү каш -кирпигине чейин апакай болчу. Орусча экөөбүз сүйлөшүп аткандай эле сүйлөчү, анысы аз келгенсип, түпкүлүктүү волгалыктардан бетер «оолоп» сүйлөгөнүчү. Сөгүнгөндүн болсо тимеле акесин таанытчу. Бул каргыш тийген неме мындай өнөрдүн баарын кайдан жүрүп үйрөнүп алган дейсиң да. Кээде ал баарыбызды блоктун – баракты алар ушинтип коюшчу –маңдайына баарыбызды тизип алып, оң колун даяр кармаган бойдон өзүнүн эсесчилеринин үйүрү менен келип калат. Оң колунда мээлейи, анын ичинде болсо манжаларына зака кетпес үчүн каптап алган коргошуну бар. Өтүп баратып, четинен мурунга уруп канжалатып кете берет. Муну ал «сасык тумоодон сактануу үчүн» деп койчу. Күн сайын ушул. Лагерде төрт блок болсо баарын кезектештирип ушинтип «алдын ала дарылап» чыгат. Абдан так жүргөн желмогуз эле, жекшембиси жок иштей берчү.

Бирок бул келесоонун мээси бир нерсеге жетчү эмес: чапкылап чыгаардан мурда өзүн кызытып, тапка келтирип алуу үчүн саптын маңдайына туруп алып он мүнөттөй ашатчу. Ал тимеле оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып сөгүнөт, биз болсо мындан кадимкидей эс ала түшөбүз: анткени канткен менен бул өзүбүздүн сөздөр эмеспи, алардан тууган жери жыты келип тургансыйт…Анын сөгүнгөнүнө биз жеңилдей түшүп жатканыбызды билсе өзүнүн немис тилинде сөгүнмөк бул. Буга менин бир гана москвалык досумдун кыжыры шакардай кайнап кетер эле. «Мобу сөгүнүп жатканда мен көзүмдү жуумп алып, Москвада, Запцептеги пийвоканада отургандай болуп кетем, ушунчалык пийва ичким келип кетет дейсиң, тимеле башым айланып чыгат», -деп калчу.

Мына ошол комендант мен жанагы кубметр туурасында айткандын эртеси күнү мени чакырып калбаспы. Кечинде баракка котормочу менен эки сакчы кирип келишти. «Соколов Андрей ким?» дешти. Мен турдум. «Бас биз менен, сени герр лагерфюрердин өзү келсин деп жатат». Эмнеге келсин дегени түшүнүктүү да. Өлтүргөнү да. Мен жолдошторум менен коштоштум, алар өлүмгө баратканымды баары билишчү, үшкүрүп алдым да жөнөдүм. Лагердин короосунан баратып жылдыздарга карап коем, алар менен да коштошуп: «Мына сен да кыйналып бүттүң, Андрей Соколов, лагерчесинен айтканда — номур үч жүз отуз бир» деп ойлоп баратам. Иринаны, балдарды ойлоп, боорум ачып кетти эмнегедир, анан аларды аяганым басылды да, эмнеси болсо да тапанчанын оозуна тике карап, жоокердей өлөйүн, душмандар акыркы мүнөттөрдө өмүр менен коштошуу кантсе да мага кыйын экенин көрбөсүн дедим…

Комендант отурган жерде – терезеде гүлдөр турат, биздеги жакшы клубдардагыдай таптаза. Үстөлдү тегеректеп лагердин бүт чоңдору отурат. Беш адам шнапстан согуп атышыптыр, ысылык кылгандары чочконун майы. Үстөлдүн үстүндө оозу ачылган килейген шише, нан, чочко майы, кайнатылган алма, ар кандай консервалар салынган ооздору ачылган банкелер жайнайт. Мунун баарын көрөөрүм менен – сен ишенбейсиң – жүрөгүм ушунчалык айланып чыкты, аз жерден кусуп жибере жаздадым. Тимеле иттей ачкамын да, адам жеген тамакты да унутуп калганым качан, бул жерде болсо маңдайыңда баары толтура жайнап турса…Эптеп кускум келгенин бастым, бирок көзүмдү үстөлдөн өзүмдү күчкө салып атып араң алдым. Маңдайымда тапанчасын улам колунан колуна ыргыта салмактай ойноп алагүү Мюллер отурат, көзүн ирмеп койбой теше тиктеп караганы башкача. Мен эки колумду капталыма кыса, тамтыгы кеткен тамандымды жерге урган болдум да үнүмдү катуу чыгарып: «Согуш туткуну Андрей Соколов сиздин буйругуңуз боюнча келди» дедим. Ал болсо: «Ии, русс Иван, төрт кубметр жер казган сага көптүк клып аткан экен да?» — деп сурады. Мен: «Так ошондой, герр комендант, көптүк кылып жатат», — дедим. «А бир кубметр сага көр казганга жетеби?» — «Так ошондой, герр комендант, жетет, алтургай, ашып да калат».

Ордунан турду да: «Мен сага абдан зор урмат көрсөтөйүн, азыр сени айткан сөздөрүң үчүн атып салам. Бул жер ыңгайсыз, короого чыгалы, ошол жерден кол коюп бересиң», — деди. «Ыктыяр сизде», — дедим. Ал бир аз туруп ойлоно түштү да анан тапанчасын үстөлгө ыргытып таштап, ыстыканга толтура шнапс куйду, нандын бир кесимин алып туруп, бетине саланын бир тилимин койду да мага сунду. «Өлөөр алдынан немис куралынын жеңиши үчн алып жибер, русс Иван», — деди.

Мен анын колунан ыстыкан менен ысылыкты алып баратып, бул сөздөрдү укканда – тимеле ичим куйкалана түштү! Ичимде: «Мен, орус жоокери, немис куралынын жеңиши үчүн ичет экенмин да?! Башка эч нерсе каалабайсыңбы, герр комендант? Баары бир башта бир өлүм, арагың менен жерге кир!», — деп ойлодум.

Ыстыканды, ысылыкты кошо үстөлгө кайра койдум да: «Сыйыңыз үчүн ыраазымын, бирок мен ичпейм», — дедим. Ал болсо мылжыя түштү: «Биздин жеңиш үчүн ичкиң келбейби? Анда өзүңдүн өлүмүң үчүн ич», — деди. Жоготоор эмнем калды эле? «Өзүмүн өлүмүм үчүн, азап-тозоктон арылганым үчүн ичейин», — дедим. Ыстыканды алдым да эки тартып ичке көңтөрдүм, бирок закүскөгө тийгеним жок. Эрдимди алаканым менен сылык аарчыдым да: «Сыйыңарга ракмат. Мен даярмын, герр комендант, жүрүңүз, короого чыгалы да, мени кетер жагыма жөнөтүңүз», — дедим.

Тиги болсо мени карап эле калды, анан: «Жок дегенде өлүм алдынан бирдеме жеп албайт белең»,- дейт. «Мен биринчи ыстыкандан кийин закүскө кылбайм», — дедим. Ал болсо экинчи ыстыканды толтуруп туруп мага сунду. Аны да ичип жибердим, бирок ысылыкка дагы эле тийген жокмун, ичимен эрдемсип атам: «Жок дегенде короого чыгып өмүр менен коштошуу алдынан аракка тоюп алайын», — деп атам да. Комендант аксаргыл кашын өйдө көтөрдү да: «Эмне эч нерсе жебей атасың, русс Иван? Ал, тартынба!», — дейт. Мен кайра эле: «Кечиресиз, герр комендант, мен экинчи ыстыкандан кийин да закүскө кылып көнгөн эмесмин». Жаагын тултуйта бырс этти да, каткырып жиберди, күлүп атып беркилерге немисче бирдеме деди: кыязы менин айткандарымды досторуна которду окшойт. Тигилер да каткырып калышты, отурган үстөлдөрдүн жылдырып баары мени бурулуп карап калышты, байкасам, кичине боор тарткансып башкача көз менен тигилип калышыптыр. Жумшара түшүшкөндөйбү, кандай.

Комендант мага үчүнчү ыстыканды куюп узатты, өзүнүн болсо күлкүдөн колу калтырап жүрөт. Бул ыстыканды мен шашпай жуттум да нандын кичинекей үзүмүн оозума алып, калганын үстөлгө коюп койдум. Ачкадан өлүп баратсам да бул каргыш тийгирлерге алар ыргыткан сөөктү баса калгым келбегенин, менин да өзүмдүн орус катары намысым бар экенин, булар канчалык аракет кылбасын, мени малга айландыра алышпаганын көрсүн деп атам да.

Коменданттын кебетеси олуттуу тарта түштү да, көкүрөгүндөгү эки темир крестин оңдоп, үстөлдүн ары жагынан куралы жок чыгып келди да: «Эмесе мындай, Соколов, сен – чыныгы эр жүрөк орустун жоокери экенсиң. Сен тайманбас жоокер экенсиң. Мен да жоокермин, ошондуктан татыктуу душманды мен урматтайм. Мен сени атпайм. Анүстүнө, бүгүн биздин каарман аскерлерибиз Волгага жетип, Сталинградды толугу менен ээлешти. Бул бизди абдан кубандырып жатат, андыктан мен сага кеңпейилдик менен өмүр тартуулайм. Блогуңа кете бер, бул болсо сенин эрдигиң үчүң», — деп туруп, колума бөлкө нандын теңин жана майдын бир тилимин карматты.

Нанды боорума бекем кысып, майды сол колума кармадым да иштин мындай кескин бурулушунан өзүмдү таптакыр жоготуп койдум дейсиң, ыракмат деп да айтпаптырмын, сол жагым менен бурулуп эшикти көздөй чыга жөнөдүм, азыр далыман атып салса, мобул нанды балдарга жеткире албай калат экем деп камтама болуп баратам ичимен. Жок, аткан жок. Ошентип өлүм дагы бир жолу жандап өттү, мен анын муздак илебин кадимкидей сездим…

Коменданттын бөлмөсүнөн тың эле басып чыктым, бирок короого чыгарым менен башым айланкөчөк болуп кетти. Баракка эптеп жетип, эшигин ачаары менен ичине, цементтелген полдун үстүнө эс учуман танган бойдон кулап түштүм. Биздикилер мени таңга жетпей эле жулкулдатып атып ойготушту: «Эмне болгонун айтып бер!» — дешти. Мен коменданттын бөлмөсүндө болгон ишти айтып бердим. «Тамакты кандай бөлүштүрөбүз?» — деп сурайт жанымда жаткан кошунам, доошу болсо тимеле титирейт. «Баарына тегиз тийгидей бөлөбүз», — дедим ага. Күтүп атып таңды да атырдык. Нан менен майды ичке бекем жип менен кесип бөлдүк. Ар бирине ширеңкенин кутусундай үзүмдөн тийди, ар бир күкүмүн эсепке алып жаттык, саланы болсо, өзүң билесиң, ошончо кишиге жетмек беле, эптеп ооз майламыш эттик. Ошентсе да баарын эч ким таарынбагыдай кылып тең бөлдүк.

Көп өтпөй тыңыраак деген үч жүз кишини тандап алышып, саз кургатууга алып кетишти, андан соң Рур областына – шахтыга айдашты. Мен ал жакта кырк төртүнчү жылга дейре болдум. Бул мезгилде биздикилер Германиянын өпкөсүн куушура кысып калышкан эле, ошондуктанбы, фашисттер туткундарга баягыдай жийиркенбей калышкан.

Бир күнү бизди, күндүз иштеген сменаны катарга тизишти да башка жактан келген чоочун обер-лейтенант тилмеч аркылуу: «Ким армияда кызмат кылганда же согушка чейин айдоочу болгон, — бир кадам алдыга чыккыла» — деди. Мурда шоопур болгондордон сегиз киши алдыга чыктык. Баарыбызга эски иш кийим беришти да сакчылардын кайтаруусунда Потсдам шаарына алып кетишти. Келерибиз менен баарыбызды туш тарапка бөлүп жиберишти. Мени немистердин жол, коргонуучу чептердин курулушу менен алектенген ишкана сөрөйү «Тодте» дегенге жиберишти.

Мен «оппель-адмиралда» армиянын майору чини бар инженер немисти тартып жүрдүм. Кудайын карабай былтыйып семирген фашист болчу! Бою мыртыйган, курсактуу, артынан карасаң тимеле катындыкындай көчүгү бир кучак, узун туурасы бирдей неме болчу. Мундиринин жакасынын үстүнөн үч богогу салаңдап турат, моюнун артында болсо үч май баскан бырыш былкылдап турчу. Мен байкагандай анда үч пуддан кем эмес таза май бар эле. Майпаңдап басканда тимеле паровоздой бышылдап турат, тамакка отурду дегенде кудай бетин салбасын! Кээде улам фляшкадагы коньяктан ууртап коюп былчылдатып бирдемелерди кечке жей берчү. Мага да кээде анча-мынча бирдеме артып кала турган: жолдон эле шак токтой коюп колбаса, быштактан кесет, коньяктан атып коюп артынан чайнап кирет, көөнү келип турганда мага да бир тилим колбаса кесип итке сөөк ыргыткандай ыргытып коёт. Эч качан колума берчү эмес, антсе өзүнүн аптарыйкаты кемип калат десе керек да. Канткен менен бул жерди лагерь менен салыштырып болобу, мен да аз-аздан адам кейпине келип, алтургай, эттене да баштадым.

Эки аптадай семиз майорумду Потсдамдан Берлинге, ал жактан кайра артка ташып жүрдүм, андан кийин аны фронтко жакын тилкеге, биздикилерге каршы коргонуучу чеп курула турган жерге жиберишти. Мына ушул жерден мен уйку дегенди таптакыр унуттум, түнү менен өзүбүздүкөлөргө, мекенге кантип качып кетсем деп ойлонуп чыкчу болдум.

Полоцк деген шаарга келдик. Таңга маал мен биринчи жолу биздин артиллериянын кандайча дүңгүрөтүп жатканын уктум, билесиңби, тууган, жүрөгүм тимеле кабынан чыгып кете жаздаганын? Бойдок кезде Иринага жолугушууга барып жүрчүдө да мынчалык соккон эместир! Салгылаштар Полоцкиден чыгышыраак, он сегиз чакырымдай эле жерде жүрүп жаткан экен. Шаардагы немистердин сиркелери суу көтөрбөй калышкан, менин семизим болсо күчүн ичкиликтен чыгарчу болду. Күнү бою экөөбүз шаар кыдырабыз, кайсы жерге кандай коргонуучу чеп куруу керек экенин айтып, буйрук берип келет да, түнкүсүн жалгыз отуруп алып ичкиликке кирет. Ошентип атып шишип да кетти, көздөрүнүн асты качан караба, шишимик тартып турчу болду…

«Кана, — дейм ичимде, — мындан ары күтүүнүн кажети жок, менин убакты саатым келди! Качканда да жалгыз кетпей, бул семизди кошо сүйрөй кетейин, биздикилерге кереги тийип калаар!» — деген чечимге токтодум.

Урандылардын арасынан салмагы эки килдей таш таап, аны чүпүрөккө ородум, кокус чаап калсам кан чыкпасын деп атам да, жолдон келатканда телефондун зымынан да бир үзүм алып алдым. Керектүү нерсенин баарын белендеп туруп, алдыңкы отургучтун астына катып койдум.

Немистер менен биротоло коштошуп качаарга эки күн калганда кечинде машинеме май куюп келатсам, бети –башы ботала, бутуна тура албай калгычакты ичкен өлөөрчө мас немистин унтери дубалды кармалап темтендеп баратыптыр. Акырын түштүм да, урандылардын арасына алып кирип туруп, болгон кийимин башындагы пилоткасы менен кошо шыпырып алып, аны да жанагы жерге тыктым да зуу койдум.

Июндун жыйырма тогузунун эртеси майорум мага шаардын сыртына, Тросница тарапка жеткир деп буйруду. Ал жакта да коргонуучу чептердин курулушуна жетекчилик кылчу. Жөнөп чыктык. Үргүдүлөгөн майор арттагы отургучта шылкылдай магдырап коюп келатат, менин жүрөгүм болсо тимеле кабынан ыргып кетчүдөй дикилдейт. Зыпылдап ылдам айдап бараттым, шаар сыртына чыккандан кийин машинени токтоттум да түшүп карасам артыман эки жүк машине кыбырап келаткан экен. Катып койгон ташты алып чыктым да эшикти кененирек ачтым. Семиз болсо чалкалап жатып алып, коңурукту кош тартып атыры, тимеле катынын койнунда жаткансып бейкапар көшүлөт. Таш менен сол чыкыйга берип калдым. Башы шылк эле дей түштү. Бышыктап дагы бир жолу соктум, өлтүргүм келген жок. Аны тирүү жеткириш керек эле, биздикилерге көп нерселерди айтып бермек. Кабынан «парабеллум» тапанчасын сууруп чыгып, чөнтөгүмө салдым да, монтировканы тиги кулап кетпеси үчүн арткы отургучка сайып туруп телефондун зымын майордун мойнуна ородум да эки учун монтировкага бекем байлап койдум. Катуу ылдамдыкта капталына ооп калбасын деп атканым. Анан жанагы мас немеден чечип алган мундирди арыдан бери кие салдым да машинени түз эле жер дүңгүрөп согуш жүрүп жаткан жакты көздөй айдап жөнөдүм.

Немистердин алдыңкы чеги эки дзоттун ортосунан өтөт экен. Жертөлөдөн автоматчылар чыга калышты, мен алар машиненин ичинде майор баратканын көрсүн үчүн атайын жайлаттым. Бирок алар кыйкырып киришти, тиякка барууга болбойт дешип колдору менен жаңсап атышты, мен болсо түшүнбөгөн кишидей газды тептим да ылдамдыкты сексенге чыгардым. Алар эстерине келип пулемёт менен аткылап киришкенде мен эчак эки оттун ортосундагы жерде качкан коёндон бетер ары –бери буйтап баратканмын.

Арттан немистер атып, алды жактан болсо өзүбүздүкүлөр тимеле жин тийгенсип автоматтан татыратып атышты. Октон маңдайкы айнек төрт жеринен тешилип, радиатор илме тешик болду…Тигине, көлдүн үстү жагында токойчого жетип калдым, биздикилер машинени көздөй чуркап келатышты, мен токойчого кирип кеттим, эшикти ачып жерге кулап түштүм да аны өпкүлөп кирдим, демим кыстыгып, аба жетпей атты…

Гимнастеркасынын ийнинде мен али көрө элек погондору бар жаш жигитче мага биринчи болуп жетип келди да тишин кашкайта: «Ии, шайтан алгыр фриц, адашып калдыңбы?» — деди. Мен үстүмдөгү немис мундирин алып ыргыттым да пилотканы таман астыма тебелей таштап туруп ага минттим: «Айланайын балакайым! Уулум! Менин эмнем фриц болуп турат сага, мен деген таптаза воронеждикмин? Туткундан качып келатам мен, түшүндүңбү? Азыр машинеде отурган тетиги чочкону батыраак чечкиле да анын портфелин алып мени командириңерге алып баргыла». Аларга тапанчамды тапшырдым да колдон колго өтүп кечке жүрдүм, кечинде болсо дивизиянын командири – полковник менен бет маңдай отурдум. Ага чейин мени мончого түшүрүп, курсагымды тойгузуп, суракка алганга да үлгүрүшкөн, кийим да беришкен болчу, ошондуктан полковниктин жертөлөсүнө денем да, дилим да тазарып, кадимки жоокердей болуп келдим. Полковник үстөлдөн тура калды да бардык офицерлердин көзүнчө мени бекем кучактап: «Немистерден ала келген кымбат базарлыгың үчүн сага ыракмат, жоокер. Сенин майоруң менен анын портфели биз үчүн 20 «тилден» да кымбат турат. Сени мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө командачылыкка өтүнүч жиберем» — деди. Бул жылуу сөздөрдөн териме батпай кубанып, толкунданып кеттим, эриндерим титиреп, сөзгө эп келбей атса да минттим: «Жолдош полковник, мени аткычтар бөлүгүнө кошуп коюуңузду суранам». Бирок полковник күлүп жиберди да  мени далыман таптап калды: «Ушу сенден азыр кандай жоокер чыксын, бутуңда араң турасыңго? Сени бүгүндөн калбай госпиталга жөнөтөм. Ал жакта дарылап, жакшылап карашат, андан кийин бир айга отпускага да барып келесиң, качан бизге кайтып келгениңде анан кай жакка жиберерди көрө жатаарбыз» — дейт.

Полковник да, анын жертөлөсүндөгү бардык офицерлер да мени менен жылуу коштошушту, мен да абдан толкунданып чыктым, анткени эки жылдын ичинде мен адамдык мамиле деген эмне экенин унутуп калган элем. Дагы бир нерсени байкап койсоң тууган, мен начальниктер менен сүйлөшкөн сайын көнүмүш адатым боюнча башымды ийниме тартып алып жүрдүм, анткени уруп жиберет деген коркуу адат болуп калган да. Бизди фашисттик лагерлерде мына ушундай абалга жеткиришкен болчу.

Госпиталдан дароо Иринага кат жаздым. Болгонун болгондой кыска жаздым, туткунда болгонумду, ал жактан немистин майорун кошо алып качканымды жаздым. Анан да токтоно албай кетип, полковник мени сыйлыкка көрсөтүүгө убада берди! деп баладан бетер мактанып да салдым…

Эки апта жалаң тамак ичип уктоо менен гана өттү.

Тамакты аз-аздан, бирок утуру берип турушту, көп жеп жиберсең өзүңө эле жаман болот, турбай калышың мүмкүн дешти. Айтор, жетишинче тыңыдым. Эки жумадан кийин тамакты карагым да келбей калды. Жазган катыма үйдөн жооп келген жок, чынын айтканда, куса боло баштадым. Тамак ойго да келбейт, уктайын десем уйку жок, башыма ар кандай жаман ойлор келет… Үчүнчү жума дегенде Воронежден кат алдым. Бирок аны Ирина эмес, кошунам, темир уста Иван Тимофеевич жазыптыр. Мындай катты алууну кудай эч кимдин башына салбасын!.. Ал кыркы экинчи жылдын июнунда немистер авиазаводду бомбалашканын жана оор бир бомба так менин үйүмө тийгенин жазыптыр. Ирина менен кыздарым дал ошол кезде үйдө болушкан экен… Алардын изин да таппадык, тамдын ордунда болсо аңырайган терең чуңкур гана калыптыр дейт. Катты акырына чейин чыдап окуй албадым. Көзүм караңгылашып, жүрөгүм муштумдай түйүлүп катты да калды. Керебетке жатып бир аз өзүмө келген соң гана катты аягына чейин окудум. Кошунам немистер бомбалап жатканда уулум Анатолий шаарда болгонун жазыптыр. Кайра келиптир да, жанагы чуңкурду карап туруп кайра шаарга кетиптир. Кетип баратып фронтко өз ыктыяры менен суранаарын айтып кетиптир. Болгону ушул.

Жуүрөгүм кичине ылдыйлап, кулагыма кан жүгүргөндө мен Ирина бекеттен мени менен ушунчалык кыя албай кыйналып коштошконун эстедим. Көрсө ал аялдык сезими менен биз бул жарыктан эми жолукпасыбызды билген тура. Мен болсо аны түртүп жибериптирмин. Жылдап кураган баш паанек үйүм, үй-бүлөм бар эле, анын баары бир ирмемде кыйрап, коколой баш жалгыз калдым. «Же бу шордон арылбаган жашоом түшүмө кирдиби?» — деп да ойлоп кетем. Туткунда жүргөндө күн сайын түнү менен Ирина, балдарым менен сүйлөшүп, аларга дем берип, мени ойлоп сар-санаа болбогула, мен өлбөйм, бекеммин, аман –соо силерге кайтып келем, кайрадан баарыбыз чогуу болобуз дечү эмес белем… Демек мен эки жыл бою өлүктөр менен сүйлөшкөн экенмин да?!

Ушул жерге келгенде ал унчукпай калды да анан каргылдана түшкөн үнү менен акырын минтти:

— Келе тууган, тамеки тартып алалычы, антпесек эмнегедир демим кыстыгып кетти.

Тамеки тарттык. Ташкын суу баскан токойдон тоңкулдактын ургулаганы угулуп турду. Жылуу ойноок жел баягыдай эле кайыңдын кургак жалбырактарын ыргап жатты; көпкөк асманда чымырата тартылган парустардын астындагыдай булуттар сүзүп өтүп жатты, бирок эми кайгыга чөмүлгөн үнсүз бул мүнөттөрдө күрдөөлдүү жазга даярданып жаткан, жашоонун тирүүлүгүн тастыктаган бул бейкут дүйнө мага башкача көрүндү.

Унчукпай отуруу кыйын эле, ошондуктан мен:

— Анан эмне болду? – деп сурадым.

— Ананбы? — жайбаракат жооп узатты аңгемелешим. — Мен полковниктен бир айга отпуске алып, бир жумадан кийин Воронежде болдум. Бир кезде үй-бүлөм менен жашаган жерге жөө басып бардым. Дат баскан суу толгон үңүрөйгөн чуңкур турат, тегерегинин баарын калың куурай баскан… Тимеле көрүстөндөгү кулак мурунду кескендей жымжырт. Канчалык оор болгонун айтып деле кереги жоктур, тууган! Кайгымды ичке жутуп турдум турдум да, анан кайра вокзалга кеттим. Ал жакта бир саат да кала алган жокмун, ошол эле күнү дивизияга кайтып бардым. Бирок үч айдайдай өткөн соң булуттан чыккан күндөй сүйүнүч жарк этти: уулум Анатолий табылды. Фронттон, кыязы башка жагында жүргөн окшойт, мага кат жазып ийиптир. Менин дарегимди Иван Тимофеевич кошунадан алган экен. Көрсө, ал адегенде артиллериялык училищеге түшүптүр; математикага болгон шыгы так ошол жерден пайдасы тийген тура. Бир жылдан кийин училищени артыкчылык менен аяктап, фронтко кетиптир, капитан наамын алдым деп жазат, «кырк бешинчилердин» батареясына командалык кылып атыптыр, алты ордени, медалдарым бар дейт. Кыскасы, атасынан баары жагынан озуп кетиптир. Эми менин сыймыктанганымды айтпа! Канткен менен канымдан жаралган уулум капитан, анан батареянын командири болуп жатса бул азил эмес да! Ордендери да бар тура. Мейли, атасы «студебеккерде» снаряддарды, башка аскер жүктөрүн ташый берсин. Атасынын иши ошону менен бүтөт, капитан наамы бар экен, келечеги али алдыда эмеспи. Ошону менен түнкүсүн менде абышкалык кыялдануу башталды: согуш аяктаса, уулумду үйлөнтүп, өзүм да алар менен кошо турам, устачылык менен алектенем, небере багам дечү болдум. Айтор, кадимки эле абышканын оюндагысы да. Бирок бул жагынан да каражолтой болуп чыктым. Кышында биз тыным албай чабуулга өтүп жаттык, ошондуктан бат-баттан кат жазышып турганга да чолобуз тийген жок, согуш аяктап, Берлинге жакын кирип барган бир күнү эртең менен Анатолийге кат жазып, ошондон эртеси күнү эле жооп алдым. Көрсө, уулум экөөбүз германдык борборго ар кандай жол менен жакындап келген экенбиз, арабыз деле анчалык алыс эмес экен. Эми жолугушат турбайбызбы деп ак эткенден так эте күтүп калдым. Бирок, акыры жолугуштук… Так тогузунчу май күнү, Жеңиш Күнү менин Анатолийимди немистин снайпери атып өлтүрдү. Түштөн кийин мени ротанын командири чакырып калды. Карасам, ал жакта мага бейтааныш артиллериянын подполковниги отурган экен. Бөлмөгө кирип барсам, ал наамы жогору адам кирип келгенсип ордунан тура калды. Менин командир ротам: «Сага келиптир, Соколов», — деди да өзү болсо терезе жакка бурулуп кетти. Денемден ток уруп өткөнсүдү, бир жамандыкты сезгендей ичим муздап ичиркене түштүм. Подполковник мага жакын басып келди да акырын: «Кайрат кыл, атаке! Сенин уулуң, капитан Соколов, бүгүн батареяда каза тапты. Жүрү мени менен!» — деди.

Эсеңгирей түштүм, бирок эптеп кармандым. Эми анын баарын, полковник менен чоң машинеге түшүп сынган кыйраган нерселер тоо болуп үйүлгөн көчөдөн баратканыбызды түшүмө киргендей эстейм, тизилип турган жоокерлердин сабын, уулумдун кызыл баркыт менен жабылган табытын туманда жүргөнсүп эстейм. Анын жүзүн болсо азыр сени көрүп тургандай көрдүм. Табытка жакын басып барып карадым, анда жаткан уулум да, уулум эмес да болуп көрүнөт. Менин уулум дайыма ууртунан жылмаюу кетпеген, кууш ийин, кекиртек жагында оркойгон кокосу бар балакай эле, мында болсо жапжаш, далылуу, келбети келишкен азамат жатат, жарым ачылуу көздөрү мени кыйгап, тээ ыраакты тиктегендей. Эриндеринин бурчунда гана мен билген баягы уулумдун, Толиктин жылмайганы биротоло калып калыптыр. Эңкейип бетинен өптүм да четке чыга бердим. Подполковник сөз сүйлөдү. Уулум Анатолийдин достору-жолдоштору көздөрүнүн жашын аарчып жатышты, менден болсо таптакыр көз жаш чыкпайт, кыязы, жүрөгүм такыр эле тоңуп калса керек. Жүрөгүмдүн сыздаганы балким ошондондур?…

Ошентин мен чоочун, немис жеринде өзүмдүн акыркы кубанычым менен үмүтүмдү кара жерге бердим, командирин кайтпас сапарга узата уулумдун батареясы дүң дедире атты, ичимде бирдеме үзүлүп кеткенсиди…Эс –мас бойдон эптеп өз бөлүгүмө жеттим. Көп өтпөй аскерден бошотушту. Кайда баруу керек? Кайра эле Воронежгеби? Эч качан! Урюпинскиде тээ кышында эле жаракатынан улам армиядан бошоп кеткен бир таанышым бар экенин эстедим, — мени бир кезде чакырган эле, — ошону эстедим да Урюпинскиге жөнөп кеттим.

Досум аялы экөөнүн балдары жок болчу, шаар четиндеги үйлөрүндө экөө гана жашап турушкан экен. Шеригим майыптыгы болсо да авторотада айдоочу болуп иштеп атыптыр, мен да ошол жакка жумушка орноштум.

Ошолордукуна баш калкалап жашап калдым, батырып алышты. Биз райондорго ар кандай жүктөрдү ташып жүрдүк, күзүндө болсо буудай ташууга жөнөтүп турушту. Тигине, кумда ойноп жаткан тетиги жаңы уулчам менен так ошол мезгилде табышып калдым.

Кээде сапардан шаарга кайтканда, — түшүнүктүү да, адегенде эле чайканага баш багасың, аны-муну алып, анан албетте чарчаганыңды жазмакка жүздү согуп аласың. Чынын айтканда, мен бара – бара ушул жаман өнөкөткө абдан берилип кеттим…Бир жолу чайкананын жанынан ушул балакайга көзүм түштү, эртеси келсем – дагы жүрөт. Үстү башы самтырган жыртык кийимчен неме: дарбыздын ширеси катып калган бети башы бозала чаң, чачы таралбаган, таштандыда калгандан бетер кирдегенин айтпа, бирок көздөрү тимеле жаандан кийинки жылдызчадай жылтырайт!

Мага балакай ушунчалык жагып калды дейсиң, алтургай, тообо, аны көрбөй калсам кадимкидей кусаланам, тезирек көрсөм деп сапардан батыраак кайтканга ашыгып турчу болдум. Балакай дайыма чайкананын тегерегинде шимшилеп, ким эмне берсе ошону менен курсагын тойгузуп жүрчү.

Төртүнчү күн дегенде совхоздон буудай тартып келатып, түз эле чайкананы көздөй бурулдум. Карасам, балакай бутуң салаңдатып тепкичте отуру, кебетесине караганда, ачка да бечара. Терезеден башымды чыгардым да ага: «Эй, Ванюшка! Бол бат, машинеге отур, элеваторго алып барып келейин, келген соң экөөбүз тамак ичели», — деп кыйкырдым. Менин кыйкырыганымды угуп селт эте түштү да, машиненин тепкичине тырмыша чыгып келип, акырын минтет: «Байке, а сиз менин атым Ваня экенин кайдан билесиз?». Бакырайган көздөрү менен эмне деп жооп айтаар экен деп күтүп турат. Мен болсо көптү көргөн кишимин, ошончүн баарын билем дедим.

Ал оң жактан кирди, мен эшикти ачып, аны жаныма отургузуп алдым да жөнөп кеттик. Жаны жай албаган чыйрак балакай кокусунан эмнегедир унчукпай ойго батып калды, кез-кезде упузун, учу өйдө кайрылган кирпиктеринин астынан карап, үшкүрүп коёт. Чымчыктай болуп туруп үшкүргөндү үйрөнүп алганын кантесиң. Үшкүрө турган маалыбы азыр? Аны-муну сурамжылап кирдим: «Сенин атаң кайда, Ваня?» «Фронтто каза болгон» дейт шыбырап. — «Апаңчы?» — «Поездде келе жатканыбызда бомбадан өлгөн». — «А кай жактан келе жаттыңар эле?» — «Билбейм, эсимде жок…» — «Анан бул жерде таптакыр жакын кишиң жокпу?» — «Эч кимим жок». — «Кайсы жакта түнөп жүрөсүң?» — «Оң келген эле жерде».

Ушул жерден көз жашым тимеле кайнап кетти, ошол замат ичимде минттим: «Экөөбүз эки жерде куураганыбыз болбойт, муну бала кылып алам!» дедим. Ошол замат эмнегедир көөнүм ачылып, жеңилдей түштүм. Ага ийиле ыктадым да акырын сурадым: «Ванюшка, сен менин ким экенимди билесиңби?» Ал дагы үшкүрдү: «Кимсиз?». Мен болсо кайра эле акырын гана: «Мен — сенин атаңмын» дедим.

О кудай, ал анан көрүп ал, эмне болгонун! Ал мойнума асылып, бети-башыман өпкүлөп кирди, ичке үнү менен кабинени башына көтөрө чыңкылдап жатты: «Атакем менин! Мен билгем! Мени издеп таап келериңди билгем! Баары бир табат деп ойлогом! Мен сени келет деп абдан күттүм!». Мага жабышып алып тимеле шамал жапырган чөптөй титирейт. Менин болсо көздөрүм тумандап, тула боюм титиреп жатты, колдорум тимеле калтырайт…Ошондо колуман рол кантип чыгып кетпегинен таң калам! Бирок баары бир жолдун четиндеги арыкка кирип кеттим да, моторду өчүрдүм. Көзүмдөгү туман таркап кеткенче айдагандан коркуп турдум, непада дагы бирдемени сүзүп аламбы дедим. Ошентип беш мүнөттөй турдум, уулум болсо мага жабышкан бойдон тынчып калды, кээде гана селт этип коюп жатты. Аны оң колум менен кучактап, өзүмө кыстым да сол колум менен машинени кайра артка буруп, батириме жөнөдүм. Кайдагы элеватор дейсиң, мындайда көзгө элеватор көрүнөбү.

Машинени дарбазанын тушуна таштап коюп, жаңы уулумду колума көтөрдүм да үйгө алып жөнөдүм. Ал болсо кичинекей колдору менен мойнума тимеле жабышып алыптыр. Бетин менин кырылбаган жаагыма жабыштырган бойдон катып калгансыйт. Ошол бойдон көтөрүп кирдим. Кожоюн менен кожейке да ырас, үйдө экен. Кирдим да аларга көзүмдү ымдап туруп, шаңдуу үн менен минттим: «Мына, мен өзүмдүн Ванюшкамды таап келдим! Кана, бизди жакшылап тосуп алгылачы, туугандар!». Баласы жок досум менен аялы бечаралар иштин жайын түшүнүштү да ары-бери чуркап, түйшүккө түшүп калышты. Мен болсо жабышып калган баламды түшүрө албайм. Акыры эптеп кепке келтирдим. Колун самындап жакшылап жууп, анан үстөлгө отургузушту. Кожейке ага сорподон куюп берип, анан анын жагталаша жеп атканын карап, көзүнөн жашы он талаа болуп агып турду. Мештин жанында туруп алып, алжапкычынын учу менен бетин басып алып ыйлап жатты. Анын ыйлап атканын көргөн Ванюшка чуркап барып этегинен тарта: «Эжеке, эмне ыйлап жатасыз? Атам мени чайкананын жанынан таап алды, буга баарыбыз кубангандын ордуна сиз болсо ыйлап атканыңыз кандай?»- деди. Тиги болсо, кудайым ыраазы болгур, андан бешбетер эреркеп, көз жшын ого бетер көлдөттү, тимеле көз жаштан суу болуп чыкты!

Тамактанып алган соң мен аны чачтарачка алып бардым, чачын кыскартып, үйгө келген соң дагарага салып алып өзүм жуунттум да таза ак шейшепке ородум. Ал мени бекем кучактаган бойдон уктап калды. Акырын керебетке жаткырып, элеваторго кеттим, буудайды түшүрүп, машинени токтоочу жайына койдум да – дүкөндөргө чуркап жөнөдүм. Ага ноотудан тигилген кичинекей дамбалча, көйнөк, сандал жана мочалкадан тигилген картуз сатып алдым. Апкелсем баары эле чоң болуп чыкты, сапаты да анчалык эмес окшоду. Дамбалды көрүп туруп кожейке мага сүйлөнүп да алды. «Сен эмне, ушул ысыкта балага нооту дамбал кийгизип келесоосуңбу!»- дейт. Айтты да ошол замат тиге турган машинкесин алып чыгып үстөлгө койду, сандыгын аңтарып атып бирдемелерди тапты окшойт, айтор, бир сааттан кийин эле Ванюшкама сатинден тигилген турса менен жеңи чолок ак көйнөк даяр болду.

Экөөбүз чогуу жаттык да мен ошондо биринчи жолу таштай катуу тынч уктадым. Бирок түнү үч-төрт ирет ойгондум. Тура калсам эле ал чымчыктай болуп колтугумда жатат, акырын дем алганы угулат, аны карап туруп менин тимеле жаным бир жыргайт дейсиң, аны сөз менен айтып болбос! Ойготуп албайын, абайлайын десиң, бирок болбой эле турасың, ширеңкени жагып алып көпкө карап турасың…

Таңга маал ойгонуп кетсем тимеле демими кыстыгып калыптыр, бул эмнеси деп башым маң. Көрсө уулум шейшептин астынан чыгып кетип туурасынан жатып алыптыр, демимдин кыстыкканы мойнума бутун артып алган тура. Ошентип аны менен тынч уктай албасам да, бирок ансыз уктай да албайм, абдан көнүп алыптырмын. Түнчүндө туруп алып көпкө тигилем, кээде уюлгуган чачынан жыттап коем, жаным жай алып, кайгыдан муздап калган жүрөгүм кадимкидей жибий түшөт.

Адегенде ал менин менен машинеге түшүп алып рейстерге барып жүрдү, анан мындай иш жарабасын түшүндүм. Менин жалгыз башыма эмне керек, бир кесим нан менен пияз, бир чымчым туз болсо болду, жеп алам, ошону менен кечке ток жүрө берем. Бала менен жүргөндө бул жарабайт – ага сүт табыш керек, же жумуртка бышырып бериш керек, ысык тамак ичпесе да болбойт. Аны багайын десем ишим калып кетчүдөй. Ошондуктан чыгынып туруп аны кожейкенин кароосуна калтырдым, кечке дейре көзү шишигенче ыйлап отуруп, анан кечинде мени тоскону элеватор жакка качып кетиптир. Түн бир оокумга чейин ошол жакта акыйып күтүптүр. Ошентип адегенде кыйналып жүрдүк. Бир жолу күнү бою чарчап келип эртерээк жатып алдык, балакайым болсо уктагысы жок, чымчыктай ар демени чыйпылыктап сайрап атты эле, бир оокумда үнү чыкпай калды. «Эмнени ойлоп атасың, уулум» — деп сурадым. Ал болсо шыпты тиктеп жаткан бойдон кайра менден сурайт: «Атаке, жанагы кайыш пальтоң кайда кеткен?» — дейт. Менде өмүрү кайыш пальто болгон эмес! Бирдеме деп алдаганга туура келди. «Воронежде калган» — дедим. «Эмнеге мени ушунчалык көп издедиң?»- дейт. «Мен сени, уулум, Германичдан да издедим, Польшадан да издедим, Белоруссияны баштан аяк кезип чыктым, сен болсо Урюпинскиде турбайсыңбы». «Урюпинск деген Германияга жакынбы? А биздин үйдөн Польшага чейин алыспы?». Ошентип уйкуга кеткенче ушинтип кобураша беребиз.

Сен тууганым, бала эмне үчүн кайыш пальтону эстеди дебейсиңби? Бул жөн жерден эмес да. Демек анын атасы бир кезде кайыш пальто кийип жүрсө керек да, ошол эсине түшүп атпайбы. Анткени баланын эс тутуму жайкы чагылгандай эле да: бир жарк этет да, ошол замат кайра өчөт. Анын эси да ошол чагылгандай бир туруп жарк этип, кайра өчүп калып аткандай да.

Экөөбүз Урюпинскиде дагы бир жылдай туруп калат белек, бирок ноябрда бир күнөөгө баттым: ылай жолдо бараткам, бир хутордо машинем тайгаланып жолдон чыгып кетсе болобу, кырсыктай болуп так ошол маалда кайдан жайдан бир уй чыга калган экен, ошону сүзүп албайымбы. Калганы түшүнүктүү да, катындар чыга калып айкырыкты салышты, эл чогулду, аңдып тургандай автоинспектор ошол замат пайда боло калды. Канчалык аке жакелесем да болбой эле шоопурлук китепчемди тартып алды. Уй болсо ордунан тура калып, куйругун тик көтөргөн бойдон татырактап кете берди, мен болсо китепчеден айрылдым.

Кышы бою жыгач уста болуп иштедим, анан чогуу кызмат өтөгөн бир досум бар болчу, -ал силердин областтагы Кашар районунда турат, шопур болуп иштейт, — ошону менен кат жазышып калдым эле, мени өзүнө чакырды. Жарым жылдай жыгач устачылык кылып турасың, анан биздин областтан сага жаңы китепче беришет дейт. Уулум экөөбүз мына ошол Кашар тарапка минтип жөө жүрүш менен бараткан чагыбыз.

Сага кандай десем, мен жанагы уйду сүзүп албаганда деле баары бир Урюпинскиден кетмекмин. Анткени ичтеги кайгым бир жерде узагыраак отургуза койбойт. Ванюшка бир аз чоңойсо аны мектепке бериш керек, ошондо жаным жай алып, бир жерден орун очок алып отуруп калармын. Азырынча болсо экөөбүз минтип орустун жерин кезип жүрөбүз.

— Баскан кыйынго ага, — дедим мен.

— Бул өзүнүн буту менен деле баспайт, мени көбүрөөк минет. Желкеме отургузуп алып кете берем, бутун жазгысы келгенде – менден түшө калып улактан бетер чунаңдап чуркап кетет. Ошентип тууган, мунун баары эчтеке эмес дечи, экөөбүз эки бакыр бир тукур болуп жашай берет элек, бирок жүрөгүм такыр болбой калды, поршенди алмаштырыш керек окшойт… Кээде туруп ушунчалык бир мыкчып кирет дейсиң, көзүм караңгылашып, өзүмдү коёрго жер таппай калам. Өлүп калып уулумдун жүрөгүн түшүрөмбү деп корком. Анысы аз келгенсип дагы бир кырсык жабышты: күн сайын түндө каза болгон өзүмдүкүлөрдү көрчү болдум. Көбүнчө тушүмө мындай кирет, мен темир зым артында турам, алар болсо тиги жагында турган болушат. Ирина, балдар менен кечке баары сүйлөшөбүз, зымды колум менен эки жакка түрүп салайын десем эле ал менден ары жылып кетет, — тигилер болсо менден ыраактап барып көз көрүнөө эрип кеткендей болушат… Таң калыштуусу: күнү бою тың жүрөм, менден «өх» деген онтоо да, ныпым үшкүрүк да чыкпайт, түнкүсүн болсо ойгонуп кетип карасам эле жаздыгым чылк көз жашка сууланып калган болот…

Токой тараптан менин шеригимдин үнү чыгып, суудагы калактын шарпылдаганы угулду.

Мага чоочун болсо да жакын боло түшкөн мына бул адам ордунан туруп мага шадылуу, жыгачтай катуу колун сунду:

— Кош бол, тууган, жакшы бар!

— Сен да Кашарга аман-эсен жетип ал.

— Ыракмат. Эй, уулум, кеттик кайыкка.

Балакай атасына чуркап жетип, оң жагына тура калды да, атасынын купайкесинин этегин кармаган бойдон арышын кенен таштап бараткан эркектин катарында тыпылдай басып жөнөдү.

Жетимсиреген эки киши, согуштун көзгө көрүнбөгөн бороону чоочун жактарга айдап салган кумдун эки бүртүгү… Буларды алдыда эмнелер күтүп турду экен? Мына бул майтарылбас эрки бар орус адамы баарына чыдайт, атасынын жанында жүрүп баарына чыдаганды билген, Мекен чакырса жолундагы тоскоолдуктардын баарынан өтө алган, тетиги балакай да өсүп жетилет деп ойлогум келип турду.

Алардын артынан муңая карап турдум…Биздин коштошуубуз ушуну менен ойдогудай бүтмөкпү, бирок экөө арыраак узай түшкөндө тыпылдап бараткан Ванюша мага кайрыла калды да мала кызыл колдорун булгалап калды. Жүрөгүмдү жумшак, бирок катуу бирдеме чеңгелдеп кысып жибергенсиди да ошол замат тескери бурулуп кеттим. Жок, согуш отун аралап жүрүп чачы агарган улгайган эркектер түшүндө гана ыйлабайт. Алар өңүндө да ыйлашат. Мында башкысы – убагында тескери бурулуп кеткенди билүү керек. Мында эң башкысы – эркектин бетинен ылдый куюлган ысык, оңой менен чыкпаган көз жашты көргөн баланын жүрөгү канабасын…

1956–1957                        

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.