Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Өзүңөргө калтырам…»

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Өзүңөргө калтырам…»

Жыргалбектен жооп…

Чындыкты чыркырата айтып, жазып келаткан белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек КАСАБОЛОТОВдун жаңы ырын дагы бир мыкты акын, журналист, котормочу Марат ТОКОЕВ социалдык тармактарга жарыялагандан кийин, «ыйладым, жүрөгүм зырп деп кетти. Жыргалбектин ден соолугу жакшыбы? Өзүнөн сурайлы десек «Фейсбуктан» чыгып кеткен да» деп тынчсызданып, ал-акыбалын, ден соолук жагдайын сураган окурмандар болду.
Чынын айтканда, биз дагы бир көз таштап окуп алып, ошондой ойлорго жетеленип кеттик… Жалпыбыздын аманат суранычыбызды Жыргалбекке жеткирип, ал-жайды сурашып,  жүрөктөрдү болк эткизип ыйлаткан табышмактуу ырынын таржымалын да сурадык. «Рахмат, баары жакшы. Болгону жалпы маанидеги бир чындыкты айттым. Негизи ыр өлүм жөнүндө эмес…», — деди.
Албетте, бул жоопту угуп, «Ошондой эле болсун, өмүрүң узун болсун, Эрнистин Жыкеси!» деп сүйүнүп калдым…
Ырдын тереңинде, көмүскөдөгү айтылып-айтылбаган жашыруун таржымалына үңүлүп ой калчап да көрүп, «деп аталат» дегидей түз жообу жок ырдан чакырыкты, өкүнүчтү, капалыкты, кайдыгерлик, айтор, адабият таануучулар талдап калчу философиялык кыйла көп «подтекстти» көрдүм… Балким, кымбаттуу окурман, ырды дагы бир окуп чыгып, жандырмагын жазып жибересиздер… бул жагын биз дагы сиздерге калтырдык…
Назира СААЛИЕВА
ӨЗҮҢӨРГӨ КАЛТЫРАМ
Айла жоктон, кара күчкө жөткүрүп,
«Айтчы кана, кулак сенде!» деп туруп,
Сүйлөп кирсем алаксыйсың, тууганым,
Сүйбөгөнсүп ар кайсыны кеп кылып.
Араңарда айткан сөзүм угулбайт,
Анча деле көңүлүңөр бурулбайт.
Айнек менен жасап койгон айкелдей
Акыйкатым көзүңөргө урунбайт.
Оргуштаган, күргүштөгөн, төгүлгөн,
Ойлорумду сунуп жатсам көңүлдөн
«Жолу улуулар» өзүн гана кеп салып,
Жообун укпай, узап кетти өмүрдөн.
Сиңире албай, түшүнө албай, ойлонбой
Силер мени жокко санап койгондой,
Бир кезекте мен да сөзүм түгөнүп
Биротоло уктап калам ойгонбой.
Көп эмгегим өзүм менен өлгөндөй,
Көнө түшкөн бир буюмун көмгөндөй,
Көр оокат деп жүрөрсүңөр анда да
Көзүм барда сөздөрүмдү бөлгөндөй.
Түшүнгөндөр жоктоп турар калкыман.
Түркөйлөрү боктоп турар артыман.
Кезегимди, кебиңерден ашпаган
Кенен-кесир өзүңөргө калтырам.
Ата-бабам алды жактан тосоордо,
Акыйкаттын дайрасына кошоордо,
Тытмаланган бир чындыкты талашып
Тынчыңарды албай калам ошондо.
Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.