«Мейкиндикке» катышып, миллион утуп ал! (Жол-жобосу)

«Мейкиндикке» катышып, миллион утуп ал! (Жол-жобосу)

«Мейкиндиктеги» миллион…

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттер үчүн жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун бир ай мурда кабарлаган эле…

Андагы айтылган боюнча, жарлыктын негизги максаты — журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо, кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөдөгү чыгармачылык  активдүүлүгүнө дем берүү.

Жол-жобосу…

Жогорку сыйлыктын байге фондусу 10 миллион сомдон  ашат экен. Андан тышкары кызыктыруучу белектери да бар. Талапкерлер үчүн журналистика коомчулугунан түзүлгөн жумушчу топ бир канча убакыт кеңешип тандап алган он номинация каралган. Ар биринин сый акысы — бир миллион сом. Айтымында, татыктууларды тандоо үчүн тийиштүү Жобонун негизинде комиссия түзүлгөн, курамы басымдуу көз карандысыз медиа эксперттерден турат дешти. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 7-ноябрь — Басма сөз күнүнө карата президенттин катышуусунда тапшыруу да максат кылынган.

Он номинация боюнча тандалып алынган темалар жана алардын мазмуну боюнча айтсак, алар мындай: 

1) “Бир эл – бир түндүк”

Материалда өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушунда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, каада-салттарды жана көп түрдүүлүктү сактоо, коомдо толеранттуулукту жогорулатуу сыпатталат;

2) “Керемет Кыргызстан”

Материалда адамдарда өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимин тарбиялоо жана активдүү эс алуу маданиятын өнүктүрүү кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылышынын ажайып кооз жайлары жана элдин меймандостугу сыпатталат;

3) “Салык – өнүгүүгө салым”

Материалда салыктардын мамлекеттин негизги киреше булагы катары мааниси сыпатталат, ал аркылуу саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, инфраструктура, коргоо сыяктуу бардык мамлекеттик программалар каржыланат жана мамлекетке коомдук бакубаттыкты берүүгө жана өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет;

4) “Таза Мекен”

Материалда адамзаттын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн планетаны сактоо максатында жаратылышка аяр мамиле жасоо сыпатталат;

5) “Билим – келечек”

Материалда билим берүү ар бир адамдын өнүккөн жана туруктуу коомду калыптандырууда маанилүү ролду ойногон, ошондой эле инсанды өнүктүрүүгө, азыркы учурдагы дүйнөгө ийгиликтүү ыңгайлашуу үчүн зарыл болгон баалуулуктарды, билгичтикти жана көндүмдөрдү калыптандырууга шарт түзүүчү фундаменталдык укугу катары сыпатталат;

6) “Куттуу элет”

Бул номинация боюнча материалда региондордун айыл чарбасы, мал чарбачылыгы менен алектенген жашоочуларынын жашоосу жана алардын ийгиликтеринин сырлары, өзгөчө окуялары жана кызыктуу башталыштары жөнүндө баяндалат;

7) “Мекен жана мен”

Бул номинация боюнча материалда өлкөнүн жана коомдун коопсуздугун камсыздаган адамдардын баатырдык эрдиктери жана патриоттук сезимдери баяндалат;

8) “Мекендештер”

Бул номинация боюнча материалда чет өлкөдө иштеген жана окуган мекендештердин жашоосу, алардын чет өлкөдө Кыргыз Республикасы жөнүндө жакшы пикирди калыптандырган ийгиликке карай жолу баяндалат;

9) “Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG)

Бул номинация боюнча материалда республиканын өндүрүштүк жана өнөр жай ишканаларынын иши баяндалат, ата мекендик продукцияга өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары дем берүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгү ачылат;

10) “Сергек жашоо”

Бул номинация боюнча материалда заманбап адамдын сергек жашоо образын жана спортун колдоонун маанилүүлүгү баяндалат, ошондой эле коомчулукту өсүп келе жаткан муундун туура тамактануусуна, дене тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга шыктандырат.

Урматтуу кесиптештер, не дейбиз, акыркы учурда журналистикада ажырым тууралуу көп айтып, жазып да жатабыз, балким, данакер болчу кадамдар жасалар… Анда чамдаңыздар! Баарыңыздарга ийгилик, чыгармачылык эргүү каалайбыз! 

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.