Залкар илимпоз-агартуучулар жана «100 журналист» китеби…

Залкар илимпоз-агартуучулар жана «100 журналист» китеби…
«Журналистика башка кесиптерден айырмаланып, сөз кадыры, сөз касиетин талап кылат эмеспи! Сөз менен адамды өлтүрүп да койсо болот»
**
«Коомду өнүктүрө турган эң башкы факторлордун бири — сөз эркиндиги. Албетте, коом ансыз өнүкпөйт. Ириде сөз эркиндигин сыйлашыбыз керек!»
Мелис ЭШИМКАНОВ
Эгемен сөз эркиндигине чыйыр жол салгандардын бири, кыргыз тилдүү басма сөздүн патриархы, бир тууган иниси Эрнис Асек уулу (1970-2020) жазгандай, сөзү көӊдөй башты шылып түшкөн калеми курч Мелис Эшимканов (1962-2011) агабыз айткандай, журналистика сөз касиетин талап кылган кесип.
Ошол сөз менен иштеп, жазма адабиятыбыз, жазма маданиятыбыздын башатында туруп, сабатсыздыкты жоюу үчүн жан үрөп, алакандай мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшүп, кыргыз мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, сакталышына жасалган көп иштин ичинде улуттук тун гезитибиздин жарык көрүшүнө эбегейсиз салым кошкон тарыхый инсандарды Мелис агабыз негиздеген «Асабадан» (эл сүйүп, күтүп окуган гезит эле) окуп калдык эле…

Тунгуч гезитти түптөгөндөр

Расмий тарых жолун алганда, азыркы журналистиканын башаты 1924-жылдын 7-ноябрынан башталат. Тагырагы, ушул күнү тун гезитибиз «Эркин-Тоонун» №1 саны жарык көргөн. Эми ал гезитти кандай даярдашканы, ошол учурда басмаканаларга ээлик кылган татар ж.б. улуттагы «кожоюндардын», кызматкерлердин маанайларына жараша иш алып барышкандары, басма арип калыптарын сындырып тамга жасашкандары сындуу ж.б. түмөн түйшүктөр өзүнчө чоң баян. Карлыгач коомдук ишмер, илимпоз-агартуучуларыбыз, кыргыз журналистикасынын көч баштоочулары Ишеналы Арабаев (1882-1933), ошол кезде Ташкентте билим алып жатышкан, гезиттин катасын, грамматикасын текшеришкен Кусеин Карасаев (1901-1998), Мустафа Акматов, атайын Караколдон Ташкентке чакыртылып алынган гезиттин жооптуу катчысы Сыдык Карачев (1900-1937), гезиттин тун редактору Осмонкул Алиевдер эрдик кылып тун гезитибизди  4 барак, 3 миң нускада жарыкка чыгарышкан…
Сүрөттө: Ишеналы Арабаев

Экинчи номери 20 күндөн кийин — 2924-жылы 27-ноябрда, үчүнчүсү 15-декабрда, төртүнчүсү 1925-жылы 3-январда  чыккан гезитибиздин алгачкы 4 саны Ташкентте жарык көрсө,  №5 санынан тартып өзүбүздөн — Пишпектен чыга баштаган. Кийин аталышы да бир нече жолу өзгөргөн: “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан” болуп келип, эгемендикте “Кыргыз туусуна” айланган…

Айтылуу илимпоз, окумуштуу Зыяш Бектеновдун белгилөөсү боюнча, “Эркин -Тоо» деп Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров, Касым Тыныстановдор атаган. Гезиттин биринчи номуруна Ишеналы Арабаевдин «Эркин Тоо» макаласы жарыяланган. Ошол макалада гезит эмнеге «Эркин Тоо» аталганы жазылган: «Эзелтен бери кыргыз элинин Мекени – Ала-Тоо, Тянь-Шань болгон. Саргарып, зарыгып алдыдан күткөн үмүтү – эркиндик, теңдик болгон. Мына эми, кыргыз элинин көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип, эрктүү автономиялуу область, өзүнчө мамлекет болуп, түтүн булатып отурат. Ошондуктан, газетаны «Эркин Тоо» деп атадык. Эми «Эркин Тоону» колуңардан чыгарбай, мунун бетине арыз-муңуңарды жазып тургула.

Алгач газетада төрт гана киши иштеген: адабият кызматчылары – Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов (акыркы экөө – Ташкенттеги казак, кыргыз эл агартуу институтунун негизги класстарынын окуучулары) болгон. «Эркин -Тоо» газетасынын биринчи саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көрүп, ал санга Аалы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры басылган”.

«100 журналист» китеби…

Эми көч улоочу азыркы журналистикага келсек, азыр жогоруда сөз кылган, тун гезитибиз «Эркин -Тоо» не деген азап-тозок менен жарыкка чыккан замандан кыйла айырмалуу. Илимий-техникалык жетишкендиктер көп иштерди жеңилдетип койду. Бирок МЫКТЫнын МЫКТЫсы болгон, саясий кылтак кылт эткен заманда да гезит беттерин эл үчүн туура пайдаланган улуу, залкар инсандарыбыздын эмгеги баа жеткис! Алар кылган эрдик менен эмгектин азыр 100 жылдыгын белгилөө алдында турабыз…
Баасы бийик бул мааракени утурлай, азыркы «Эркин-Тоо» гезитинде бир топ жыл эмгектенген, учурда «Ишкердик Академия» тренинг борборунда иштеп жаткан журналист Сымбат Максүтова «100 журналист» аттуу китепти түзүп, чыгарды. Ал бул китептин чыгышына 4 жыл даярдык көргөнүн, журналисттердин өмүр баяны, сүрөттөрү кандай азап-тозок менен чогулганын, «Эркин-Тоо» гезитинин 100 жылдыгына, 7-ноябрдагы журналисттердин майрамына туш келгенине, китептин баш сөзүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жазганын айтып кубанды. «Китеп жазуу көп жыл оюмда болчу. Материалдарды топтошуп жардам берген бардык кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Мукаба жасалгасы, китеп беттери сапаттуу болсун деп жылтырак кагазды (глянцевый) тандап, мен баштаган китеп кымбатка туруп калды. 4 миң сом деп баасын койдук… Албетте, китепке сын айткандар болот, кирбей калгандар нааразы болот… Чынында журналисттер көп, бул эми башаты… Мен баштап бердим, андан ары улантып кетем деген ой бар… Чыгарам дегендер болсо, чыгара беришсин, каршылыгым жок… «, — дейт Сымбат.

«Жеке мамиле мени кызыктырбайт!»

«100 журналист» китебине журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис да, кайын агам Мелис байке да кирди. Сүрөттөрдү сурап кесиптешибиз Жазгүл Ибраева  эки жыл мурун үйгө келип алып кеткен. Ошондо Жазгүлгө: «Кайын агам менен жолдошум мыкты журналист, мыкты гезит чыгарып, сөз менен иштеген мыкты жазмакерлер эле, кирбей калбасын» дегем. Жазгүл: «Байкелерим сөзсүз кирет да. Ар бириңиздердин журналистикада ордуңуздар бар. Орто муундагы журналисттерди чогултканга мага тапшырма берилди…
Дагы кимдерден алсам болот?» дегенде мурунку муундан устатым Нуралы Капаровду, Айгүл Бакеева, Бабырбек Жээнбековду, орто муундан журналист, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотовду айттым эле. Негедир алар китепке кирбей калыптыр…
«Журналисттер дээринде чатак, эрке, ойт берме калк келет. Ошон үчүн аларга аяр, кек сактабаган, ички дүйнөсүн түшүнгөн мамиле керек! Бүгүлөбү, түйүлөбү, бүгүн кетип, эртең келеби, мен анын талантына гана карайм. Жеке мамиле мени кызыктырбайт» деп Мелис байке жазгандай, азыркы журналистикада кылыгыбыз да, кызыгыбыз да көп… Ар биринин салмагы бар, бирок, албетте, таланттуу, тарыхый иш жасаган инсандарыбыз татыктуу баасын алып жазылышы керек…
Айтмакчы, китеп боюнча сын айткандан алысмын, тек гана жолдошум тууралуу бир аз туура эмес маалымат кетип калыптыр, ошону гана китеп түзүүчүсү катары Сымбатка айттым. Ал туура кабыл алды…

«Жакшы — тириктин иши»

«Жакшы киши» деген ким? «Жаман киши» деген ким? Жакшы-жаман киши болбойт, анткени ак-карасы жуурулушуп кеткен. Бир билгеним: жакшы – тириктин иши, жаман – өлүктүн иши. Болгону ошол…» деп жолдошум Эрнис Асек уулу жазгандай, жакшы — тириктин иши.
Жакшы иш жасап,  эгемендүүлүктө журналисттер тууралуу алгачкы китебин баштап, даярдап, чыгарган Сымбатты куттуктайбыз!
«Жашоо каратып туруп өзгөрүп жатат, заман өзгөрүп жатат, аалам аласалып жатат. Ушундай учурда уктап калба, бир боорум! Айтор, уктабачы!» деп жолдошум жазгандай, заман өзгөрүп, адамдар өз билгендерин кылып жатат… Тирүүлөр уктап калбайлы, жакшы иштерди жасайлы! Ал эми Эрнис, сен тынч укта, уктай гой!

Сымбаттан сурагыла!

«100 журналист» китебинин түзүүчүсү Сымбат Максүтова маалымдагандай, аталган китептин бет ачары эртең, 1-ноябрда, саат 10:00до, Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында өтөт.
Урматтуу кесиптештер, иш-чарага келиңиздер, көрүңүздөр, китеп түзүүчүсү Сымбатка сурооңуздар болсо, бериңиздер!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.