Султан РАЕВ: «Түкөмдүн ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздүн гимниндей болуп сезилет»

Султан РАЕВ: «Түкөмдүн ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздүн гимниндей болуп сезилет»

Фонограммасы жок, жандуу маек-ыр кече…

«Түгөлбай Казаков ырдай да билет. Ошону менен катар жаза да билет. Керемет ырларды жарата билген акындыгы да бар. Чыгармачыл дүйнөсү өтө кеңири. Журналистикада, коомдук иштерде атуул катары өз позициясы бар. Эч качан чарчадым, чаалыктым дебейт. Түкөмдүн чыныгы чыгармачыл инсан катары кыргыз маданиятында өз орду бар» деп Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жазгандай, Түкөбүз адамдык ааламы, өнөр ааламы өзгөчө бир инсан, талант. Бирок, өзүн акын же жазуучу деп эсептебей турганын кайсы бир маекте айтканы бар.

Анткен менен, бир топ сыйлык, наамдын, бир топ кесиптин (журналист, публицист, котормочу, композитор, ырчы) ээси, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков агабыздын (27-28-ноябрда Улуттук филармонияда өткөн) 5 саатка созулган ыр кечесине баргандар «мындай концерт болгон эмес» деп тамшанып сөз кылып, жазып да бүтпөй жатышат… Концерттен кабары болбой, же башка себептүү бара албай калгандар арман кылып, «кайталап койсо барат элек» дешүүдө…
«Кайталап койсо!» деген сунушту мен да колдойм! Себеби, фонограммасы жок, оркестр, кыяк, комуз, домбра жана жандуу үн көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып салды… Эл ушундай жандуу, жагымдуу концертти сагынышкан экен, тимеле толкушту… кошулуп ырдап шаңдуу отурушту…
Концерт форматы да өзгөчө болду. Маек-ыр концерт! Аны көркүнө чыгарып, шаңына шаң кошуп, тилинен чаң чыккан тапан, «Манас» улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу  алып баруучулукка куп жараштыр. Агабыздан аткарылган чыгармалардын, кинотасмалардагы кадрлардын таржымалын сурап, айтор, элди зериктирген жок… Ал эми Түгөлбай агабыз эзелкини элестүү айтып берген жактан чынында эле чебер да. Азил-тамашага салып, куйкум сөздөрү аралашып улам кыраан-түшүп жаттык… Кыскасы, элге күн түйшүгүн унуткарып  керемет сезим, руханий азык тартуулаган мыкты ыр кече болду!
Эми ыр кечедеги кызыктардын баарын баяндай албасак да, бир нечеси алдыңыздарда…

«Түгөлбай Казаковдун музыкасы элибизди шыктандырып, бириктирип келет»

деген маданият министри Алтынбек Максүтов: «Түгөлбай Казаков – бул жөн гана таланттуу композитор эмес, ал кыргыз элинин патриоту. Анын музыкасы элибизди шыктандырып, бириктирип келет. Анын чыгармалары – бул кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн үнү” деп куттук сөзүн айтты. Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берип, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, профессор Кадыралы Коңкобаев куттук сөздөрүн айтып, Кадыралы агабыз бир топ төш белгилерди (ТүркСой жана Түрк академиясынын алтын медалы, Казакстандын Абай сыйлыгы жана Түркменстандын сыйлыгын) тапшырды. Түгөлбай агабыз эл аралык сыйлыкка бөлөнүп, гүлгө оролуп эле калды…

«70-жылдардагы ырчылар Рыспайдын аккордеонунан чыкканбыз…»

Алып баруучу Азиз: «Агай, азыр 73 жаштасыз, Кудай жаштан айтып 90 жашыңызда да элге ыр кече тартуулаңыз» деп жакшы тилек айтты эле, Түгөлбай агабыз: «Улам жаш өйдөлөгөн сайын, адам отургусу келип калат экен… Жетимиште отуруп ырдасам, токсондо жатып алып ырдайм го» деп күлдүрдү…

Түгөлбай агабыз кеп-сөзүн, жандуу ырлар арасындагы кыска-нуска баянын улуу, залкар адамдардан баштады…

Залкар обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровду алгач мектепте окуп жүргөндө (1967-жылы) көрүп, таанышканын, бир топ жыл чогуу жүрүп, ырын да, сырын да укканын, өмүр бою чыгармачылыкта изденип өткөнүн, «Түгөйүм» деген ыры менен дүң болуп, алгачкы ырлары («Кыздын сыры», «Сагыныч», «Жүрөктү кетти жаралап…», «Таанышыңдай карагын») ырдалбай калганын айтты.

«Өзгөндө а киши менен сырдашып жүргөндө «ушул ырларды репертуарыңа кошуп, ырдай жүр» деди эле, кийин көзү өтүп кеткенден кийин мен үчүн керээздей болуп калды. Мени желкайыкка (кыякты айтып жатат) биротоло жармаштырып койгон ошо киши болгон. Орус адабиятынын өкүлдөрү: “Биз баарыбыз Гоголдун “Шинелинен” чыкканбыз” дешет го, анын сыңарындай, биз, 70-жылдардагы ырчылар, Рыспайдын аккордеонунан чыкканбыз” деп, Рыспай агабыздын «Таанышыңдай карагын» аттуу алгачкы ырларынын бирин ырдап берди…

«Залкар деген сөздү тизгин тарта колдонсоңор»

«Бир үйдөн бир сасыткы чыгат» дегендей, бир үйдөн сасыткы чыгат экен. Биздин үйдөн мен «сасыткы» чыктым. Улуу агам — Эсен, акылдуу болсо, экинчи агам Аман таланттуу болду… Аларды туурап мен да жазымыш болуп жүрдүм. Ырдай да калчумун. Айылдын четиндеги шар аккан суунун жанына барып кыйкырып эле ырдай берчүмүн. Менин ырымды суу, тоо гана укчу…» деди агабыз өздүк өмүр баянын да кыскача тамаша менен айтып.
Албетте, Түгөлбай агабыздын агаларын көрбөгөн биз, алар тууралуу даңазалуу көп эле баянды укканбыз. Менимче, Түгөлбай байке бир туугандарынан кем болгон жок. Бирок нагыз залкар, генийлер ушундай жөнөкөй болушат да…
Баса, агабыз: “Мен балдарга залкар деген сөздү, айрыкча тирүүлөргө карата, тизгинди тарта колдонсоңор деп айтып келатам«, — деди. Билген кишиге ушул сөздүн баркы да, баасы да кетип баратканын, кемип баратканын айтты. Анткени азыр баары эле «залкар», «мыкты» болуп кетпедиби…
Анткен менен, элибиздеги туура сөздөй, «Баткакка түшкөн алтын, баари бир алтын бойдон калат, а чаң канчалык бийикке чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат»… Түгөлбай байкебиз алтын адамдардын ичинде…

«Шагым сынды»…

Мага ырлардын өз баяны болгону жагат. Түгөлбай байкенин ар бир ыры, обону баяны менен. Мисалы, ушул «Шагым сынды» ырынын сөзү кыргыздын мухит, дөө-шаа залкары Дооронбек Садырбаевге тиешелүү. Түгөлбай агабыз обон чыгаруу вазийпасы ага кандайча тийип калганына жайынча токтолуп айтып берди.

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл артисти, кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу, коомдук ишмер, тайманбас мыкты депутат, «кайран гана кыргызым» деген кейиште бул өмүрдөн өтүп кеткен агабыз Дооронбек Садырбаевдин «Шагым сынды» аттуу обондуу ыры экрандан көрсөтүлгөндө, көзгө жаш айланды, зал да тынымга тунжурай түшкөнсүдү… Свет жанып, Азиз жаркылдай обондун жазылып калган таржымалын сурап калды эле, агабыз, залдагы маанайды байкап, күлкүгө айлантып жиберди: «Мына, тасмада көрүп турасыңар, чач, сакал өскөн, үрөй учкан… Докем да укмуш киши эмес беле! Бир күнү мени чакырып алып, ушундай ыр жазганын айтып, «эми буга обонду сен сал» деди. Чыгара албасымды айтсам, «37-жылы атылгандардай болуп эртең атылганы турабыз. Чыгарасың, чыгар» деп мени камап кетти.. анан ойлондум, «эртең атылганы жатсак, анда ... (Зал жарыла дуу каткырды). атылып кетет экенбиз деп капысынан чыгарган обонум» деп бүтүрдү сөзүн.

«Махабат дастанындагы» махабат…

Сүрөттө: Болот Бейшеналиев менен Мурат Казаков

Доке деп эл сыйлаган Дооронбек агабыздын ырлары да, тарткан тасмалары да мыкты чыккан. «Ак баранын көз жашын», «Арманды» кандай тарткан?  «Махабат дастаны» аттуу тасмасын көргөндөн тажабайбыз, чынбы? Ушул тасманын композитору — Түгөлбай Казаков агабыз.

Бул киного агабыздын он жаштагы баласы Мурат Казаков да катышкан. Айтылуу актер Болот Бейшеналиев аткарган азиз Жалман карыны жетелеп жүргөн небересинин ролун аткарат.

Анан бул тасма тууралуу да суроо болду…

Кинонун идеясы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы  Раймаалы менен Бегимай жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралганын, Бегимайдын ролун Асел Эшимбекова, Раймаалынын ролун Тууганбай Абдиев аткарганы менен алардын ырдагандагы үнү башкалар менен тартылганын, Раймаалыны Эстебес Турсуналиев, Бегимайды казак кызы Калемкас Орошова ырдатканын айтты…

«Улан» тасмасы… «Гүлбарчын…»

Залкар кинорежиссер Төлөмүш Океевдин «Улан» тасмасына капысынан чакырылып, эпизодго кандайча ырдап тартылып калганын да айтып берип күлдүрдү: «Анда Биз Көлдө жашачубуз. Жаштык кез. Төлөмүш Океев келинчегим менен чакырып калды. Барсак, «Улан» деген кинону тартып жатышыптыр… Күз, күн суук… Шарап деп стаканга куйдуртуп койгон суулар тоңуп калыптыр… Өзү пальто кийип, шарф салынып алган. Мени болсо, костюм-шымчан отургузуп коюп, комуз менен ырдап кой десе эле, мен «Гүлбарчын» деген ырды ырдап салдым. Анда авторун деле билбейм. Гүлбарчын деген кызды деле тааныбайм. Эми бул жаштыктын жалыны экен да, болбосо жанымда келинчегим отурса, мен кайдагы бир тааныбаган эле Гүлбарчынды созуп, шалкылдап ырдап жатам…»

«Гүлбарчын» ырын издеп, бир жерде авторлору көрсөтүлбөй, бир жерден сөзү Б. Курманкулов, обону Ж.Шералиевдики деп таптык. 600дөн ашык обон жаратып, айрымдарынын сөзүн өзү жазган, «Кыргыз обондорунун атасы» Жумамүдүн Шералиевди баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми Б. Курманкуловду Биримкул Курманкулов окшойт деп болжоп койдук. «Гүлбарчын» ыры ушул таланттарга таандык деп так кесе айта албайбыз. Андыктан, так маалыматты билгендер болсо, кубанычтабыз…

Гүлбарчын

Сөзү: Б.Курманкуловдуку,

Обону: Ж.Шералиевдики

Жылынган билет күн баркын,
Жыттаган билет гүл баркын.
Каректин курчун түгөтүп,
Каякка кеттиң Гүлбарчын?

Бир аткан октун жигиндей,
Билинбей кеттиң, билинбей.
Элесиң калып, өзүң жок.
Эңсеткен тоонун гүлүндөй.

Шагысың гүлдөй өмүрдүн,
Шамысың бүрдөй көңүлдүн.
Эркине көнбөс болгон соң,
Эмне үчүн мага көрүндүң.

Сүйкүмдүн кармап желегин,
Сүйүүнүн искеп илебин.
Жүрө бер мезгил өтсө да,
Жүрөктүн ээлеп тереңин.

«Шуулдаба, теректерим, шуулдаба!»

Бир жаралып келип кеткен залкар акын, жазуучу, публицист, окумуштуу, сынчы Салижан Жигитовдун «Элегия» (Шуулдаба, теректерим, шуулдаба) аттуу ырына обон жараткан агабыз бул ырга Асанкалый Керимбаев, Аксуубай Атабаев да обон чыгарганын, бул ырда муң, кайгы бар экенин, бирок, «үчөөбүз тең ийине жеткире обон чыгара албай калгандайбыз» дегендей оюн айтты… Албетте, бул ырды окуганда, жан дүйнө титиреп кетет… менимче, обону да ошондой эле сезимди берет…

Агабыздын бул ырга салган обону өзүнө жакпаганы менен бизге, элге жагып, көзгө жаш ала угуп келатабыз…

«Түгөлбай Казаковдун түп нуска обондору кыргызга кенен тараган. Анын ырларын ырдаганга куштар болбогон ырчылар деле жок деп ойлойм. Түгөлбайдын ырларын жеке эле кыргыздар эмес, казактар да ырдап жүрөт» деп Кыргыз Эл Баатыры ыраматылык Бексултан Жакиевдин «Азаттыкка» айтканы бар. Ооба, агабыздын ырларын казак туугандар да ырдап жүрөт. Домбра менен ырдап калганын көргөн казак баурлар «сенин фамилияң бекеринен Казаков эмес да…» деп тамашалашканын айтып элди дагы күлдүрдү… Айтмакчы, агабыз казак акындарынын дагы бир топ ырларын кыргыз тилине оодарган.

«Талантты баалагыла тирисинде…»

бул ыр сабы казак акыны Кадыр Мырза Алиге таандык. Кыргыз тилине мыкты которгон Түгөлбай агабыз. Бул ырын сахнада  окуп бергенде көзгө жаш тегеренди… Мына, өзүңүздөр угуп көрүңүздөрчү:
Таштап койбой, жүрөт деп миң ичинде,
Талантты баалагыла тирисинде.
Кээде биз андайлардын жашы түгүл,
Келебиз кадырлабай ирисин да!
Той – таланттын отузга келүү де,
Тойлойбуз аны биздер элүүндө.
Тирилей теңибиз деп тааныбайбыз,
Тааныйбыз ыйлап-сыктап өлүгүндө.
Чыккан күн бир ордуна тура бербес,
Чындыкты ташкереңдер уга бербес.
Миңге да чыгат акын өлгөндөн соң,
Тирүүсүндө элүүгө чыга бербес.
Не керек майдасыңбы, ирисиңби?
Жакшынын сайа кылбай бир изин да.
Өлгөнүн, көмүлгөнүн күтүп жүрбөй,
Таланттын кадырлайлы тирүүсүн да.
Түгөлбай агабыз казак элинин эле эмес, бир топ дүйнөлүк акындардын ырларын которгон, анын айрымдарын гана сахнада окуп берди…

Шербет Келдибекованын арноо ыры…

Котормочулар менен кошо биздин котормочу, публицист, акын агабыз Алым Токтомушев менен жубайы Шербет Келдибекова акын эжебиз дагы эскерилди.
Алып баруучу Азиз айтылуу «Асаба», «Агым» гезиттеринде Алым агабыз менен чогуу иштегенин эске салды… Анан Шербет эжебиздин Түгөлбай агабызга арнаган төмөндөгү ырын окуп берип, агабызды таң калтырды.
…Көкөлөйсүң көк-асманды шоокумга,
Термечүдөй, музыканын дабышы.
Качанкы бир чер козголот ордунан,
Атаганат… Төгүлчү кез так ушу…

Сездиби же, сезбедиби бу ырчы,
Кай дүйнөгө учуп бара жатканын,
Муңга баткан не тагдырды кайрадан
Шаңга бөлөп, өлбөс канат такканын.

Сыпайы да, муңайым да келбети,
Шай келишип булбул сымал үнүнө.
…Үнсүз гана жетелендик, тунардык,
Агып жаттык, агып жаттык күүгүмдөп.

Жок! Сезбейсиң!.. Сен бир добуш ырчы эмес,
Өчпөйсүң сен, бийик бойдон каласың!
Бу жарыкка ырдаш үчүн келбестен,
Жаңыртууга келдиң эски жараатты…

Улай бергин, добушуңду тыңшайлы,
Түтө албаса мейли, жүрөк жарылсын.
Бу дүйнөдө ашыктардын капыстан
Адашуусу бүткүчө сен зарылсың!

«Бул ырды кайдан тапкансың?» десе, Азиз: «бизде дагы толтура ырлар бар» деп жарк этти…

Түгөлбай агабыз Алым Токтомушев «Көл түнү» аттуу бир эле ыры менен өзүнүн залкар талант экенин далилдеп койгонун буга чейин деле айтып келсе, бул жолу дагы ал ырга кайрылып, бул ырда  сагыныч, кусалык, айтор, бир чоң сүйүүнүн баяны ачыкталбай калганын айтып, «бул жакшы ырды мен «Фаризат» аттуу жакшы обонго салып ырдап койдум, эки жашты баш коштургандай…» деп элди күлдүрдү да… аккордеон менен ырдап берди…

«Асабадагы» Алыке менен Түкө…

Ыраматылык Алым Токтомушев агабыздын мындай деп жазганы бар: “Түкөң кайсыл ишти болбосун катыра аткарарын аны менен чогуу иштеген кишилер билет.
15 жылга чукул аны менен бирге «Асаба», «Агым», «Алас» гезитинин суугуна тоңуп, ысыгына күйгөн биз жакшы билебиз. Сүйлөсө тилинен мөөрү көрүнгөн, жазса калеминен көөрү төгүлгөн, ырдаса жүрөгүнөн кызыл жалын күү аккан Түкөң чыгармачылыкта: музыкада, поэзияда, журналистикада да ушундай кайталангыс оригиналдуу, интеллекти бийик. Мына, прозадан да ошондой көрүндү. Ал чыгарган обондор, мисалы мага, бүтүндөй бир поэма, бир трагедиялуу мистерия, каарманы өзү сыяктуу сезилет. «Эсимдеде» турмуштун тең салмагы орногондой, бейпилдик түшкөндөй, ойкуштаган окуя, оорулуу фантазия, жалган пафосу жок, жай, салмактуу айтылган аңгеме-маек, каарманы өзү сыяктуу таасир калтырат”.
«Эсимде» китебин биз да бир күлүп, бир ыйлап окуганбыз… Бул китеп билет менен кошо элге берилди… Залга жарык берилген сайын китепти кызыгуу менен барактай калгандарды да көрүп жаттык…
Кыскасы, бул ыр кече агабыздын бардык талантынын бир канчасы эле ачылды, айтылды… айтылбай дагы не деген сөздөр калды… обондуу ырлары ырдалды, ырдалбай дагы канчасы калды…
Элдин суранычы менен «Ак бантикти» ырдап берди.

«Ак бантик»

«Казаковдун «Жамгыры», Канчанын сүйүү тагдыры»

Түгөлбай ага «Жамгыры»,
Түгөнбөс сүйүү тагдыры.
Түшүнгөн жанга ушулдур,
Түбөлүк арзуу барлыгы.
«Казаковдун «Жамгыры»,
Канчанын сүйүү тагдыры.
Калтырбай ырдайт азыр да,
Казак, кыргыз бардыгы» деп манасчы Рыспай Исаков жазгандай, ыр кечеге, биз байкап калгандан, гүл көтөрүп келишкен мурдагы башпрокурор Чолпон Баекова, белгилүү актриса Шайгүл Алсеитова ж.б. эл мыктылары, карапайым көрүүчү жалпыбыз бир канча ырга кошулуп кошо ырдап, улуу муун жаштыкты эстеп, толкуп-ташып алдык…

«Жазуу — адабият, угуу — маданият»

деп кыргыз эли бекер айтпаптыр. Түгөлбай агабыздын ырларын ынтаа коюп угуп, сөздөрүнө кулак төшөп, кол чаап, «чарчадым-чаалыктым» дебей түнкү саат 12ге чейин ырдап, сахнадан ыр-майрам ээси кеткенче кетпей турган элди көрүп ыраазы болдук. Концерттен кийин алган китептерине автордун кол тамгасын алышты… Мындай мыкты талантты тирүүсүндө барктап, баалап, толкуган күйөрмандарын көргөн Түгөлбай агабыз айткандай, «Чыгармачыл адамга мындан артык сыйлык жок!»

«Күн күркүрөп, “Жамгыр төктү” асмандан,
Күндү көрбөс түн жамынып шашкан жан.
“Түгөлбайдын жамгыры” деп ааламга ,
Түгөл кыргыз, түмөн жылдыз мактанган.

“Жылдар учат канаттуудай” көктөгү,
Жыргал менен аны сезбейт көптөрү.
Жан дүйнөнүн кирин жууп, тазартаар,
Жамгыр төгүп, күн күркүрөп өткөнү…» алып баруучу Азиз инимдин агабызга арнаган ырындай, жан дүйнө тазарды, жашарды… Ырларыңыз ырдатты, ыйлатты…

Ушундай бийик даражага жетсеңиз да, эсил кайран Эшимкановдордун жубайларын унутпай, Асел жеңем экөөбүзгө Чакыруу берип, жан дүйнөбүзгө ырахат, руханий азык тартуулаганыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Бул да болсо Эшимкановдорго болгон сый-урматыңыз деп билебиз. Бу жашоодон эрте кеткен ага-ининин эскерүү кечелерин алып барып жүрөсүз. Дайыма бизди колдоп келесиз. Ал үчүн да рахмат!

Аманатка кыянат кылбай, Эрнистин аманатын аткарып, тумоолоп турганыңызга карабай, 2021-жылы (куураган жаман илдет кете элек кез эле) эскерүүсүн алып барып берген адамгерчилигиңиз менен өмүр бою эсте калдыңыз! Бар болуңуз, байке!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Түгөлбай агабыз тууралуу жазгандар да, арноо ыр арнагандар да өтө көп. Султан Раев агабыздын сезим эскизи жана төкмө акындардын арноо ырлары да мыкты. Аны четинен сайтыбызга жарыялап турмакчыбыз…

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.