Байдылда САРНОГОЕВ: «Гомери дешип кыргыздын, Көп элдер ага карашчу…»
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата “Манас” улуттук академиясы Манас таануучулардын республикалык форумун (бул өзүнчө кенен кеп болот, форум жогорку деңгээлде өттү — авт.) кечээ (2-декабрда) баштап, бүгүн (3-декабрда) дүйнөгө манасты тааныткан алп манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармалар жыйнагынын үч томдук китебинин бет ачары менен тамам кылышты.
Бет ачар тууралуу айтсак, ал 40 жыл мурун Ленинка атыккан, учурда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Залкар манасчы атабыздын кызы Гүлсүн Каралаева, Кыргыз эл артисттери: Табылды Актанов, Түгөлбай Казаков, аксакал манасчыбыз Назаркул Сейдракманов, профессор Курманбек Абакиров, Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери Баянгали Алимжанов, Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова жана форумга деп аймак-аймактан келген айрым мугалимдер катышты.
“Манас” улуттук академиянын президенти Азиз Биймырза уулу жыйынды залкар акыныбыз Байдылда Сарногоев: «Сан күндөр айткан «Манасты»/, Саякбай залкар манасчы/. Гомери дешип кыргыздын/, Көп элдер ага карашчу/. Казына, байлык, кен эле/, Кандай сөз айтса жарашчу» деп жазган жакшы ыры менен баштап, «…залкар манасчыбыз тууралуу кеп улайлы…» деп сөздү конок баурубуз Баянгали Алимжановго узатты.
Муктар АУЭЗОВ: «Саякбай, сен өлбө! Сен өлсөң манас жоголуп кетет»
Баянгали мырза Кыргызстанга чакыруу алганга чейин эле түшүнө Саякбай Каралаев киргенин, жубайына «Кыргызстандан жакшы кабар келет» деп боолгоп айтканындай эле манасчы Рысбай Исаков телефон чалып чакырганын айтып таңгалдырып, андан ары кебин улап: «Казак элинин улуу жазуучусу Муктар Ауэзов залкар манасчы Саякбай Каралаевдин манас айтканын укканда: «Сен бул дүйнөдөн өтсөң, адамзат теңдешсиз реликвиясын жоготот. Андыктан сен өлбө! Сен өлсөң манас жоголуп кетет» деген экен» деп, залкар баштап кеткен көчтү улап келаткан манасчыларга ыраазы болуп, Саякбай Каралаевдин «Манасы», сөзү, өзү ар бир кыргыз баласынын жүрөгүндө сакталып, эскерилип келатканын кубануу менен айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди…
Табылды АКТАНОВ: «Залкар манасчы менен атам дос эле…»
Коноктон соң «Эр Табылды» кенже эпосун толук айткан, жазып калтырган манасчы, акын, дастанчы, комузчу Актан Тыныбековдун уулу, белгилүү драматург, театр режиссеру, төкмө акын, Кыргыз эл артисти Табылды Актановго сөз берилип, агабыз залкар манасчыны көрүп, колун кармап, бата алып калганын айтты. «Саякбай Каралаевдин сүрөтүн көрүп алып, боюн, үнүн апамдан сурай берер элем… Кийин көрүшкөндө дал сүрөттөгөндөй экенине таң калдым. Анда мен 5-класста окучумун. Апам экөөбүз Молдобасан атанын үйүнө шаарга келгенбиз. Андан чыкканда эле, алыстан бирөө бизге кол булгалагандай болду. «Ой, Сакем го…» деп калды апам. «Кайсы Саке?..» деп таң калып карасам, баягы мен сүрөттөн көргөн киши! Экөө тең бат-бат басып, жолукканга шашышты… Учурашкандан кийин сүйлөшүп да, ыйлап да алышты… Үч мүнөттөй ыйлашты… «Мокем ооруп атыптыр, көрөйүн деп бараткам. Ой, бул ким?» — деп калды. «Актандын баласы да, атасынан эки жашында калган. Балама батаңызды берип коюңуз» деп апам айтканда эле, «Туяк» деп үч жолу айтып, «Аман бол, өмүрлүү бол!» деп батасын берди. Ошо бойдон көпкө көргөн жокмун. Үйлөнгөндөн кийин капысынан көчөдөн көрүп калдым. Кадимки Саякбай Каралаев. Эми ал кишинин эс тутумунун бекемдигин кара, мени жазбай тааныды. «Сен Актандын баласысың да. Ысымыңды сурабапмын, атың ким?» деди. Табылды десем, дагы батасын берип, Фрунзеге баратканын айтты. Ошо бойдон дагы көргөн жокмун. 3-4 жылдан кийин каза болуп калганын уктум. Бул залкардын адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн айта кетейин… Шайымбек Кыдырмаев 70 жашка чыгып, мааракесине барып калдым. Анан ал: «Саякбай Каралаевдин аманаты бар эле, эми аманат деле эмес, өзүм ошентип алгам, парз дейинчи..» деп кызыктырып калды. «Актан манас айтканда, Карамолдо Орозов комузун чертпей, мен манас айтпай аны муюп укчубуз» деп менин атамдын манасчылык өнөрүн баса белгилеп айтыптыр Саякбай Каралаев. Эми башка талантты да баалай билген адамгерчилигин карабайсыңарбы?! Дагы бир жөнөкөйлүгүн айтып берейин… «Өз доорунун манасчысы болот эмеспи…» деп Үсөнбек Асаналиев суроо бергенде: «Мен элдин манасчысымын. Манасчынын дагы манасчысы болот» дептир. Эми карагылачы, кандай гана жөнөкөйлүк… А азырчы?.. Азыр «менден өткөн киши жок» деп отурушат…
Таңгалычтуусу бул залкар киши менин түшүмө такыр кирген жок. Китеби чыгып жакшы болуптур, руху, арбагы ыраазы болсун. Кызына болгон экспонаттарды түзүп бергиле!» деп сөзүн бүтүрдү.
Агабыздан кийин сөз алган Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова эжебиз да Саякбай атабызды көрүп калганын айтты.
«Мен 64-жылы Саякбай Каралаевдин манас айтканын көргөм. Жараткан ал кишиге ушундай касиет берген экен, манас айтканда отурган жеринен жылып отуруп, босогого чейин жетип барчу… Кудай касиет берген үчүн манасты кылым айтты да...» деп китеп чыгаргандарга ыраазычылыгын билдирди.
«Атам манас айтып бүткөндө эл туруп кол чааптыр…»
Аягында залкардын кызы Гүлсүн эжеге сөз берилгенде, ал атасынан 71-жылы ажырап калганда, «Литературная газетага» «ХХ кылымдын Гомери» деген некролог чыкканда, Гомер деп атыкканына кубанса, асыл адамынан айрылып калганына өкүнгөнүн айтты. Анан атасынын Москвага барып манас айтканда элдин манаска таасирлене кол чапканын айтып бергенин: «Манас айтканда 20 мүнөт эле убакыт берилди» деди атам. Режиссербу, кимиси, «Убакыт бүткөндө кол булгалайм, ошондо токтотосуң деди» дейт. «Анан манаска аябай берилип кетип, бир ыйлап, бир күлүп жаттым… айтылган убакыттан өтүп кетиптир… Карасам эле кол булгалап жатыптыр, дароо токтотуп тура калсам, эл тура калып кол чапты» деп кубанып айтып берген. «Мен элиме ишенем, манасчылар чыгат, манасты көтөрүп кетишет» деген эле, мына, атам айткандай, манасчылар чыгып, атамдын атын өчүрбөй келатышат» деп учурдагы замандаштарына ыраазычылыгын билдирди.
Залкар манасчысыз 53 жыл…
Алп манасчы Саякбай Каралаев атабыздан 1971-жылы 7-майда ажыраганбыз. 77 жашында өпкөсүнөн кагынып каза болгон. Көзү өткөнүнө 53 жыл болуптур…
Кыргыздын сыймыгы улуу манасчы атабыз Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында 1894-жылы жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен элдик чыгармаларды Дакиш чоң энесинен угуп чоңойгон.
Эпостордон башка “Азапты көп көргөн Кубат”, “Бакытай балбан”, “Делдене баатыр”, “Канаттуу куштар”, “Карамолдо” , “Томор мерген”, “Унутулгус күндөр”, “Бүркүттөр” деген чыгармаларды жараткан. Саякбай атабыздын айтуусундагы “Төштүк” эпосунун варианты Парижде француз тилинде жарык көргөн.
«Мындай Улуу өнөрдү эми ким айтат? Өкүнүчтүүсү, ушул өнөр тукум куучулук касиетке ээ эмеспи дейм. Бул иргелип олтуруп, бир канча мезгил өткөн соң эл арасынан кимдир бирөөгө ыроолоно турган касиеттүү өнөрбү деп турам!» – деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, мезгил аралай ыроолоно турган касиеттүү улуу өнөрдү улуу-кичүү замандаш манасчыларыбыз алып келатат. Кудай ушуну кут кылсын!
Бирок, залкар илимпоз, манас таануучу Зияш Бектенов «Замандаштарым жөнүндө эскерүү» деген эмгегинде Саякбай атабыздын өмүр жолунан сонун баяндарды берип, жоктоп: «…Заманыбыздын улуу жомокчусу Орозбак уулу Сагымбай дүйнөдөн кайтканда:
Орозбактын Сагымбай,
Сайрап өттүң жаңылбай,
Эпсиз акын неме элең,
Эми калдың табылбай,
— деп, жазган эле Тоголок Молдо.
Анын сыңарындай, нукура таланттын уютулган кени, жалпы эле өзүнөн мурда түрк тилинде ырдап өткөн акындардын алпы, 20-кылымдын Гомери, «Манас» эпосунун кайталангыс чыгаан аткаруучусу — Саякбай Каралаев да эми биздин арабыздан табылбай калды. Аны эми биз:
Көргаблан минип сызса да,
Келдибек кууп өтпөгөн.
Зор күлүк элең жер жүзүн,
Бир заматта тепсеген.
Саякбай сага сабалап,
Сандаган акын жетпеген,
-деп, айтсак да арзыйт» — деп жазгандай, Саякбай атабыз кыргыздын бактысына бир жаралып келип кеткен, манас айткандагы добушу кайталангыс, табылгыс, баа жеткис алп, чыгаан, дулдул, талант болгон экен…
Баалуулуктар алмашып жаткан оомал-төкмөл азыркы, келерки замандарда «Манасыбыз» жана андагы алп саптарды «алмадай башына батырган» манасчыларыбыздын даңазасы, дайын-даректери кемибесин деймин…
Ушул багытта алгылыктуу иштерди жасап жаткан “Манас” улуттук академиясынан үмүт чоң!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Алп манасчы Саякбай Каралаев атабыздын кызынын архивдеги маеги бул ШИЛТЕМЕде!