Эки жылдык жогорку адабий курс боюнча Жыргалбек Касаболотовдун пикири, сунушу…

Эки жылдык жогорку адабий курс боюнча Жыргалбек Касаболотовдун пикири, сунушу…

«Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат»

Чыңгыз АЙТМАТОВ

Профессордун демилгеси…

Филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаеванын демилгеси менен быйыл Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун үлгүсүндө, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун базасында акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган эки жылдык жогорку адабий курс ачылган.

Башкы максаттар — чыгармачыл адамдардын адабий билимин өстүрүү, аларга шарт түзүп берүү; кыргыз адабиятынын деңгээлин көтөрүү; адабият аркылуу улуттун деңгээлин көтөрүү. 

Ушундай жакшы максат, ниет менен ишин баштаган эки жылдык адабий курстун кечээ жакында (16-декабрда) таанытымы болуп өттү. Чакыруу алганым менен ден соолукка байланыштуу бара албай калдым, кечирим сурайм!

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Курс жаңы башталып атат, жыйынтыгын күтөлү»

Ар бир ишке калыс карап, калыстыктан тайбаган кесиптешим, мыкты акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов иш-чарага катышып келгендиктен, ой-пикири кызык болуп, кыскача маек курдук.

— Жыргалбек, эки жылдык жогорку адабий курстун таанытымы болуп өттγ. Максаты, багыты, дегеле курстун ачылышы боюнча кандай ойдосуң?

— Курстун максаты жакшы. Эгерде ачылышта сөз болуп жаткан максаттар аткарыла турган болсо, сөзсүз угуучуларга пайдасы тийет деп ойлойм.
— Курста окуп жаткан акын кыздардын ырларынан уктуң да. Алардын ырлары сага кандай таасир калтырды?

— Ырлардын үстүнөн дагы көп иштеш керек. Ошондуктан курстун ийгилигин эки жылдан кийин ошол кезде жазылган ырлардан байкайбыз. Эгерде ырлардын чеберчилиги арта түшкөн болсо, анда жакшы. Башка чен-өлчөм жок.

— Аларга кандай кеңеш берет элең?

— Берилген программаны жакшылап окуп, мүмкүн болушунча пайдасын көрүш керек!

— Адабият аркылуу улуттун деңгээлин көтөрө алабыз деп ойлойсузбу? Анткени калктын катмарынын көпчγлγгγ китеп окубай калбадыбы…

— Элдин көркөм адабиятка жакындыгы же алыстыгы жалаң эле сунушталып жаткан адабий чыгармалардан көз каранды эмес. Мамлекеттин маданий, билим берүү саясатынан да көз каранды. Азыркы заманда ал ого бетер көрөгөчтүктү жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Адабиятта эки тарап бар, бири калемгер, экинчиси окурман. Бул курс — калемгерлердин чыгармачыл дараметине таасир этүү аракети. Курс жаңы башталып атат, жыйынтыгын күтөлү.
— Кандай сунуштарды айтат элең?

— Адабий курстардын койгон максаттары жакшы жана заманга ылайык. Айрыкча Чыгыш адабиятына басым коюу, дүйнө адабияты тууралуу түшүнүктөрдү теңдештирүү максаты актуалдуу. Чыгармачыл ишке чындап пайда тийгизе турган практикалык багытта билим берүү да абдан орчундуу маселе. Ошондуктан айтылган багыттагы көркөм котормолорго көңүл буруп, сабактарга мыкты акындарды чеберчилик сабактарына чакырып турушса жакшы болот деп ойлойм. Профессионал сынчылар менен иштешип, алар бир нече конкреттүү критерий менен курстун угуучуларынын чеберчилигинин өсүшүн баалап турушса да жакшы болмок. Искусство институту, Улуттук консерватория менен чыгармачыл байланыштарды түзүп, обондуу ырларды иштеп чыгуу боюнча кызматташуунун да курстун популярдуулугу үчүн чоң мааниси бар. Курс филология факультеттеринен айырмаланып турушу үчүн мүмкүн болушунча практикалык багыттагы билим бериши керек, ал үчүн ар бир сабакта угуучулардын өз ырларын талдаган семинар, талкуу, каталардын үстүнөн иштөө сыяктуу көнүгүүлөр адат болуп калышы керек. Бул сабактарды абдан жандандырат.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.