«Кеп техникада» алып баруучулар тууралуу көп нерсе айтылды…
РЕДАКЦИЯДАН: Кечээ, 19-декабрда белгилγγ диктор Айнура Кабатай кызынын «Кеп техникасы» китебинин бет ачары болуп өттγ. Мындай иш-чарага биздин редакция катыша албай калды. Ага катышып келген кесиптеш эжебиз Нуржамал КУРМАНКУЛОВА редакциябызга төмөндөгγдөй маалымат жиберди. Анда эмесе, чогуу тыңдайлы!
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында Кыргыз басма сөзүнүн 100 жылдыгына, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына, Кыргыз телевидениесинин күнүнө карата уюштурулган «Доордон доорго теле алпаруучулук чеберчиликтин өнүгүү тенденциялары» аттуу тегерек стол болуп өттү.
И,Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев сүйлөп, теле алпаруучулук маданияты, сүйлөө адеби кандай болушу керектигине көңүл буруу, журналисттер менен бирге жакындан иштөө зарыл экендигин баса белгиледи.
Андан кийин сөз алган Журналисттер союзунун төрагасы Ильязбек Балташев алгач союздагы жакшы жаңылыктарды айтты. Айтымында жаңы кеңселүү болушкан, жети дубанда журналисттер союзунун өз уюмдары бар, алар менен тыгыз байланышта болуп, кызматташат. Союз мезгил талабына ылайык журналистиканын өнүгүшүнө улуу муундагы журналисттердин чеберчиликтерин үйрөтүү максатта тренингдерди өткөрүп турууга шарт түзγп берет. Жаштарга тажрыйба топтоого атайын сабактар уюштурулат.
Андан соң «Кыргыз теле көрсөтүүсүнүн пайда болушу» тасмасы көрсөтүлдү. Тасмадан кийин теле алпаруунун чеберчилигинин тенденциялары туурасында γч муундун пикири деп улуу муундагы теле алып баруучулар: Тамара Жаманбаева, Гүлшан Молдоевага сөз берилди.
Тамара Жаманбаева учурдагы жаш журналисттер телевидениенин кадыр-баркын терең түшүнө алышпайт жатканын баса белгилеп, айрым кыз-келиндердин кийимдери, ар кандай жагдайда турган турпаттары да туура эместигин (айрыкча талтайып туруп алышканы), сөздү таңдап, талдап сүйлөө адебине маани беришпей жатканын айтып кейип, экранды карап отуруп уяларын айтты. “Биздин учурда дикторлорго талап катуу, күчтүү болчу. Чач жасалгандан тартып, сүйлөө адебин, дикциясын, тыныш белгилерине токтолуу, дем алуу, сөздөрдү элге жеткирүүгө абдан маани берилер эле. Көгγлтγр экран аркылуу элдин табитин тарбиялап жатканыбызды сезип турчубуз. Убагында сүйлөө, сөздөрдүн маанисин жеткирүүдө эмоцияны кандай көрсөтүү керектигин билчγбγз” деп теле алпаруучуларды атайын окутуу керек деген сунушун айтты.
Гүлшан Молдоева да теле алпаруучуга карап канчалаган адамдар түздөлөрүн, жүрүм-туруму жакшырарына себепчи болорун айтты. Азыркы жаштар айрым учурда бул дүйнөдөн өткөн адам тууралуу айтып жатканда, ага эч кандай маани бербей, аны жаркын маанайда окуп кете берерин айтып кейиди.
Ал эми профессор Кубан Мамбеталиев учурда теле алпаруучу болуп элге жагымдуу маанай тартуулаган Алмаз Касымалиев, Светлана Акматалиева, Айнура Кабатай кызы сыяктуу жаштар бар экендигин айтты.
Айнура айымга сөз берилип, иш тажрыйбасынан улам китеп жазганын айтып, анын мазмуну менен учкай тааныштырды. Ал сүйлөөдө адамдын аба менен туура дем алуусу чоң таасир берерин, ооз көңдөйү, жаак булчуңдары менен ээриндердин кыймылына чейин маанилүү экендигин айтып, аны мисалдар менен жеткиликтүү тγшγндγрγп берди. Мына, ушунун баары китебине жазылганын, айрыкча жаштарга кеп маданиятына жардам берерин айтты.
«Кеп техникасы» аттуу китебинин кызыл лентасы кесилип, каалоо-тилектер айтылды. Биз дагы Айнура Кабатай кызынын китебинин чыгышы менен куттуктап, ага бекем ден соолук, ийгилик каалайбыз!
Нуржамал КУРМАНКУЛОВА,
атайын “Алакан” сайты γчγн