Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ: “Мы должны получить голову Кененсары хана и прочитать Коран…”
“Чем кыргызы отличаются от казахов? Кто помешал демократии в Кыргызстане?” тема алдында эки мамлекеттин (Кыргызстан-Казакстан) жарандарынын пикирлери 9-январда Казакстандын “Айран-Медиа” аттуу ютуб-каналына жайгаштырылды. Анда биздин тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулу боюнча да сөз козголуп, анын мезгилинде кыргыз жерине басып кирип, кыргызга бүлүк салган Кененсары хан (19-кылымдагы казак ханы — Кененсары Касымов) боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиев мындай дептир: “Так получилось, что наш Ормон-хан был вынужден убить Кенесары хана. Я просто от себя хочу попросить прощения у казахского народа за то, что так произошло. Я сейчас плакать хочу, реально. Мы должны получить голову Кенесары хана и прочитать Коран, достойно отпустить обиду»…
Кайрат Примбердиевдин жообун 59:53 мγнөттөн баштап көрсөңγз болот…
Албетте, тарыхый баасын алган ал тарыхый окуя боюнча жеткиликтүү маалыматы жок ырчынын пикири жалпыбызга жакпай, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, ал эле эмес “Анын мындай жообуна укуктук баа берилиши керек!”, “Кыргыз элинин атынан сγйлөгөнгө ырчынын акысы жок болчу!», «Тарыхты билбегенден кийин минтип сγйлөбөй эле койсо болмок. Кыргыз элинен кечирим сурасын!”, “Кечирбейбиз, кылык-жоругун кечке эле кечире беребизби?! Жоопко тартылсын!”, «Сыйлык, наамдарынын баарын Маданият министрлиги алып салышы керек!» ж.б.у.с. талаптар да коюлууда…
Ырчы эл сөзγнө реакция кылды…
Ал Instagram’дагы баракчасына мындай деп кайрылыптыр: «Мен жалпы кыргыз элдин атынан эмес, өзүмдүн атымдан кечирим сурадым. Мен казакстандык журналисттерге бир саат интервью бердим, бирок алардын форматы ушундай окшойт, кыска, жанагы мен айтып жаткан — кечирим сураган жери коюлган экен. Сабыр кылып, видеону толук көрүп коюңуздар, сураныч. Видеонун толугун алардан сурадым. Аны толугу менен көрсөңүз, Ормон хан эмне үчүн Кененсарынын башын кесип салганын айткам.
Видео колго тийсе эле, бул боюнча маалымат берем. Ага чейин сабыр кыла туруңуздар!»
Марат ТАГАЕВ: “Бул маселени чечүү үчүн…”
Бул чуулгандуу жагдай боюнча Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен министр орун басары Марат Тагаев мындай деп жооп берди:
— Казакстандык «Айран» деген ютуб-канал бар. Ал Кыргызстан жана Казакстан тууралуу салыштырган 1 сааттык берүүсүн жасаптыр. Кыргызстандык журналисттерден, ырчылардан, саясий эксперттерден жалпы Кыргызстан тууралуу сураптыр. Эми мен мунун саясий жактарына токтолбой эле коёюн. Анткени ар бир адамдын өзүнүн көз карашы бар. Бирок биз Кыргызстанды, кыргыз тарыхын, кыргыз адабиятын, биздин өткөнүбүздү жана келечегибизди өзүбүздүн — Кыргызстандын көзү менен караганды үйрөнсөк жакшы болмок. Мүмкүн тарых багытында, мүмкүн адабият багытында акыркы 33 жылдагы боштук биздин жаштардын башка улуттун, башка мамлекеттин көзү менен кароосуна, алардын пропагандасы менен ой жүгүрткөн деңгээлге жеткирген учуру… Мына, эмгек сиңирген артистибиз Кайрат Примбердиев кээ бир казак блогерлердин пропагандасын ээрчип, ал киши «Ооба, Ормон хандын кылганы туура эмес болгон, мен ал үчүн кечирим сурайм» деген маселелерди айтып жатат.
Элестетиңиздер, биздин эмгек сиңирген артистибиз… Мен ал кишини деле күнөөлөгүм келбейт. Казакстанда Кененсары тууралуу ондогон тасма тартылат. Социалдык тармактардын баарына ал тасмалардын үзүндүсү жайылган. Казакчасы, орусчасы да бар. Казак тили бизге жакын. Анан бүгүн биздин жаштарыбызда, ушул ырчыларыбызда дал ошону барактап көрүп олтуруп, чындыгында кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү негизги фигуралардын бири болгон Ормон хандын жерибизди сактоо, мамлекеттүүлүктү түзүү боюнча ишине уялгандай, ал үчүн биз кечирим сурашыбыз керектей болгон көз караш калыптанып жатат.
Бул маселени чечүү үчүн — бул темада көбүрөөк маектерди уюштурууну тапшырып, Ормон хан тууралуу тасмаларды тартуу керек!
Тарыхка кайрылсак…
Кененсары хандын кыргыз жерине болгон баскынчылык жортуулдары боюнча тарыхчы Белек Солтоноевдун жазгандары бар. Ал мезгил жоокерчилик заман болгон. Кыргыз-казак ортосунда жылкы уурдалган, жылкы тийген майда чыр-чатактар болуп турган. Бирок, тарыхчы Өскөн Осмоновдун айтымында, хан Кененин чапкындарынын башкы себеби Орус империясынын Түндүк Казахстанды каратып ала баштагандыгы болгон. Кененсары хан падышачыл орус аскерлерине каршылык көрсөтүп, Жети-Суу тарапты карай чегинген. Кыргыздарды багынтып алып, Орус империясына каршы күрөшүүнү чечкен. Бирок Ормон хан, Жангарач сындуу кыргыз мыктылары Кененсары хандын ал ниетин колдошкон эмес. Хан Кененин Кокон хандыгы менен да мамилеси жакшы болгон эмес. Андыктан анын Орус империясына каршы дээрлик 10 жылга созулган кыймылы (1837–1847) кийинчерээк зордук-зомбулук, талап-тоноо, кан төгүү менен коштолгон. Кыргыз айылдарына чапкындарын 1845-жылдан тартып баштаган казак ханы Кененсары 1846-жылы солтонун жайыл, талкан, бөлөкбай, сарыбагыштын тынай уруктарынын айылдарын чабат. «…Казак-кыргыз согушунан кийин эки элдин ортолоруна элчи жүрүп…» (Белек Солтоноев), бирок ортодо казак тарапка «элдешебиз» деген арам амал менен алдап чакыртылган солтонун атактуу баатыры Жаманкара баш болгон кыргыздын белгилүү баатырлары жүзүкаралык менен өлтүрүлөт. Сары-Өзөн-Чүйдүн эл, жер коргогон кыйын баатырлары кармаштарда каза болушат.
1847-жылы Ормон ханга «аны хан катары таанып, багынуу» тууралуу кат жөнөтүп, бирок Ормон хандан «менин жашым улуу, хандыкты мага берип, өзүң акылдашып иш кыл…» сындуу жооп алып, кыргыздарды кыйратууну чечкен Кененсары хан 20 миңдей колу менен Чүй өрөөнүнө кол салат. Хан Кененин аскерлери балдарды мууздап, кош бойлуу аялдардын ичин жарган ырайымсыздыкты көрсөтүшөт. Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабына жыйналган кыргыз кошуундарына Ормон хан башчылык кылып, кармаш башталар алдында түнкүсүн кыр-кырларга алоолонто от жактырып, күндүзү аттарга атайын таңгакталган тал, чычырканактарды байлаттырып, жигиттерге адыр, кырда өйдө-төмөн чапкылатып уюлгуган коюу чаң чыгарып жер жайнаган аскер келгендей сүр көрсөтөт. Ормон хандын бул аскердик айла-амалы эл оозунда «Ормон опуза» деп айтылып калат. Ошондогу көп кармаштардан кийин Кенесарынын абалы оорлой баштаганын көргөн Улуу жүздүн ага кошулган султандары четинен калтырып кете башташат. Чегинүүгө мажбур болгон хан Кененин колун кыргыз колу Мыкандын кара сазына камап талкалап, Кененсарыны иниси Ноорузбай менен кошо колго түшүрүшөт. Кийинчерээк алар өлүм жазасына тартылып, Кененсары хандын башы падышачыл Россия бийлигине жөнөтүлөт…
Кененсарыны жеңип, бийлигин бекемдеп, Кокон хандыгынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген сарыбагыш уруусунун чоң манабы, түндүк кыргыздардын ханы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган. Сырткы душмандарга айбат көрсөтүп, ысымы Россия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички ыйкы-тыйкы кутумдан ажал тапкан…
«Тарых тактыкты талап кылат»
Албетте, кыргызга «кылыч көтөрүп келип бүлгүн салып, кылычтан ажал тапкан» Кененсары хандын өлүмү тарыхый да, эки элдин жөн адамдары арасында чалды-куйду талаштарды жаратып жүргөнү талашсыз. Баарыбыз билгендей, «тарых тактыкты талап кылат»… Андыктан мындай абайлай турган теманы тарых менен тааныштыгы тайкылар оозанбай эле койгону дурус го дейбиз…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы