«МАСТЕР менен МАРГАРИТА» аталып даңкталганы автордун шорубу же бактысыбы…?!» (ВИДЕО)

«МАСТЕР менен МАРГАРИТА» аталып даңкталганы автордун шорубу же бактысыбы…?!» (ВИДЕО)

 Байымсыз 5 жыл…

Котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) 5 жыл мурун, 29-январда тγбөлγк уйкуга кетип сыздатты эле…. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилип, экинчи өмγрγндө жашап келатат.

Беш жылдан бери эскерγγгө чакырып, жолдошумдун чыгармачылыгын чыгарып, жайылтып келаткан кесиптештерге, эскерγγ жазып, эстеп келаткан жакшы адамдарга терең ыраазычылык билдирем! Ар бириңиздердин эскерγγңγздөр баалуу, бардыгы  “Эрнис Асек уулу” аттуу китепке кирди. 

Мына, бу жолу дагы бир топ эскерγγ, бир топ ыр жакшы адамдардан редакциябызга келип тγштγ. 3 кγн (29-январда каза болуп, 31-январда жерге берилген) сайтыбызга жарыялайбыз!

Буга чейин Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда мугалим болуп эмгектенип келаткан котормочу Кубантай Эрназаровдун тарыхый иши тууралуу жарыяланган болчу…

Ошондой эле белгилүү акын, котормочу Толук Бек Байзактын эскерγγсγ жарыяланган… Кезек учурда Швейцарияда жашап жаткан журналист, жазуучу Жеңишбек Эдигеевдин эскерγγсγнө келди. Ал  «Эрнике” деп буга чейин да бир топ эскерγγ жазып келди. Эрнистин “Мастер менен Маргарита” котормосун  алары менен “Фейсбукка” төмөндөгγдөй эскерγγ жазып жашыткан эле…

Назира СААЛИЕВА

“Мастер менен Маргарита” Швецарияда…

Эрнистин котормосу колума тийди. «Мастер менен Маргаритасы». Назира берип жиберди. Жубайы. «Эрнистен кийин эми-эми гана той-топур, жакшылыктарга катыша баштадым» деди ал. Нарк сактаган терең жан экенсиң, Назира. Ыраазымын! Сен өлүмдөн кийинки мамиле, аракеттериң менен Эрнис Асек уулун дагы экинчи тепкичке көтөрүп кеттиң. Жүрөк жарымы, жубай катары. Баа бердим. Башымды ием. Рахмат сага!

***

Ал эми котормо колумда. Эрнисти эң биринчи арбаган анан которгонго түрткөн нерсе — чыгармадагы сөздүн байлыгы анан анын мистикасы болду го деп ойлой беремин. Кезинде орус адабиятына эмне деген чоң эмгекти жаратып жатканын автор — Булгаков өзү канчалык сезди экен… Анысы өзү өтүп, ондогон жылдар өтүп анан араң «МАСТЕР ЖАНА МАРГАРИТА» аталып даңкталганы автордун шорубу же бактысыбы…?! Сөздүн, жазуунун, адабияттын тагдыры дайыма ушундай экен – ал кезеңи келип, жылдызы жанмайын текчелерде катылып турар экен. Ушул азапка баш урган калемгерге да, адабиятка да таазим этем! Бар болсун алар!

***

Эрнис Асек уулу Ригадагы группалаштары менен

Европанын таш төшөлгөн, таш көпүрө, көгүчкөндүү көчөлөрүн Эрнис баарыбыздан мурда көрдү. Рига аркылуу. (Кеп биздин муун жөнүндө) Рюнеско сыяктуу, Кафка сыяктуу, Ахматова, Фет сыяктуу сыйкырларды баарыбыздан эрте тааныды. Азыркы кыргыздан Кердегей, Чоюн, Сагын эжелерди өзгөчө тутту. Эшимкановдун Мелиси аркылуу гезит деген айлампа тегирменди, анын азабын баарыбыздан эрте татты, ТЕКСТ деген нерсени оңдон солго чапса жакшыбы же солдон оңго окулуш керекпи мунун баарын баарыбыздан эрте туйду, эрте билди. Баарыбыздан эрте башкарып, редакторлук азапка баарыбыздан эрте малынды, Эрнис. Ар намыс, гезиттик позиция деп жаштайынан соттошту, бийликтин укуругу эмне экенин эрте көрдү. Технология доору башталбай жатып аны үйрөндү, гезитти компьютерде жасалгалоо сыйкырына кызыкты. Ошондон улам өзүнө-өзү басма үйү болуп өз колу менен «Каалга» аталган жупкадай ыр жыйнак китепчесин өз колу менен жасап чыкты. Анын түп нускасы менде жүрөт. Аны мага «Туңгуч» кичи районунда үйүнөн чыгып келатып, эшиктен берди. Койнунан, төш чөнтөгүнөн алып чыкты. Мени карап туруп, көз айнектин артындагы көздөрүн мага кадап туруп: «Ушул сенде болсунчу, Жеңиш!» деген. Эрнис баардык нерсени үнөмдөчү: сөздү да, чоң маанини алакандай текстине батырчу, сүйлөсө да саз сүйлөчү, караса да айткысы келген ааламын ирмемдерге батырып туруп карачу. Өзүнөн жулунуп чыгып аткан, агып аткан убакытты да үнөмдөдү, ошол үчүн көп нерсеге эрте жетишти. Эрнис анан ӨЛҮМДҮда тез тааныды, жаш тааныды…

***

Жашабай жатып, башкалар тириликтен чыгалекте, сен өз дооруңду баштагансың: акындык эле эмес философиялык дооруңду. Кэнко-Хоси Есида. Бул акын-жазуучуну да сен баарыбыздан эрте билип, эрте тааныдың. Ошол үчүн ЗАПИСКИ ОТ СКУКИ деп түрмөк жаздың. Ал түрмөктү ошол Кэнко-Хоси Есида баштаган. Сен аны мага айткан жоксуң. Бирок айткан, айтпаганда не, сенин ЗАПИСКИ ОТ СКУКИң баары бир өзгөчө болчу. Сеникиндей түсү, сеникиндей үнү, сеникиндей караган көздөрү бар болчу, алардын. Ал сүйлөмдөр көз айнектин артындагы көздөр менен, жүрөктөгү сөздөр менен жазылчу.

***

Сени акыркы ирет ооруканага жеткирип барган таксистке: «Жигит, дөөтүң колдоп жүрсүн!» депсиң. Аны жубайың айтты. Ушу сөздү көп айтчу деди. Шоопурду дөөтүсү колдоп жүргөндүр бирок ошол ирет сени кудай колдогон жок… Ошол күн, ошол оорукана сенин АКЫРКЫ тизмелериң болуп калды… Эрникеге деп көп эскерүү жаздым. Билесиңби, эгер алар жакпаса ба-аягы редакторлук адатыңча чиймелеп сал, чийип сал…!

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ (27.10.2024)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.