
“Манас” эпосунун балдарга арналган англис тилиндеги варианты кайрадан жарык көрдү. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучу, драматург маркум Бексултан Жакиев бир нече варианттардын негизинде иштеп чыккан эпостун кара сөз түрүндөгү англисче варианты улуттук академиянын демилгеси менен кайрадан жарык көргөн. Ал кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын дүйнөгө жайылтуу, баарлашууда англис тили басымдуулук кылган дүйнөлүк окурмандарга улуттук улуу мурасыбыз “Манас” эпосунун руханий-тарыхый маанисин жеткирүү, кеңири таанытуу максатында чыгарылган.
Англис тилине оодарылган бул китепти буга чейин биздеги “Бугу пресс” басма үйү котортуп, басып чыгарганын “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу кайрадан жарык көргөн китептин баш сөзγндө да жазган.
“Манасты” англисчеге ким которгон?.. Ал ким?
Ким которду, ал ким деп котормочуга кызыксаңыз, ал боюнча “Бугу пресс” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин “Азаттыкка” маек курганда мындай дегени бар: “Акылай Байматова эже Америкада мугалим болуп иштейт. Буга чейин башка да чыгармаларды которуп жүргөн. Мар Байжиевдин вариантындагы “Манасты” англисчеге которгон. Ал эже менен сүйлөшүп, келишим түзүп, ушул балдарга арналган варианттан баштадык. Китеп миң нускада чыгып жатат. 150 беттен, иллюстрациялардан турат. Сүрөтүн Болотбек Нурдинов аттуу жаш жигит тарткан”.
Акылай айым өзγ да “Манас” улуттук академиясынын Ютуб каналына 2023-жылы маек куруп, котормочулук кесиби, “Манас” эпосу тууралуу айтып бергени бар…
Тарыхка кайрылсак…
“Жүрө-жүрө биздин “Манасыбыз” да, кенже эпосторубуз да кагаз бетинде гана калып, өлүү эпосторго айланып кетиши мүмкүн. Андай жоготууга дуушар болбос үчүн манасчыларга, дастанчылык, акындык өнөргө материалдык, чыгармачылык, моралдык шарт түзүлүп, үзгүлтүксүз колдоо болуп туруусу зарыл!
**
“Манасыбызды” колдоо, тамырын жайылтуу, аны өркүндөтүү, манасчылардын баркын көкөлөтүү, кадырлоо, урматтоодо болушу керек! Кеп ошондо! Анте албай жатпайбызбы! Ошонун айынан “Манастын” маани-маңызын мындай кой, окуясын билген кыргыз өтө аз, бирди-жарым! “Манасты” окутуунун программасы анча-мынча эле саат! Баладан карыяга чейин “Манасты”, манасчылык өнөрдүн маанисин терең түшүнүп, баркына жеткенде гана биз кыргыз деген улуттун улуулугуна дейре көтөрүлө алабыз!” деп Бексултан Жакиев (“Назар” гезити, 2009-жыл) айткандай, мурда-кийин деле “Манасты”, манасчылыктын баркына жеткен да, жетпеген да бар. Жөнөкөй адамды айтпай ак коелу, айрым окумуштуулар: “Манас” эпос эмес, жомок” деп сабак берип, элдин башын маң кылып атпайбы… Эми мындай окумуштуу, профессор, академиктер тууралуу өзγнчө чоң кеп…
Жогоруда Бексултан агабыз айткандай, “Манасыбызды” колдоо, тамырын жайылтуу, аны өркүндөтүү” зарыл! “Манасты” жайылтуу максатта ар кайсы долбоорлорду ойлоп, жогоркудай эл аралык тилге которуп, башка да иштерди максаттап иштеп аткан улуттук академияга, албетте, рахмат! Анткен менен, вице-президент Назира Аалы кызы өзү айткандай, “Манаска” тиешелγγ нерсенин бардыгына реакция кылып, коргоп, колдош керек!
***
Айтмакчы, быйыл тээ эгемендиктин башкы жылдарында белгиленген “Манастын” миң жылдык мааракесине 30 жыл болот. Бирок, ал мааракенин ошол мезгилдик ченемине каршы окумуштуулар дале бар. Алсак, анын бири — адабиятчы, фольклорист, филология илимдеринин кандидаты (1985), тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов. “Манас” улуттук академиясынын алдында улуттук кеңешме түзүлгөндүгγ боюнча жыйында (“Манас” эпосубуз тууралуу сөз болгондо) башка да көп сөзүндө “Манас-1000″ жылдыгына чакырылганын, бирок, анын белгиленишине каршы болгондуктан барбай койгонун, миң жылдык деп туура эмес коюлганын, Манаска миң жыл болбогонун учкай айтып кетти эле. Эми булар боюнча, дегеле “Манасыбызга” байланыштуу агай менен кенен маек курсакпы деп турабыз. Себеби, жогорку жыйында “Манас” тууралуу көп кызык нерселерди айтып, суроо жараткан. Суроолорубуз ачык боюнча турат… Жакында!
***
«Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине кайтып келсек, аны тарыхы мындай болгон: Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алган жылдары “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгеси көтөрγлгөн. Аны алгачкылардан болуп Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары көтөрүп чыккан. Улуттук кеңешменин мγчөсγ, академик Абдылдажан Акматалиев «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү сунуштаганын танган эмес. Ал боюнча журналисттерге мындай дегени бар: «Кыргызстанда ал мааракени өткөрүү демилгеси 1992-жылы Улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнүн окумуштуулары тарабынан көтөрүлгөн. Февраль айында бизге президент Аскар Акаев жылдык жыйыныбызга келип катышкан. Ошондо мен Калыгул, Молдо Кылыч өңдүү тарыхый инсандар жакшы изилденбей калганын айтып, «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү сунуштагам.
Анткени бул идея Союз учурунда эле бир нече жолу көтөрүлгөн. Убакыт өткөндөн кийин өлкө башчысы биздин сөздү угуп, уюштуруу комитети түзүлгөн. Анын курамына өкмөт башчы Апас Жумагулов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, драматург Бексултан Жакиев, режиссерлор Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев кирген. Чындыгында анда кыргыз элинин каймактары, интеллигенциясы чогулган. Чет өлкөдөн 100дөн ашык илимпоз келип, «Манас» эпосу боюнча көп эмгектер жарык көргөн, илимий конференция, симпозиумдар уюштурулган«.
***
Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары көтөргөн демилгени андагы ажо Аскар Акаев колдоп, 1992-жылы атайын Жарлык чыгарган. Ага ылайык, өкмөткө 1993-1995-жылга чейин тийиштүү пландарын карап чыгуу тапшырылып, мааракени өткөрүү жана уюштуруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлүп, даярдык көрүү үч жылга созулган. Иш-чара алкагында Бишкекте “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда “Манас-Ордо” тарыхый-маданий жайы курулган болчу…
***

1995-жыл — “Манас” эпосунун жылы деп жарыяланып, ошол жылы “Манас – 1000” мааракеси Талас облусундагы Кароол чокусуна тушташ жайда белгиленген. Миңдей боз үй тигилип, театралдаштырылган спектакль коюлган. Андагы оюндардын басымдуусун актерлор эмес, студенттер аткарган. Миң студент катышышы керек дешкендиктен, ар кайсы окуу жайлардан миңден ашык студент чогулуп, γч ай Бишкекте даярданып, 16 мγнөт гана бийлегенибиз эсибизде. Андагы Бишкек гуманитардык, азыркы Бишкек мамлекеттик университетинен 24 студент кыз барып бийлеп келгенбиз. Анда Сулайман Кайыпов проректор, Ишенгγл Болжурова (эл аралык деңгээлде белгиленген мааракеге барган) ректор эле. Ал мааракеге Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан мамлекетинин президенттери жана расмий өкүлдөрү келишкен.
Мындай иш-чараны өткөрүү жана даярдоо боюнча мамлекеттик дирекциянын көркөм жетекчиси болуп Бексултан Жакиев дайындалса, айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиев режиссерлук кылган.
Ал боюнча Бексултан Жакиев мындай деген: “Таласта өткөн спектаклдин сценарийин жазып, көркөм жетекчиси болуп бардык ишине катыштым. Мен ал кызматка келгенге чейин жогору жактагылар эки жумалык программаны бекитип коюшуптур. Мен «бул убакыт аралыгында коноктор гана эмес, биз дагы бири-бирибизди көргүбүз келбей калат» деп айтып, беш күндүк программа түзгөм. Ага ылайык, маараке 25-августта борбор калаада расмий ачылып, 29-августта Таластагы театралдаштырылган спектакль менен жыйынтыкталган. Аны Таласта эмес, Ысык-Көлдө, Баткенде, Суусамырда өткөрөбүз деп да чыгышкан. Биз Кароол чокунун жанында өткөрөбүз деп чечим кабыл алганбыз. Ачык асман алдында, ээн талаада театралдаштырылган программа өтүп, ал жакка каскадер, актер, студенттер, жергиликтүү тургундар, өлкөдөгү бүт маданият кызматкерлери барган«.
Баскан жол…

Ар бир иште өзγңдγ биринчи орунга койбой, аны жазган, кийинки муунга жеткирген тарыхый инсандардын атын атай кетγγ, “Манастын” жаралыш тарыхына токтоло кетγγ биздин милдет, парз деп ойлойм. “Манас” эпосунун балдарга арналган вариантын кыскача иштеп чыгып, башка да опол тоодой эмгектери менен артына Ала-Тоодой бараандуу из калтырып кеткен Бексултан Жакиевдин баскан жолун айта кетсек, ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы Киносценаристтердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда билим алган. Андан кийин эмгек жолунда «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, президенттин мамлекеттик кеңешчиси, «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.
2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

«Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмаларынан тышкары, бир топ новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлери бар. Күлгүн жаштыгында жаралган «Атанын тагдыры» аттуу драмасы менен алыскы-жакынкы адабий коомчулукка дароо таанылып, ал чыгармасы азыркыга чейин сахнадан түшпөгөн чыгармалардын сап башында. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган. Жазуучунун башка да чыгармалары орус, якут, казак сындуу башка тилдерге которулган.
Минтип “Манас” китеби да англис тилине которулуп, таратылып атат. Бул китептин өмγрγ узун болуп, жаштардын жγрөгγнөн тγнөк тапсын!
Кыргыз адабиятынын алпы Бексултан Жакиев (2021-жылдын 25-апрелинде 85 жашында дүйнө салган) агабыздын жаткан жери жайлуу болсун!
Назира СААЛИЕВА