«Кыргыз керемети»
17-ноябрь — кыргыз кино күнү. Эгемендүүлүк алып өз алдынча мамлекет болгончо, улуттук кинобуз “Кыргыз керемети” деп аталып, татыктуу орундарды алып, дүйнөгө таанылган.
Ошол таберик «Кыргыз кереметин» дөө-шаа кинорежиссерлор, мен-мен деген алп талант актер, актрисалар, «көзү менен эмес, жүрөгү менен көргөн, сезген» мыкты операторлор, айтор, бардык жагынан даярдыгы мыкты чыгармачыл топ жараткан болчу… «Кыргыз керемети» не деген эрдик, не деген эмгек, мээнет, өжөрлүк менен жаралганын ошол киночулар ааламын аңтарганда гана түшүнөсүң…
Ал баянды азырынча токтото туралы да… ошол «Кыргыз кереметин» ичиндеги кичинекей бир каарман тууралуу жазганыбызды окурмандарыбызга бир эстетип коёлу дедик… Ал кыргыздын чыгаан режиссеру Төлөмүш Океев тарткан, азыр да кайталап көргөндөн тажабаган
«Ак илбирстин тукумундагы» (Потомок белого барса) кичинекей каарман Калыгул. Бул ролду 5-класс балакай кезинде аткарган Айбек Кыдыралиев менен 2012-жылы маек курдук эле, кыргыз кино күнүнө карата кайталап окуп коюңуздар…
АРХИВден…
«Ак илбирстин тукумундагы» он жашар Калыгул…
Айбек Кыдыралиев бир уул, бир кыздын атасы кечээ актер болсо, бүгүн мугалим. Кечээгисин эстегенде эт жүрөгү эзилерин, бала кезине кайтып барарын айтып жылмаят. Айбек учурда борбордогу Свердлов районуна караштуу балдар чыгармачылык борборунун музыка- сцена бөлүмүндө методист болуп иштейт. Буга чейин ММКга кино боюнча интервью берген эмес экен. Биздин гезитке эксклюзив болуп кетип жатканын эскерте кетели.
— Айбек, «Ак илбирстин тукуму» киносуна кандайча тандалып калдың эле?
— Мен анда борборубуздагы Мукаш Абдраев атындагы мектепте 5-класста окучумун. Физкультура сабагы болуп, футболдун кызыгына кирип калганыбызда мугалимибиз «катарга тизилгиле» деп калды. Жыгылып, спортивка шымымдын тизесин айрып алгам. Шымымдын жыртыгынан уялып, артка жашынып турсам, бир киши «Сен бери келчи» деп чакырып, «Киного тартыласыңбы?» деди. «Ата-энемден уруксат сурайын» десем, ата-энеме кат жазып берди. Атама айткандан айбыгып, алгач ал катты апама бердим. Окуп алып, «атаңа берчи» деди. Атам окуп көрүп, «мейлиң катышып көр» деп уруксат бергенде аябай сүйүндүм. Конкурска 500дөй бала катышып, жыйынтыгында мен жеңүүчү болдум.
— Киного тартылууда кыйналдыңбы?
— Кинонун аягында Калыгулга ок тийип аттан кулайт го, ошол жерин тартуу үчүн 12 жолу аттан кулагам. Жумшак болсун деп матрац төшөсө деле, күп этип жерге кулап калам. Белимди оорутуп алып дарылангам. Окуу жагынан да бир аз аксап калдым. Киного туура бир жыл тартылдык да. Ар бир эпизод үчүн Ат-Башыдан баштап, Казакстандын Моюн-Кум чөлүнө чейин бардык. Бөкөндөрдү ошол жерден көрдүм.
— Канча гонорар таптың эле?
— Эсимде жок. Жакшы эле тапсам керек эле. Эсимде калганы сүйүнгөн ата-энем туугандарra той өткөрүп берген.
— Тасмадагы ата-энең менен катышасыңбы?
— Алар мага турмушта да ата, апа бойдон калышты. Башын да Зулайка апам менен жолугушуп турчумун, кийин табышпай калдык. А Кожожаш атам менен азыркыга чейин катышам. Дагы бир кызык айтып берейин силерге. Киного Кожожаштын ролуна Догдурбек Кыдыралиев, Зулайканын ролуна — Гүлнара Кыдыралиева, баласы Карагулга — мен, Айбек Кыдыралиев, өтүп жатпайбызбы.
Ким ойлоптур, бир үй-бүлө турмушун жараткан үч башка адамдын фамилиялары окшош болуп каларын. Анан үчөөбүздүн аты-жөнүбүз аталганда «бул киного жалаң үй-бүлө катышып алыптыр…» деп ойлошкон экен.
Негизи киного тартылган актердун баары мени жакшы көрүшчү. Бүбү Сайкал апанын ролун аткарган Алиман Жангорозова апа менин бетимден өөп, батасын берген. Кинонун башынан аягына чейин мени Орозбек Кутманалиев жетелеп жүрдү. «Калыгулум» деп жакшы көрчү.
— Бул кинодон кийин сага кандай ачылыштар болду?
— Эч ким билбеген бир сырды ачайын силерге, ошол кинонун бир эпизодуна атактуу композитор Муратбек Бегалиев дагы тартылган. Эсиңиздерде чыгар, кыргыз кыздын колун сурап келишкен учур, ошол башка жактан келген күйөө баланын ролун Муратбек Бегалиев аткарган. Ал ролго эч кимди таппай, Муратбек агайды кошуп коюшкан. Ал дагы аябай эле жаш болчу. Ошон үчүн эч ким тааныбаса керек. Көрсө, бул агайыбыз тасманын музыкасын жазыптыр…
— Кинодогу ролуна таята, таянең, ата-энең, туугандарың кандай баа берди эле?
— Эсимде, ал кинонун бет ачары «Россия» кинотеатрында болгон. Ага ата-энем, таята, таянем болуп барганбыз. Экөөнүн ортосунда олтуруп алып кинону көргөм. Анан фильм соңунда Калыгулга ок тийип жараланат эмеспи, ошол жерден таятам менен таянем аябай ыйлашкан. «Мен тирүүмүн, мен бул жерде олтурам го» деп аларды сооротуу менен алек болсом, «тынч олтурчу» деп тыйып, ыйлаганды токтотушпай койгон. Чыны элдин баары ыйлап көргөн. Аябай жакшы тартылган тасма да.
— Азыр киного тартылгың келбейби?
— Догдурбек-Кожожаш атам дагы сурап, киного тартылганга чакырган. А менин киного тартылгым келбейт. Себеби менде Догдурбек атамдай шык, талант жок. Андыктан кадырымды түшүрүп, тасманын да кадырын кетиргим келбейт. Анын үстүнө кино жаратуу абалы начар. Кандай кыйынчылыктар болуп жатканын Догдурбек атамдан угуп-билип турам. Ал киши азыр казактардын тасмаларына тартылып жүрбөйбү… Бала кезде таза, баео балалык менен бир роль жаратыпмын, эл эсинде ошол бойдон калгым келет.
— Баса, Кожожаш атаң өкүл атаң эмеспи?
— Жо-ок. Өкүл ата коймокмун, ал оюмда болчу. Бирок мен үйлөнгөн кезде бул жерде эмес болуп чыкты. Сураштырсам, Казакстанга киного тартылганы кетиптир.
— Жубайыңа киного тартылганыңды үйлөнгөнгө чейин айттың беле?
— Ал аябай эле кеч билди. Ага айткан эмесмин. Анда дагы карындашым телефон чалып, «Байке, КТРде «Кожожаш» болуп жатат, көрбөйсүзбү?» деп калды. КТРге коюп, өзүмө келгенче айткан жокмун. Карагулга келгенде «Бул менмин, мен аткаргам» десем, аябай таңыркап мени бир карап, кинону бир карап алды…
Балам менен кызым дагы аябай кызыгып сурап калышат. Уулум ИИМдин Академиясына окууга өтүүгө даярданып жатат, 5-класста эле «милиция болом» дечү. Кызым болсо И.Арабаев атындагы университетинде подкурста окуп, кытай тилин үйрөнүп жатат. Сыягы, котормочу болот окшойт. А жубайым болсо ушул борбордо мени менен чогуу иштейт.
— Канча бир туугансың?
— Алты. Мен улуусумун, төрт карындашым, иним бар. Ата-энебиз чыгармачыл адамдар болгон. Апам Искусство институтунун хор дирижеру бөлүмүн бүтүп, өз кесиби менен аз убакыт Опера жана балет театрында иштеп калды. Кийин бала бакчада тарбиячы болуп көп жыл иштеди. Атам болсо ушул театрда валторна деген аспапта ойночу, азыр ардактуу эс алууда. Апамдын көзү өтүп кеткен. Ырыскелди Осмонкуловдун бир тууган эжеси болчу. Мен жети жашка чейин таятам менен таянемдин колунда өскөм, ошондуктан аларды «ата, апа» дечүмүн. Ырыскелди экөөбүз бир үйдө өсүп-чоңойгондуктан, «Ырыс» деп эле айтам. Бир жолу, жакында эле, «таяке» деп койсом, «жарашпайт экен, жөн турчу» дейт.
Кыргыз эл жазуучусу, прозаик, драматург Мурза Гапаров Ырыскелди экөөбүздүн жездебиз… Анын жубайы Алмажан (Осмонкулова) да апамдын, Ырыстын бир тууганы.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА
“Де-факто” (2012-жыл)