Шайлоого туш келген студенттер күнү…
17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнү бу жолу Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүнө туш келди. Буга чейин студенттер окуу жайларда куттуктоо угуп майрамдашса, бу жолу шайлоого барышат.
Студенттик күндүн тарыхы өзүнчө узак кеп. Ал эми студенттик жылдар жаштыкты эске салат эмеспи: жалындаган махабат… сүйүү каттары…
Бүгүн мен акын, котормочу, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) Ригадагы студенттик күндөрү, Балтика боюндагы жалгыздыгы, сүйүүсү тууралуу жазганын берип коюуну туура көрдүм…
Назира СААЛИЕВА
Балтика боюндагы жалгыздык
Студенттик дүйнө – бир башкача. Дегеним, дүйнөнү сугалак көздөр менен карап, сугалак жандил менен кабыл аласың. Жаштыктын укмуш мезгили, чиркин! Мен байкуш 1988-жылы алыскы Латвиянын борбору Ригада окуп калдым. Кычыраган кышта, жаныбардын 18инде аэропортто автобус күткөнүм эстен кетпейт. Даярдоо курсуна барып жатпаймынбы. Кадимки Чыңгыз Айтматов жолдомо жазып, кадимки Камбаралы Бобулов колун коюп, «Ленинчил жашта» чабарман болуп иштеп жүргөнүмдө Акбар Рыскулов сунуш кылып, айтор, ата-жотом көрбөгөн Балтиканын боюна барып калдым…
Союз учурундагы 15 республикадан, анан Алтайдан экиден студент окуп калдык. Кыргызстандан мени менен барган өзгөндүк Сатима эжем кетип калды. Жалгыз кыргыз жалдырап окуп жүрдү. Баарынан биринчи латышча мен үйрөндүм. Мугалимдер мени мисал кылып, азербайжан Ильясты, казак Төрөгелдини, эстон Марияны, грузин Зурабды тилдеп эле жатып калышчу. Баягы Союздун күчү күч эле да.
Мен, кыргыз, эч кимге кошулчу эмесмин. Дайыма жалгыз жүрчүмүн. Бирок баары бирдей мени жакшы көрүшөр эле. Боюма карап «Маленький» деген «погонялам» бар болчу. Рига союздун ичинде болсо дагы, батыштын саясатын жүргүзчү. Азыр ошого таңгалам. Сальвадор Далини, Рафаэлди Дрезден музейи келгенде көрбөдүмбү. Эч жакка барбай, ошол музей 88-жылы Ригага гана келген. Аны көрүп чалкабыздан эмес, оңкобуздан кеткенбиз. Тажик досум Паймон, украин досум Юрко үчөөбүз маданий саамалыктарды эч калтырган жокпуз. Керемет күндөр эле.
88-жылы Киевдин үч миң жылдыгы болуп калды. Украин досторубуз чакырып, поюз менен «учуп» баратабыз. Тосуп алган киши жок, Киевдин таш көчөлөрүндө уктап калганыбызчы? Майрам күнү ачкадан фонтанга секирип, суу жутканыбызчы? Көчө боюнда өскөн гүлдөрдүн жалбырактарын жегенибизчи? Үч күндө Киевдин үч миң жылдыгын жонтерибиз менен сезгенибизчи?
Мен ар дайым жалгыз жүрчү элем. «Тейка» деген студенттердин шаарчасы болот эле. Шаарчанын четинде жалаң кайыңдардан, анан байтеректен турган токой бар эле. Ошол токойдон чыкчу эмесмин. Шукшиндей болуп, кайыңдар менен сүйлөшчүмүн. Кийин-кийин Анатолий Кимдин «Отец-Лес» деген романын окуп алып, ошол токой көз алдыман кетпей койду эле. Чогуу жашаган эки тажик, казак бала менин жалгыздыгыма тийише беришчү. Ошондо эле сөзгө сараң жаным, «Извините» дегенден башканы билчү эмес. Ригадан Акутагава, Достоевский, Фолкнер, Рильке, Кафка менен «оорудум». Балдарга айтсам, чыкыйларын чукуп, «Наш Маленький дуреет» деп коюшчу. Токойго качып кетчүмүн.
Анан футболдун акесин окутар элем. Эки метр латыштардын алаасынан өтүп барып, гол киргизген күндөр, ай! «Марадона» деп коюшса, Алатоонун чокусуна чыгып кеткенсип сүйүнчүмүн.
Бир жолу факультетибизде улуттар арасында мелдеш кече болуп калды. Бардык улут экиден, мен – кыргыз – жалгыз. Ырдап жатышат, бийлеп жатышат, өз улутун даңазалап жатышат. Анан «Сахнада – кыргыз» дегенде кирерге тешик таппай калбадымбы? Юрко досум гитара кучактап олтурган экен, колунан жулуп алып сахнага чыктым. Зал гүүлдөйт, дуулдайт. Гитарамды көрүп, стул алып чыгып беришти. Анан «Кыргыз көчүн» черте баштадым. Мага гитараны эч ким үйрөткөн эмес эле. Өзүм тырмалаңдап жүрүп, ушул күүнү гитарага салып алгам. Ойноп бүттүм… Кол чабуулар, тим эле бис!… Мага грамота беришти… «Кыргызды уят кылган жокмун» деп өзүмчө кудуңдайм…
Латыш кызы Каирина экөөбүз Балтиканын жээгинде жетелешип баратабыз. «Ты такой странный, но ты мне нравишься» деди. «Извините, я тебя не люблю» десем, колун жулуп алып, качып кетти.
Иий, тамагын эстесем, не дээримди билбейм. Бардыгы балыктан турчу да. Керек болсо, пирожки сатып алсаң, ичи балык болчу. Анан каникулда үйгө баратам, «бешбармак жейм, манты жейм, лагман жейм» деп… Келсем, АПАМ «Балыкты жакшы көрчү эле» деп балык кууруп коюптур. Шаабайымдын сууганычы? «Апа, азыр кусуп жиберем» десем, түшүнбөйт.
Балыкты кийин эле кайра жеп калбадымбы…
Кызык күндөр эле, сызык күндөр эле… Азыр эстесем да, кылым кыйшайган жок. «Өттү, кетти» деген киши ушинтип калабы же?.. Эстей турган көп эле нерселер бар эле. Эстегеним ушул болду. Гезиттин чамасы да. Бизде эмне бар? Студенттик күндөр бар. Оозум бош айтат…
Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба» (2013-жыл)