Аксакалдар соту: тарыхый мураспы же унутулуп бараткан институтпу?

Аксакалдар соту: тарыхый мураспы же унутулуп бараткан институтпу?

Аксакалдар соту: тарыхый мураспы же унутулуп бараткан институтпу?

(Кыргыз сот тутумунун өнүгүүсүндөгү эскиден калган тажрыйбанын орду тууралуу)

Кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында укуктук мамилелерди жөнгө салууда бийлер менен казылардын, кийинчерээк аксакалдардын ролу өзгөчө болгон. Эл ичиндеги талаш-тартышты, укук бузууларды, турмуштук кыйын кырдаалдарды элдин эле ичинен чыккан акылман адамдар чечип келген. Бул тажрыйба — сот адилеттигинин улуттук формасы, элдик сот институту катары калыптанып, коомдо тынчтыкты, ынтымакты, адилеттүүлүктү камсыздап турган.

Кыргыздарда бий – эл шайлаган, сөзгө чечен, кадыр-барктуу адам болгон. Ал бир эле учурда башкаруучу, сот жана дипломат катары милдет аткарган. Казылар болсо ислам укугуна негизделген маселелерди караган. Убакыт өтүп, бий менен казылардын функциясы жоголуп, алардын ордуна элдик соттор, кийинчерээк – аксакалдар соту түзүлгөн. Советтер Союзу убагында бул институт расмий таанылып, жарандык мамилелерди жөнгө салууда кеңири колдонулган.

Бүгүнкү күндө да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында «аксакалдар соту» деген түшүнүк бар. Аймактарда кээ бир айыл өкмөттөрдө жана шаарларда аксакалдар соту иштеп жатат. Бирок, тилекке каршы, бул институт мурдагы аброюн жоготуп бара жатканын танууга болбойт. Айрым жерде ал аты бар, заты жок түзүмгө айланып, коомдук мааниси төмөндөп кеткен.

Аксакалдар сотунну өнүкпөй жатканын талдап көрсөк.

 

  1. Мыйзамдык негиздин алсыздыгы. Аксакалдар соту жөнүндө мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Бирок анын укуктук статусу так аныкталбагандыктан, чечимдеринин күчү көп учурда формалдуу бойдон калууда. Аксакалдар соту чыгарган токтомдорду аткаруу милдеттүү эмес.
  2. Каржылык колдоонун жоктугу. Бул институт коомдук негизде иштейт. Демек, судьялар айлык алышпайт, материалдык база жок, кеңсе же курал-жабдык берилбейт. Бул жагдай да кызыгуу жаратпайт.
  3. Кадрдык маселелер. Бүгүнкү күндө коомдо урмат-сыйга ээ, кадыр-барктуу, калыс адамдарды табуу жана аларды мотивациялоо кыйын. Айрым жерлерде аксакалдар соту саясий, уруучулук кызыкчылыктын куралына айланып кеткен учурлар да бар.
  4. Жарандардын укуктук маданиятынын өзгөрүшү. Бүгүнкү жарандар көбүрөөк расмий сотко же социалдык тармактардагы резонанска таянып, “элдик сотту” байкагысы келбейт. Айрымдар бул институтту эскичен, кээде субъективдүү чечим чыгарат деп эсептешет.

Учурда сотко кайрылгандардын саны өсүп жатат.  Жыл сайын миңдеген иштер каралып, судьялардын иш жүктөмү көбөйүп, кээде коомдук басым сыяктуу көйгөйлөр жаралууда. Мындай шартта аксакалдар соту көмөкчү, алдын алуучу жана элдештирүүчү механизм катары зор салым кошо алат.

Анткени, аксакалдар соту жөнөкөй, турмуштук чыр-чатактарды элдик ыкма менен, сотко жеткирбей туруп эле чечип бере алат. Бул өз кезегинде соттордун жүгүн жеңилдетип, мамлекеттик чыгымдарды азайтмак.

Аксакалдар соту — бул адилет чечим чыгаруу менен гана эмес, элге кеңеш берүү, тартипке чакыруу, өз ара түшүнүшүүгө үндөө аркылуу коомдук маданиятты, укуктук жоопкерчиликти бекемдеген аянтча. Бул институт жаштарга тарбия, турмуштук сабак бере алган өзгөчө мектеп катары каралышы  керек.

Аксакалдар соту – бул кыргыз коомунун өзгөчө феномени. Аны сактап калуу жана өнүктүрүү үчүн   аксакалдар сотунун укуктук статусун жогорулатуу, анын чечимдеринин күчүн тактоо зарыл. Аксакалдар соттору үчүн окуу программаларын, кодекстерди иштеп чыгуу, билим берүү иш-чараларын өткөрүү зарыл. Аксакал сотторунун аброюн көтөрүү үчүн мамлекеттик жана коомдук колдоо болушу керек.  Ошондой эле эл арасында бул институттун маанисин түшүндүрүү, ийгиликтүү мисалдарды жайылтуу зарыл.

Аксакалдар соту — бул жөн гана тарыхый мурас эмес, бүгүнкү коомго дагы керектүү болгон альтернативдүү адилеттик куралы. Ал аймактарда сот системасына түшкөн жүктү азайтып, жөнөкөй турмуштук талаштарды калыс жана тез чечип берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эң башкысы, эл ишенген, эл тааныган акылман инсандар бул ишке аралашканда гана аксакалдар соту кайрадан өз ордун табып, өнүгүүгө жол ача алат.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.