Өскөн ДАНИКЕЕВ: «Байдылда Сарногоев классташым болчу…» (Маек)

Өскөн ДАНИКЕЕВ: «Байдылда Сарногоев классташым болчу…» (Маек)

Бγгγн акыркы сапарга узатылат

Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө милдетинин отличниги, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору, III даражадагы Манас орденинин ээси, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев кечээ (14-августта) 90 жашында көз жумду.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, коштошуу зыйнаты, бγгγн, 15-августта, саат 11:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Сөөгγ “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

АРХИВден…

«Атактуу мектепте атактуулар менен окудум»

— Өскөн агай, жаш кезиңизгe кылчайып, балалык күндөрүңүздү эскерсеңиз…

— Мен Сокулук районундагы атактуу эл шайыры Шаршен Термечиков, композитор Мукаш Абдраев чыккан Чоң-Жар айылынанмын. 1934-жылдын 21-декабрында туулгам. Ата-энем жайы-кышы мал артынан түшүп, дамамат белде жүрүп, дүйнөдөн эрте кетишти. Биз: эжем Бүбүкалича, карындашым Наарбубу тоголок жетим болуп кала бердик. Мени шаардагы № 5 мектеп-интернатка өткөрүштү. Атактуу мектепте Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Төлөмүш Океев жана башкалар окуган.

Мектепти ийгиликтγγ аяктаган соң, Москвадагы тоо-кен институтунда окудум. Анан кенде иштедим. Политехникалык институтунда окутуучу болуп эмгектендим. Анан минтип чыгармачылык ишке аралашып кеттим. Бала кезде анча-мынча чиймелеген ыр саптарым али сары кагазда сакталып келет. Ата-энемди сагынып, кусаланып жазган ыр саптарыман бир аз айта кетейин. Мына булар:

Сүрөт Бурулкан Сарыгулованын баракчасынан алынды

Калем алган оң колум,

Кагаз баскан сол колум.

Ата-энемдин жогунан,

Артыкча капа боломун.

Окууда окуп жүрөмүн,

Ойлосом күйөт жүрөгүм.

Ата-энемден ажырап,

Болбоду орун тилегим.

Көтөрбөскө чара жок,

Бир Кудайдын салганын.

Атам да болсо не айла,

же,

Асылым апа калбадың…

Ушу. Байкуш бала сагынат да курган ата-энесин.

Чыгармачылыгыңыздын башаты мектептен эле башталган десек болобу?

— Ошентсек деле болот. Бирок, мен сүрөт тартканга көп кызыкчумун. № 5 мектепте майрам болуп калганда сүрөт жагын Сагынбек Ишенов, Сатар Токтобаев үчөөбүз, ал эми Байдылда Сарногоев жана Буудайбек Сабыр уулу ыр жагын «тейлешчү». Анын үстүнө көрүнүктүү акын, жазуучулар менен жолугушуу көп болуп, ага калбай катышчубуз.

Атактуу инсандар классташтарыңыз турбайбы ээ?

Байдылда Сарногоев

— Ооба. Оо-уу, бир топ болчубуз. Бүт эле элибизге таанымал инсандар: Райкан Алканов, Каратал Оторбаев, Калдыбай Сатаров, Муслим Шейшекеев, Совет Молдобаев, Сагынбек Ишенов. Анан бизден саал улуураак айтылуу Байдылда Сарногоев да биз менен бир класста окуган. Танаписте биз коридорго чуркап чыгып, бири-бирибизди кууп, залда томолонуп ойноп жүргөндө Байдыкем сакал-мурутун кырынган, кычырап кийинген жигит болчу. Кайран Бакиш, жакшы киши эле. Жакшы мамиледе элек. «Ай, жетим, сен жөнүндө бир поэма жазайын деген оюм бар» деп калаар эле…

— Атактуулар тууралуу кγндөлγк жазсаңыз керек ээ?..

— 9-10-класстан баштап, күндөлүк жаза баштагам. «Акын карыганда прозаик болот, прозаик карыганда сынчы болот, сынчы карыганда мемуарист болот» деген учкул сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, мемуар жазып калсам, пайдасы тийер деген ниет менен олуттуу окуя болсо азыр деле күндөлүк жазып коём.

Агай, алгачкы жаралган чыгармаңызды турмуш кургандан кийин жаратыпсыз. Аны менен эң биринчи жарыңыз таанышса керек?

Төлөгөн Касымбеков

— (күлүп) Агайында ар жок да. Адегенде чыгармачыл адам ырдан же аңгемеден баштайт эмеспи. А мен болсо түз эле повесттен баштап жатпаймынбы… Анда, алгач ирет бу эжең окуган кол жазма «Бакир» аттуу повесть болчу. Андан кийин жолдошторум таанышкан. «Муну журналга бериш керек экен» деп Салижан Жигитов айткандан кийин «Ала Тоо» журналынын редакциясына алып барып, таштап кеттим. Арадан эки-үч ай өтүп кетти. Оюмда редакциянын жамаатына жакпай калса керек, бербей эле койбой деп ичимден бушайман болуп жүрдүм. Бир күнү «Нан» (ал убакта ушундай аталыштагы дүкөн бар болчу) деген дүкөндөн чыгып келатсам, шыңга бойлуу жигит мени далыга бир коюп: “Сенин аты-жөнүң ким?» деп сурап, көптөн бери мени издеп жүргөндөрүн, редакция күтүп жатканын айтып калды. Жакшылап тааныша келсек, Төлөгөн Касымбеков экен. (Күлүп) Көрсө, мен чыгармамдын аягына аты-жөнүмдү, дарегимди жазбаптырмын… Ошентип «Бакир» повестим «Ала Тоо» журналынын №7 санына 1961-жылы жарык көргөн.

Уул-кыздарыңдан сиздин кесипти улаганы болдубу?

— Балдарыбыздын төртөө тең жогорку билимдүү. «Атамдын изи менен кетем» деп улуу кызым Нурида Политехти (азыркы КУТУ) бүтүп, инженер болду. Экинчи кызым Айгүл. «Атамдын экинчи адистиги менен кетем» деп орус филологиясын бүтүрдү. Уулум Улан Улуттук университеттин экономфагын бүткөн. Финансы жагында иштейт. Кичүү уулум Азим да финансы жаатында иштеп жүрөт.

— Кыздарыңыз катар менен төрөлүптүр. «Уул эмес» деп капаланган жок белеңиз?

— Тунгучубуз уул болсо деп ой жүгүртпөпмүн. Белгилүү артист Ашыралы Боталиев «кыздуу болдуң» деп сүйүнчүлөгөндө кубангам. Экинчи кызыбызда «аттиң ай» деп кейип калганым чындык.

Тагдырыма ырахмат айтышым керек. Жазмышыма жакшы жар туш болду. Аты-жөнγ Гγлзина Жγзγмалиева. Экөөбγздγ эч ким тааныштырган жок, өзүбүз эле таанышканбыз. 1958-жылы 9-августта баш кошконбуз. Коңшу айыл Арчалынын кызы. Менден алты жаш кичүү. Чогуу түтүн булап жатканыбызга элүү жыл болуптур. Шүгүрчүлүк, жаман жашабапмын. Эки кыз, эки балабызга жакшы тарбия-таалим бердик. Сегиз неберелγγ болдук. Бактылуумун.

“Өскөн кишиге катуу айтпаган, эч нерсеге капаланбаган адам болчу”

Маегибиз ортолоп калганда Гγлзина эже кирип, жаныбызда олтуруп калды… кепке тарттым.

Эже, канча жашыңызда турмуш туткасын кармадыңыз эле?

— Оо, анда жаш болчумун. Агайыңар каада-салтты кармап, колдон алып кеткен.

— Башка бирөөнүн үй-бүлөсүнө келин болуу кыйындыкка турса керек?

— Андай деле болгон жок. Себеби, булардын айылында 10-класс жок экен. 10- классты бүтүрүү үчүн биздин айылга келип окушчу. Ошондо кайын сиңдим биздин үйдө көп конду. Теңтуш болуп калганбыз. Бул үй-бүлөнү мурдатан эле жакшы тааныгандыктан, чочуркаган жокмун.

Агездеги агайды кандай сүрөттөй аласыз?

— Агайыңар анда кашы-көзγ кара, чачы коюу, аппак жγздγγ, кең далылуу, келбеттүү жигит болчу. Негизи мен Өскөндү бала кезде эле таанычумун, биздикине көп келчү. 10-класска барып калганда экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Mara жолукканга ат минип, айылга бастырып келер эле. Кээде Бишкекке чейин келип сейилдеп кетчүбүз. Кийин Москвага окууга кетти. Москвадан студенттик формасы менен келип турчу. Ошол формасы өзүнө көрк берип, көзүмө ого бетер супсулуу көрүнчү. Бу киши ошондо эле назик, кишиге катуу айтпаган, эч нерсеге капаланбаган адам болчу. Ошондогу жибектей созулган мүнөзү алигүнчө сакталуу. Абдан тыкан киши. Бир нерсе кыйшайып калса жаман көрөт. Кыздар шкафтын үстүнүн чаңын сүртүп, вазаны кыйшык коюп койсо, стулга чыгып алып аны оңдой кетет. «Карыганда тим эле койсоң боло, кокус кулап кетсең эмне болот?..» деп мен тынчсыздана берем.

Бир нерсеге жулкунбаган киши. Сүрөт деген эстеликке калчу жакшы нерсе эмеспи. Көпчүлүк менен сүрөткө түшкөндө башынын жартысы эле түшүп, көрүнбөй калат. (Кγлγп) «Ушинтип түшпөй эле койбойсуңбу. Же алдындагы кишини мындай тур дебейсиңби…» дейм. Бирөө бир нерсе десе жооп айтпайт. «Сени ушинтип жатпайбы, бир нерсе десең боло…» деп менин чыйпыйым чыга берет.

Ата-энесинен эрте ажырап, алардын мээримин көрбөй, жетимчиликти эрте тартып калгандыктанбы, же табигаттан болгон мүнөзү ушундайбы, айтор, билбейм. Боорукер, жароокер. Балдарыбызга аялуу карап, үзүлүп түшөт дейсиң. Кайын эжем, кайын сиңдим да ошондой кишилер.

Экинчи кызыбыз төрөлгөндө «эркек балалуу болсом» деп көпкө чейин ичи ооруп жүрдү. Балдар төрөлгөндө «эки балам бар, мен жалгыз эмесмин, мага канат бүттү» деп өзүндө ишенич, күч-кубат пайда болуп, абдан сүйүнгөнү эсимен кетпейт. Кудайга шүгүр, төртөөсү тең эстүү чыкты. Өздөрүнчө үй-бүлө болуп кетсе да, алигүнчө бир нерсеге кеңеш сурап, телефон чалып калышат. Анан атасы: «Азыр трубканы биздин башкы кеңешчибизге берейин» деп күлγп, мени телефонго чакырат. Болгон кеңешти беребиз. Болгон тамак-ашты көтөрүнүп, кезек менен келип турушат. Той-топурга көп чакырылабыз. Ага демөөрчү болушат. Бизге ушундай жылуу мамиледен башка эмне керек? Жаш кездеги мээнеттин дөөлөтγн көрүп жатабыз.

— Демек, келиндер жакшы?…

— Ары-бери катташтырган аялзаты да. Эгер жарлары жаман болсо, балдарыбыз келбей калсын. Кудайга шүгүр, келиндерибиз да ыймандуу чыкты.. Жаш кезде ары-бери басышат, конок тосушат деп өзγбγз атайын бөлүп койгонбуз. Биз менен чогуу турса кысынат да. Анын үстүнө ысык-муздак суу бар, баары даяр. Чай кайнатып ичкенге ал-күч бар.

Агайыңар ден соолукка байланыштуу диетага олтуруп калган. Ага ылайык тамактарды жасайм. Бир күндө 3-4 жолу тамактанабыз. Тамак-аш менен алышып, гезит-журнал, китеп окуп, күндүн кандай батканын билбей калам. Азыр кичине эркелеп ооруп калып, курак кармабай калдым. Куракты Кайриниса экөөбүз жакшы курайбыз.

— Кайриниса эже Абсамат Масалиевдин жубайыбы?

— Ооба. 10-апрелде Абсамат Масалиевдин туулган күнү эле… эскерип, куран окутуп келдик. Жаркылдаган, өтө жөнөкөй, жакшы киши эле. Биринчи секретарь болуп турганда да бой көтөргөн жок. «Колум бошобойт» дегенди билбей, достор чогулганда, убакыт таап, катардан калбай келип турчу. Дегеле кайгырганын көргөн жокмун, дайыма жылмайып жүргөн киши болчу. Босогону аттаганда эле күлсө маңдайындагы төрт тиши көрүнөөр эле. Саматтан ажыроо бизге кыйындыкка турду.

— Самат?.. Аты ушундай беле?

— Жок. Өскөн ушинтип айтканынан мен да Самат дечүмүн. Атынан атаганым менен сиз деп кайрылчумун. Себеби, Кайриниса ошентчγ да.

Хайрыхан Козубаева (Абсамат Масалиевичтин өмүрлүк жары)

Жакшы кишилер кетип жатат. Андан кийин, үйүбүздү шаңга бөлөгөн Салижан Жигитов кетти… Ушундай жакшы досторубуз бу дүйнөдөн өтүп кетип, биз чоң жоготууга учурадык. Биз эле ушундай жаман болуп жатабыз, жарларына эки эсе оор.

Кимия экөөбүз сγйлөшкөндө таң атырчубуз. «Ой, силер уктабайсыңарбы” деп Өскөн таң кала берчγ. Кайриниса да өтө жөнөкөй, жакшы адам. Мыкты жар болду. “Кγйөөм чоң болуп иштейт” деп бой көтөрчγ эмес. Жолдошунун ишине такыр аралашкан жок. Өмγр бою жөнөкөй эле иште иштеди да.

— А сизчи? Кайсы окуу жайды бγткөнсүз, кайсы жерде иштедиңиз эле?

— Кыздар катар төрөлүп калып, жаш эне болуп, үйдө олтуруп калдым. Ага бу киши болбой «мен сени окутам. Сен жогорку билимдүү болушуң керек» деп олтуруп, Кыргыз мамлекеттик университеттин (азыркы КУУ) филфагынын библиография бөлүмүн бүткөм. Өз кесибимди аркалап, библиотекада бир топ жыл иштеп, пенсияга чыккам…

— Жогоруда агай «анча-мынча ыр жазып калчумун» деди. Сизге арнаган ырлары бар болсо керек?

— Мен бу кишиге турмушка чыкканда ыр жазарын деле билчү эмесмин. Кайсы бир майрамда, 8-март болсо керек эле. Эртең менен турсам, жанымда үч сап ыр жатат. Окусам мага арналыптыр. «Чын эле сен жаздыңбы?» деп аябай таң калгам.

Көрсө, мен жазуучунун жары болупмун да. «Кыздын сыры», «Сыйкырдуу таш», «Өмүр белестери», «Кызыл аска», «Көз ирмемдеги өмүр», «Көкөй кести», «Арман», «Мурас» жана башка дагы роман-повесттери, аңгеме-эсселери толтура.

«Кыздын сыры» повести түрк тилине которулган. Бул чыгарма алгач «Ала Тоо» журналына басылган. Ошондо атактуу адамдар: Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов жана башкалар мактоо сөздөрүн айтыптыр.

— Агай котормочу дагы да?

— Ооба. Фёдор Достоевский, Николай Лесков, Николай Анкилов, Азиз Несин, Александр Вампилов жана башка дагы толтура жазуучулардын чыгармаларын которгон. Билим берүү тармагында алгачкылардан кыргыз тилинде «Сызма геометрия» окуу китебин жазган.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

“Бишкек таймс” (14-апрель, 2006-жыл)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.