Роза МОЛДОБАЕВА: «Мурдагы мугалимдердин куралы бор менен доска эле болгон…» (ВИДЕО)

Роза МОЛДОБАЕВА: «Мурдагы мугалимдердин куралы бор менен доска эле болгон…» (ВИДЕО)

Мен ар дайым окуучулар үчүн чыныгы окуу китеби анын мугалими экендигин сезип келгем.

Махатма ГАНДИ

5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер майрамы. 1994-жылдан бери жүздөн ашык мамлекетте майрамдалып келсе, бизде Өкмөт токтому менен 2014-жылдан бери белгиленип келет.

Анткен менен биздин агартуучулардын майрамы октябрдын биринчи жумасы делип, датасы жылып келген. Бу жолу 5-октябрга туш болду. 

Мугалимдин иши да, куралы да – сөз. Анын сөзγ — ал өзγ демекчи, агартуучу сөзү менен илим-билимдин жолун көрсөтөт, тарбия-таалимдин мунарасын, окуучунун тагдырын курат.

Майрамды утурлай, айлыгым аз дебей, студенттерге социалдык психология боюнча билим берип, сγйγктγγ кесибинен ырахат алып иштеп келаткан мугалим Роза Молдобаеваны кесиптик майрамы менен куттуктап, азыноолак маектештик.

Мугалим болуу — бул жөн гана кесип эмес, адам жүрөгүндөгү миссия”

Лидерлик сапаты менен тартынчаак окуучуну да сγйлөтγп, студенттерге да, уул-кыздарына да мээримин төгγп, иш менен да, сөз менен да таалим-тарбия берип, шγгγрчγлγк менен жашап келаткан мыкты мугалим, төрт баланын (бир уул, γч кыз) апасы, Бишкектеги         К. И.Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинин билим сапаты боюнча инспектору, психолог Роза Молдобаева. 

— Роза айым, мугалим болуу бала кездеги кыялбы, же?..

— Алгач учурдан пайдаланып агартуу тармагында γзγрлγγ эмгектенип келаткан кесиптештеримди куттуктап кетейин. Балдарга терең билим берип, келечегине тγз жол салып, туура багыт көрсөтүп, чоң турмушка аттандырып келаткан насаатчы, дүйнөнү тааныткан устаттарды майрамы менен куттуктайм! Мугалимдерге таазим! Агартуучуларга алкыш!

Мен Кудайберген Саалиев атындагы орто мектебинен билим алгам. Менин кесибиме биринчи мугалимим Лариса Искакова жана Айнура Асанбекова, Ажар Өскөнова, Клара Мендибаева эжейлеримдин таасири өтө чоң. Анткени алар мени өстγрγштγ, мага туура багыт берип, жүрөгүмдө өчпөс из калтырышты. Алардын билим, ишеним, колдоо аракеттери менен 1989-жылы “Артек” пионер лагерине да баргам. Бул окуя менин окуучулук кγндөрγмдөгγ эң бактылуу көз ирмемдердин бири. Кγчтγγ мектеп, кγчтγγ мугалимдер ийгилигимдин негизи, пайдубалы болду десем жаңылышпайм. Анткени мен алардын күч-кайратына,  сабырдуулугуна, кызылдай эмгегине суктанып, идеал туттум. Ошондон мугалимдик жолду тандап, бул улуу кесипти аркалоону самадым. Азыр ушул улуу жолду улап, ар бир студентимдин көзүн нурга бөлөп, жүрөгүнө ишеним жаратып, чоң тамгалуу адам болуусуна, татыктуу бир кесипке ээ болуусуна салым кошуу аракетиндемин.

Негизи мугалим болуу — бул жөн гана кесип эмес, адам жүрөгүндөгү миссия. Ар бир студенттин көзүндөгү жарык, ар бир жетишкендик — мугалимдин эмгегинин үзүрү.

— “Артек” пионерлер лагерине жакшы окуган окуучулар барчу эмес беле. Демек, мектепте алдыңкы окуучулардан болупсуң да?..

— Ооба, жакшы окудум, отличница болчумун. Ал учурда мугалимдер кγчтγγ эмес беле. Көп курал колдончу эмес, болгону бир бор, доска. Ушул эки курал менен эле бардык сабакты терең тγшγндγрγп, мээбизге кыттай куюп коюшчу эмес беле. Сабактарды кызыктуу  өтүшкөндγктөн, дит коюп, муюп укчубуз. Ал учурда идеология да кγчтγγ болчу. Октябрят, пионер, комсомол да болдук. Кызыл жагоо, значок тагынам деп жакшы окуганга кандай далалат кылчубуз?! Анан мугалимдер да жакшы окуган окуучуларды өз иштерине аралаштырышчу, мисалы мени кичинемден эле классташтарымдын дептерлерин текшертип, журнал толтуртуп коюшчу.

— Ушундай бактылуу балалык кайсы жерде өттγ эле?..

— Менин бактылуу балалыгым Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында өттү… Ал жерде 1976-жылы туулуп, торолуп өстүм. Ата-энеден да жакшы тарбия алып, К.Саалиев атындагы орто мектепти ийгиликтγγ аяктадым. И.Арабаев атындагы КМПУнун кыргыз филологиясын, Улуттук университеттин педагогика боюнча магистратурасын, азыркы Бишкек мамлекеттик университетинин психология бөлүмүнүн магистратурасын аяктагам. Эмгек жолум Бишкек шаарындагы №49 орто мектебинен башталган. Андан кийин Т. Мурзабеков атындагы Кичи-Жаргылчак орто мектебинде, С.Мендебаев атындагы орто мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары болгом.

— Психология сабагы балдарга кандайдыр бир таасирин бере алдыбы?

Роза Молдобаева студенттери менен

— Албетте! Психология сабагы жоопкерчилик, социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу, өзүн коомдо лидер катары көрүүсүнө жол ачуу аракети да. Практикалык иш катары видео тартуу менен айылдан келген тартынчаак, жөнөкөй балдарды сүйлөтүп, өзүн угуу менен кыймыл-аракетин байкатып, күчтүү жана алсыз жактарын түшүнүүгө, өзүн рефлексия кылууга, каталарын оңдоого, ишеним арттырууга жардам берүү — менин милдетим. Азыркы балдар сезимтал, өтө акылдуу техниканы да (телефонду да) өздөштүрүүнү мыкты билишет. Ошол нерсени биз туура багытка пайдалануу, таасирдүү жакка жумшоону γйрөтγшγбγз керек! Негизи балдарды басынтпаш керек, “сен мыктысың, сенин колуңдан келет” деп ага ишеним артсак, ал дагы жоопкерчиликтγγ болот. Мен ушундай мамилени ата-энелерден да суранат элем.

Мен өз кесибимди жана студенттеримди жакшы көрөм. «Чтобы быть хорошим преподавателем, нужно любить то, что преподаешь, и любить тех, кому преподаешь» деп орус тарыхчысы Василий Ключевский бекер айткан эмес да. Окуткан сабагыңды жана окуучуну сүйүү зарыл! Сγйγγ, жакшы мамиле, мээрим, ишеним балдарды өстγрөт. Келечек жаштардын колунда, мен ага бөркγмдөй ишенем! Эң башкысы дγйнөдө тынчтык болсун! Бөөдө кырсык болбосун!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.