Селт эттирген суук кабар
Аман-эсен агарган таңды көргөнγбγзгө Жаратканга шγгγр кылып кубанабыз. Анан вотсапты ачабыз… Жакшы кабар болсо, кубанасың… Жаман кабарды окуп, жүрөгүң шуу этип, кайгырасың… 25 жылдан ашуун чыгармачылыкта, жай турмушта жакшы санаалаш болуп келаткан эстрада ырчысы Стамгγл Турдалиева курбумдан таң атпай келген суук кабар жγрөгγмдγ сыздатты. “Баламдан айрылдым. Тилегим каза болуп калды” деген жаман кабар менен кошо келген уулунун кичинесинен чоңойгонго чейинки сγрөттөрγ, жоктоп жазган ыры ыйлатты.
ЭНЕНИН ЖОКТОО ЫРЫ
Жанымды жанчып салсам да,
Жан биргем эми табылбайт.
Жалынып ыйласам да,
Жаштарым кургап басылбайт.
Эркелеп сени чоңойттум,
Эсиңен секет кетейин.
Эрезеге жетип энеңди,
Эс-учуңан танып жоготтуң.
Кудайдын берген белегим,
Куурайбы менин карегим.
Кулпуртуп багып өстγргөм,
Кууратып мени кеткениң..
Жанымдан карыш чыгарбай,
Жанаша неге жγрбөдγм?
Жогуңду сенин сезгендей,
Жол карап далай издедим.
Байлыгым менин белегим,
Боорумду деле бермекмин.
Бой жетип билим алганда,
Боздоттуң, балам Тилегим.
Пейили тарларга кабылып,
Пешене жазган туурабы..
Периште болуп келгенсиң,
Перзентим, жаным чырагым.
Не деген жашоо баласыз,
Нес болуп азыр турамын.
Никеңди кыйып γйлөнтγп,
Неге аны эрте кылбадым?..
Досторуң келди тизилип,
Дос кызың ыйлап, ийилип.
Дарманым кетип мен калдым,
Дарактай куурап кыйылып.
Санаамды санга бөлдγң го,
Саргайтып күзгγ жалбырак.
Сай-сөөгγм сыздап жатамын,
Сагынчым канбай жалдырап.
Учурбай торго баксамчы,
Уучтап сени кучактап.
Уучум бошоп ууланып,
Узатып калдым алсырап.
Өзгөчө элең өрт жаным,
Өзүңдү күтүп какшадым.
Өлүп калат деген ойдо жок,
Өңгүрөп каным какшады.
Чырагым менин жан биргем,
Чырпыктай жанын кыйылды.
…өңγмбγ же тγшγмбγ,
Чын эле же учкан кушсуңбу?..
“Баламды өлтγргөндөр эртерээк табылып, жазасын алсын!”
Кудай Энеден баланы ажыратпасын! Ушинтип баласын жоктоп боздоп калган эне кγйγтγ кандай жаман, кандай азап… Курган эненин көзγ ары кирип, бир заматта арыктай тγшкөнγн көрдүм… ыйлай берип γнγ да бγтγп калыптыр… “… катуу ооруп, өз ажалынан кетсе да мейли дейт элем го, киши колдуу болуп жатпайбы… Армияга барам деп даярданып жаткан болчу… Кагылайын каралдым ай, сенин өмγрγңдγ алган боору таш балдарды Кудай жазасын берсин! 18 жашта гана өмүрүңдү бууп салыштыбы?.. Кантип жаның чыкты экен, каралдым ай! Ичимден кан өтγп, жаным жанчылып, көз жашым суудай агып жатат, балам!
Мага топурак салганча жашасаң болоор эле да… Кандай мыкаачы жаныңды кыйды экен?.. Кудайдан тилеп алган балам элең… 15 жыл дегенде белек кылып берген эле, белегим менин Тилегим….” деп боздосо жанына тура албайсың…
**
Не айла кылабыз… Тилек апасынын Жараткандан тилеп алган жалгыз баласы эле… Жакшы тарбияда чоңойду. Стамгүл интервьюга редакцияга келгенде кээде Тилек уулу менен Жибек кызын эгиз козудай бойтойтуп ээрчитип келээр эле. Кийин мектепке алып барды, зыңкыйган эр жигит кылды… эми ана-мына армияга жөнөтөм…. аман-эсен кызматын өтөп келсе, келин алам, анан небере жыттайм деген таттуу кыялдарын каргашалуу окуя талкалап кетип жатпайбы?…
Эки кызына, уулуна мээримин төгγп, бапестеп багып, өстγрγп, билим берип, бутунан тургузду. Эч нерседен кем кылган жок. Атанын да, апанын да ролун жалгыз өзγ аткарды. Тилек көз алдымда чоңойгондуктан, эне сүтү оозунан кете элек жаш, бейажал кеткенине кабыргам кайышып, ичим ачышып турат. Стамгγл менен көз жаш аралаша маек курдук.
— Ал кγнγ Тилек кимдер менен кайда кетти эле?

— Эрбол, Элхан деген классташ балдары менен кеткен. Дайыма чогуу жγрγшчγ. Ошо кγнγ алардын жанында башка дагы бир бала болуптур. Эки бала кетип калып, баламдын жанында Элхан калыптыр. Андан сурасам, «Мен кетип калгам, Тилек жалгыз калган» деп атпайбы… Эмнеге жалгыз таштап кетет?..
Турмуш-шартка байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кеткенимди жакшы билесиң го… Балдарым өнөрлγγ болсо экен деп Тилекти алгач “Ак шоола” балдар ансамблине алып бардым, кийин М.Абдраев атындагы музыкалык мектепке окуттум. Ошол жердеги классташтары менен чогуу жγрγп ажалга туш болуп жатпайбы… Чогуу жγргөн балдары эмнеге жалгыз таштап кетет?.. Алардан сурасам, жалгыз кеткен деп эле тим болуп жатышат. Апаларынан сурасам да, көңγл айтып эле унчугушпайт… Бу жерде кандайдыр бир чындык жашырылууда… Баламдын өлγмγ мага табышмак болууда… Анткени баламды моргдон көргөндө, мойнунда бирөө муунтуп өлтγргөндөй так турат, бир жагында жиптин тагы, бир жагында колдун тагы турат… көз жашым аралаша даана көрдγм… Кызым Айпери деле айтып жатат, колдун изи бар деп. Шымы айрылган… Ичинде, бутунда да так бар. Сабап, муунтуп эле өлтγрγшкөн… Балам өзγ өлбөй турган бала болчу… Армиядан балдар качат го, а менин балам “армияга барам” деп өзγ суранып, военкоматка барган эле да…
— Милицияга кайсы кγнγ арыз ташталды эле?
— 7-октябрда Свердлов районундагы милицияга барып, «балам жоголду» деп арыз таштагам. Арызымды Бахтияр кызы Айдана деген дежурдагы тергөөчγ кыз кабыл алган. Ал: “Бул жакка жаза бериңиз” деп бир ак барак берди… Жазып бγткөн соң кол койдуруп, а-бу дегенче эле шашып кетип калды. Кечинде, кечки саат 22:30та Канат Абакиров деген опер чалып, «Балаңыз келдиби?» деп сураганда, жок дегем. Эртеси ага барып, аны ордунан таппай калдым. Анан чалсам эле, “Эже, мага чалбаңызчы, мен сменди өткөрγп кеткем” деп жактырган жок.
Анан бγгγн да (18-октябрда) Свердлов районундагы милицияга дагы бардым. Менден арыз алган Айдана отуруптур: “Сен менден арызымды алып эле шашып кетип калдың го, ыя? Ошол замат реакция кылып, оперативдγγ иш алып барып, издесеңер балам тирγγ табылат эле го, ыя?” деп кыйкырсам, унчуккан жок. Тиги кыздын жанында γч милиция отурган экен, аларды карап да: “Свердлов районунун милициялары качан бир нормалдуу иш алып барасыңар, ыя? 62 жашка келдим, деги бир ууруну кармадыңарбы?… Мурдагы жылы да баламды сабагандарды да таппай, ишти жаап койгонсуңар” деп ачуулансам, алар дагы унчуккан жок. Анан Канатка барып, аны да уруштум. Эртеси сага чалсам, “Эже, мага кайра-кайра чалбаңызчы, мен сменди өткөрγп кеткем” дебедиңби, ыя? Ошондо мен сага жардам катары маалымат алып келгем.
«Балам Россияга кетем деп менин “О! Деньгимден” акча которуп алыптыр. Анан мен аларга блок кылып койгула” деп арыз таштадым. Балам Россияга кетип калбасын, андан ары согушка алып кетпесин… ал жак тынч эмес, тезирээк таап бергиле!” деп сага айтайын деп келсем, сен ошентип мени кагып койдуң го, ыя! Силердин шалаакылыгыңардан ушундай жаман иш болуп отурат» деп ачууландым…
8-октябрда болуп жаткан окуяны айтып жатам. Дал ошол кγнγ балам Филармониянын тегерегинде эле ойноп-кγлγп эле жγргөнγн уктум… Булар дароо издегенде таап беришмек, издешпей койду да, атγгγл тγзγктөп бир нерсе, дегеле эч нерсе сураган жок, “сменди өткөрγп бердим” дегенди эле угуп жаттым да алардан. Анан ачуум келип начальнигине кирдим. Мына, бγгγн да начальнигине бардым, ал көңγл айтты. “Арыз таштаар замат менден сурашса, мен маалымат бермекмин. Эч нерсе сурашкан жок, шалаакылык кылышты. Ошондо оперативдγγ иш алып барып, дароо издегенде балам аман табылмак. Ай, силер, милициялар таппаганды селсаяк таап берди го, селсаяк…” деп кыйкырып ыйладым…. «Бизде аппарат жок» дейт, анда мен Камчыбек Ташиевге айтайын, “аппарат алып берип койгулачы деп” деп ал жерден ыйлап чыктым… Дагы эле суроо артынан суроо чыгып атты… Эмнеге менден арыз алган Айдана деген милиция кыз дароо реакция кылбайт? Эмнеге шашып кетип калат? Канат Абакиров эмнеге чалба дейт? Менден ким менен кетти эле, каякка кетти эле десе, мен баарын айтып берет элем да. «Балам жок, таап бергилечи» деп мен милицияга жардам сурап кайрылдым да, туурабы?
Мен арыз таштаган кγнγ (7-октябрда) тγнкγ саат 23:37де балам сγйлөшкөн кызына чалыптыр… Дароо издешсе телефон чалуулардын изи менен эле баламды тирγγ табышмак да. Уулумдун өлγмγн арыз таштагандан кийин — 5 кγндөн кийин угуп жатпаймынбы… 5 кγндөн кийин… Убакыттан уттуруп койдук, уттурдук, милиция дароо издегенде балам аман калмак, аман калмак…» деп ыйлап калды…
Мен учурдан пайдаланып, Ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылат элем, баламдын табышмактуу өлγмγн өз көзөмөлγнө алышын, уулумду өлтγргөн адамды таап, мыйзам чегинде жазага тартышын суранам. «Баламды асынып алыптыр..» (суицид) деп ишти жапканы жатышат. Андай эмес, уулум киши колдуу эле болду. Суранам, өз көзөмөлγңγзгө алыңыз!
Милициянын баарын жаман дебейм, жакшылары деле бар. Мына, жогоруда айттым го, өз убагында реакция кылып, ыкчам иш алып барбаган милициялардын шалаакылыгынан улам жетекчисине да сөз тийип жатат. Көрсө, милиция эч нерсе чечпегенден кийин жабырлануучулар айла жок Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге кайрылат тура. Мен дагы кайрыла турган болуп калдым.
— Ким тергеп жатат жана тергөө кандай жγрγп жатат? Адвокат бар да ээ?
— Адвокат бар, ал бир тууган агам. Азыр да мен сабырдуулук менен тергөө иштерин кγтγп жатам. Бирок, тергөө өтө жай жγрγп жатат. Кызым Айпери экөөбγз баламдын телефонундагы О! Деньгиме кимдир бирөө киргенге аракет кылып жатканы боюнча 8-октябрда арыз таштаганбыз. Бир канча кγн өттγ, оң жооп жок. Ошо менен эле баламды өлтγргөндөрдγ тапса болот да, туурабы?.. Ишти жапканга да шашышат экен, ай! Менин баламдын өмγрγн алгандар табылып, мыйзам чегинде жоопко тартылсын!
— Тилектин жанында көп акча бар беле?..
— Ооба, 200 миңге жакын акча бар болчу. Ошону алам деп эле өлтγрγп туруп, алып кетишти, анан аны алалбай, ачып киргенге аракет кылып жатат да… Ошолорду милиция дароо эле тапса болот да, туурабы?.. Дагы кайталайм, дароо издешкен жок, ыкчам иш алып барышкан жок!
Кантейин, ушу октябрь айы мен γчγн өмүрүмдөгү оор ай да. 14-октябрда (2011-жыл) апамдан айрылдым, 16-октябрда (1984-жылы) тун баламдан айрылгам. Эми минтип быйыл 11-октябрда (милициянын маалыматы боюнча айтып жатам) Тилегимден айрылып отурам. Алтын баламды айдын аягында (27-октябрда) эскерели дегем, ал кγн атамдын туулган кγнγнө туш болду…
— Тилектин жансыз денесин милициялар кай жерден табышты?..

— Баламдын жансыз денеси Бишкектеги Лев Толстой менен Логвиненконун (пр.Манас/Айтматов) кесилишинен табылыптыр. Ал жерден бир селсаяк (бомж) бир кγн мурун (10-октябрда) өтγп баратып көргөн экен… Мас го, эс алганда туруп кетээр деп элес албай өтγп кетиптир. Эртеси (11-октябрда) эртең менен келатып, дагы эле жатканын көрγп, жакындай жанына барып, жаш бала өлγп жатканын көрγп, чочуп кетет. “Милицияга билдирсем менден көрсөчγ…” деп чочулап, жакын жердеги дарыканага кирип, “Милицияга айтып койгулачы, жаш бала өлγп калыптыр…” деп айткан экен. Алар милицияга чалып, алар келип селсаякты суракка алганда ушуларды айтып бериптир…
«Кечир мени, балам!»
— Бул маалымат “Кактус медиага” чыккан, “11-октября в Бишкекке рядом с железной дорогой обнаружили тело мужчины” деп… Жамандыкты кайдан ойлойсуң… Милиция чалып бизди чакырышты. Балам табылдыбы десем, табылды дешти… Алар деле суук кабарды дароо эле айта калышкан жок. Мен баламды тирγγ экен деп, азыр кызым барат деп Айперини жибергем. Бирок жγрөгγм бир башкача болгон. Убакыт да караңгы, кеч болуп кеткендиктен, кызым апама эртең менен эле угузалы деп айтпай коюптур. Баламдын айрылып калганымды эртең менен угуп жатпаймынбы… “кайрат кылыңыз” дегенде эле бакырдым… Моргго жеткенче ишенген жокмун… Көрγп таанып, эс-учумду жоготупмун… айла жок менин балам деп боздоп калбадымбы…
Кудайдан тилеп алган Тилегим 18 жыл гана жашап калды… Алтын балам аттестат, дипломун колуна албай, эңсеген армиясына баралбай жапжаш бойдон киши колдуу болуп кете берди. Баламды муунтуп эле өлтγрγшкөн, айттым го так бар мойнунда, тиштенип да калыптыр… Болбосо, балам уктаганда оозун ачып уктачу… Мен Чындыкка ишенем, Чындык жеңет. Кγнөөлγγлөр табылып, жазасын алат деп ишенем!
Кечир мени, эркетайым, сени тирγγ кайтарып ала албадым… сени селсаяк таап бергенине да шγгγр кылып отурам…. Бардык каалоолоруңду аткарбаганым γчγн кечир, уулум! Кантейин, Тилегим мага топурак салса эмне, апалап узатса кана… Бул арманымды өмγр бою айтып бγтө албайм го, каралдым!
АРМАН, АРМАН…
Стамгγл, алтыным, көздөрγң жашка толуп, көкүрөк толо арман, аза ыйы менен отурган абалда көрүш бизге да кыйын болууда… “Кандайсыз, Назира эже?” деп калчу Тилектин үнүн укпай, жадыраган жүзүн көрбөй калганыма мен да ишенбей, кейип отурам… Кантели, баарыбыз арманда калдык. Курандан башка айла жок… Сага сабыр тилейбиз, алтыным!
Жолдошум Эрнистин (Асек уулу) эскерγγ кечесине (2021-жылы, 25-апрелде) да Тилекти ээрчитип келдиң эле… Балаң жаркылдап турчу, жаркылдап… Элпек, жароокер, боорукер, ишенчээк эле… “Эже, кайрат кылыңыз” деп мага кайрат айтты эле, алтын бала. Эми минтип апаңа кайрат айтып калдык. Эрнис барган жакка жапжаш боюнча эрте кетип калдың, кантели! Кандай жагдайда, кандай болуп көз жумганың баарыбызга табышмак болууда… Чындыкты издеп чыркырап апаң жγрөт, тергөөчγнγн каалгасын кагып… Биз дагы чындыктын бети ана-мына ачылат деп чоң γмγт кγтγп жатабыз.
Жаткан жериң жайлуу болсун, Тилек!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Макаладагы сγрөттөр Стамгγл Турдалиеванын γй-бγлөлγк альбомунан алынды.
Тергөө иштеринин жγрγшγ боюнча кабардар болуп, тийиштγγ маалыматтарды алып берип турабыз.