Китеп текчеңизге…

**
Биз да кычыраган жигит кезинде тагдыр сыноосуна тушуккан агабыздын ырларын окуп, таасирленгенбиз. Бул эки ырындай эле ар бир ыры жүлүндү аралап барып, жγрөккө жетет… көздөн жаш тамат…
Өтүнүч
Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй табият, анда жашым гүлгө бер.
Анткендигим ар бир жазда жадырап,
Ал өмүрүм гүлдөр менен түрдөнөөр.
Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй, табият, анда жашым сууга бер.
Анткендигим эмгек чөлүн көгөртүп,
Суусаганда жутуп турсун тууган эл.
Же болбосо булбулга бер бактагы,
Булакка бер кыз күлкүлүү акканы.
Же жашымды жылдыздарга бере көр,
Түбөлүккө жанып турсун жапжаңы.
Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Менин жашым бөлүштүрүп миңге бер.
Миң жүрөктө менин жаным жашаса,
Анда өмүрүм түбөлүккө күн көрөөр.
Жазмышка
Чаалыкпай ай-ааламды арткым келген,
Чырагын бак-таалайдын жаккым келген.
Ажалдын отун каалап отурамын,
Арман ай!.. Кем белемсиң бактым элден!
Ээрчитип муңдууларды баскым келген,
Эшигин акыйкаттын ачкым келген.
Ардыгып эрме чөлдө аңкап жатам,
Аттиң ай!.. Амалдуу экен тагдыр менден.
Сүйүүнү багбан болуп баккым келген,
Суусаткан шарабынан таткым келген.
Бир тамчы балын сорбой баңги болдум,
Бүгүнкү атка конуп шалсың делген.
Күбүлүп гүл терүүчү курагымда,
Күйүттүү айландырып тумарыма.
Тил кургап, мусаапырлык башка келип,
Турмуш ай!.. Аңкап жатам булагыңа.
Бүлүндүм, каздым кенди, аштым белди,
Туш кылдың бешенеме ташкын селди.
Чаалыктым, сагындырып башкаларды,
Алтындай бир түпкүрдө жаткым келди.
Агабыздын бир топ ырларына да обон чыккан. «Энекебай» аттуу атактуу ырын баарыбыз эле угуп чоңойдук, азыркыга чейин ырдап да жүрөбүз.
ЭНЕКЕБАЙ
Энекебай, оо, кутманым, уюгум.
Агып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың куу болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.Энекебай, билем, туям эмгегиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним.
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин,
Кирпик какпай канча жолу термедиң.
Татыбайт го минуталык толгооңо,
Менин күн-түн алып келип бергеним.
Бул ырдын жаралыш тарыхы…
Гүлмира КУЛУМБАЕВА: «ОО, КАГЫЛАЙЫН ЭЛ-ЖУРТ, СҮЙҮНЧҮ!!!»

Атанын кызы Гγлмира эже жөнγндө өзγнчө кеп. Себеби, эжебиз да өзγнчө бир аалам.
“Атамдын китебин чыгарам” деп чуркап жγргөнγн мындан эки жыл мурун басмаканадан көргөм. Китептердин чыгуу убагы шайлоо учуруна туш келип, 10-ноябрда жарык көргөн экен. Китептин ички мазмунун да эжебиз жакшы чечмелеп бериптир:
— Бул үч аталыштагы жыйнак — кыргыз элинин жүрөгүнөн чыккан акын, тагдырдын оор сыноосун ыр менен жеңген Өмүркул Кулумбаевдин руханий мурасы.
Өмүркул Кулумбаевдин өмүр баяны

Өмүркул Кулумбаев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында финансы кызматкеринин үй-бүлөсүндө 1933-жылдын 15-майында жарык дγйнөгө келген.
1940-жылы ушул эле айылдын толук эмес мектебинде окуп, 1950-жылы Кара-Суу орто мектебин «эң жакшы» баалар менен аяктаган. Эмгек жолун Нарын шаардык басмаканасында арип терүүчүлүк кесипте эмгектенүү менен баштаган. Тянь-Шань облустук аскер комиссариатында финансы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганда, иш сапары учурунда (1961-жылдын 9-июнунда) жол кырсыгына кабылып, буту баспай калган. 1-топтогу майыптыкты алып, бирок тагдыр сыноосуна сынбай, 1966-жылдан колуна калем алып, поэзия дүйнөсүн багындырып, 12 ыр китепке толгон салмактуу ырларды жаратты. Мындан тышкары, басма сөз булактарында 284 (!) публицистикалык макаласы жарык көргөн…
Билбестир арбын өмүрдүн баркын,
Алгандар – атак, чыгарып даңкын.
Өлбөгөн жан жок, ак эмгек өлбөйт,
Из салып кеткен өмүрүң алтын!
Өмүркул Кулумбаев («Өмүрдө ким бар өлбөгөн»)

