NOMAD телеканалы… Эдил Байсалов… Илиязбек Балташев… (ВИДЕО)

NOMAD телеканалы… Эдил Байсалов… Илиязбек Балташев… (ВИДЕО)

Эдил БАЙСАЛОВ: «…15–20% лишних учителей увольте… мы лучше возьмем людей с улицы…»

23-ноябрда Кыргызстанда NOMAD деген жаңы телеканал ачылып, ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Орусиянын президенттик администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк боюнча башчысы Вадим Титов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова катышкан.

Анда Эдил Байсалов журналисттерге мындай деп айткан жайы бар: «Бизге ушундай кесипкөй телеканал жетишпей жаткан. Ал биздин маалымат мейкиндигин жаңы өң-түс, жаңы дем менен толукташы керек. Бизге ар кайсы бурчтан агылып турган маалымат агымында багыт көрсөтүп, элге түшүндүрүп бере турган журналисттер абдан зарыл. Мен буга чейин да интервьюда, кимдир бирөө муну жактырат, кимдир бирөө жактырбайт — бирок бүгүн Кыргызстан орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин айткан элем. Баарыбыз маалыматты орус тилинде кабыл алабыз, көпчүлүгүбүз орусча ойлойбуз, орус адабияты менен тарбияландык»… 

Анан эле ал,  «маалымат мейкиндигин жаңы өң-түс, жаңы дем менен толуктайт» деп мактаган «Номад» телеканалына маек берип жатып, учурдагы билим берүү, мугалимдер тууралуу: «У меня вчера был разговор с министром Кендирбаевой. Я потребовал: будете делать аттестацию и оценку — прошу выбрать самое слабое звено. Выявите 15–20% лишних учителей и увольте их. Да, учителей не хватает. Но мы лучше возьмем людей с улицы, тех же бывших журналистов, и предложим им хорошую зарплату: 50–60 тысяч сомов, они придут» деп айткан экен, ал кеби азыр интернет айдыңында коомчулукту дуулдатып, кызуу талкууда.

Эске сала кетсек, Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык секторду көзөмөлдөгөн орун басары. Андыктан билим берүүгө байланыштуу маселелер ага караштуу. Анткен менен Байсалов кээде жогоркудай «учкул ойлору» менен элди бир дуулдатып алып, бара-бара «Бая Байсалов айткандай» деп ылакапка айланчудай эле сезилет.

**

Байсалов кечээ 6.30дарда «Фейсбуктагы» баракчасына элди дуулдаткан маегинин, өзү айтмакчы, «резонанс жараткан» кесиндиси — фрагменти боюнча түшүндүрмөсүн жарыялаган. Эми түшүндүрмө дегенде, «мени түшүнүш үчүн менин толук эфиримди көргүлө», «ал жерде «мен айтам, бирок менин сөздөрүм бурмаланат» деп эскерткем» ж.б.у.с. эфирде айткандарынан анча алыстабаган билдирүүсүн жайгаштырды.

Байсаловдун коомчулукту кыжырданткан билдирүүлөрүнө карата

Ушундай аталыш менен Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев да кечээ (25-ноябрда)  «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазган:
Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов акыркы күндөрү бир эле учурда журналисттерди да, мугалимдерди да кемсинткен билдирүүлөрдү айтты. Алгач “мага профессионалдык продукт жетишпейт” деп медиа тармагын жапырт шектүү абалга калтырса, эми “мугалимдердин 15–20%ын жумуштан айдап, ордуна көчөдөгү журналисттерди алсак” деген сөзү коомчулуктун тынчсыздануусун ого бетер күчөттү.
Мындай үстүртөн, ашкере текебер билдирүүлөр эки тармактын тең абийирдүү адистерине карата сый-урматка каршы келет.
Журналист да, мугалим да коомдун түркүгү. Аларга карата жалпы, кемсинткен баа берүү – мамлекеттик кызмат адамынын маданиятына, жоопкерчилигине төп келбейт.
Журналисттердин кесиптик деңгээлине баа берүү эмоцияга эмес, фактыларга, стандарттарга жана кесипкөйлүккө негизделүүгө тийиш. Эгер көйгөйлөр бар болсо, алар тилектештик, диалог жана өнөктөштүк аркылуу чечилет.
Мугалимдерди жапырт “айдоону” сунуштоо же журналисттерди “көчөдөгү” деп мүнөздөө коомдук ишенимди бузган, коомду бөлгөн, пайдасыз популизм.
Биз мамлекеттик жетекчилерден жоопкерчиликтүү тилди, коомду бириктирген мамилени жана сөзүнө этият болууну талап кылабыз.
Кыргызстанда бардык кесип ээлери урматка татыйт. Алардын үстүнөн шылдыңдоо – эч бир реформага жардам бербейт, — деген билдирүү калтырды.

«…его слова были искажены?..»

Айтмакчы, Эдил Байсалов «фрагмент» боюнча түшүндүрмөсүн Фейсбук баракчасына жайгаштыргандан 1 саат мурун «Kaktus.mediaга» кененирээк берген экен.
«Я рад, что вот этот фрагмент моего интервью получил резонанс, но я всем настоятельно рекомендую посмотреть мой полный эфир, где я там предупреждаю, что я буду говорить и мои слова могут быть извращены. Но самое самое главное — рад, что это обсуждение получило резонанс. Действительно, у нас есть больше 800 школ в селах, которые сейчас полупустые. Мы хотели бы, чтобы они лучше были бы в городах, где сейчас сконцентрированы все эти молодые семьи».

**

«Что касается лишних учителей, то я говорю о слабом звене. В Кыргызстане есть слой учителей, которые неквалифицированные, не соответствуют профессиональным требованиям, которые не то что не помогают, о напрямую вредят детям, могут их жизнь искалечить. Почему я не должен от них освобождаться? Я вам больше скажу — я не из тех людей, которые молятся на учителей«.

**
Эми, жумшартып айтканда, Эдил Байсалов билим берүү тармагын аксатып жаткан, көкөйүнө көк таштай тийген кемчиликтерди, көйгөйлөрдү анализ кылып (көптөн бери алектенип келаткан окшойт да):
  • «эмгек жамаатындагы жагымсыз атмосфераны жаратып жаткан начар мугалимдердин айынан жаш мугалимдер иштебей кетип калып жатат»…;
  • «окуу китептерин, окуу усулдарын алмаштырып деле коё беребиз, бирок мектеп жеке бир директордун тегерегинде эле айланбай же кайсы бир мугалимдерге табынып сыйынбай, мектептеги маданиятты, моралдык климатты, атмосфераны алмаштырышыбыз керек»…;
  • «начар мугалимдер деп, бул кесипке 90-жылдар, 2000-жылдары келгендер тууралуу сөз болууда. Алардын арасында жадагалса математиканы өздөштүрбөгөндөр, өмүрүндө бир китепче окуп койбогондор толтура. Ошол жылдарда педагогикалык факультетке мектепте экиге окугандар эле барышчу»…;
  • «Биз аларды ачыкка чыгарабыз. Биз эмне, аларды дагы 30 жыл кармап жүрүшүбүз керекпи?! Жок, аларды ачыкка чыгарып жана аларга катуу талаптарды коёбуз!»… ж.б.у.с. жүйөлөр менен билим тармагына «чоң казатты» баштаганын саймедирептир…

Эми, билим тармагы аксап жатканы, 11 жылдыкпы, 12 жылдыкпы, кеп канча жылдыкта эмес, сапатта экени, «Болондук билим берүү», дагы башкасын киргизип, мектептердин макамдарын жоюп, алмаштырып, жогорку окуу жайлардын бирин жоюп, бирин башкасына кошуп, айтор, билим берүү бир мектептерде эле эмес, жогорку окуу жайларда да чапырашты экени эчактан маалым…

Айтмакчы, Жогоруда Эдил мырза «мои слова могут быть извращены» деп атат… Эми «уккан кулакта жазык жок»…  Байсаловдун кебинде деле ачуу чындык бар… күйгөндөн айтты дейин десең,  «деп коймой» жайы буга чейин деле далай болгон…

Билим берүү тармагындагы «байсаловдук катарсис» 30 жылда болуп көрбөгөн өзгөрүүнү береби-жокпу, кудай кааласа, бара көрөлү эми…

NOMAD…

Эми NOMAD (байыркы грек тилинде «көчмөн» дегенди билдирет) телеканалына келсек, анын ачылыш аземи Бишкекте, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн. Анда кыргыз-орус биргелешкен долбоору экени, Кыргызстандын мамлекеттик каналдары менен кызматташып, негизинен НТВ программалары көрсөтүлөрү айтылган. Албетте, бул каналдын ачылышына, серепчилердин кесипкөй журналистикадан мурун соңку жылдардагы геосаясий абал, себептер негиз болуп жатат дегендери жөндүүдөй. «Канал кимдики? Кимдер иштейт? Кимдер көзөмөлдөйт?» деген суроолор жаралса, анда «Азаттык» даярдаган бул ВИДЕОну көрүңүз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.