МЕДИАФОРУМ: Арабаев. Эшимканов. Байсалов. Токтакунов…

МЕДИАФОРУМ: Арабаев. Эшимканов. Байсалов. Токтакунов…

«Кыргыз журналистикасына 100 жыл»

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн, тун гезитибиз “Эркин Тоонун” (азыркы “Кыргыз Туусу”)  жана кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган «Кыргыз журналистикасына 100 жыл» аталыштагы медиафорум 22-ноябрда, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, спикер орун басары Жамила Исаева, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов, Маданият министринин орун басары Марат Тагаев жана коомдук ишмерлер, үч муундун медиа өкүлдөрү катышты.

«Кыргыз журналистикасына тарыхый сереп»

Медиафорумдун расмий бөлүгүнүн алдында ушундай аталыштагы фотокөргөзмө менен тааныштык. Айтмакчы, аталган көргөзмө 7-ноябрь — басма сөз күнү Улуттук тарых музейинде өткөн майрамдык мааракеде да уюштурулгандыктан, көргөндөрдүн катарында көрбөгөндөр кызыгып кыдырып чыктык. Билишибизче, муну уюштургандар — эгемендиктеги «Эркин Тоонун» эмгек жамааты. Аларга терең ыраазычылык…

Фотокөргөзмө, пресс-ыкма менен каралгандай, кылым карыткан кыргыз журналистикасынын урунттуу өмүр белестери стенддерге мазмундуу бөлүштүрүлүп жакшы жасалыптыр.  «Эркин Тоонун башатында тургандар» деген  стенд «Эркин Тоонун» биринчи редактору, 1924-1926-жылдар аралыгында мезгил-мезгили менен улуттук гезитке алты жолу редакторлук кылган» Осмонкул Алиев менен башталып, «Кызыл Кыргызстан» болуп аты өзгөргөн 1928-жылдагы эки жолку редактору Аалы Токомбаев менен аяктаган. Алардын ортосунда «Эркин Тоо» гезитинин биринчи санын чыгарган чыгаандар: жооптуу катчы Сыдык Карачев, көчүрмөчүсү, корректору жана кабарчысы Кусейин Карасаев, дагы бир корректору Мустапа Акматов;

«Эркин Тоонун» 1925-жылдагы (үчүнчү) редактору Касым Тыныстанов, 1925-1927-жылдардагы үч жолку редактору Шарип Көкөнов, 1926-жылдагы редактору Төрөкул Айтматов, «Эркин Тоонун», «Кызыл Кыргызстандын» 1927-жылдагы редактору Баялы Исакеев, «Эркин-Тоонун», «Кызыл Кыргызстандын» 1927-1936-жылдардагы үч жолку редактору Калим Рахматулин… деп сүрөттөрү менен кошо учкай маалыматтар жазылып, «Эркин Тоонун» аты өзгөрүп «Кызыл Кыргызстан» болгон 1927-1956-жылдарга арналган стендде «Эл кызматындагы эки залкар» Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдун көп ишинин ичинде эң зор бир эмгеги —  кыргыз интеллигенциясынан акча чогултушуп, «Жаңы маданият жолунда» деген журналды чыгарышканы, эл сабаттуулугун жоюуга, эл маданиятын көтөрүүдө, жаш муунду тарбиялоодо гезиттин жана анын күжүрмөн жамаатынын баа жеткис салымы… кыска, нуска чагылдырылган…

Кыскасы, ар бир стендге токтолуп кенен сөз кылса, медиафорумга чектелген 5 сааттык убакыт деле жетмек эмес… Анткен менен кыргыз журналистикасы кечээ, бүгүн деген анализ ташталчудай медиафорум фотокөргөзмөнүн дурус эле уландысы болду. Бирок, биз, «ким элек, ким болдук» дегендей, өткөндү — бүгүнкү кыргыз журналистикасынын башатында тургандарды  унутпашыбыз керек…

Сөз кыябы келгенде, тарыхка кайрылсак, азыркы журналистиканын башаты 1924-жылдын 7-ноябрынан башталат. Тагырагы, ушул күнү тун гезитибиз «Эркин Тоонун» №1 саны жарык көргөн. Эми ал гезитти кандай даярдашканы, ошол учурда басмаканаларга ээлик кылган татар ж.б. улуттагы «кожоюндардын», кызматкерлердин маанайларына жараша иш алып барышкандары, басмаканалардын арип калыптарын сындырып тамга жасашкандары сындуу ж.б. түмөн түйшүктөр өзүнчө чоң баян…

«Эркин Тоо», №1 сан… алгачкы илимпоз-агартуучуларыбыз, кыргыз журналистикасынын көч баштоочулары Ишеналы Арабаев (1882-1933), ошол кезде Ташкентте билим алып жатышкан, гезиттин катасын, грамматикасын текшеришкен Кусеин Карасаев (1901-1998), Мустапа Акматов, атайын Караколдон Ташкентке чакыртылып алынган гезиттин жооптуу катчысы Сыдык Карачев (1900-1937), гезиттин тун редактору Осмонкул Алиевдер эрдик кылып тун гезитибиздин биринчи санын 4 барак, 3 миң нускада  жарыкка чыгарышкан…

Экинчи номери 20 күндөн кийин — 1924-жылы 27-ноябрда, үчүнчүсү 15-декабрда, төртүнчүсү 1925-жылы 3-январда  чыккан гезитибиздин алгачкы 4 саны Ташкентте жарык көрсө,  №5 санынан тартып өзүбүздөн — Пишпектен чыга баштаган. Кийин аталышы да бир нече жолу өзгөргөн: “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан” болуп келип, эгемендикте “Кыргыз туусуна” айланган…

«Эркин Тоону» колуңардан чыгарбай, мунун бетине арыз-муңуңарды жазып тургула»

Сүрөттө: Ишеналы Арабаев

Кыргыздын дагы бир чыгаан  илимпоз, окумуштуу уулу Зыяш Бектеновдун жазганы боюнча, гезитти “Эркин-Тоо» деп Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров, Касым Тыныстановдор атаган. Гезиттин биринчи номуруна Ишеналы Арабаевдин «Эркин Тоо» макаласы жарыяланган. Ошол макалада гезит эмнеге «Эркин Тоо» аталганы түшүндүрүлгөн: «Эзелтен бери кыргыз элинин Мекени – Ала-Тоо, Тянь-Шань болгон. Саргарып, зарыгып алдыдан күткөн үмүтү – эркиндик, теңдик болгон. Мына эми, кыргыз элинин көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип, эрктүү автономиялуу область, өзүнчө мамлекет болуп, түтүн булатып отурат. Ошондуктан, газетаны «Эркин Тоо» деп атадык. Эми «Эркин Тоону» колуңардан чыгарбай, мунун бетине арыз-муңуңарды жазып тургула»…

Медиафорумда «»Эркин-Тоо» («Кыргыз Туусу») гезити — элибиздин энциклопедиясы» деген даректүү тасма көрсөтүлдү. Не деген түйшүк, эмгек жана эрдик менен гезит чыгарып, элибиздин советтик турмушун оңдоп-түздөөчүсү, багыт берүүчүсү, жол көрсөтүүчүсү да болгон залкар инсандарыбыз жана гезит «Кыргыз Туусу» болгондогу редакторлор тууралуу баянды уктук… Андан соң иш-чара ачык деп жарыяланып, 34 жылдан бери ырдалып келаткан, бирок ушул тапта тагдыры талаш Мамлекеттик ГИМНибиз жаңырды… Оң колду көкүрөккө коюп, баарыбыз эле ырдадык окшойт…

Миллион… Машина… 

Иш-чарага модераторлук кылган Марат Тагаев пленардык отурум:

I. Кыргыз журналистикасына 100 жыл: тарых, жетишкендиктер жана кыйынчылыктар; 

II. Ааламдашуу шартындагы журналистика: адаптация жана инновация — деген эки бөлүмдөн турарын айтып өттү.

Андан соң алгачкы сөз ЖК спикеринин орун басары Жамила Исаевага берилди. Ал журналисттердин мааракеси менен куттуктап, «…сиздердин жазгандарыңыздар менен коомдук пикир жаралат.  Андыктан туура, факт менен жазсаңыздар…» деп өз сөзүн өтүнүч менен аяктады.

 

Андан кийин сөз кезегин алган президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов да журналисттерди мааракеси менен куттуктады.

Ал «Кыргыз Туусу» гезитине президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен техника каражаттарын жаңылап алууга бир жарым миллион сом жана бир унаанын ачкычын тапшырды.

Эдил Байсалов бир чындыкты айтты…

Кийинки сөз кезеги Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеп жаткан орун басары Эдил Байсаловго тийип, ал кыргыз журналистикасынын күнгөй-тескейин айтып келип, мамлекеттик медианын колу-бутун байлаган кемчиликти моюндады.
Бир адамдын сүрөтүн басабыз, өкмөттүк органдардын гана пресс-релизин жарыялайбыз деп жатып мамлекеттик маалымат каражаттарынын ролун төмөндөтүп алдык. Мен бул үчүн анда иштеген журналисттерден кечирим сурайм. Мындан соң мындай мамилени өзгөртүүгө аракет кылышыбыз керек!

Ошондой эле мен буга чейинки аймактардагы гезиттерди жабуу чечими туура эмес болгонун айткам жана дагы айтам, аз нуска менен болсо да гезиттер чыгып турушу керек. Өкмөттүк гезиттер кыска жаңылык менен чектелбеши керек. «Барды, келди, тапшырды» деген кыска материал менен чектелбей, кенен жазышы зарыл. Мен иш-чарадан кенен материал окугум келет«, — деди…

Жүйөөлүү маселе… канчалык аткарылат, аны убакыт көрсөтөөр…

Үч томдук тарыхый китептер…

Андан ары темасы да, мазмуну да салмактуу баяндамалар жасалды. Алсак, «Кыргызстандагы жалпы массалык каражаттарынын калыптанышында жана өнүгүшүндө «Эркин-Тоо» гезитинин ролу» деген теманын алдында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков баяндама жасап, он жыл аралыгында жазылган үч том китептин «Эркин-Тоо» гезитинин тарыхы (1924-2024-жылдар) жана «Эркин-Тоо» («Кызыл Кыргызстан». «Советтик Кыргызстан», «Кыргыз Туусу») гезитинин тарыхы» деген китебинин бир автору өзү, экинчи китептин авторлору башка экендигин, ал агайдын жетекчилиги астында «Манас» университетинин жаш изилдөөчүлөрү менен чогуу жазылганын айтты. Ошондой эле колундагы китеп сигналдык гана вариант экенин, бир айдын ичинде томдор колго тийерин билдирди.

Андан соң «Кыргызстанда телекөрсөтүүнүн жана радионун пайда болушу: келип чыгышы жана өнүгүшү» боюнча «Мурас» фондусунун башкармалыгынын төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов телерадионун кечээгисине жана бүгүнкүсүнө сереп таштап, баян куруп берди…

Ширин КОСТЮК: «Журналистиканын сабаттуулугун көтөрөлү»

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору  Ширин Костюк «Салттуу жана жаңы ЖМК: улуттук журналистиканын өнүгүшү» темасында сүйлөп жатып, журналисттердин деңгээли түшүп кеткенин айтып кейиди. Ал сөзүм куру болбосун дегендей кылып, «Мейкин» сынагын мисалга алып, бул сынакка катышкан талапкерлерди тандоо жана сыйлык ыйгаруу боюнча комиссиянын курамында болгонун, ага катышкан журналисттердин жазгандарынан колго тиер дурус бир макала жолукпаганын билдирди. Ошондой эле ал айрым журналисттер өзүнүн же башка журналисттердин өмүр баянын тизмектеп чыгарган китепти тарыхый китеп деп кабыл алганына кабатыр болуп, журналистиканын сабаттуулугун көтөрүү зарылдыгын козгоду…

«Гезиттердин доору бүткөн жок»

«Аймактык ЖМКлардын мааниси жана актуалдуулугу» боюнча баяндама жасаган «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Абдихалил Ахматов, Эдил Байсалов айткандай эле, аймактык гезиттер коомчулукка керектигин жана гезиттердин доору бүтпөстүгүн өз жүйөлөрү менен толуктап сүйлөп берди.

Андан кийинки «ЮНЕСКОнун медиа, журналистика жана коммуникация тажрыйбалары» боюнча баяндама жасаган баяндамачы Аида Бекташева эл аралык журналистикадагы өрнөк-үлгүлөрдөн кеп козгоп, эске алчу бир катар кеңеш-сунуштарды айтты…

Ушул төрт баяндамачыдан кийин «Ааламдашуу шартындагы журналистика: адаптация жана инновация» аталыштагы II пленардык жыйын башталып, ага медиа эксперт Миржан Балыбаев модераторлук кылды. Аты эле айтып тургандай, ал жердеги баяндама темалары азыркы журналистиканын күнгөй-тескейине арналды.  Алгач «Социалдык медианын кыргызстандыктардын жашоосундагы орду. Социалдык медиа vs салттуу ЖМК. Блогер vs журналист. Блогер vs колдонуучу» темасында Илим Карыпбеков сүйлөп, коомчулук кайсы социалдык тармактарды көбүрөөк окуйт, кайсы тармакта канча жаштан кайсы жашка чейин отурат ж.б.у.с. учурдагы жагдайды инфографикасы менен коштоп көрсөтмөлүү түшүндүрүп берди. Анын айтымында, кыргызстандыктар «Фейсбукта» көп отуруп, ааламдагы активдүү колдонуучулардын катарында коомдук  пикирди ушул жакта көбүрөөк жаратат экен.

«Жаңы медиадагы тенденциялар: Кыргызстандагы ЖМКларга тийгизген таасири» темасында «Азаттык Медианын» журналисти Азамат Нурболот, «Журналисттин кызматындагы жаңы технологиялар: эмне колдонулат жана эмне ыңгайсыз» темасында «Kaktus.media» сайтынын жетекчиси Дина Маслова жана «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча өнүктүрүү стратегиясы« боюнча Жамааттык ЖМКлар ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жусупова баяндама жасашып, бүгүнкү журналистика үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр, кемчиликтер, өтө зарыл медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча регламентке сыярлык ракурста кыска, нуска баян куруп беришти.

Алинин сунуштары колдоого аларлык…

Баяндамачылар сөзүн аяктап, иш-чара жыйынтыкталар алдында бир топ оппозициялык эркин гезиттерде, «Азаттык» радиосунда иштеп кеткен, азыр кыйла мыкты журналисттик иликтөөлөрдү жасап жаткан «МеdiaHub» деген долбоордун жетекчиси, кесиптешибиз Али Токтакунов кол көтөрүп, эртеден бери журналистикадагы сабатсыздыкты жоюу боюнча сөз кылганыбыз менен жыйынтык болбогонун, аны кантип жоюу боюнча суроо ачык бойдон калганын… журналисттерди бөлбөй, бирдиктүү иш алып барып, дагы ушундай медиа-форум уюштурууну сунуштады. «Журналисттердин сабаттуулугун өстүрүп, сапатын арттыруунун жолун биргеликте тез арада табалы! Болбосо элди чаласабат блогерлерге, манипулятор саясатчыларга, кыянатчыл пропагандисттерге биротоло алдырабыз. Бул үчүн арай көз чарай талкууга биз даярбыз!
Азыр самоцензура чегине жетип турат. Бир теманы терең талдап, ар тараптуу берүү каалоосу жокко эссе. Мунун жыйынтыгы өзгөчө акыркы күндөрү катуу сезилип атат. Эл фактысы жок, калп-чыны далилденбеген монологдорду, жөө жомокторду чындык көрүп, пикир ошого карата калыптанууда…«, — деген орундуу кебин айтып, эки күндөн бери Тилекмат (Куренов) менен Айдардан (Халиков) маек алган Болот Темировдун каналы социалдык тармакты аңтар-теңтер кылып салганын, андагы билдирүүлөргө мамлекет тарабынан татыктуу жооп болбогонунан эл кай тарапка көбүрөөк ишенерин билбей турганын кошумчалай кетти…

Эшимкановду эстеген Осмонакун Ибраимов…

Сынчы, адабиятчы, котормочу, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов да сөз алып, өзүн журналисттердин динозавры катары сезип жатканын… анан сынчы болгондон кийин бир далай саясатчыларды «автоматтай атып» сындап жазып келатканын жана өзү да далай сынга кабылганын айтты.

Ошондой эле ал эсил кайран кайын агам, айтылуу Мелис Эшимкановдун (1962-2011) ысымын атап, «Асабаны» эске салды. Эл кууп окуган бул гезитте да катуу сындалганын, ошентсе да окумдуу гезит болгонун моюндады.

А чынында, Бакыт Орунбеков агам айткандай, 30 жылдык тарыхта «Мелис Эшимканов деген ысым жазылып калды. Себеби, эгемен сөз эркиндигине чыйыр жол салгандардын бири, кыргыз тилдүү басма сөздүн патриархы экенин эч ким тана албайт! «Коомду өнүктүрө турган эң башкы факторлордун бири — сөз эркиндиги. Албетте, коом ансыз өнүкпөйт. Ириде сөз эркиндигин сыйлашыбыз керек!» деп айтканы бар.
Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис Асек уулун (1970-2020) да сөз эркиндиги кысымда калганын жаман көрчү… Көптөн бери көрүшө элек кесиптештер: «Эрнис мыкты журналист, котормочу эле… Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын которгон турбайбы ээ? Мыкты которуптур деп угуп атабыз» деп китеп сурагандар да, көңүл айткандар да болду…
«Жакшы адамдан ат калат, жаман адамдан дат калат» дегендей, жакшы адамдар экен, каерге барбайын минтип чыгаан бир туугандардын ысымдары аталып келатат… Ушуга да шүгүр, шүгүр!
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп Эрнис «Башат» деген ырында жазганындай,
Эшимкановдор болгон, биз үчүн бар. Дегеним, алар журналисттердин, таанып билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайт. Эң башкысы, артыңда издеп каларың, эскерип аларың бар болсун!

Айтмакчы… «Познай себя»…

5 саатка белгиленген иш-чарада ушул убакыт деген «дефицит» эле болду. Баяндамалар мазмуну регламентке сыйбай, Али кесиптешим айткандай, урунттуу маселелер, суроолор ачык бойдон калды… Албетте, бүгүнкү журналистика дегенде сөз эркиндиги сөз болбой койбойт… Бирок тыюулары, жаза-чектөөлөрү көп айрым акыркы мыйзам долбоорлору (кабыл алына элек болсо да) түпөйүлдүктү жаратат… Ушул медиафорум сыяктуу иш-чаралар дагы уюштурулуп, журналисттерди ак-көк, батыш-чыгыш, оппозиция-мамлекеттик деп бөлбөй, чогуу-чаран көп маселени чечсек болот го дейм…
«Сүйлөсөк тилден чаң чыгат. Байыркы гректердин «Познай себя» дегенин оозанып, ыйык китептердеги  «Самоограничение» дегенине тиш сындырып балакетин алабызбы. Кооздук үчүн, тыңсыныш үчүн айтып бузулуптурбуз. Сөз менен иштин ажырымы — бүт дүйнөнүн ажырымы, бүт дүйнөнүн трагедиясы ушундабы деп калдым. Адамдарды кара, саясий кыймылдарды, өкмөттү, парламентти кара, аксаганы эле ушул. Сүйлөгөнү бул, жасаганы тигил. Кыязы, шляпанын астындагы быкшыган баштын ичиндеги ыкшыган мээге революция жасабасак оңолбойт көрүнөбүз…» деп кайын агам Мелис Эшимканов айтып кеткендей, келгиле, чогуу-чаран мээбизге революция жасайлы!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.