
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимине ылайык Назира Аалы кызы «Манас» улуттук академиянын президенти болуп 1-декабрда дайындалды.
Жаңы жетекчини жамаатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары, саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.
Ал Назира Аалы кызынын коомдук руханий агартуучулук тармагындагы тажрыйбасын баса белгилеп, ийгилик каалады.
Назира айым жамаат менен биргеликте академиянын ишмердүүлүгүн жогору деңгээлге көтөрүү ниетин билдирди.
«Манас» Улуттук Академия

