«Ысык-Көлдүн даанышман Акелери» китеби англис тилине которулду. Бет ачарына келиңиздер! (Дарек)

«Ысык-Көлдүн даанышман Акелери» китеби англис тилине которулду.  Бет ачарына келиңиздер! (Дарек)

 

Ысык-Көлдөн чыккан айтылуу 7 Акенин (Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке) мурастарын эл арасына жайылткан жана даңазалаган Ысык-Көлдүн ардактуу атуулу, тарыхчы, санжырачы, комузчу, акын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин Ардактуу профессору маркум  Кашымбек Асанбековдун «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу кыргыз, орус тилдериндеги китеби эми англис тилине которулду. Бул тууралуу Кашымбек Асанбековдун скрипач уулу Уланбек Асанбеков билдирди.

Айтымында, атасынын бул китебин англис тилине филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караева которгон. Кудай буйруса, башка дагы көптөгөн тилдерге (түрк, казак , кытай, италия) которулганы турат.

Англис тилиндеги төл башы котормонун бет ачары эртең — 5-декабрда, Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы китепканада өтөт. Уланбек баштаган бир туугандар уюштуруп жаткан “Дγйнөгө акелердин мурастарын таанытуу” аттуу иш-чарага көрγнγктγγ коомдук ишмерлер, адабиятчылар, котормочулар катышат. Саат 9:00до башталат, каалоочуларга эшик ачык. 

Эске сала кетсек, Кашымбек Асанбековдун «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» китептери 2021-жылы жарык көрγп, бет ачары маркумдун туулуп-өскөн Дархан айылында өткөн.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.