“Фабриканын кызы”, же «Лилия»…

Айтылуу акын, котормочу Жолдошбай Абдыкалыковдун (1935-2001) “Фабриканын кызы”, угарман элге “Лилия” деп таанылган ыры белгилγγ обончу, ырчы, киноактер Мукан Рыскулбеков (1942-2005) обон жаратып элге дайын болгон күндөн ооздон түшпөй ырдалып, азыр деле көпчүлүк элдин эсинде…

Анан эле… союз учурунан өмүр улаган бул ырга ушул жыл жаңырардын алдында (2025-жылдын аягы) жаш төкмө акын Нурсултан Малдыбаев “Фабриканын кызы” ырынын сөзүн автору менен кошо алып таштап, “Джентльмен” деп өзүнчө ыр жазып, аны жубайы ырчы Нурайым Акылбекова ырдап, клип тартып алып чыгышты… “Кγйөөмдγн жазган ыры” деп Нурайым жайнатып болгон социалдык тармактарга таратты… дагы деле таратып жатат. Айрым жерлерде эле обону Мукан Рыскулбековдуку, сөзγ Нурсултан Малдыбаевдики деп жазылбаса, ырдын сөзүн, обонун Нурайым жараткандай эле “Джентльмен” Нурайым Акылбекова деп эле видеолор кетип жатат… Пикирлерди байкасак, так ушундай эле кабылдаган жаштар дагы жок эмес!
***
«Бул — талашсыз факт, кыргыз маданиятына катталган мурас»
Эми «Джентльмен» деген ырына келсек, анын сөздөрү алмашкан обону чынында кайсы ырга чыгарылганын, анын автору ким экенин Ак Маралым аттуу интернет колдонуучу декабрь этегинде, тагырагы, 29-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына кыргыздын туңгуч музыка изилдөөчγсγ Балбай Алагушов тγзгөн “Ала Тоо таңшыйт” ыр китебиндеги (166-беттеги) “Лилия” ырынын сγрөтγ менен кошо жайгаштырып, төмөндөгγдөй билдирүү калтырган:

— «ЛИЛИЯ» элге сиңген, тарыхы бар, авторлору так белгилүү чыгарма. Бул ырдын сөзү Ж.Абдыкалыковдуку, обону — Мукан Рыскулбековдуку. Бул — талашсыз факт, кыргыз маданиятына катталган мурас. Ошого карабастан, акыркы убакта Нурайым Акылбекова бул чыгарманы «Джентльмен» деген башка аталышта, обонун да, мазмунун да бурмалап, жеңил-желпи формада аткарып баштады! Мындан тышкары, ырдын сөзүн жолдошум Нурсултан Малдыбаев жазган деп, эч уялбастан баракчасына белгилеп атат!

Талкуу… Реакция…
Ак Маралым жазгандан кийин «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучулары реакция кылып, «Джентльмен» ыры катуу талкууга тγштγ… “Биз «Лилия» ыры менен чоңойгонбуз. Макул Нурайым жаш экен, сөз менен иштеген төкмө акын деген Нурсултан Малдыбаевден мындайды кγткөн эмеспиз” деп жазышты, дале жазып жатышат. «Лилия” ырынын автору Жолдошбай Абдыкалыков менен обончу Мукан Рыскулбековдун балдары, бир туугандары сотко берсе болот» деген пикирлер да жазылып, айтылууда…
Албетте, биз да башында «эки таланттын жакындарынан эмнеге реакция жок» деп ойлогонбуз… Байланышып көрүп, алар үчүн кандай моралдык катуу сокку болгонун билдик… Бγгγн эл эсиндеги “Фабриканын кызы” (“Лилия”) ырына обон салган Мукан Рыскулбековдун бир тууган карындашы, “Нуска” кыргыз китеп борборунун жетекчиси Садыкулова Анаркан Рыскулбековнага да барып жолугуп, пикирин уктук. Эже Нурсултан менен Нурайымга катуу нааразычылыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрө турганын билдирди.
Автордук укук кайда калды?..

Эгемендγγлγк алганы эркиндик деп эле мурунку муундагы атактуу акын, обончулардын ырын өзгөртγп, заманбап аранжировка деп музыкалык жасалгасын да бузуп ырдаган жаштар жайнап кетти. Бул ачуу чындык. Албетте, ар бир доордун өз акын-жазуучусу, ырчысы болот. Бирок, ушундай заманга жеттик, «мынча катталуучум, түкүнчө колдоочум, ушунча жолумду жолдоочум бар» деп ашыкча ашынгандар, кааласа, алп, залкар акын-жазуучулардын ырларынын сөзγн өзгөртγп же ыргытып жиберип, «мына минтип» деп обонун ала коюп, азыркынын тили менен айтканда, «хайп» кармаган «чыгармачылык» күчөдү. Сөз менен иштөө деген такыр эле болбой калды… аны айтып отурсаң, өзүнчө узак сөз.
«Өз башына келмейинче» деген кыргызда жакшы сөз бар. Азыр жогорудагы обонун калтырып, сөзүн алмаштырган «хайп» ырдын көрүмдүүлүгүн көбөйтүп, көбүртүп-жабыртып колдоп жаткандарга жаман айткыбыз деле келбейт. «Казанда эмне болсо, чөмүчкө ошо чыгат» экен… бирок улуттук көрөңгө бара-бара канчалык тайкы болуп кетет деп кооптонбой койбойсуң. Албетте, улуу-кичүү муундагы ырчыларыбыздын жакшы ырларга жаңыча өмүр берип ырдап чыгып жатканы жакшы, бирок өнөр адамдарынын учурунда кетирген эмгек, мээнетине, улуттук өнөр үчүн кылган кызматына урмат менен мамиле кылуу, сыйлоо да керек. Айрым улуу-кичүүлөр, кичине эле ой калчап койсок, ырлардын атын, затын же обонун өзгөртүп алуу,өзгөртүп салуу адамгерчиликке да жатпайт, чындап кийлигишсе, мыйзам жагынан да туура эмес.
Андыктан, жоопкерчилик дегенди эч бир заманда эч ким жоюп жиберген эмес. «Көздөрү жок» деп таланттардын жаркын элестерин тебелеп-тепсеп кеткен болбойт. Өздөрγ жок болгон менен алардын бир туугандары, уул-кыздары, жакындары бар. Кандайдыр бир эмгек жараткан адам, мээнет кылган адам өз эмгегин кандай бааласа, ыр жараткан, обон жараткан өнөр ээлерине ошондой сый-урмат көрсөтүшү керек. Антпесе, бүгүн обондуу ырдын сөзүн өзгөртүшсө, сөзүн ким, обонун ким жазганын тактабай ырдап чыккан ырчыныкы кылып жатышса, келечекте эгемендик заманга чейин эч ким ыр же обон жаратпагандай абал жаралбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Негизи укуктар одоно бузулуп жаткан «Автордук укук” ж.б. мыйзамдык ченемдер боюнча да өзгөртүү-толуктоолор, кошумчалоолор зарылбы деген да күдүк ойлор жаралууда.
Эми башка да айтар сөзүбүз көп. Азырынча көп чекит менен токтото туралы, бирок чекит койчу көп маселе бар, дагы улантабыз…
Назира СААЛИЕВА
P.S. Маркум Жолдошбай Абдыкалыков менен Мукан Рыскулбековдун кыздарынын пикирлерин жакында окуй аласыздар!
**
Мындай кадамга эмнеге баргандары тууралуу айтабыз десе жаш жубайларга да эшик ачык. Нурсултан Малдыбаевдин пикирин угууга даярбыз!

