Жолдошбай Абдыкалыков жана Мукан Рыскулбековдун жакындары кандай чечимге келишти?.. (ВИДЕО)

Жолдошбай Абдыкалыков жана Мукан Рыскулбековдун жакындары кандай чечимге келишти?.. (ВИДЕО)

Акын жана обончунун жакындары нааразы…

Мукан Рыскулбеков «Ак кеме» тасмасында Сейдакматтын ролунда…

Белгилγγ обончу, ырчы, киноактер Мукан Рыскулбеков (1942-2005) чыгармачылык менен алектенип баштагандан эки жүздөн ашуун ырга обон чыгарган. Бардык ырлары популярдуу… азыркыга чейин угумдуулугун жоготпой эле ырдалып келатат…

Жолдошбай Абдыкалыков

Эл жүрөгүнөн түнөк тапкан андай обондуу ырларынын бири — «Фабриканын кызы» («Лилия»).  Анын сөзүн айтылуу акын, котормочу Жолдошбай Абдыкалыков (1935-2001) жазган. Ортодо аз жылдар агып биринин артынан бири узаган эки таланттын элестери эми экинчи өмүр — чыгармачылыктарында жашап жаткан учурда, төкмө акын Нурсултан Малдыбаев жогорку ырдын обонун гана калтырып, сөзүн автору менен кошо алып таштап, өзүнчө “Джентльмен” деп атап ыр жазып, аны жубайы ырчы Нурайым Акылбекова ырдап чыгып, клип да тартып дуулдатып жиберишти…

Улутман угарман журтчулук бар экен, дароо реакция кылышты… Жаш чыгармачыл жубайлардын ырга жасаган мамилелери акын менен обончунун да жакындарына жаккан жок. Мукан Рыскулбековдун бир тууган карындашы Анаркан Садыкулова эжебиз 5-январда пикирин айтып, катуу нааразы экендигин билдирген болчу.

Акын менен обончунун кыздары эмне дейт?..

Анаркан эже пикиринен кийин, убада кылынгандай, Жолдошбай Абдыкалыковдун кызы Айнура Абдыкалыкова менен Мукан Рыскулбековдун кызы Назгүл Рыскулбекованын пикирлерине да орун бердик, ал алдыңыздарда…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Эми учурда, мейли ыр, мейли обон болобу, авторлордун өздөрү жок болсо да, мураскер уул-кыз, ага-ини, эже-карындаштардай жакындардан бир ооз макулдук албастан, кандай абалда болушат деп сезимдери менен эсептешпестен жасалган кадамдарды чыгармачылык эгоцентризмге (зыяндуу чыгармачылык өзүмчүлдүк)  киргизсек деле болчудай… Балким андай эмес чыгар… Бирок бул түпкүлүгү бир адамга же жакын-тууган көп адамга эле эмес, жалпы улуттук маданиятка кедергисин тийгизчү жаман көрүнүштүн бири деп эсептейм…

Андыктан жаштык кылыштыбы же жаңылыштык кылыштыбы, айтар сөзүбүз бар дешсе, чыгармачыл жаш жубайларга каршылыгыбыз жок, Нурсултан Малдыбаевдин пикирин угууга даярбыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.