«Ким ырдаса да мен жазган обондун өзөгүн бузбай, автордук укукту бузбай ырдап берсе болду»

— Жыргалбек, Алым Токтомушевдин «Карарган деңиз, агарган толкун» ырына обон чыгарып, аны жасалма интеллект менен ырдатып, видеосун кечээ кечинде мага салсаң, кайра-кайра угуп көрүп… Жакшы ырдарыңды Эрнис экөөбγз жакшы билчγбγз да, ошондон алгач өзγң ырдаган экенсиң деп ойлопмун… Ошентсе да, өзγң ырдап чыккан жоксуң же башка ырчыга ырдатып дегендей?.. Бул обон кечээ эле жаралбаса керек?..
— Бул ырга мен 2023-жылы обон жазып калдым. Жазып алып, үйдөн ырдап, туугандардын баарын тажатып, бирок көпкө чейин музыка чөйрөсүнө сунуш кылган жокмун, анткени тартындым. Кийин айрым тааныш ырчыларга сунуш кылып көрсөм бири көңүлдөнгөн жок, башкасынын убактысы болгон жок, айтор көпкө чейин жолу ачылбай туруп алды. Анан жакында «Илхам» тобунун жетекчиси Осмон Туланов башка бир иштер боюнча кайрылганынан сөздөн сөз чыгып отуруп мен чыгарган обондун түп нускасын сунуш кылгам. Кудай жалгап, аябай жакшы жасап берди.
— Кимге ырдатсам деген ойлор барбы?
— Ким ырдаса да мен жазган обондун өзөгүн бузбай, автордук укукту бузбай ырдап берсе болду.

— Сен чыгарган обон деп соцтармактарга жайылып, угармандар ар кандай кабылдап, көбγнө жакса, «жасалма интеллект» деп жактырбагандар болду… Сынды кабыл алууң кандай?..
— Обон толугу менен меники. Жасалма интеллект болгону ошону шөкөттөп чыгууга жардам берди. Жасалма интеллекттин жазган обону эмес, менин обонум, болгону робот менин үнүмө негиздеп ырдап чыккан жана кооздогон. Сын туура болсо кабыл алам, болбосо көңүл деле бурбайм. Болгону, кайсы гана чыгарма болбосун жарыкка чыккандан кийин ага карата ар ким ар кандай пикир айтууга укугу бар. Баарына барып бирден түшүндүрө албайсың, кабыл алчулар кабыл алат.
— Дегеле жасалма интеллектиге көз карашың кандай?.. Айрым ырларды бузуп коюп жатат дегеним го…
— Жасалма интеллект улам өнүгүп жатканын так ушул ырдан улам көрдүм. Мага жакты. Эгер тирүү ырчылар мындан жакшы ырдап беришсе аларга андан бетер ыраазы болом.

— Көп кырдуу таланттуу жигитсиң: акын, журналист, конфликтолог, котормочу, талдоочу, публицист. Спорт менен да машыкканыңды да билебиз. Эми минтип дагы бир өнөрγң ачыкка чыкты. Обон чыгаруу качан оюңа келди эле?..
— Обон чыгаруу оюмда деле болгон эмес, бирок кээде үйдө отуруп күтүүсүз жерден ушундай нерселер чыгып калат. Көбүн нота билбегендиктен унутуп калып жоготуп жибердим, айрымдары сакталып турат
— Мындан ары дагы обон чыгара баштайсыңбы?..
— Эргүү адамга кантип жана кайсы учурда келерин эч ким билбейт. Мен да билбейм. Эргүү келсе чыгарышым мүмкүн, бирок атайын андай максат койгон эмесмин. Болгону ушунча эмгек жумшалгандан кийин башым менен кошо кетпесин дедим.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА

