Улустун улуу күнүндө жарык дүйнөгө келген Мурза Гапаров Улуттук китепканада эскерилет

Улустун улуу күнүндө жарык дүйнөгө келген Мурза Гапаров Улуттук китепканада эскерилет

Кыргыз эл жазуучусу, прозаик, драматург Мурза Гапаровдун 90 жылдыгына арналган эскерγγ 22-мартта А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында өтөт. Маркумдун туулган кγнγндө γй-бγлөсγ уюштуруп жаткан чакан иш-чарага жакындары, замандаштары, акын, жазуучулар катышат. Эскерγγнγ Кыргыз Эл жазуучусу Абдиламит Матисаков алып барат.

Иш-чара саат 11:00до башталат. Каалоочуларга эшик ачык!

**

Мурза ГАПАРОВ: «Кош бол эми, Ата Журт…»

“Тагдыр чечүүчү түн” (1975), “Дарыялардын шоокуму” (1979), “Биздин үйдүн Карлсону” (1983) пьесаларынын, “Күнөстүү арал”, “Бул жаман эмес”, Р.Ибрагимбеков менен бирге “Көчө”, “Квартирант”, “Бабалар өрөөнү” толук метраждуу көркөм тасмалардын сценарийлеринин автору Мурза Гапаров 1936-жылдын 22-мартында Ош облусунун Ноокат районундагы Нойгут айылында жарыкка келген. Мектептен кийин Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Кесиби – филолог. Эмгек жолун колхоздо иштеп баштап, бир учурда геологиялык чалгындоодо да эмгектенген. Кийин мугалим, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинин редактору, «Кыргызтелефильм» редактору, Киночулар союзунун кеңешчиси, Ош шаарындагы Кыргыз драмтеатрында адабий бөлүм башчысы, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

**

Чыгармалары 1950-жылдары жарыялана баштаган. Алгачкы аңгемелери — “Сырдуу окуя” (1956), “Бөтөн таканын изи” (1958),  “Мейман” (1962),  “Турналар жазда келишет” (1962). 1965-1967-жылдарда Москвадагы Мамкинонун алдындагы киносценаристтер менен кинорежиссерлордун жогорку курсунун угуучусу болгон. Устаты — Семен Нагорный. Курсташтары: Рүстөм Ибрагимбеков, Андрей Битов, Грант Матевосян, Анатолий Ким, Тимур Пулат, Тимур Зулфукаров, Эльдар Радзинский, Кубат Жусубалиев…

«Бул да коога эмес», «Көчө» (Р.Ибрагимбеков менен бирге), «Квартирант», «Аталардын жери» деген көркөм, академик Константин Юдахин, Зууракан Кайназарова тууралуу даректүү, ондон ашык хроникалык-документалдык тасмалардын сценарийлерин жазган.

**

Мурза Гапаровдун дагы бир таланты — анын поэзиясы. Ошол поэзия булагынан бир бүркүм ыр —
«Коштошуу»
Коштошор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…
Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Эңилип эшик ачып, төрүңө
төрөлөрдү отургузуп
Качангыча кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп
Байыркы эл, не байлардан кымтыңасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошордо кайгырып, муңкурадам.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам…
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата Журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам… (2001-жыл, май)

**

Мурза Гапаров 2002-жылдын 11-июнда узакка созулган оорудан каза болгон. Жолдошунан эрте ажырап калган байбичеси Алмажан Осмонкулова менен болгон маек бул ШИЛТЕМЕде.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.