Жидду КРИШНАМУРТИ: Аң-сезим. Өмүрдүн бүтүндүгү. Аңдап билүү. (III глава)

Жидду КРИШНАМУРТИ: Аң-сезим. Өмүрдүн бүтүндүгү. Аңдап билүү. (III глава)

I глава

II глава

Качан гана шарттарга көз каранды экениңдин аңдап билгенде, аң-сезимиңдин чулу экенин түшүнөсүң. Аң-сезим өзү чулу сфера, анда ой менен мамилелер жашайт. Бардык мотивдер, керектеле турчу нерселер, коркунучтар, эргүүлөр, ырахат алуу, кумар алуу, каалоолор, үмүттөр, кайгы-капалар, кубаныч, бардыгы ал сферада бар. Бирок биз ал аң-сезимди экиге бөлүп алганбыз – ойгоо кездеги жана уктап жаткандагы деп, жогорку жана төмөнкү деңгээл деп, үстүңкү катмарында – күнүмдүк ойлорубуз, сезимдерибиз, иш-аракеттерибиз, алардын алдында – түпкү аң-сезим орун алган – адеттен тыш, кокустан пайда болгон ойлор, сезе билүү, интуиция жана түштөр. Аң-сезимдин жашообуз менен байланышта болгон гана бир бурчу менен алекпиз, калганы түпкү аң-сезим деген жакта жатат, ал жакта кандайдыр бир жүйөөлөр, коркунучтар, улуттук, тукум куучулук сапаттар уктап жатат. Эми силерге суроо берип жатам: дегеле түпкү аң-сезим деген нерсе барбы? Биз бул сөздү көп колдонобуз. Аналитиктер көп сүйлөйт, ошолордун оозунан чыккан сөз тил учуна жабышып, анын бар экенине макул болуп алдык. Бирок чындыгында ал барбы өзү? Анан эмнеге ага биз өзгөчө маани беребиз? Түпкү аң-сезим мага кадимки эле аң-сезим сыяктуу эле өтө жөнөкөйлөтүлгөн, мокок нерседей –  ойлоп табылган, көз каранды, кооптуу, майда, тар түшүнүктөй сезилет.

Кана, аң-сезимдин бир бөлүгүн, бир фрагментин эмес, толугу менен чулу камтыса болобу? Эгерде чулу камтый алсаң, анда толук кунт койгонуң болот. Качан гана толук камтыганда, талаш-тартыш жоголорун түшүнгөнүң өтө маанилүү. Эгерде ойлонгонду, кабыл алганды, кыймыл-аракетти камтыган аң-сезимди ар кандай баскычтарга бөлүп-жарсаң – анда талаш-тартышты, дисгармониянын болгону ошол. Биз фрагменттерде, кандайдыр бир үзүк-үзүк шарттарда жашайбыз. Жумушта башкабыз, үйдө такыр башкабыз. Демократияны сүйлөгөнүң менен, ичиңден деспотсуң. Кошунаңа болгон сыйыңды айтасың да, бирок атаандашуу менен аны жайлап жаткан болосуң. Кайсыл бир бөлүгүң иш кылып жатса, бир бөлүгүң карап олтурат. Сен өзүңдөн ушундай үзүк-үзүк фрагменттерде жашаганыңды аңдайсыңбы? Анан ой-жүгүртүүсүн, жеке жашоосун бөлүктөргө бөлүп алган акыл-эс аң-сезимди чулу камтый алабы? Толук кандуу адам болуу үчүн аң-сезимди толук, чулу камтууга мүмкүнбү?

Эгерде, “мен” деген түзүлүштү бардык татаал жактары менен толук түшүнүүгө аракет кылсаң, анда сен кадам артынан кадам таштап, катмар артынан катмарды сыйрып, ойду, сезимди, жүйөөнү изилдеп олтуруп, аналитикалык процесстин туткунунда каласың, бул бир жуманы, айларды, жылдарды талап кылышы мүмкүн, ал эми өзүңдү таанып-билүү процессинде убакытты пайдалансаң, бардыгын буза турган формаларга жол берген болосуң, анткени “мен” деген түзүлүш – өтө татаал нерсе, ал кыймылдап жүрөт, жашайт, күрөшөт, каалайт, четке кагат, өзүнө болгон ар кандай басымдарды көтөрөт, стресс болот, ага көп нерселер таасир берет. Ошондо бул сен каалаган жол эмес экендигин түшүнөсүң. Өзүңдү көрө ала турган бир гана жол бар экенин түшүнөсүң – ал акыл-эсиң ар кандай бөлүктөрдөн турбай, өзүң кандай болсоң, ошол бойдон камтып, чулу, убакыттан сырткары, бир эле көз ирмемде көрө билсе болот. Толук, чулу көргөнүң – Акыйкат болуп эсептелет.

Ушуну кыла албайсыңбы? Көпчүлүгүбүз үчүн бул мүмкүн эмес, анткени эч ким эч качан ушуга чейин бул көйгөйгө олуттуу караган эмес, анткени өзүбүздү эч качан чындап карап көргөн эмеспиз. Эч качан! Сен дайыма күнөөнү башкаларга оодарып коесуң. Биз антип карагандан коркобуз же актанып жатып калабыз. Бирок качан гана турган турпатың – көзүң менен, кулагың менен, нервдериң менен – толук, чулу караганда, бардыгын четке кагуу менен кабыл ала баштайсың, ошондо коркунучка, карама-каршылыктарга орун калбай калат, эч кандай конфликт болбойт.

Ой токтотуу жана көңүл бөлүү – эки башка нерселер; ой токтотуу – эч нерсе ойлонбой, бардыгын мээден алып таштоо; көңүл коюу болсо — толук аңдап-билүү болуп эсептелет – демек, эч нерсени мээден алып таштабайт. Менимче, көпчүлүгүбүз эмнени айтып жатканыбызды гана эмес, бизди курчап турган айлана-чөйрөнү да аңдай албайбыз: айланабыздагы боекторду, адамдарды, бак-дарактарды, булуттарды, суунун агымын. Балким биз өзүбүз менен гана: майда-барат маселелер менен алышканыбыз, жеке идеяларга берилгенибиз, ырахаттануубуз, бир нерсеге умтулганыбыз менен гана алышып калганыбыздан ушундай болуп жатпасын, ошондуктан бардыгын объективдүү кабыл алууга чамабыз чак болуп жаткандыр?  Ошентсе да биз аңдап-билүү, көңүл коюу тууралуу өтө эле көп сөз кылып жатабыз. Бир жолу Индиядан машинеде кетип бараткам. Машинени айдоочу айдап, мен жанында элем. Артыбызда үч мырза олтурган эле, алар аңдап-билүү жөнүндө ар кайсыны талашып-тартышып, мага ар кандай суроо берип келатышкан. Тилекке каршы, ошол учурда шоопур биз жакты карай коюп, бир эчкини тебелеп кетти. Ал эми үч мырза дагы эле аңдап-билүү жөнүндө сөздөрүн токтотпой кете беришти, эчкини коюп кеткенибизди байкашкан да жок, аңдап-билишкен жок. Аңдап-билүүгө умтулган мырзаларга эчкини сүзгөнүбүзгө көңүл бурбагандарын айтсам, аябай таңгалышты.

Көпчүлүгүбүз ушундай абалда жүрөбүз. Биз сыртыбызга да, ичибизге да көңүл бурбайбыз. Эгерде чымчыктын, чымындын, жалбырактын же кишинин сулуулугун түшүнгүбүз келсе, биз ага көңүл бурушубуз керек. Бул аңдап-билүү деп аталат. А бир нерсеге көңүл буруу үчүн биз ал нерсеге кызыгышыбыз керек. Бул бир нерсени түшүнүү үчүн акылыңар менен жүрөгүңөрдү ачышыңар керек болот дегенди билдирет.

Мындай аңдап-билүү – топ жылан менен бир бөлмөдө жашагандай эле кеп. Алардын ар бир кыймылына, чыгарган ар бир дабышына көңүл буруп жашап каласыңар.

Көңүл коюунун мындай абалын – тоталдык энергия деп коет, бүт бардыгын толук камтыган Күү, энергия. Ошондой аңдап-билүүдө турган-турпатың менен өзүңдү көз ачып-жумганча толук ачасың.

Өзүңө ушундай терең карай алсаң, анда мындан да терең кароого күчүң жетет. “Терең” деген сөздү колдонгонубуз – бул салыштырмалуу бир баскыч эмес. Биз салыштыруу категориясында ой жүгүртөбүз: терең менен тайыз, бактылуу менен бактысыз деп. Биз дайыма ченейбиз жана салыштырабыз. Бирок “тайыз” жана “терең” деген түшүнүктөр өз алдынча жашай алабы? Мен сүйлөп жатканда, менин акыл-эсим майда, жарды, тар, чектелүү болуп калат, бирок мунун баарын мен кайдан билем? Өзүмдүн акыл-эсимди сенин акыл-эсиң менен салыштырамбы? Меникинен жарык, мүмкүнчүлүгү меникинен кеңири, бийик, меникинен тирүү деппи? Башкалар менен салыштырбай, өзүмдүн майдачыл экенимди биле аламбы? Мен ачка болгондо, кечээги күнү ачка болгонум менен салыштырбайм, туурабы? Кечээ ачка болгонум – бул идея, эскерүү.

Эгерде мен өзүмдү дайыма сага салыштырып, сендей болгум келсе, анда өзүмдү четке какканым болот. Ошентип мен иллюзияны, жасалма закымды жараткан болом. Качан гана кандайдыр бир формага салыштыруу чоң иллюзияга (закымга) алып келерин, демек, чоң азапка алып келерин түшүнгөндө, акырындан өзүң жөнүндө билимди гана кеңейтип, же өзүңдү мейли мамлекет, мейли куткаруучу же идеология болсун, сырткы нерсе менен салыштырып, өзүңө анализ жасоо – толук көз карандуулукка гана алып келет, демек, чоң конфликтке алып келип такайт, мунун баарын аңдап билгенде гана, мен бир нерсеге салыштыруу адатыман арылам. Ошондо акыл-эсим эч нерсе издебей калат. Ушул абалды жакшы түшүнүү маанилүү, менин акыл-эсим эч нерсени сыйпалап издебей, ар кайсынын аңтарып-теңтербей, жер жайнаган суроо бербей калган абалды айтып жатам. Демек бул, менин акыл-эсим бардык нерсенин азыркы абалына макул, ыраазы экенинен кабар берет. Демек мындай акыл-эс иллюзия, закым жаратпай калат. Мындай акыл-эс таптакыр башка чен-өлчөмдөрдө деле ой-жүгүртө алат. Биз кадимкидей жашап жаткан чен-өлчөм – ар кандай кыйынчылыктардан турган күнүмдүк тиричилик, азап чегүү, ырахат алуу — алар акыл-эсибизди чектеп койгон, табиятын тушап салган, ошол кыйынчылык, ырахат, коркунуч жоюлганда (бул кубанычтын да жоюлганы эмес, анткени кубаныч – ырахаттан айырмаланып турат),  — ошондо акыл-эс башка чен-өлчөмдө ой жүгүртүп калат, анда конфликт болбойт, бөлүнүү деген сезим жок болот.

Сөз деңгээлинде биз ушул чекке чейин жетишибиз мүмкүн. Мунун ары жагында жаткан чектерди сөз менен айтууга мүмкүн эмес, анткени сөз — буюм, же  бир нерсе эмес. Буга чейин биз сүрөттөп, түшүндүрүп келдик, негизги Каалганы ача турган сөз да, түшүнүк да жок. Бул Каалга тынбаган таанып-билүү жана көңүлдү кунт коюу менен гана ачылат. Эмне сүйлөп жатабыз, кантип сүйлөп жатабыз, кантип басып жүрөбүз, кантип ойлонуп жатабыз, ушунун баарын аңдашыбыз керек. Бул бөлмөнү жыйнап, тазалыкта кармаганга окшош. Бөлмөнү тазалыкта кармоо бир жагынан маанилүү, бир жагынан маанисиз. Бөлмөдө тартип болушу керек, бирок тартип эшикти же терезени ачалбайт. Каалганы сенин каалооң же эркиң ачалбайт. Сен бир гана нерсени моюндай аласың, колуңдан келгени – бул бөлмөнү таза кармоо, демек, жакшылык үчүн жакшылык жасоо дегендик. Мага бир деме берет деп үмүт артуу эмес. Акыл-эстүү, токтоо, арыдан бери бол, ошондо бактыңа жараша терезе ачылат, салкын жел согот, бирок мындай болбой калышы да мүмкүн; ал сенин акыл-эсиңдин абалына жараша болот, ал абалды сен гана түшүнө аласың, ал абалды түшүнүү үчүн ага бир форма берем деп аракет кылбай, эч качан бирөө тарапка өтүп кетпей, эч качан четке какпай, эч качан макул болбой, эч качан актабай, эч качан кине койбой кара, айтор, бир нерсени тандап караба. Ушундай тандоосу жок таанып-билүү менен Каалга ачылышы мүмкүн, ошондо гана конфликтиси жок, убактысы жок эмне чен-өлчөм экенин түшүнөсүң.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.