Текебаевдин сотунда Бекназаров тиги дүйнөнү эстеп…

Текебаевдин сотунда Бекназаров тиги дүйнөнү эстеп…

Бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаардык соту Текебаев менен Чотоновдун ишин улантып, жалпысынан 20га чукул күбөнү сурады. Соттук отурумда, Убактылуу өкмөттүн курамында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаев кайрадан суралды. Анын Бишкек райондук сотто берген көрсөтмөсү жазылбай, ишке тиркелбей калгандыктан, кайра көрсөтмө берди.

Кеңешбек ДҮЙШӨБАЕВ: “Текебаев менен Чотоновдун “Мегакомго” кызыкчылыгы болгон эмес!”

К.Дүйшөбаев 2010-жылы экономика тармагын Алмазбек Атамбаев караганын, кийин коопсуздукту да көзөмөлүнө алганын, Текебаев конституциялык реформа боюнча жооптуу болгонун, 2010-жылдагы 13-майда өткөн жыйынга Текебаев да, Чотонов да катышканын дагы кайталады (айтып эле келатат).

2010-жылы биз көп нерселерди билгенбиз, билчүбүз. «Мегаком» боюнча көп эле маалымат болгон. Ал боюнча доклад жазып, Башкы прокуратурага, тергөө органдарына маалымат жиберип турганбыз. Мен иштеп турган учурда, мага “Текебаев же Чотоновдун «Мегакомдо» кандайдыр бир кызыкчылыгы бар, аракеттерди жасап жатат деген ыкчам маалымат келген эмес. Эгер маалымат болсо, анда биз чара көрмөкпүз деп ойлойм.

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: “Кудай, Конституция, абийиримдин алдында да, тиги дүйнөдө да биринчи көрсөтмөмдү айтам”

Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Азимбек Бекназаров да кайрадан көрсөтмө берди. Анткени, ал райондук сотто берген көрсөтмөсүнөн кийин, К.Ташиев менен сүйлөшкөн аудио, видеосу коомго чыгып кетип, чууну жаратып, кайрадан суралды. Ал боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

— Бекназаров калп айтты” деп Ташиев экөөбүздү видеого коюп, монтаждап алып чыкканы жакшы эмес. Ташиев экөөбүз акыркы үч жылда бетме-бет отуруп сүйлөшө элекпиз. Биринчи май райондук сотунда берген көрсөтмөмдөн танбайм. Аны мен Кудай алдында да, Конституция алдында да, абийирим алдында да кайталай алам. Тиги дүйнөдө болсо да, уктатып тургузса да ошону айтам. Мындан башка чындык жок.

Эскерте кетсек…

“Текебаев жана Чотонов орусиялык жаран Маевскийден бир миллион доллар пара алган” деген айып менен өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук сот аларды 8 жылга эркинен ажыраткан. Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары соттун мындай чечимин четке кагып, кагаз жүзүндө көрсөткөн маалыматтары, күбөлөрдүн айтканы эске алынбай, өкүм чыкканына нааразы болуп, даттануу арыз менен шаардык сотко кайрылышкан.

Кышында камакка алынган Текебаев менен Чотонов жогоруда соттун койгон айыбын четке кагып, “жалган жалаа, карандай калп, саясий куугунтук!” деп эсептеп келет.

А чынында…

Чындап эле райондук сот 20 күбөнүн, кагаз жүзүндө тактыктап берген адвокаттардын айтканын эске албай, оозеки айтып берген орус жараны Маевскийдин айтканы менен, анда да 7 жылдан кийин, ага ишенип, биздин, кыргыздын уулдарын соттоп жатышат.

2010-жылдагы Убактылуу Өкмөт мүчөсү, азыркы ажо Алмазбек Атамбаевдин сотко келбей жатканы, күбө катары чакырылганын сот дароо эле четке какканы көп күмөндү жаратат…

Назира СААЛИЕВА

 

One thought on “Текебаевдин сотунда Бекназаров тиги дүйнөнү эстеп…

  1. Мыйзамды одоно бузган сот-прокурорлор өздөрү. Эмне үчүн сотко келип сурак беришкен күбөлөрдү ишке тиркебей коюушуп, орус жараны аферист Маевскийдин каралоосун эле эске алышат? Мындай кылгандары болбойт Текебаев менен Чотоновдордун күнөөсү далилденген жок Атайын жыйырмага чакты күбөнү айткандарын ишке кошпой койгон сотторго катуу чара көрүлбөсө сот адилетсиз болот

Добавить комментарий для РайымбекОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.