Киши жегич «президент»

Киши жегич «президент»

Ааламдагы ажолордун ар кимиси өз деңгээлине жараша башкарып жатат, аны алаканга салып көрүп эле жатпайбызбы. Борбордук Африка Республикасынын бир кездеги императору Жан Бедель Бокасса деген киши жегич да деңгээлине жараша өлкөсүн башкарган. Ал адамды өлтүрүп, малдай жиликтеп, эттерин муздаткычка сактап, андан тамак жасатып ичип, жегени боюнча дүйнөгө дүң болуп,төбө чачты тик тургузган. Анда эмесе, сөз башынан болсун!

Тактыдагы тууганын түрмөгө отургузуп, ордуна өзү отурат

Бокасса 1921-жылы 22-февралда Конгонун Бобанги провинциясында жарык дүйнөгө келген. Ал ата-энесинен эрте ажырап, 6 жашында томолой жетим калган. Атасын француздар атып салса, апасы асынып өлгөн. Туугандарынын колунда калып, жетимчиликтин азабын аябай тартат, таш боор болуп чоңоет. Ошентсе да турмуштун кыйынчылыгына туруштук берип, келечекке максат коюп жашайт. Башкы максаты — император болуу. Мындай кыялын орундатуу үчүн 1939-жылы француздардын жергиликтүү аскердик окуу жайына тапшырып, 1941-жылы сержант болот. 1944-жылы фашисттик Германияга каршы согушка катышат. 1949-жылы Сенегалдын Сен-Луи шаарындагы офицердик окуу жайды аяктап, 1950-жылы капитан болот. Кийин Индокытайдагы согушка катышат. Вьетнамдарга каршы күрөшкө активдүү катышкандыгы үчүн «Ардактуу Легион» ордени менен сыйланат. Француз армиясынын катарынан 1962-жылы май айында чыгып, Борбордук Африка Республикасынын армиясына өтүп, майор чинин алат. Аталган республиканын ал кездеги башчысы анын аталаш тууганы Давид Дако болгон. Ал бир жылдан кийин Бокассаны өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн штабынын башчылык кызматына дайындап, 1964-жылы полковник чинин ыйгарат. Тууганынын жакшылыгын унуткан Бокасса анын ордун тартып алып, тактыга отурууну пландайт. Андай жаман оюн 1965-жылдын 31-декабрынан 1966-жылдын 1-январына караган түнүндө ишке ашырып, мамлекеттик, аскердик төңкөрүштү уюштуруп, Давид Дакону түрмөгө отургузат. Амалкөйлүк менен өлкөнүн күч органдарынын жетекчилерин пайдаланып, тактыга жетип алгандан кийин, алардын ар бирин акырындап жогото баштайт.

Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн, өлбөс император болот

Төңкөрүштөн соң, өлкөнүн Конституциясын жокко чыгарып, диктаторлук доорун баштайт. Эл арасындагы кадырын көтөрүү максатта «Кара Африканын социалдык-эволюциялык кыймылы» аттуу партия түзөт. Аталган партияга жашы жеткен адамдардын баардыгын киргизүүгө мажбурлайт. “Өзүн түбөлүк президент” деп 1972-жылы жарыялайт да, 1974-жылы өзүнө-өзү Маршал наамын ыйгарат.

Анын мындай жосунсуз жоругуна жини келген тегерегиндеги аскер жетекчилери төңкөрүш жолу менен бийликтен алып түшүүгө аракет кылышат. Бир нече жолу кылган аракеттери ишке ашпай калат. 1976-жылы анын өмүрүнө кол салуу болот, бирок, ал андан да аман калат. Кол салуунун шылтоосу менен бардык ыйгарым укукту колуна алып, өлкөнүн императору болуп алат.

 

Акча үчүн өзүнүн да, динин да өзгөртөт…

Ашкан алдамчылыгы менен эл аралык коомчулукта Бокасса аты менен таанымал болгон. Ливиядан финансылык жардам алуу үчүн атын өзгөртүүнү ойлоп, ислам динине өткөндүгүн жарыялап, Салах-эд-дин Ахмед Бокасса болуп алат. Атын эле эмес, өлкөнүн аталышын да өзгөртөт. 1976-жылы Борбордук Африка Республикасы эмес, “Борбордук Африка Империясы” деп жарыялап, император болуп, өзүнө Бокасса I деген титулду ыйгарат. Өкмөт таратылып, анын ордуна мамлекеттик революциялык кеңеш түзүлөт. Аталган кеңеш курамына мунапыс менен камактан чыккан экс-президент, аталаш тууганы Давид Дако дагы кирет.

Таажы кийгизүү салтанатына 20 миллион доллар коротот. Кымбат туфлиси Гиннес китебине кирген…

Бокасса императордук такка отуруу аземине 20 миллион доллар короткон. Анын кийген туфлиси эле аябай кымбатка турган. Атүгүл, дүйнө жүзү боюнча эң кымбат туфли болуп, Гиннес рекорддор китебине кирген. Таажы кийгизүү салтанатына Африка мамлекет башчыларынын баарын, Рим Папасы Павел VIны чакырган. Чакырылган коноктору келүүгө убада кылганы менен бири да барбай койгон. Себеби, аны акылынан айныган жетекчи деп эсептешкен.

Министрлерин эзиле эрдинен өөп..

Чын эле айныган император болуптур. Ал 1970-жылы июнда атайын чакыруу менен СССРге барат. Союз убагындагы Брежневдин жасаган мамилесинен ага жакканы — анын ага катары оозунан сүйүп койгону болуптур. Өлкөсүнө кайтып келгенден кийин, үйүнө бардык министрлерди чакырып алып, алардын ар бирин эрдинен соруп, ашыкча өпкүлөп салат. Аны ал кадимкидей эле көрүнүш катары кабылдап, атүгүл ооздон өбүүнү чечмелеп берген. “Адамды оозунан өпкөндө кимиси кандай киши экенин эрдинен билсе болот. Эгер эрди сууланып турса, анда анын мага чындап берилгени, эгер кургак болсо, анда ал кызыл кандуу болот. Демек, ага ишенүүгө болбойт!”,- дейт.

18 аялы, 77 баласы болгон

Эркекти өөп атса, үйбүлөсү жокпу деген суроо, албетте, туулбай койбойт. Ал 18 аял алып, сексенге жакын балалуу болгон. Аялдарынын ичинен императрица Екатеринаны дайыма иш-сапарында жанына ээрчитип жүргөн. Тун уулу Жан-Бедель атасы бийликте турганда мураскер катары эсептелгени менен, атасы өлгөндөн кийин Борбордук Африканын императордук үйүнүн башчысы болуп калган.

Мектеп окуучуларын мыкаачылык менен өлтүрткөн

Өзүн гана ойлоп, жашоосун оңдоп алган император өлкөнүн, элдин жашоо-тиричилигин унутуп койгондуктан, жашоо-шарттын деңгээли өтө төмөн түшүп кетет. Таажы кийгизүү салтанатына кеткен чыгымды өлкөсү көтөрө албай, мамлекеттик ишканалар токтоп калат. 1977-жылы өлкөдө 43 миң адамга 1 врач, 1 гана тиш доктуру болот. Мектеп окуучуларына мамлекет тарабынан сунушталган кымбат формаларды мажбурлап кийгизүү боюнча Указ чыгарат. Анын андай саясатына эптеп жашап жаткан карапайым элдин балдары, тагырагы, 200дөй мектеп окуучусу каршы анттын алдына чыгат. Аларды аскер балдары кармап, түрмөнүн короосуна күч менен алып барышат. Ал жердеги кароолчулар окуучуларды курал менен коркутуп, камерага киргизип, өлөөрчө сабашат. Бир жумадан кийин аскерлер тарабынан балдар өлтүрүлө баштайт. Камакка алууларга, кыйноолорго император өзү катышып, ууру деп шектелгендердин колун, кулагын кестирет. Анын мындай аеосуз режимин француз бийлиги көмүскөдө колдоп турган. Бокасса Франциянын бир кездеги императору Наполеонго окшошууга аракет жасаган. Франция Африканын кен-байлыктарына көз артып, Бокассонун диктатордук режимин колдогон саясатын билип калган калк катуу каршылык көрсөтөт. Нааразычылык массалык толкундоолор күндөн күнгө күчөй баштайт.

Тактыга кайрадан мурдагы президент тууганы келет

Элден чоочулаган Франция бийлиги Бокасса кезектеги визити менен Ливияда жүргөндө Борбордук Африкага аскерлерин жиберип, мамлекеттик төңкөрүш жасайт да, бийликтен алып түшөт. Ал республиканын башына мурунку президент, Бокассанын аталаш тууганы Давид Дако тактыга отурат.

Адам эти менен тамактанып, конокторуна да жегизип…

Өлкөсүнө, элине жасаган оор кылмыштарын сезип, Кот-д’Ивуарга, андан соң, Францияга баш паанек сурап, качып кетет. 7 жылдан кийин, өз каалоосу менен өлкөсүнө кайтып келип, камакка алынат. Соттук териштирүү башталат. Бийликте турганда 20 адамдын этин жегендигин моюндайт. Ага жем болгондордун көпчүлүгү анын ойноштору болгонун айтат. Ага алгач Дорис аттуу ойношу, студент кыз жем болгон. Ал уктап жатканда аны муунтуп өлтүрүп, малдай союп, ар бир дене мүчөсүн балталап бөлүп чыгып, этин муздаткычка салып сактаган. Дористин этин сууга, бууга кармап, бышырып жегенден ырахат алганын уялбай, аны сыймыктануу менен сотто айтып берет. Эркектердей эр жүрөк, күчтүү болуш үчүн эркектердин боор, жүрөгүн, аялдардай акылдуу болуш үчүн аялдардын мээсин аш кашык менен чукуп алып, аны нанга сырдай кылып сүйкөп жегенин, адамдын этинен үйүнө келген конокко бифштекс жасап бергенин төкпөй-чачпай айтып берип, залга отургандардын оозун ачырат. Сотто суралган ашпозчусу да аны коркутуп, адам этинен тамак жасатканын айтып берет. Ал эле эмес, бир күнү үйүнө түштөнүүгө чакырылган министрлердин бирин өлтүрүп, жаңы эттен тамак жасап, калган министрлерди тамактандырасың, болбосо өзүң өлөсүң!” деп буйрук бергенин айтат.

Ошентип өлбөс хан өлөт

Бокасса 1987-жылы 12-июнда өлүм жазасына буйрулат. Бирок, кийинки жылы жазасы жеңилдетилип, өмүр бою кесилген өкүмү өзгөртүлүп, 20 жылга кесилет. Төңкөрүштөн кийин, кайра куруу болуп, 1993-жылы бардыгына амнистия жарыяланып, Бокасса эркиндикке чыгат. Үч жылдан кийин, 1996-жылы 3-ноябрда жүрөгү кармап, инфакттан өлөт.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.