Кимбайкеден күлкүлятор

Кимбайкеден күлкүлятор

Сөзирмемдер

  • Каапырга кашык берсең, бүт уурдайт
  • Тилди көп эмизген жердин тилинен чаң чыгат
  • Убада арты убара
  • Салтты сактабаган баш салатка түшөт
  • Аялды моюнга көтөрсөң, башка чыгат
  • Акчанын жыты атырдын жытынан өтөт
  • Өйдө тартсаң – өтүккө күч келет, ылдый тартсаң – көчүккө күч келет
  • Көлөчү бар бут көлчүк кечип ойнойт
  • Аялына жараша тосушат, алына жараша узатышат
  • Көз тийген айыгат, сөз тийген айыкпайт

Коммунисттер, бир кадам алга!..

Студент КПССтин тарыхынан экзамен тапшырып атат. Профессор сурайт:

Карл Маркс деген ким?

Студент:

Карл Маркс каза болгон. Ордубуздан туруп, бир мүнөт эскерип коелу.

Комиссиянын бүт мүчөлөрү ордунан туруп эскеришет.

Владимир Ильич Ленин ким болгон?-дейт профессор.

Ленин да каза болгон, бирок анын иши дайыма тирүү. Туруп эскерип коелу…

Профессор жанында отурган комиссия мүчөсүнө шыбырайт: «үч» коюп айдап чыгалы. Болбосо бул бала бизге «Интернационалды» ырдатканы турат. Мен болсо биринчи эле куплетти билем…»

Ташты көрсөң таштаба!..

Карылыгы жеткен еврей фамилиясын өзгөртмөк болот. Баары таңгалат:

– Фамилияңды өзгөртүп эмне азап түштү? Бир-эки жылда аркы дүйнөгө кетесиң да?..

Анда еврей жооп берет дейт:

– Мүрзөгө коюлчу эстелик таш таап алдым.

Аты-жөнү чегип жазылыптыр. Бекер жаткандан көрө, ишке жаратайын деп атам…

Балжа-булжадан көрө олжо-булжа…

Токсонунчу жыл дардагы кримбайкелер азыр саясатка кирип кетишти. Себеби, саясат дегениң сабап-тоногонго караганда алда канча олжолуу окат болот турбайбы!

Чагат экен, эй!..

Экзаменде:

– Фамилияң ким?-дейт профессор.

– Койдонжоошов,-дейт студент ыржайып.

– Эмне ыржаясың?-дейт профессор.

– Биринчи суроого жакшы жооп бергениме сүйүнүп турам…

Ийгиликтин ийри таягы

5 жашка чыккандагы ийгилик — турсийиң кургак ойгонуу.

17 жашта – биринчи жолу аялзат менен болуу.

25 жашта – сүйгөн кызыңа үйлөнүү.

35 жашта – карьера жана үйбүлө.

45 жашта – үйбүлө жана карьера.

55 жашта – жаш катын алуу.

65 жашта – бардык күчтү жыйнап, аялзат менен соңку жолу болуу.

85 жашта – турсийиң кургак ойгонуу…

Эски тост эстен кетпейт

Адам деген жоктон пайда болуп, кайра ошол жакка жоголуп кетет экен! Эмесе, ушундай укмуш эки датанын ортосунда туруп, тост көтөрбөсөк уят го! Анда эмесе, алып жибергиле!..

***

Токойдо эки жолборс аң уулап жүрүп, эски алачыкка туш болушат. Ичине киришсе, төр жакта жолборстун териси жайылып жаткан экен.

Бул эмне, ыя?деп сурайт жашыраагы.

Экинчи жолборс терини жакшылап карап, чочуп кетет:

–Качтык, бул менин кайненем турбайбы!..

Келгиле анда, бул жашоодо жалаң мээримдүү кайненелерге күйөөбала бололук, шыпкагыла!

***

Эгерде аялзат нике шакегин тагынбаса, ошондойле алтын сөйкө, шуру, билерик дегендерди да турмушта колдонбосо, анда ал күйөөсүн сүйүп тийген деп эсептелинет экен.

Эмесе, достор, шарапты таза сүйүү үчүн таптаза алып коелук, көтөрдүк!

Коркутпачы!..

Кыргызстанда ар кандай шайлоолор дайыма бир девиздин астында өтөт: «Эгерде өздөн чыккан коррупционерди баккыңар келбесе, анда жаттан чыккан мыйзамдагы ууруну багасыңар!»

Үрүп койчу, Үйкүчүков!..

Депутат менен иттин окшоштуктары көп эле. Мисалы, экөө тең команда менен «добуш» бере алышат…

Бөтөлкө, бөтөлкө, коюп калдым…

Студент экзамен тапшырганы аудиторияга кирет да, профессордун үстөлүнө үч бөтөлкө арак коет:

– Сизге деп үч бөтөлкө арак алып келдим, мага «3» эле коюп бериңиз.

Профессор эки бөтөлкөнү кайыш сомкесине салып атып үн катат:

– Мага экөө эле жетиштүү…

КИМБАЙКЕ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.