Айгүл ЖАПАРОВА: “Жогорку Сотто адамгерчилик жок экен”

Айгүл ЖАПАРОВА: “Жогорку Сотто адамгерчилик жок экен”

Экс-депутат Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ажынын сөөгү бүгүн жерге (Түп районуна караштуу Кең-Суу айылы) берилет. 84 жашында Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган. Каза болгондон бери Жапаровдун адвокаттары атасына топурак салууга, акыркы сапарга узатууга уруксат берүүнү Жазаларды аткаруу кызматы менен Жогорку соттон суранышкан. Бирок экөө тең ага баш тарткан.

Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова: “адамгерчилик деген жок экен. Аларда деле ата болсо керек. Атабыздын тирүү кезинде бир эле жолу жолуктурууга зар кылгандары аз келгенсип, эми минтип акыркы сапарга узатууга да уруксат бербей коюшту. Бул эмне деген шумдук?” деп кейиди. Ошентсе да, туугандары менен кошо Жогорку Кеңештен үмүт кылышкан. Бул маселе кечээ Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутат Талант Мамытов Жапаровго атасынын ариетине катышууну спикер Чыныбай Турсунбековго айтканда, ал протоколдук тапшырма берүүнү өтүнгөн. Жыйынтыгында, “биздин компетенциябызга кирбейт!” деген жооп болду. Ошентип, Садыр Жапаров атасына топурак сала албай калды…

Нази БАЯН кызы

One thought on “Айгүл ЖАПАРОВА: “Жогорку Сотто адамгерчилик жок экен”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.